Баланы адал азык менен багуу керек! Харам азык балага таасирин тийгизип, балада орунсуз иштердин пайда болуусуна себеп болот. Хадиси шарифте: «Жеп-ичкениңер адал, таза болсун! Балдарыңар булардан пайда болот», - деп буюрулду.
Балдарды ахлагы жок аялдарга да эмизбөө керек! Пайгамбарыбыз алейхиссалам акмак аялдарды дагы сүт эне кылуунун, сүтүнүн жаман таасири боло тургандыгын билдирген. Бул жерден мусулман эмес аял сүт эне кылып жалданбайт деген маанини чыгарбоо керек! Себеби, фыкых аалымы Ибни Абидин хазреттери: «Капыр аялдын мусулман балага жана мусулман аялдын капыр балага сүт эне кылып жалдануусу жаиз», - деген. (Раддул Мухтар)
Ибрахим Адхам хазреттерине күнү-түнү ибадат кылган, важдга кирген (өзүнөн кечкен) бир жаш жигит тууралуу айтышты. Жаш жигиттин жанына барып үч күн конок болду. Өтө ажайып кызык абалдарды көрдү. Жаш жигиттин бул абалынын шайтандан болуп болбогондугун билгиси келди. Жегенине көз салды. Адал эмес эле. Бул абалдардын шайтандан болгондугун түшүндү. Жаш жигитти үйүнө чакырды. Жаш жигитке адал тамак берди. Жигиттеги мурдагы ашыктык жана кайрат калган жок. Мага эмне кылдыңыз деп сурады жаш жигит. Ибрахим Адхам хазреттери жигитке: «Сендеги абалдар шайтандан эле. Адал жегенде шайтан кире албады. Чыныгы абалың ортого чыкты», - деп буюрду. (Тазкиратул-авлия)
Харам тамак жеш көңүлдү карайтат, ооруга чалдыктырат. Зүннун Мысри хазреттери мындай деди:
«Көңүлдүн караюусунун төрт белгиси бар:
1-Ибадаттардын даамын сезбейт.
2-Аллах коркуусу эсине келбейт.
3-Көргөндөрүнөн ибрет албайт.
4-Окугандарын, үйрөнгөндөрүн түшүнө албайт.»
Мухаммед бин Фадл Балхи хазреттери дагы мындай деген:
«Көңүлдүн караюусуна 4 амал себеп болот:
1-Үйрөнгөнү менен амал кылбоо.
2-Билбестен кылуу.
3-Билбегендерин үйрөнбөө.
4-Башка бирөөнүн үйрөнүүсүнө кедерги болуу.»
Напси жаман каалоолордон [дин тыюу салган нерселерден] куткарылганда көңүл тазаланат.