Ислам дини » Адеп-ахлак » Гыйбат кылуу




Гыйбат кылуу


Пайгамбарыбыз саллаллаху алейхи васаллам  мындай деген: "Акыретте Сырат көпүрөөсүндө ар  бир мусулмандан жети суроо суралат. Жетинчи  суроодон пайгамбарлар да коркушкан. Биринчи  ыймандан суралат, экинчиси намаздан, үчүнчүсү орозодон, төртүнчүсү ажылыктан, бешинчиси зекеттен, алтынчысы гусулдан суралат жана  жетинчи суроого келгенде ал жакта бул суроодон, атүгүл, пайгамбарлар да, мен да,  бардыгыбыз корктук. Ал суроо кул акысынан  болот.”

Кул акысынын эсеби берилгенден кийин сыраттан өтүп, Бейишке кире алат. Ошол кул  акыларынын бирөөсү - гыйбат кылуу.  Көңүлгө тийген, таарынта турчу бир сөздү бирөөнүн артынан айтуу гыйбат болуп саналат.  Гыйбат зинадан да чоң күнөө. Кул акысына жана  таарынтууга жатат. Ошондуктан, өтө сак болуу керек. Эч бир мусулмандын эч кандай түрдө артынан сүйлөбөш, жамандабаш керек. Анын эсеби акыретте Аллаху таалага берилет. 

Гыйбат себеп боло турган эң чоң күнөөлөрдүн  бири - адамды таарынтуу. Күфүрдөн кийин эң чоң  күнөө адамды таарынтуу болуп эсептелет. Каабаны кулатуудан да чоң күнөө. Жүрөгү жараланган, б.а.,  таарынган момундун жаман дубасынан  (каргышынан) катуу коркуу керек. Жүрөк - Аллахтын  назары түшкөн мекен. Аллаху таала өзүнө адам денесиндеги эң жакын кошуна катары жүрөктү  жараткан. Эгер жүрөктөгү көңүл таарына турган  болсо анын жанындагы да таарынат. Ошондуктан, мусулман болсун же болбосун эч кимди таарынтпоо керек. Тескерисинче, жакшылык кылуу, кубантуу керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш