Ислам дини » Адеп-ахлак » Заалымды урматтоо




Заалымды урматтоо


Суроо: Адамдарга зулумдук кылган, мал-мүлктөрүн талап тоногон, ар-намыстарына көз арткан, жамандык кылган адамдар сыйлап-урматталабы?

ЖООП: Арам иш кылган адам фасык, жаман адам деп аталат. Фысктын эң жаманы – зулумдук кылуу. Анткени, ашкере кылынууда жана кул акысы да аралашууда. Ал-и Имран сүрөсүнүн 57 жана 140-аяттарынын маанисинде:

"Аллаху таала заалымдарды сүйбөйт”, - деп айтылган.

Хадиси шарифте: "Заалымдын көп жашоосуна дуба кылуу – Аллаху таалага каршы чыгылуусун каалоо”, - деп айтылган.   

Эгер бир заалым өзү турган үйдү тартып алган болсо, ал үйгө баруу [арам болот.

Фасык адамга кичи пейилдик кылгандын дининин үчтөн экиси кетет. Заалымга кичи пейилдик кылгандын жагдайынын кандай боло турганын ушуyдан да түшүнө берүү керек.

Заалымдын колун өбүү, алдында ийилүү күнөө. Адилетүү адамдын болсо жаиз болот. Абу Убайда бин Жаррах хазреттери Хазрети Омардын колун өпкөн.

Табышынын көбү арам болгон адамдын үйүнө барып отуруу жаиз эмес. Аны сөз же кандайдыр бир кыймыл менен мактоо, даңазалоо харам. Бирок, өзүн же башка бирөөнү анын зулумдугунан куткаруу үчүн анын алдына баруу жаиз болот. Анын алдында калп айтпоо, мактап-даңазалабоо керек. Эгер кабыл ала тургандыгы божомолдонсо насаат айтылат.

Заалым сага келгенде өйдө туруу жана тосуп алуу жаиз. Диндин ызаатын жана зулумдуктун жамандыгын билдирүү үчүн өйдө турбоо жакшы болот. Эгер мүмкүн болсо насаат айтылат. Заалымдан дайыма алыс туруу жакшыраак. Хадиси шарифте:

"Мунафык менен сүйлөшүп жатканда "мырзам” дебегиле!” – деп буюрулду. Заалымды, капырды сыйлап-урматтоо, урматтап салам берүү, устазым деп айтуу күфүр болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш