Ислам дини » Адеп-ахлак » Жакшылыкты колко кылуу




Жакшылыкты колко кылуу


Суроо: Жакшылык кылуу жана кылынган жакшылыкты эстетүү күнөө болобу?

ЖООП: Күнөө болгон нерсе - жакшылык кылуу эмес, ошол жакшылыкты эстетүү аркылуу колко кылуу.

Хадиси шарифтерде айтылат:

"Аллаху таала мына бул үч кишинин бетин карабайт, алар үчүн оор азап бар:

1 – Этектерин жерге сүйрөп жүргөн текебер адам,

2 – Берген бир нерсесин колко кылган адам,

3 – Жалган ант менен малын саткан адам.” [Муслим, Насаи]  

 

"Аллаху таала кыяматта мына бул төрт кишини ырайым назары менен карабайт:

1 – Эне-атасына аси болгон (каршы чыккан),

2 – Кылган жакшылыгын колко кылган,

3 – Токтоосуз ичкилик ичкен,

4 – Тагдырды четке каккан.” [И. Адий]

 

"Аллаху таала мына бул үч кишини жек көрөт:

1 – Колко кылган,

2 – Текеберленген,

3 – Көп ант берген соодагер.” [Хаким]

"Алдамчы, сараң жана кылган жакшылыктарын колко кылган адам Бейишке кире албайт.” [Тирмизи]

"Бейиштин жыты беш жүз жылдык жерден сезилет. Жасаганын колко кылган, эне-атасына аси болгон жана токтоосуз ичкилик ичкен адам Бейиштин жытын сезе албайт.” [Таберани]

"Аллаху таала берген мал-мүлктү жашыруун жана ашкере Аллахтын жолунда сарптаган, кылган жакшылыктарын колко кылбаган адам момундардын эң кадырлуусу болот.” [И. Ахлакы]

Эки аяти кариманын мааниси төмөнкүдөй:

"Кылган жакшылыгыңды көп көрүп, колко кылба!” [Муддассир 6] (Медарик тафсири)

"Мал-дүнүйөсүн Аллахтын жолунда сарп кылган, андан кийин берген нерселерин колко кылбагандардын, көңүл оорутпагандардын Раббилеринин алдында сыйлык-сооптору бар. Алар үчүн эч кандай коркунуч жана кайгы-капа жок.” [Бакара 262]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш