Суроо: Мен көп кечирем. Ошондуктан, мага акмак деп мамиле
кылган учурлар да болот. Кечиримдүү болуу жакшы нерсеби?
ЖООП: Кечирүү – акысы болгон бир нерсени албастан ээсине
багыштоо. Аллаху таала кечиримдүү жана кечирүүчүлөрдү жакшы көрөт. Курани
каримде мындай деген мааниде айтылат:
"Кечир, маруфту буюр жана жахилдерден жүз бур!” [Араф, 199]
Хадиси
шарифтерде да мындай делген:
"Кечиргиле, ошондо Аллаху таала да силерди кечирсин жана кадыр-баркыңарды
көтөрсүн!” [Исфахани]
"Аллахтын ыраазылыгы үчүн кечиргенди Аллаху таала көтөрөт.” [Муслим]
"Өзүнөн алыстагандарга жакындоо, зулумдук кылгандарды
кечирүү, өзүн куру калтыргандарга [өзүнө бир нерсе бербегендерге] ихсан кылуу –
көркөм мүнөздүү болуу.” [И.Суюти]
"Сага зулумдук кылганды кечир, сага келбегенге бар,
сага жамандык кылганга сен жакшылык кыл, өзүңө каршы болсо да чындыкты
айт.” [Рузейн]
"Муса алейхиссалам: "Йа, Раббим! Сенин алдыңда эң
кадырлуу ким?” – деп сурады. Аллаху таала болсо: "Өч алууга күчү жетип туруп
кечирген адам”, - деп буюрду.” [Хараити]
"Аллаху таала ырайымсызга ырайым кылбайт, кечирбегенди
кечирбейт.” [И. Ахмед]
"Кечиргиле, ошондо кечиримге жетесиңер!” [И. Ахмед]
Кечиримдүүлүктү
жактоочу болгон жакшыраак. Хадиси шарифте мындай делген:
"Жазалоодогу ката кечиримдеги катадан жаманыраак.” [Хаким]
Суроо: Күнөлүүнү
кечирүүнүн зыяны жокпу?
ЖООП: Күнөлүүнү да кечиргендер дүнүйө жана акыретте
бакытка жетишет.
Ичкиликтен
өзүн тыя албаган мусулман бир киши кызматчысына төрт дирхам берет. Ага ичкилик
алып келүүсүн айтат. Кызматчы баратып Мансур бин Аммар аттуу бир заттын бир
кедейге жардам чогултуп жатканын көрөт. Кызматчы кедейге 4 дирхамды берет.
Мансур: "Бул кедейге 4 дирхам бергенге 4 дуба кылам”, - дейт. Мансур айтат:
- Кандай дуба
кылышымды каалайт элең?
- Кызматчылыктан
кутулгум келет.
- Экинчи
каалооңду айт!
-
Кедейге берген төрт дирхам меники эмес эле. Менден муну сурашат. Төрт дирхам
каалайм.
- Үчүнчү каалооң
эмне?
- Мен
кожоюнумдун тообо кылып, ичкиликти таштоосун каалайм.
– Төртүнчү
каалооң эмне?
- Аллаху
тааланын мени, кожоюнумду, сени жана элибизди кечирүүсүн каалайм.
Мансур бин Аммар
алардын бардыгы үчүн керектүү дубаны кылат. Кызматчы үйүнө барганда кожоюну анын
эмнеге кечиккенин сурайт. Кызматчы болгон окуяны айтып берет. Кожоюну сурайт:
- Сен эмнелерди
кааладың?
-
Кызматчылыктан, кулчулуктан кутулууну кааладым.
- Жарайт, сени
азат кылдым. Дагы эмнени кааладың?
- Төрт дирхам
сурадым.
- Мына ал ошол
төрт дирхамды. Дагы эмнени кааладың?
- Мен сенин
тообо кылып, ичкиликти таштооңду кааладым.
- Тообо кылдым.
Башка эмнени кааладың?
- Аллаху
тааланын баарыбызды кечирүүсүн кааладым.
Кожоюну
токтоп калат: "Бул менин колумдан келбейт”, - дейт. Ошол түнү түшүндө "Сен
колуңдан келгенин жасадың да, биз колубуздан келгенди кылбайбызбы? Сени да,
кызматчыңды да, Мансурду да жана ошол жердегилердин баарын кечирдик” деп
айтылды.
Ар бир мусулман
дагы колундан келген нерсени аябоого тийиш, дайыма кечиримдүү болууга тийиш!
Суроо: Анык болбосо да, күнөөлүү бир адамды жазалообу же
кечирүү орундуубу?
ЖООП: Күнөөсү
анык болмоюнча жазалоо жаиз эмес. Кечиримдүүлүктү жактоо жакшыраак. Бир хадиси
шарифтин мааниси төмөнкүчө:
"Жазалоодогу ката кечиримдеги катадан жаманыраак.” [Хаким]
Душманга жакшы мамиле
Суроо: Бизге жамандык,
душмандык кылгандарга да ошондой кылуу жаизби?
ЖООП: Алар кылгандай
деңгээлде кылуу зулумдук эмес, андан артыгы зулумдук болот. Бирок, адилеттүү
кыймылдоонун өлчөмүн биле албайбыз, зулумдук кылган болобуз. Эң жакшысы
кечирүү. Бир аяти кариманын мааниси:
"Жамандыкка эң жакшы жол менен жооп бер! [Ачууга
сабыр менен, жахилдикке жумшактык менен, жамандыкка кечирим менен жооп бер
дагы] ошондо душман сага жакын дос сыяктуу болот.” [Фуссилат,
34]
Демек, душманды
дос кылуунун жолу – аны кечирүү, ага жакшылык жана ихсан кылуу.
Кечирилүү үчүн кечирүү керек
Суроо: Башкалардын
каталарын кечирбеген бир адамдын өзүнүн каталарынын кечирилүүсүн күтүүсү туура
болобу?
ЖООП: Кечирүү –
улуулуктун белгиси жана Аллаху тааланын сыпаттарынан. Кечирүү деп
бир адамдын өзүнө каршы жасалган ката жана кемчиликтерди кечирүүсүнө айтылат.
Акысын алууга күчү жетип туруп кечирүү жакшы. Анткени, бул напсиге өтө оор
сезилет. Хадиси шарифте мындай делген:
"Муса алейхиссалам: "Йа, Раббим! Пенделериңдин эң
кадырлуусу ким?” – деп сураганда, "Күчү жетип турса дагы кечирген адам”, - деп
айтылды.”
Зулумдук кылган
адамды кечирүү ырайымдуулуктун, өзүнө жакшылык кылбаганга белек берүү ихсандын,
жамандык кылган адамга ихсан кылуу болсо адамгерчиликтин эң бийик даражасы. Бул
сыпаттар душманды дос кылат.
Заалымдан
акысына жараша алуу адилеттик болот. Бирок, күчү жетип турса дагы кечирүү –
көркөм ахлак. Расулуллах алейхиссалам кимдир бирөөнүн заалымга каргыш айтып
жатканын көргөндө:
"Интисар кылдың! Эгер кечиргениңде жакшыраак болмок”,
- деди.
Расулуллах алейхиссаламдын
куттуу небереси Хазрети Хусейн бир күнү коноктору менен дасторкондо отуруп
бирге тамактанып жатышкан эле. Ошол убакта кулу бир табак ысык тамак көтөрүп
келе жатканда, буту жерге чалынып, колундагы тамакты Хазрети Хусейндин куттуу
башына төгүп жиберет. Хазрети Хусейн тарбиялоо максатында кулунун жүзүн катуу
караганда, кулу Ал-и Имран сүрөсүнүн 134-аяти каримасындагы:
"Ачууланышпайт” маанисиндеги бөлүгүн окуйт. Хазрети Хусейн;
- Ачуумду таштадым, - дегенде, кулу
аяти кариманын:
"Кемчилиги бар адамдарды кечиришет” маанисиндеги бөлүгүн окуйт. Хазрети Хусейн:
- Кечирдим, - деп жооп бергенде, кулу
аяти кариманын:
"Аллаху таала ихсан кылгандарды жакшы көрөт” маанисиндеги бөлүгүн окуйт. Ошондо Хазрети
Хусейн:
- Аллах үчүн
сени кулчулуктан бошоттум, каалаган жериңе кете аласың, - дейт.
Аллаху таала
пенделеринин күнөөлөрүн кечирет. Мусулмандар да бири-биринин кемчиликтерин
кечириши керек. Ушул себептен мусулмандардын каталарын көрбөй, аларга кек
сактабай, кемчиликтерин кечирүү керек. Эгер Аллаху таала биздин күнөөлөрүбүздү
кечирсин десек, биз дагы Анын пенделеринин каталарын кечиришибиз керек. Башкача
айтканда, кечирилиш үчүн кечирүү керек. Ахмед Рифаи хазреттери:
"Ачууланган
кезиңде кечиримдүүлүккө жармаш. Анткени, кечирүү менен кетире турган катаң
жазалоо менен кетире турган катаңдан жакшыраак”, - дейт.
Суроо: Адамдардын айыптарын издөө, жүзүнө уруу динибизде
туура нерсеби?
ЖООП: Мусулмандардын айыптарын жаап-жашыруу,
жашыруун күнөөлөрүн жайылтпоо жана кемчиликтерин кечирүү абдан сооптуу.
Кичүүлөргө, кол астындагыларга, аялга, балдарга, окуучуга, аскерге, жумушчуга,
муктаждарга ырайым кылуу керек. Кемчиликтерин бетке урбоо керек. Болор болбос
себептерден улам аларды таарынтпоо, уруп-сабабоо же кордобоо керек.