Ислам дини » Адеп-ахлак » Сүйүнчүлөргө жетүү үчүн шарттар




Сүйүнчүлөргө жетүү үчүн шарттар


Суроо: Кээ бир хадиси шарифтерде кандайдыр бир күнөөнү кылган адамдын Тозокко, кандайдыр бир жакшылыкты кылгандын кечирилип, Бейишке кире тургандыгы билдирилүүдө. Булардын кээ бир шарттары жокпу?

ЖООП: Хадиси шарифтерде: "Сөз ташыган адам Бейишке кире албайт”"Ушак айткан адам тозоктук”"Жүрөгүндө кымындай кибир болгон адам Бейишке кире албайт”, - деп айтылууда. Булардын мааниси - "Эгер ошол күнөөгө тообо кылынбаган болсо, кечирим же шапаатка жетпеген болсо, күнөөсүнүн жазасын тартпай туруп Бейишке кире албайт” дегендик.

Күнөө менен ыймансыздык эки башка нерсе. Күнөөсү канчалык чоң болсо да, күнөө кылган адам капыр болбойт. Бирок, күнөө кылууну уланткан адамдын жүрөгү караят, убакыттын өтүшү менен аларга күфүргө кабылуусу жеңил болот. Ошондуктан, ар бир күнөөдөн сактануу керек. 

Бейиштик 

Хадиси шарифте: "Түшкө чейин туруктуу эки рекет намаз окуган адамдын күнөөлөрү деңиздин көбүгүндөй болсо да кечирилет”, "Таравих намазын окугандын өткөн күнөөлөрү кечирилет”"Тасбих намазын окуган адамдын күнөөлөрү тоолордой чоң болсо да Аллах кечирет”, - деп айтылууда. Бул сүйүнчүлөргө жетүү үчүн Ахли сүннөт итикадында болуу, бидат иш кылбоо керек. Хадиси шарифте: "Бидат иш кылган адамдын эч бир ибадаты кабыл болбойт”, - деп айтылды.

Күнөөлөрүнө тообо кылып, арамдардан сактануу керек. Хадиси шарифте: "Эгер он тыйындык кийимдин бир тыйыны арам болсо, ал кийим менен окулган намаз кабыл болбойт” жана "Арам жегендердин парздары да, сүннөттөрү да кабыл болбойт”, - деп айтылды. Мындан тышкары, парз карызы болбошу керек. Хадиси шарифте: "Парз карызы бар адамдын нафилдери кабыл болбойт”, - деп айтылган. (Футух-ул гайб)

Андай болсо, алгач итикадыбызды оңдоп, арамдардан  сактанып, парз карыздарды өтөшүбүз керек. Арам иш кылган адамдын ибадаты сахих. Башкача айтканда, карыздан кутулат. Бирок, убада кылынган соопко жете албайт. "Баланча дубаны окуп, баланча жакшылыкты кылган адам баланча соопко ээ болот”, - делгенде, жогоруда билдирилген шарттар болушу керек.

Хадиси шарифте: "Адам сүйгөн адамы менен бирге болот”, - деп айтылууда. Адам бул дүнүйөдө кимди сүйсө акыретте аны менен бирге болот. Эгер бир адам Пайгамбарыбыз алейхиссаламды сүйсө акыретте Аны менен бирге болот. Бирок, жогоруда айтылгандай, алгач мусулман болушу керек. Мусулман эмес бир адам "Өтө акылдуу адам экен” деп сүйүшү мүмкүн. Бул сүйүү аны Бейишке алып барбайт. Хазрети Исаны сүйгөн адам да аны менен бирге Бейиште болот. Бирок, христиандар Тозокко кетишет. Сүйүүнүн да ченеми бар. Аны кудай катары эмес, Пайгамбар катары сүйүп, мусулман болуу шарт.

Хадиси шарифтерде: "Бейишке тазалар кирет”"Ыймандын жарымы сабыр, жарымы шүгүр”, - деп айтылууда. Бул хадисти шарифтерди карап таза болгон же сабыр кылып, шүгүр кылган адамдын Бейишке барарын түшүнүүгө болот. Бирок, мусулман эмес бир адам да таза, сабырдуу болуп, шүгүр кылышы мүмкүн. Андай болсо, Бейишке кире алуу үчүн мусулман болуу, туура итикадга ээ болуу, бидаттан сактануу, парздарды аткарып, арамдардан алыс болуу зарыл. (Хадика)

"Жамандыктан сактанган ар бир момун бейиштик. Курани каримде: "Раббинен коркуп, өзүн жамандыктан сактаган адамдын бара турган жери албетте Бейиш”, - деген мааниде айтылууда. [Назиат, 40-41]

Эч кимге зыяны тийбей, үйдө олтуруп, диндин жайылышына кызмат кылбагандар менен күнү-түнү Аллах жолунда кызмат кылгандардын даражалары, албетте, ар башка. Курани каримде: "Аллаху таала мал-мүлкү жана жандары менен жихад кылгандарды даража жагынан отургандардан үстөм кылган”, - деген мааниде билдирилүүдө. [Ниса, 95]

Анын сыңарындай, жамаат менен намаз окуу жалгыз намаз окууга караганда 27 эсе жогору. Мечитте жамаат менен намаз окуу үйдө жамаат менен намаз окуудан да сооптуу. Пайгамбарыбыз алейхиссаламдын мечитинде окулган намаз дагы башка мечиттерде окулган намаздардан алда канча жогору. Хадиси шарифте мындай деп айтылат:

"Масжид-и Аксада окулган бир намаз башка мечиттерде окулган миң намазга, Медина мечитинде окулган намаз он миң намазга, Масжид-и харамда [Каабада] окулган бир намаз жүз миң намазга барабар.” [И. Газали]

Душманга каршы жихад кылып жатканда намаз окуу болсо баарынан эң сооптуусу. Намазды шариятка ылайык себепсиз окубоо болсо эң чоң күнөө. "Жами-ул фатава”да мындай деп айтылат:

"Душмандын каршысында бир намазды окуу мүмкүн болуп турганда оку! Таштап коюу жети жүз чоң күнөө кылгандай күнөө.”

Ар кандай кыйынчылыктарга карабай намазды таштабагандардын сообу өтө чоң болот. Динди жайылтып жаткандардын окуган намаздары да согушта душманга каршы окулган намаз сыяктуу өтө сооптуу.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш