Ислам дини » Адеп-ахлак » Канаат кылуу




Канаат кылуу


Суроо: Канаат кылуу керектиги айтылууда. Канаат деген эмне?

ЖООП: Канаат – эмгектенбестен, кокустан алдынан чыккан нерсени колдонуу, башка нерсени издебөө дегендик эмес. Канаат - бул билектин эмгеги, маңдай тери менен табылган нерсеге ыраазы болуу, башка бирөөнүн тапканына көз артпоо дегендик. Башка бирөөнүн көбүрөөк тапканын көргөндө ага ичи тардык кылбоо, ал сыяктуу көп эмгектенүү дегендик.

Канаат – муктаждыгынан артып калган нерсесин бир жерге жыйнабастан Ислам дини буйрук кылган жакшы иштерге берүү; жакырларга, эч кими жокторго, оорулууларга; динди жайылтуу үчүн эмгектенип жаткандарга жардам берүү дегендик. 

Ошентип, канаат көркөм ахлактын булагы болгондой эле, адамга жокчулуктарга тап болгон учурда бакыт тартуулаган бузулбас бир чеп сыяктуу. Хадиси шарифтерде айтылат:

"Канаат кылган адам эң көп шүгүр кылгандардан эсептелет.” [Ибни Маже]

"Кыяматта: "Шүгүр кылгандар келсин!” – деп айтылат. Алар бир туунун астында Бейишке киришет. Алар - тардыкта жана кененчиликте, ар түрдүү жагдайда Аллаху таалага шүгүр кылгандар.” [И.Газали]

 

Суроо: Айрымдар Ислам динин "бир тиштемге, бир чепкенге” канаат кылуу менен күнөөлөшөт. Ошентип, диндин эмгектенүүгө кедерги экенин айтышат. Динибиз эмгектенүүнү буйрук кылбайбы?

ЖООП: Ооба, дин тагдырга ишенүү жана канаат кылуу. Бирок, тагдыр эмгектенбөө, артыкча каалабоо дегендик эмес. Тагдыр - адамдардын эмне кыла тургандыгын Аллаху тааланын мурдатан билүүсү дегендик. Аллаху таала эмгектенүүнү буюрууда. Курани каримде Ниса сүрөсүнүн 95-аяти каримасынын маанисинде айтылат:

"Жихад кылгандар, эмгектенгендер, алпурушкандар отурган жеринде ибадат кылып, жихад кылбагандардан үстөм, кадырлуу.”

Хадиси шарифтерде да айтылат:

"Эмгектенип тапкандарды Аллаху таала сүйөт.” [Бейхеки]

"Эки күнү бирдей болгон, илгерилебеген адам алданды.” [Бейхеки]   

"Ишиңерди эртеңкиге калтырбагыла. Кийин куруйсуңар.” [И.Газали]

"Чет тилин үйрөнгүлө. Душмандын жамандыгынан ушинтип кутуласыңар!” [Пайдалуу Маалыматтар]

Мусулмандык эмгектенип табууну буюрууда. Канаат бир чепкенге ыраазы болуп, жалкоо болуп отуруу дегендик эмес. Мусулмандар эч качан андай болбойт. Канаат -  өзүнүн тапканына ыраазы болуп, башка бирөөнүн тапканына көз артпоо дегендик.  

Каанаат - нерв ооруларынын алдын алган, ынтымаксыздыкты, кастыкты жок кылган жана коомдордун тартибин камсыз кылган бир фактор. Канаат Ислам дининин дүнүйөгө жайылуусун, илимий эстеликтерди негиздөөгө мүмкүнчүлүк берген. Ыйык мааниси "Эмгектенген табат” жана "Ар ким кылганын табат” болгон аяти карималар менен "Аллаху таала эмгектенип тапкандарды сүйөт”Мунавидеги "Аллаху таала иштебеген жаштарды албетте сүйбөйт” сыяктуу көптөгөн хадиси шарифтер эмгектенип, илгерилөөнү буйрук кылуудабы же жалкоолуктубу?

Мусулмандар негиздеген Эмеви, Аббаси, Газневи, Индия Тимуриддери жана Андалусия, Османлы цивилизациялары эмгекчилдикти көрсөтүүдөбү же жалкоолуктубу?

Бир дервиштин бир тиштем, бир чепкен сөзү Курани карим менен хадиси шарифтердин буйруктарын өзгөртө алабы?

 

Өз жагдайынан ыраазы болуу

 

Суроо: Өзүнүн жагдайынан даттанбаган, ага макул болгон, эч кимди даттанбаган адам канаатчыл болобу?

ЖООП: Күнүмдүк жагдайынан ыраазы болуу, ар бир жагдайда Аллаху таалага шүгүр кылуу жана мактоо айтуу канаатчыл болуу дегендик. Өзүнөн жакшыраак жагдайдагы өзүнөн бай, өзүнөн күчтүү жана өзүнөн сулуу бир адамды кызганбай, өзүнүн жагдайынан ыраазы болгон жана канааттанган адамдын биринчи кезекте көңүлү ырахат болот. Андан кийин, эң негизгиси Аллаху тааланын сүйүктүү пендеси болот. Анын сүйүктүү пендеси болуунун себеби - Аллаху тааланын берген нерселерине канааттануусу жана ыраазы болуусу. Ушул себептен, Аллаху таала да андан ыраазы болот.

Канаат - түгөнгүс кенч. Канаатчыл эмес бир бай канаатчыл болгон бир жакырдан да начар жагдайда. Анткени, ал байдын көңүлү ырахат эмес. Канаатчыл жакыр болсо көңүлү ырахат болгондуктан, куду бир кенчтин ичинде жашайт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш