Ислам дини » Адеп-ахлак » Мактоо жана мактануу




Мактоо жана мактануу


Суроо: Бирөөнү бетине чындыкты айтып мактоо орундуубу?

ЖООП: Кимдир-бирөөнү бетине чындыкты да айтып мактоо анын жамандыгына себеп болушу мүмкүн. Анткени, сүйүктүү адамды мактоо чектен чыгууга себеп болуп, калп аралашышы мүмкүн. Сүйбөгөн адамды мактоодо болсо рия болушу мүмкүн.

Кээде бирөөнү мактоо менен макталган адам кубанат, өзүн-өзү жактырат, эл мени үлгү алсын деп көйрөңдөнүп кетиши мүмкүн. Өзүн башкалардан жогору санашы мүмкүн. Ал эми, өзүн алсыз, кемчил, күнөөкөр деп эсептеген адам текебердик кыла албайт, жакшы амалдарды жасоого жана арамдардан көбүрөөк сактанууга аракет кылат. Өзүн башкалардан жогору санаган адам бардык пазилеттерден куру калат. Макталган адам өзүндө бир нерселер бар деп ойлоп калат. Расулуллах алейхиссаламдын алдында бирөөнү макташты. Мактаган кишиге: "Анын мойнун кескиледиң, уга турган болсо оңолбойт”, - деп деди. (Бухари, Муслим)

Бирөөнү мактоо анын текеберленүүсүнө себеп болушу мүмкүн. Текебердик менен ужб болсо адамды курутат. Хадиси шарифтерде айтылат:

"Дин боордошуңардан бир муктаждыгыңарды сурап жатканда аны мактоо менен сөздү баштабагыла. Мындай кылган адам анын белин сындырган болот.” [Ибни Лал]

"Бири-бириңерди мактоодон сактангыла. Анткени, мактоо - аны мууздоо.” [Ибн Мажа]

"Адамды көз алдынча айтып мактоо – аны мууздоо.” [И. Абиддуня]

Бизди мактаган адам бизге жакшылык кылган болбойт. Аркабызга канжар менен сайгандай болот. Ошондуктан, мактагандардын сөзүнө маани бербөө керек. Эки хадиси шарифтин мааниси:

"Мактоочулардын бетине топурак чачкыла!” [Муслим, Тирмизи]  

"Мактоочулардын оозуна топурак чачкылат.” [Ибни Хиббан]

"Топурак чачуу – аны төмөнсүнтүү, сөздөрүнө маани бербөө.”

Жакшыларды мактоо туура эмес болгондон кийин фасыктарды, тагыраагы, ашкере күнөө кылгандарды мактоо таптакыр туура эмес. Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Фасык макталганда Аллаху таала ачууланат.” [Ибни Абиддуния, Бейхеки]

Бизди мактагандардын таасири алдында калуу да туура эмес. Адамдардын мактоосун, кемсинтүүсүн бирдей кабыл алгандар – макбул (жактырылган) адамдар. Эгер бирөө сындаганда таарынбай, чындыктан тайбай жаткан болсо, мактаганда да кубанбай жаткан болсо, ал адам салих. Хазрети Омар аны мактаган бирөөгө: "Сен мени да, өзүңдү да курутмакчысыңбы?” – деди. Бир аалым болсо аны көз алдынча мактаган адамга: "Мени эмнеге мактоодосуң? Ачууланганымда мени сынап көрүп, жумшак, токтоо мүнөз экенимди көрдүң беле? Мени менен саякат кылып, жакшы адам экенимди көрдүң беле? Мага бир нерсени аманат калтырып, ал аманатты сактаганымды көрдүң беле? Өзүң билбеген адамды кантип мактайсың?” – деди. Макталууну жакшы көрүү – оопат, жамандык. Хадиси шарифтерде мындай делген:

"Макталганды жакшы көрүү адамды сокур жана дүлөй кылат. Кемчиликтерин көрбөй турган болот. Туура сөздөрдү, айтылган насаатты укпай турган болот.” [Дейлеми]

"Диний иштерге адамдардын силерди мактоолору каалоосун аралаштыруудан сактангыла. Антпесе, амалдарыңар текке кетет.” [Дайлами]

"Бейиштин түбөлүктүү нематтарын каалаган адам макталууну жактырбасын.” [Дайлами]

Бир адам үчүн өлүм учуру маанилүү. Башкача айтканда, ыймандуу кетүү маанилүү. Өлүм учурунда ыймандуу кетпеген адамды дүнүйөдө мактагандан эмне пайда? Өзүбүздү мактоо, мактагандарга унчукпоо, тааныбаган адамдарды мактоо туура болбойт. Аллаху таала бизге ыйман сыяктуу улуу бир нематты ихсан кылган (берген). Муну менен мактана алабыз. Бирок, акыркы демибизге чейин бул ыйманды сактап кала алабызбы же жокпу белгисиз. Ушул себептен дайыма коркуу менен жашоо, арамдардан сактануу, динибиздин бардык буйруктарын аткаруу жана Аллахтын ырайымынан үмүт үзбөө зарыл. 

Илимдин пайдасын көрүү үчүн

Суроо: Илимдин пайдасын көрүү үчүн кандай максатта үйрөнүшүбүз керек?

ЖООП: Илимди жалгыз Аллаху тааланын ыраазылыгын табуу үчүн гана үйрөнүү керек. Башка максаттар үчүн үйрөнүү жаиз эмес. Хадиси шарифтерде мындай делген:

"Кимде-ким аалымдарга мактануу, дүнүйөгө берилгендер, жахилдер, акылсыздар менен талашып-татышуу,  алардын оозун жабуу, адамдардын жагынуу үчүн илим үйрөнсө Аллаху таала аны Тозокко таштайт.” [Тирмизи, Ибни Маже]

"Алымдарга мактануу, бузукулар менен күрөшүү максатында илим үйрөнбөгүлө! Жыйналыштарда илим менен кыйынсынбагыла! Андай кылган адамдын бара турган жери Жаханнам, Жаханнам.” [Ибни Маже]

Илимди жогоруда билдирилген максаттар үчүн үйрөнүү жаиз болбогондой эле, Аллахтын ыраазылыгы үчүн үйрөнүп, бирок, жогорудагы максаттар үчүн колдонуу да жаиз эмес. Илими менен мактануу да Аллахтын ыраазылыгына кайчы. Хадиси шарифтерде мындай делген:

"Бир коом пайда болот. Куранды окуп: "Ким бизден жакшыраак билет? Ким бизден фикх илимин көбүрөөк билет?” – дешет. Мына ошолор Жаханнамдын отундары.” [Таберани]

"Кудайга ант, ушундай бир заман келет, адамдар Куранды үйрөнүшөт жана окушат. Андан кийин: "Биз окудук, үйрөндүк. Бизден жакшыраак дагы ким бар?” – дешет. Мына ошолор Жаханнамдын отуну.” [Таберани]

Бул хадиси шарифтер илим менен мактануунун жаиз эмес экенин көрсөтүүдө. Илими менен мактанган адамдар менен талашып-тартышуу эч орундуу эмес. 

Оопаттардын эң чоңу 

Илими менен текебердик кылуу – оопаттардын эң чоңу. Оорулардын эң оору жана эмделүүсү эң кыйын болгону – илими менен текебердик кылуу. Хадиси шарифте мындай делген:

"Аалымдын оопаты – өзүн кыйын саноосу.” [И. Газали]

Бир нерселерди билген адам өзүн кыйын санайт, буларды билбегендерди болсо кордойт, төмөнсүнтөт. Алардан дайыма сый-урмат жана кызмат күтөт. Башкаларды төмөн көргөндүктөн алардын абалына тынчсыздана баштайт. Мындай адамдар илими арткан сайын ого бетер коркунучка кабылат. Ал эми, таваду ээлеринин (кичи пейилдердин) илими артса, тавадусу да артат. "Аллахтан бир гана аалымдар коркот” аяти каримасы таваду эхли болгон аалымдарды билдирүүдө.

Хадиси шарифтерде мындай делген:

"Кыяматта эң оор азап илими өзүнө пайда бербеген дин адамдарына.” [Бейхеки]

"Тозок азабын тарткандардын кээ бирлеринен чыккан жагымсыз жыттар кээ бирлерине оттон да көбүрөөк азап берет. "Сен эмне күнөө кылып койдуң да, мынча жийиркеничтүү жыттанып жатасың?” – деп суралганда, "Мен дин адамы элем. Билгендеримди өзүм кылчу эмесмин”, - дейт.” [И. Ахмед]

Өзүнөн төмөн болгондорго, фасыктарга жана күнөөкөрлөргө да текебердик кылбоо керек. Аалым жахилди көргөндө: "Ал билбегени үчүн күнөө кылууда. Мен болсо билип туруп күнөө кылуудамын"”, - деп айтууга тийиш. Аалымды көргөндө: "Ал менден көбүрөөк билет, илим жана ихлас менен амал кылууда. Мен андай эмесмин”, - деп айтууга тийиш. Өзүнөн улууну көргөндө: "Бул менден көбүрөөк ибадат кылган”, - деп айтууга тийиш. Жаштарды көргөндө: "Булардын күнөөсү аз, менин күнөөлөрүм көп”, - деп айтууга тийиш. Тең курактуусун көргөндө: "Мен өзүмдүн күнөөлөрүмдү билем, анын эмне кылганын билбейм”, - деп айтууга тийиш. Бидатчы же мусулман эмес бирөөнү көргөндө: "Адамдын абалы акыркы демде белгилүү болот. Бул балким хидаятка (туура жолго) жетиши мүмкүн. А менин абалым кандай болот экен?” – деп айтууга тийиш, аларга текебердик кылбоого тийиш.

Адам өз күнөөлөрүн унутпоого жана акыркы деми кандай болорун ойлонууга тийиш. Акыретте кимдин кимден жогору болору бул дүнүйөдө так билинбейт. Көптөгөн дин адамдары капыр болуп өлүшкөн. Көптөгөн капырларга да ыйман менен өлүү насип болгон. Демек, эч кимге тозоктук, өзүнө бейиштик деп айтпоо керек.

Фасык жана бидатчыларды жек көрүүдө текебердиктен сактануу керек. Бул болсо ачууланууну өзү үчүн эмес, муну буюрган Аллаху таала үчүн кылуу аркылуу, ачууланып жатканда өзүн кутулган, башканы куруган деп билбөө аркылуу болот. Мисалы, бир адам баласын кызматкери менен бир жерге жөнөтүп жатканда, эгер баласы күнөө кылса жемелегенге, ал тургай сабаганга буйрук берет. Ал дагы бала күнөө кылганда сабайт. Бирок, аны сабап жатканда атасынын жанында өзүнүн баладан кадырлуураак  эмес экенин да билет. Ага текебердик кыла албайт. Момундун капырды жактырбоосу да ушуга окшош. Аллаху таала момундардын өзүлөрүн эмес, ыймандарынын жогору экенин билдирген. Ыйман кимде болсо, ал үстөм болот. Түбөлүктүү үстөмдүк болсо акыркы демде белгилүү болот. 

Нематтарга мактануу 

Суроо: Аллах берген нематтарды башкаларга билдирип мактануу орундуубу?

ЖООП: Хадиси шарифтерде мындай делген:

"Аллаху тааланын нематтарын билдирүү буларга шүгүр кылуу болот.” [Байхаки]

Мактануу арам. Өзүндөгү жакшылыктарды, нематтарды, эгер өзүнөн деп билсе, Аллаху тааланын бергендигин ойлобосо, мактануу болот. Башкача айтканда, "тазкия-и нафс” болот. Эгер бул нематтардын Аллаху тааладан келгендигин билип, өзүн кемчиликтүү деп билсе, "шүгүр” болот.    

Атасы менен мактануу 

Суроо: Өзүлөрүнүн жашоолору орунсуз болгон адамдардын аталары жана чоң аталары менен мактануулары туурабы?

ЖООП: Аталары, чоң аталары менен мактануу, текебердик кылуу жахилдик жана акылсыздык. Кабил Адам алейхиссаламдын баласы эле. Йам болсо Нух алейхиссаламдын баласы эле. Аталарынын пайгамбар болуусу аларды күфүрдөн куткарган жок. Адамдын мактанган ата-бабалары бир ууч топурак болду. Алардын салих болуулары менен мактанбоо керек, алар сыяктуу салих болууга, алардын жолунда болууга аракет кылуу керек!

"Ата-бабаларыңар менен мактанууну таштагыла.” [Абу Давуд]

"Бир адам өзү жаман болсо, акыретте тегинин үстөмдүгүнүн ага пайдасы болбойт.” [Таберани]

Күндөрдүн биринде эки киши бири-бирине кыйынсынып, бирөө: "Мен баланчанын уулу баланчамын. А сен кимсиң?” – деди. Ошондо Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деди:

"Хазрети Мусанын жанында эки киши бири-бирине мактана баштады. Бирөө ата-бабаларынан 9 кишини санады. Аллаху таала Хазрети Мусага: "Ага айтып кой, ал сыймыктанган 9 киши Жаханнамда. Өзү болсо онунчусу”, - деп вахий кылды.” [И. Ахмед] 

Илтифат (комплимент) эмес, чындык 

Суроо: Бир досум башка бир досуна ыраазылык билдирип мактаганда, макталган досу ага: "Комплимент үчүн рахмат”, - деди. Ал болсо: "Мен комплимент эмес, чындыкты айттым”, - деди. Комплимент чындык эмеспи?

ЖООП: Комплимент – көңүл бөлүү, урмат көрсөтүү, бирөөнүн ал-ахыбалын суроо, сылык жана жумшак мамиле кылуу, сылыктык көрсөтүү, көңүлүн көтөрүү деген маанилерди билдирет.

Айрыкча диний маалыматтардан алыс адамдар арасында комплимент жалгандан мактоо маанисинде колдонулат. Мактоонун (баалоонун) чыны да, жалганы да болушу мүмкүн. Бирок, мусулман мактаганда чындыкты айтат. Башкача айтканда, мусулмандын мактоосу чындык. Бул жагынан алганда "мактоо эмес, чындык” деген сөз биздин маданиятка туура келбейт. Чет элдиктерден өтүп калган. 

Суроо: Беш маал намазын окуган бир адамдын бир гана Жума намазына баргандарды көрсөтүп, "мен аларга караганда жакшыраакмын” деп айтуусу орундуубу?

ЖООП: Пайгамбарыбыз алейхиссалам маселеге байланыштуу бир хадиси шарифинде мындай деген:

"Динде сенден төмөн болгон адамга караба. Анткени, өзүңдү жактырып, куруйсуң. Динде сенден жогору болгон адамга кара, ал сенден жакшыраак. Мал-мүлкү көп болгон адамга караба, Аллахтын тагдырына ачууланган болосуң. Азыгын кыйынчылык тартып, маңдай тери менен даярдаган адамга кара, ошондо Аллаху тааланын сага берген нематына шүгүр кыласың.”


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш