Аза күтүү


Суроо: Динибиз боюнча аза күтүүнүн ченеми кандай?

ЖООП: Исламият – жамандоо жана аза күтүү дини эмес. Аза күтүүнүн жаиз экенин көрсөткөн бир да аят же хадис жок. Тескерисинче, ага тыюу салынганы билдирилди. 10-Мухаррамда өзүлөрүн кыйноо арам. Аза күтүүнүн мусулмандык менен эч кандай байланышы жок. Динибизде аза күтүү күнөө болгондуктан, каза болгон же шейит болгон ыйык заттардын эч бири үчүн аза күтүү жаиз эмес.

Өлгөндөр үчүн үнсүз ыйлоо жаиз. Себеби , "Момундун өлүмүнө асмандар ыйлайт”, - деп айтылган. (Шарх-ус-судур)

Өлгөндөр үчүн үнүн бийик чыгарып ыйлоо, аза күтүү,  кара кийим кийүүгө, кара көшөгө жана төш белгилерди асуу, аза күтүү белгилерин, сүрөттөрдү көтөрүп жүрүү жаиз эмес.  (С. Абадиййа)

Жаназага жана жаназа чыккан жерди кара кездеме менен жабуу жана кара кийим кийүү жаиз эмес. (Хазанат-ур-риваят)

Абу Саламанын кызы Хазрети Зейнеп айтат:

Расулуллахтын жубайы Умму Хабиба энебиздин атасы көз жумганда көңүл айтуу үчүн жанына барганымда ал мындай деди: "Расулуллахтын: "Аллахка жана акырет күнүнө ишенген бир аялдын өлгөн жакыны үчүн үч күндөн артык аза күтүүсү адал эмес”, - дегенин уктум.” Жахштын кызы Зейнептин бир тууганы шейит болгондо ал дагы ошол эле нерселерди айтты. (Бухари)

Динибиз нематтарга шүгүр кылууну, кыйынчылыктарга болсо сабыр кылууну жана унчукпоону буйрууда. Балалуу болгондо акика союуну билдирүүдө. Каза болгондо жандык союуну же башка бир нерсе кылууну буюрган жок. Кыйкырып-өкүрүүгө, аза күтүүгө тыюу салууда. (Ас-Сират-уш-Шамиййа)

Динибиз боюнча кубаныч да, кайгы да болгон бир күндүн мааракелеринде капаланбай, кубануу, ошол күндөгү кубанычтуу нерселерди эстеп, кайгылуу нерселер жөнүндө ойлонбоо керек. Себеби, Ислам дининде аза күтүү жок. Бардык хадис китептеринде Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын өлгөндөр үчүн катуу өкүрүп ыйлоонун өлүккө азап бере турганын билдиргендиги жазылган. Ошол хадиси шарифтердин айрымдары төмөнкүчө:

"Өлүүнү мактап ыйлоо жахилия салты.” [Бухари]

"Өлүү жакындарынын ага өкүрүп ыйлоолорунан азап тартат.” [Бухари]

"Эгерде аза күткөн адам өлбөй туруп тобо кылбаса Кыяматта катуу азап тартат.” [Муслим]

"Өлүү үчүн аза күтүү адамды күфүргө алып барат.” [Муслим]

"Өлүү үчүн ыйлаганга да, аны укканга да каргыш болсун.” [Абу Давуд]

"Капа болгондо кийимин жырткан, кыйкырып-өкүргөн адам бизден эмес.” [Бухари]

"Катуу кыйкырып өлүү үчүн ыйлаган аялга Аллахтын, периштелердин жана бардык адамдардын каргышы болсун.” [Табарани]

"Нематка жеткенде [барабан] сурнай тартуу, кырсыкка кабылганда кыйкырып-өкүрүү жаиз эмес.” (Беззар)

"Ырайым периштелери өлүктүн артынан кыйкырып ыйлагандарга дуба кылышпайт.” [И.Ахмед]

"Кырсыкка кабылганда чачтарын жулган, кийимдерин жырткан, катуу кыйкырып ыйлаган бизден эмес.” [Насаи]

Аза күтүү, кыйкырып-өкүрүү алгач Мухтар-и Секафи тарабынан чыгарылган эле. Бул бидат убакыттын өтүшү менен бир ибадат сыяктуу жайылды. Бирок, Мухтар-и Секафи муну Куфа элин алдап, аларды Эмевилер менен согушка тартуу, ошентип, бийликти басып алуу үчүн айла-амал катары жасаган эле.

Пайгамбарлардан Хазрети Зекерия менен Хазрети Яхияны кескилеп шейит кылышкан эле. Исламдагы алгачкы шейиттер Хазрети Ясер менен анын жубайы Сумаййа айым эле. Расулуллах алейхиссаламдын сүйүктүү агасы Хазрети Хамза да коркунучтуу абалда шейит болду эле. Пайгамбарыбыз алейхиссалам шейит болгон пайгамбарлардын, Хазрети Ясер менен жубайынын  жана Хазрети Хамзанын шейит кылынган күнүнүн мааракелеринде аза күткөн жок. Аза күтүүгө тыюу салды.

Эгерде аза күтүүгө тыюу салынбаганда баарынан мурда яхуди аялдын Хайбарда берген уулуу тамагынын бир нече жылдан кийин чыккан таасиринен шейит болгон Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын өлүмүнө аза күтүлмөк. Хазрети Хамза сыяктуу Хазрети ОмарХазрети ОсманХазрети Али дагы шейит болгон эле. Хазрети Хасан дагы уу берилип, шейит кылынган эле.

Миллиондогон мусулмандардын мазхаб имамы болгон Имам Азам хазреттери да шейит кылынган. Расулуллахтын буйругуна моюн сунуп, ошол улуу заттар үчүн да аза күтүлгөн жок. Аза күтпөө ошол улуу заттарды сүйбөө дегендик эмес. Атасы сыяктуу Хазрети Хусейин сыяктуу улуу бир имамдын шейит кылынышы да бардык мусулмандар үчүн чоң кайгы. Бирок, аза күтүү, маарекелеринде өзүн-өзү уруп-согуу такыр жаиз эмес.

 

Исламда аза күтүү жок

 

Суроо: Динибизде мухаррам айынын онунчу күнү жана башка убактарда аза күтүү сыяктуу кандайдыр бир нерсе барбы?

ЖООП: Исламда аза күтүү жок. Пайгамбарыбыз алейхиссалам аза күтүүгө тыюу салган. Хадиси шарифтерде:

"Аза күткөн адам өлө электе тообо кылбаса Кыямат күнү катуу азап тартат.”

"Эки нерсе адамды күфүргө алып барат. Биринчиси, бир адамдын ата-тегин сөгүү, экинчиси, өлүк үчүн аза күтүү”, - делген.

Мухаррамдын онунчу Ашура күнү аза күтүү, кыйкырып-өкүрүү эң алгач 65-жылы Хазрети Хусейиндин өчүн алуу үчүн көтөрүлүп,  Куфаны басып алып, бир шии мамлекетин курган Мухтар-и Секафи тарабынан чыгарылгандыгы Тухфа китебинде жазылган. Ошол бидат тилекке каршы бир ибадат имиш сыяктуу жайылып кеткен. Негизи Мухтар-и Секафи аны Куфа элин алдап, аларды Эмевилерге каршы согушка тартуу, натыйжада бийликти басып алуу үчүн бир айла-амал катары жасаган эле.

Эгерде аза күтүүгө тыюу салынбаганда, баарынан мурда Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын өлүмү үчүн аза күтүлмөк. Кийин Хазрети Омар, Хазрети Осман, Хазрети Али, Хазрети Хамза жана Хазрети Хусейин шейит кылынгандыгы үчүн аза күтүлмөк. Алардын бардыгын сүйөбүз, шейит кылынгандыктарынан улам капаланабыз. Жүрөгүбүз кан ыйласа да, аза күтпөйбүз. Мусулмандардын аза күтүүсүнө, башкаларга каргыш айтуусуна тыюу салынгандыктан аза күтпөйбүз.

Исламда туулган күндү белгилөө, Аллаху таалага шүгүр кылуу бар. Пайгамбарыбыз алейхиссалам дүйшөмбү күнү орозо кармачу. Себебин сурашканда: "Мен бүгүн төрөлгөм. Шүгүр үчүн орозо кармап жатам”, - деди.

Тауба сүрөсүнүн 36-аятынын маанисинде айтылат:

"Аллаху таала асмандарды, жерди жараткандан бери айлардын саны он эки. Алардын төртөөсү харам болгон айлар. Ошол төрт айдын харам болгондугу анык. [Тагыраагы, Ибрахим менен Исмаил алейхимассаламдан бери белгилүү.] Ошол төрт айда өзүңөргө зулумдук кылбагыла!”

Туулган күн, мубарек түндөр хижри жылы менен белгиленет. Мусулмандардын ыйык күндөрү же түндөрү күн айларына эмес, хижри-камари айларга ылайык белгиленет. Динибиз ушундай  буюрууда. Жылдын куттуу күнү Араби айдын белгилүү бир күнү дегендик. Ашура күнү Мухаррам айынын онунчу күнү дегендик. Жуманын күндөрүнүн ичинде да ыйык күндөр бар. Мисалы, дүйшөмбү күнү – ар дайым жакшы окуялардын ушул күнү орун алгандыгы жагынан ыйык бир күн.

Мухаррамдын онунчу күнү мусулмандардын ыйык күнү. Ошол күндүн ыйык экенин Пайгамбарыбыз алейхиссалам билдирген. Ошол күнү кылынган ибадаттарга көп сооп бериле тургандыгын сүйүнчүлөгөн. Ошол күнү орозо кармоо сүннөт болду, аза күтүүгө тыюу салынды.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш