Ислам дини » Адеп-ахлак » Суу ичүү адеби




Суу ичүү адеби


Сууну оң кол менен ичүү керек. Иче турган  сууну алгач карап анан ичүү керек. Үч дем  менен ичүү керек. Демди сууга эмес идиштин  сыртына чыгаруу керек, демин чыгарганда  идишти ооздон бираз алыстатуу керек. 

Жайында муздак суу ичүү керек. Албетте, өтө муздак болбоосу керек. Расулуллах алейхиссалам муздак шербет ичкенди жактырчу. "Өйдө туруп ичпегиле!” - деп айтылды. Замзам суусун, даарат алып бүткөндөн кийин артып калган сууну жана дары  ичүү үчүн сууну өйдө туруп ичүүгө болот.  Сапардагы адам ар кандай сууну өйдө туруп  иче алат. Ач карын суу ичпеш керек. Сууну  акырындык менен, эмип жаткан сыяктуу ичүү  керек. Суунун баарын бир демде ичүүгө болбойт. Кайнак нерсени үйлөп ичпеш керек.  Суутуп анан ичкен жакшы. Сууга бир нерсе  түшө турган болсо манжа менен же тиш чукугуч  менен алуу оңой болсо алуу керек. Оңой  болбосо суунун бираз бөлүгүн төгүп, ал нерсени кетирүү керек. 

Хадиси шарифте: "Күнөөсү көп болгон  адам суу таратсын!” - деп буюрулду. Бир  канча кишиге суу берерде алгач аалымдарга,  анан улууларга, эң аягында балдарга берилет.  Жеп жатып, басып баратып, отуруп жатканда  дагы ушул эреже сакталат. Өзү кийин ичиш  керек. Жанында отургандарга бир нерсе бергенде өзүнүн оң жагынан баштайт. Оң жакка  берип улантат. Оң жакта тургандын уруксаты  менен солдогуга берсе болот. (С. Абадиййа)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш