Суроо: Такыбаанын диндеги маанилүүлүгү кандай?
ЖООП: Такыбаа –
Аллахка ишенип, Анын буйрук жана тыюуларын сактоо, тагыраагы, Аллаху тааладан
коркуп, арамдардан сактануу дегендик. Эгер такыбаалуу адам күмөндүү иштерден да
сактанса вераъ ээси болот. Адал малдын артыгын, күмөндүүлөргө түшүп калам деген
коркуу менен мубахтардын көбүн таштоо жана дүнүйөгө болгон сүйүүдөн
сактануу Зухд деп аталат.
Имам Раббани хазреттери айтат:
"Дүнүйөдө балээ-жамандыктардан, акыретте азаптан кутулуу үчүн эки нерсе
зарыл. Буйруктарга жармашуу жана тыюулардан сактануу! Ушул эки нерсенин эң
чоңу, эң зарылы экинчиси болуп, бул Вераъ жана Такыбаа деп
аталат. Адамдардын периштелерден үстөм боло алуусу вераънын натыйжасында. Вераъ
жана такыбаага ээ болуу бардык нерседен да зарылыраак.” (м. 76)
Вераъ тууралуу хадиси шарифтерде айтылат:
"Ыймандын негизи - вераъ.” [Хатиб]
"Диндин тиреги - вераъ.” [Бейхеки]
"Эч бир нерсе вераъдай боло албайт!” [Тирмизи]
"Вераъ – амалдардын мырзасы.” [Таберани]
"Ыйман адамды вераъ ээси кылат.” [Дейлеми]
"Вераъ – күмөндүү нерселерден качуу.” [Таберани]
"Динибиздеги эң жакшы нерсе - вераъ.” [Хаким]
"Вераъ жакшы. Аалымдарда болсо андан да жакшыраак.” [Дейлеми]
" Динибиз вераъ менен гана сакталып калат.” [Макт. Масумия]
"Вераъ ээси имам менен окулган намаз кабыл болот, аны
менен отуруу ибадат, аны менен сукбат садака болот.” [Дейлеми]
"Вераъ ээси имам менен окулган эки рекет намаз вераъсыз
менен окулган миң рекет намаздан дагы жакшы.” [Абу Нуайм]
"Мына бул үч нерсеге ээ болгон адамдын ыйманы толук:
Баары менен жакшы мамиледе болуучу ахлак, арамдардан коргоочу вераъ, ачуусун
жапкан хилм (жумшактык).” [Несаи]
"Парздарды орунда, адамдардын эң абиди болосуң,
арамдардан сактан, адамдардын эң вераъ ээси болосуң, Аллаху тааланын сага бөлүп
берген нерсесине ыраазы бол, адамдардын эң байы болосуң.” [Ибни Адий]
Такыбаа тууралуу Курани каримде төмөңкүдөй мааниде айтылат:
"Бейиш такыбаа ээлери үчүн даярдалган.” [Ал-и Имран 133]
"Аллахтын алдында эң аброю жогоруңар - такыбаа ээси
болгонуңар.” [Хужурат 13]
"Аллах такыбаа элинин [ибадаттарын] кабыл алат.” [Маида 27]
Пайгамбарыбыз алейхиссалам дагы айтат:
"Такыбаа – ыймандын кийими.” [Дейлеми]
"Такыбаа бардык жакшылыктарды камтыйт.” [Абу Яъла]
"Такыбаа ээси эсепке тартылбастан Бейишке кирет.” [Таберани]
"Бардык нерсенин негизи бар. Ыймандын негизи болсо –
вераъ [такыбаа].” [Хатиб]
"Үстөмдүк такыбаа менен. Башка жагынан үстөмдүк
жок.” [Таберани]
"Акыретте Аллаху таалага жакын болгондор вераъ жана зухд
ээлери.” [Ибни Лал]
"Зухд менен вераъ күн сайын кечинде жүрөктөрдү кыдырат.
Ыйман жана уяттуулук бар жүрөктөргө орношот. Андай болбогон жүрөктөрдө турбайт,
кетип калат.” [И. Газали]
"Илими менен амал кылбаган аалым, вераъсыз абид да
болбойт. Эгер захид эмес болсо вераъ ээси боло албайт.” [Аскери]
Зухд жана захид эмне?
Суроо: "Аллаху таала зухд ээлерин жакшы көрөт”,
- деп айтылууда. Зухд эмне?
ЖООП: Адал мал-мүлктүн артыгынан, күмөндүү нерселерге түшүүдөн
коркуп мубахтардын көбүнөн баш тартуу жана дүнүйөгө болгон сүйүүдөн
сактануу "Зухд” деп аталат. Зухд ээси адам болсо "Захид” деп
аталат.
Зухддун үч түрү бар:
1 – Жахилдин зухду – арамдардан алыстоо.
2 – Аалымдардын зухду – адалдардын артыгынан
сактануу.
3 – Арифтердин зухду – Аллаху тааланы
унуттурган бардык нерсени таштоо. (Имам Ахмед)
Бир хадиси шариф:
"Зухд – Аллахтын сүйгөнүн сүйүү, сүйбөгөнүн сүйбөө жана
дүнүйөнүн адалынан да сактануу. Анткени, дүнүйөнүн адалы үчүн эсеп, арамы үчүн
азап бар. Өзүнө боор ооругандай мусулмандарга да боор ооруу, арам сөздөн
сактангандай эле, пайдасыз сөздөн да сактануу, көп мал-мүлк менен зыйнаттан
оттон качкандай качуу жана дүнүйө амалын кыска кылуу – бул зухд.” [Дейлеми]
Хазрети Али: "Илим адамды Аллаху таала
буйруган нерселерге алып барат. Зухд болсо ошол нерселерге жетүүнү жеңилдетет”,
- деп айтты. Эки хадиси шариф:
"Акыретте Аллаху таалага жакын болгондор
– вераъ менен зухд ээлери.” [Ибни Лал]
"Зухд менен вераъ күн сайын кечинде
жүрөктөрдү кыдырат. Ыйман жана уяттуулук бар жүрөктөргө орношот. Андай болбогон
жүрөктөрдө турбайт, кетип калат.” [И. Газали]
Имам Раббани хазреттери: "Адамдардын эң
акылдуусу – захид. Анткени, ал дүнүйөгө көңүлүн байлабайт”, - деп айткан. Бир
канча хадиси шариф:
"Аллаху таала бир пендеге жакшылык
каалаган кезде аны динде факих, дүнүйөдө захид кылат жана ага өз айыптарын көрө
турган басирет берет.” [Бейхеки]
"Дүнүйөнү сүйүү - бардык каталардын башаты. Дүнүйөдөн
сактанган адам - захид.” [Бейхеки, Ибни Абид-дунйа, Хаким, И. Суюти]
"Мутавази (кичи бейил) болбогон адам захид боло
албайт.” [Таберини]
"Эгер дүнүйөдө захид бирөөнү көрсөңөр ага
жакындагыла. Анткени, ал даанышмандык чачат.” [Абу Йаъла]
"Эмне кылсам Аллах жана бардык адамдар
мени сүйөт?” – деп сураган бирөөгө Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Эгер
дүнүйөдөн колуңду тартып, захид болсоң Аллаху таала сени сүйөт. Эгер элдин
колундагыларга карата захид болсоң [Эч кимдин мал-дүнүйөсүндө көзүң
болбосо], адамдар дагы сени сүйөт”, - деп жооп берет. (Ибни Маже)
Захид аалымдын эки рекет намазы захид
эместин өмүр бою окуган намазынан сооптуураак. (Барика)
Арамдардан, күмөндүүлөрдөн сактануу
Суроо: Такыбаа эмне дегендик жана
такыбаа ээси болуу үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
ЖООП: Күмөндүү нерселерден сактануу – Вераъ, арамдардан
сактануу болсо Такыбаа деп аталат. Күмөндүү болуп калуусунан
коркуп мубахтардын көбүн таштоо болсо Зухд деп аталат.
Хадиканын аягында айтылат:
"Доорубузда вераъ жана такыбаа ээси болуу татаалдашты.
Азыр жүрөгүн, тилин жана бардык дене-мүчөлөрүн арамдардан коргогон адам,
адамдарга, жаныбарларга адилетсиздик, зулумдук кылбаган, акысыз бир жумуш
жасатпаган жана баарынын колундагы мал-мүлктү алардын адал мүлкү деп билген
адам такыбаа ээси болот. Бир адамдын колундагы мал-дүнүйөнүн тартып алынган,
пайыз, кумар оюндары, пара, зулумдук, кыянат менен алынган арам мал-мүлк экени
так билинмейинче, мал-мүлктөрүн ошол жол менен таап жаткандыгы билинсе дагы
колундагы ошол мал-мүлктүн анын адал мүлкү экенин моюндоо керек. Аны бергенде
мал-мүлк хабис болсо дагы алуу жаиз болот. Эгер берилген нерсенин арам мал-мүлк
экендиги билинсе аны андан эч бир түрдө алуу жаиз болбойт.” Кадихан фатвасында
айтат:
"Доорубузда күмөндүү мал-мүлктөн
сактануу мүмкүн эмес болуп калды. Азыр мусулмандардын арам экендигин жакшы
билген нерседен сактануулары важиб.”
Азыр болсо андан да кыйын болуп калды.
Анткени, хадиси шарифте:
"Ар жыл өзүнөн мурунку жылдан жаманыраак болот”, - деп айтылган. Ошондуктан, бүгүн вераъ менен такыбаа
жүрөктү, тилди жана бардык дене-мүчөлөрдү арамдан коргоо, адамдарга зулумдук
кылбоо, адамдар менен жаныбарларды кыйнабоо, жумушчунун акысын дароо төлөп
берүү жана көңүл ыраазылыгысыз шакиртине дагы иш жасатпоо.”