Ислам дини » Адеп-ахлак » Зынаа (бузукулук)




Зынаа (бузукулук)


Суроо: Бетимдеги безеткилерден арылуу үчүн үйлөнүшүм же сойкуканага барышым керектигин айтышты. Атүгүл: "Үйлөнүүдөн мурун сөзсүз сойкуканага баруу керек”, - деп жатышат. Бойдок үчүн да зынаа арам эмеспи?

ЖООП: Мындай нерселерди дин жахилдери айтышат. Зынаа - бойдок-никелүү баары үчүн өтө чоң күнөө. Бир канча аяти кариманын мааниси:

"Зынаага жакындабагыла! Ал – уятсыздык, жаман жана төмөн иш, жаман жол.” [Исра 32]

"Момундарга айт, арамды карашпасын жана аврат жерлерин арамдан сакташсын!” [Нур 31, 32]

"Момундар намаздарын хушу менен окушат, маанисиз, керексиз нерселерден баш тартышат, зекеттерин беришет, ар-намыстарын сакташат, аманат жана убадаларын аткарышат.” [Муминун 1-8]  

"Фухуштун (бузук иштин) ашкересине да, көмүскөсүнө да жакын жолобогула!” [Анъам 151]

Бул жердеги жакын жолобогула сөзү зынаага жеткире турган себептерден, иш-аракеттерден сактангыла, чоочун аялдар тууралуу ойлонбогула, алар менен сүйлөшпөгүлө, алардын үндөрүн укпагыла, аларды карабагыла, алар менен кол кармашып учурашпагыла дегендик.

Хадиси шарифтерде да төмөңкүдөй айтылат:

"Аллахтын алдында зынаадан да чоң күнөө жок.” [Р. Насыхин]

"Силер үчүн эң коккон нерсем – зынаа.” [Табарани]

"Зынаа кылбагыла, аялдардарыңардын жазибасы [сулуулугу, тартымдуулугу, ажары] жана сүйүүсү кетет жана сууктук башталат.” [И. Нажжар]

"Түшүмдө ажатканадагы нажасат сыяктуу сасык жыттанган адамдарды көрдүм. Кийин алардын зынаа кылган адамдар экенин билдим.” [И. Хиббан]

"Зынаа кедейликке жол ачат.” [Бейхеки]

"Жаштыгын зынаадан коргогон [момун] Бейишке барат.” [Байхаки]

"Эгер бир аял беш маал намазын окуса, намысын сактаса, күйөөсү менен жакшы мамиледе болсо, каалаган эшиктен Бейишке кирет.” [Ибни Хиббан]

"Эгер бир жерде зынам жана сүткордук артса, ал жердин эли балээ-кырсыкка дуушар болот.” [Хаким]

"Зынаа кедейлик алып келет.” [Бухари]

"Зынааны уланткан адам бутпарас сыяктуу.” [Хараити]

"Зынаа кылгандын бети Жаханнамда отко күйөт.” [Табарани]

"Жети кабат асман жана жер зынаа кылган карыяларга тынымсыз каргыш айтат.” [Беззар]

"Зынаа кылгандардын авраттарынын жыты бүткүл Жаханнам элин кыйнайт.” [Беззар]

"Жаман аялдардын саны артып, зынаа коомдун ичинде жайыла турган болсо, эл мурда болуп көрбөгөн жугуштуу ооруларга дуушар болот.” [Байхаки]

"Бир фажира [жаман] аялдын фужуру [жамандыгы] миң эркектин фужуру сыяктуу жана бир жакшы аялдын жакшылыгы жетимиш сыддыктын жакшылыгы сыяктуу.” [Абу Нуайм]

"Намысыңарды коргогула, зынаа кылбагыла! Намысын коргогонго Бейиш бар.” [Хаким]

"Жамандыктан сактануу үчүн никелүү жашагыла жана намыстуу болгула!” [Ибни Асакир]

"Бирөөлөрдүн аялдарын, кыздарын жолдон чыгарган адам бизден эмес.” [И. Ахмед]

"Зынаа кылган адамдын өзү ошол нерсеге кабылат.” [И. Нажжар]

 

Көз зынаасы

 

Суроо: Зарылдыксыз аялдарды кароо жана кол кармашып учурашуу күнөөбү?

ЖООП: Ооба, күнөө. Хадиси шарифтерде мындайча айтылган:

"Аялды кумарлануу менен караган адамдын көздөрүнө эритилген коргошун куюлуп, Жаханнамга ыргытылат.” [М. Анхур]

"Кудайдын азабынан коркуп, башын чоочун аялдан бурган адамга Аллаху таала ибадаттын даамын таттырат.” [Хаким]

"Арамды карабаган көздөр Жаханнам отун көрбөйт.” [Исфахани]

"Кошуна аялды, достун аялын курмарлануу менен кароо чоочун аялды кароодон он эсе күнөө. Никелүү аялдарды кароо кыздарды кароодон миң эсе күнөө. Зынаа күнөөлөрү да ушундай.” [Табарани]

"Аврат жерин ачкан, башка бирөөнүн аврат жерин караган адамга Аллахтын каргышы болсун!” [Байхеки]

"Аялдын бетинен жана эки колунун алаканынан башка бүткүл денеси аврат.” [М. Анхур]

"Аялдар менен бир жерде жалгыз калуудан сактангыла. Аллаху таалага ант берип айтамын, эгер бир киши бир аял менен жалгыз калганда, араларына шайтан кирет. Бир адамдын балчыктуу чочко менен кысылган абалда болуусу ошол адам үчүн өзүнө адал болбогон бир аялды кармоосунан жеңил.” [Табарани]

Хазрети Аиша энебиз айтты:

"Пайгамбарыбыз өзүнө адал болгон аялдардан башка бир да аял менен кол кармашып учурашкан жок.” [Бухари, Муслим]

Аялдардын Курани карим, мавлид, диний ыр окуп, үндөрүн эркектерге угузуулары арам. [Үн күчөткүч, радио жана телевизор аркылуу угузуулары болсо макрух болот.] (Таргибуссалат, Хадика)

 

Суроо: Меъалдан (Курани каримдин котормосунан) окудум. Зынаа кылган аял менен эч үйлөнүүгө болбойбу?

ЖООП: Меъалдан, тафсирден дин үйрөнүлбөйт. Зынаа кылган аял менен үйлөнүү жаиз. Анткени, "Зынаа кылган аялды башка эркектер никесине ала албайт” деген маанидеги аяти карима насх кылынган (өкүмү жоюлган).

 

Суроо: СПИД тууралуу хадиси шариф бар деп жатышат, чынбы?

ЖООП: Сифилис жана СПИД сыяктуу жугуштуу оорулар Европадан (Франктан (батыштан)) келген. Илгери Европадан келген нерселер франка товары деп аталчу. Франк жүзүмү, франк көйнөгү сыяктуу. Сойкулук менен жайылган оору да алардан келгендиктен френги (сифилис) деп аталган. Бир хадиси шарифте: "Жаман аялдардын саны артып, зынаа коомдун ичинде жайыла турган болсо, эл мурда болуп көрбөгөн жугуштуу ооруларга дуушар болот”, - деп айтылган. Сифилис сыяктуу СПИД дагы буга чейин байкалган эмес эле. Мурда байкалбаган башка оорулар болушу мүмкүн. Демек, бул хадиси шарифте айтылган ооруну  бир гана СПИД деп айтуу туура эмес болот. Европадан келген сифилис жана гонорея кийин пайда болгон.    

 

Суроо: Адам зынаа кылган адамы менен үйлөнүүгө мажбурбу?

ЖООП: Жок, андай эмес.

 

Суроо: Зынаа кылган адамдын никесине зыяны болобу?

ЖООП: Никесине зыяны болбойт. Бирок, зынаа - эң чоң күнөөлөрдүн бири.

 

Суроо: Зынаанын зыяндары эмнелер?

ЖООП: Зынаанын зыяндары көп. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөңкүдөй:

"Зынаанын дүнүйөдө үч зыяны бар:

1- Сулуулугу жана жылуулугу кетет,

2- Кедейликке себеп болот,

3- Өмүрдүн кыскаруусуна себеп болот.

Акыретте үч зыян:

1- Аллаху таала ачууланат.

2- Сурагы, эсеп-китеби оор болот.

3-Тозок отунда азап тартууга себеп болот.” [Табарани]

 

Көздүн зынаасы

 

Суроо: Зынаа никесиз жакындык дегендик эмеспи? Көздүн зынаасы да деп айтылууда. Көз аркылуу да жакындык болобу?

ЖООП: Зынаа – арам болгон жакындык дегендик болсо дагы, арамды кароо да көз менен кылынган арам болууда. Бул арам көздүн зынаасы деп аталат. Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Көздүн зынаасы – арамды кароо, кулактын зынаасы – уят сөздөрдү угуу, тилдин зынаасы - бузуктукту сүйлөө, колдордун зынаасы – намахрамды кармоо, буттардын зынаасы күнөө болгон жерлерге баруу.” [Бухари]

Демек, ар бир дене-мүчөсүнүн бир зынаасы болууда. Мурундун да зынаасы болот. Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Атыр сүрүнүп сыртка чыккан жана жытын сездирүү үчүн элдердин жанынан өткөн аялга жана аны караганга [аны жыттаганга] зынаа күнөөсү жазылат.” [Несаи]

Бул жердеги айтылган мурун менен кылган жыттоо зынаасы болууда. Ошондой эле, эгер аялды караган болсо көздүн зынаасы да болууда. Эгер өпсө эриндин зынаасын кылган болууда. Эгерде кумардануу менен же зарылдыксыз сүйлөшсө тилдин зынаасы болот. Эгер кармаса же зарылдыксыз кол берип учурашса анда колдун зынаасы болот. Бир хадиси шарифтин мааниси мындайча:

"Адамдын башына темир шиштин сайылышы чоочун аялды кармоого караганда жеңилирээк.” [Табарани, Бейхеки]

Андай болсо, зынаанын бардык түрүнөн алыс болуу керек. Курани каримде: "Зынаага жолобогула”, - деп буюрулууда. Бул – зынаага себеп боло турган бардык иштерден алыс болгула дегендик.

  

Суроо: Буттардын, көздөрдүн да зынаасы болобу?

ЖООП: Диний китептерде: "Буттардын зынаасы – Ислам дини тыюу салган жерлерге, арамдарга баруу, колдун зынаасы – арамдарды кармоо, көздөрдүн зынаасы болсо – Ислам дини тыюу салган нерселерди, арамдарды кароо”, - деп жазылган.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш