Ислам дини » Адеп-ахлак » Адамдарга жакшылык кылуу




Адамдарга жакшылык кылуу


          Суроо: Жакшылык кылуунун диндеги орду эмне?

ЖООП: Мухаммед Масум хазреттери айтат:

Өмүр кыска. Түбөлүктүү болгон акырет жашоосунда адам туш боло турган нерселер бул дүнүйөдө кандай абалда жашаганына жараша болот. Акылдуу, келечекти көрө алган бир адам кыска дүнүйөдө дайыма акыретте жакшы жана ырахат жашоого себеп болчу иштерди жасайт. Адамдарга кызмат кылуу үчүн эмгектенет. Адамдарга жакшылык кылуу акыретте азаптан кутулууга жана Бейиш нематтарынын көбөйүшүнө себеп болот. Хадиси шарифтерде мындай делген:

"Мусулман - мусулмандын боордошу. Аны капа кылбайт, таарынтпайт. Эгер бир адам бир мусулмандын айыбын, кемчилигин жаап-жашырса Аллаху таала кыямат күнү анын айыптарын, кемчиликтерин жаап-жашырат.” [Бухари]

"Кээ бир адамдар башкалардын муктаждыктарын кетирүү, аларга жардам берүү үчүн жаратылган. Муктаж болгондор аларга кайрылышат. Акыретте буларга азаптан коркуу жок.” [Табарани]

"Аллаху таала кээ бирөөлөргө көп нематтарды берген. Аларды баарына пайдалуу болсун деп жараткан. Бул нематтарды таркатышса азайбайт, таркатышпаса булардан алып, башкаларга берет.” [Табарани]

"Бир мусулмандын дин боордошунун муктаждыгын кетирүүсү он жылдык итикафтан жакшы. Аллахтын ыраазылыгы үчүн бир күндүк итикаф болсо адамды Жаханнам отунан өтө алыстатат.” [Табарани]

"Дин боордошунун кандайдыр бир жумушун бүтүргөнгө периштелер дуба кылышат. Ал жумушту бүтүрүүгө бара жатканда ар бир кадамы үчүн бир күнөөсү кечирилет жана кыяматта түрдүү нематтарга жетет.” [Ибни Мажа]

"Дин боордошунун ырахатка жетүүсүн жана кыйынчылыктан кутулуусу үчүн башкаруучуларга барып аракет кылганга сырат көпүрөсүнөн баарынын буту тайган убакта Аллаху таала ага жардам берет.” [Табарани]

"Аллаху тааланын эң сүйгөн иши – бир момунга кийим берүү же тамак беруу же башка бир муктаждыгын кетирүү аркылуу кубантуу.” [Табарани]

"Урматсыздык кылганга жумшак мамиле кылган, зулумдук кылганды кечирген, бербегенге берген, ал-ахыбалын сурабаган дос-тууганына кам көргөндөр Жаннатта бийик даражаларга жетет.” [Табарани]

"Бир тууганына жылуу жүз көрсөтүү, жакшы нерселерди үйрөтүү, жамандыктан кайтаруу, сураганга жол көрсөтүү, көчөдөгү кир жана зыяндуу нерселерди тазалоо – баары садака.” [Тирмизи]

"Салам берип жатканда жылмайган адам садака сообун алат.” [И.А.дунйа]

"Сапарда жамааттын мырзасы – аларга кызмат кылуучу. Шейиттиктен башка эч бир амал анын сообуна жетпейт.” [Хаким]

"Кимде-ким бир мусулманды кайгыдан арылтып, аны кубантса, Аллаху таала аны кыямат күнүнүн эң кыйын учурларында кайгылардан куткарат.” [Бухари]

"Дин боордошуна жардам бергендин жардамчысы - Аллаху таала.” [Муслим]

"Адамдардын эң жакшысы – аларга көп пайдалуу болгону.” [Кудаи]

"Парздардан кийин Аллаху таала эң жакшы көргөн нерсе – бир момунду кубантуу.” [Табарани]

"Ыйманы эң күчтүү болгон адам – ахлагы эң жакшы болгон жана аялына эң жумшак болгон адам.” [Тирмизи]

"Убада берем, талашып-тартышпаган, өзүнүкү туура болсо дагы эч кимди таарынтпаган адам Жаннатка кирет.” [Тирмизи]

"Момундар бири-бирине болгон сүйүү жана мээримдүүлүк жагынан бир дене сыяктуу. Дененин бир жери ооруса бүткүл дене тынчсызданат. Ошол жерди дарылоо менен алек болушат. Мусулмандар да ушинтип бири-бирине жардам берүүгө шашышат.” [Бухари]

"Айланаңдагылар менен жакшы кошуналык кыл жана өзүң үчүн жакшы көргөн нерсеңди башкалар үчүн да жакшы көр. Ошондо мусулман болосуң.” [Хараити]

Жакшылыкты санап эмес чачуу менен кылгыла 

Ислам аалымдары мындай дешкен:

"Аллаху тааланын силерге кандай мамиле кылуусун кааласаңар Анын пенделерине да ошондой мамиле кылгыла.”

"Жакшылыкты санап эмес, чачуу менен кылгыла.”

"Жоомарт деп бергенди эмес, бергенине кубанган адамды айтат.”

"Баардык жамандыктар жана нааразылыктар алуунун кесиринен. Бардык жакшылыктар берүүдөн улам.”

Ар бир адамга жакшылык кылуу, карыз же садака берүү абдан сооптуу. Туугандарга кылынган жакшылык андан да сооптуу. Бир аял Расулуллах алейхиссаламдан: "Кедей күйөөмө жардам берсем садаканын ордуна өтөбү?” – деп сураганда, Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Эки сооп бар. Бири садака, экинчиси сыла-и рахим сообу”, - деп жооп берди.

Хадиси шарифтерде мындай делген:

"Сенден жүзүн бурган тууганыңа берилген садака жакшыраак.” [Табарани]

"Жакын тууган жана кошунага берилген садаканын сообу эки эсе көп.” [Табарани]

"Акчаңызды алгач өзүңүздүн муктаждыктарыңызга, артып калса балдарыңыздын муктаждыктарына жумшаңыз! Андан да артса, туугандарыңызга жардам бериңиз!” [Муслим]

"Эгер бирөөнүн агасынын баласы жардам сураса колунан келип туруп бербесе, кыямат күнү Аллаху тааланын фазлынан куру калат.” [Табарани]

"Бир мусулманга карыз берген адам эки эсе садаканын сообун алат.” [Ибни Мажа]

"Мусулман боордошун кубантуу кечиримге себеп болот.” [Табарани]

"Бир мусулмандын кайгысын кетирген адамга Аллаху таала эки нур берет. Бул эки нур менен Сыратта ушунчалык көп адамдар нурланышат, алардын санын бир гана Аллаху таала билет.” [Табарани]

"Ким дубасынын кабыл болуусун жана кайгысынын кетүүсүн кааласа кыйынчылыкка кабылган адамдын көңүлүн көтөрсүн!” [Ибни Абиддуня]

"Ким досунун муктаждыгын кетирсе Аллаху таала да анын муктаждыгын кетирет.” [Табарани]

"Жакшылыкка себепкер болгон жакшылык кылгандай болот. Аллаху таала кыйынчылыкка кабылганга жардам берген адамды жакшы көрөт.” [Ибни Нажжар]

"Тозоктук адам бейиштик бир адамга жолукканда ага мындай дейт:

- Мени тааныдыңбы?

- Сен кимсиң?

- Менден даарат суу сурадың эле, мен болсо аны сага белекке бердим эле.

Бейиштик адам ага шапаат кылат. Дагы бир тозоктук бирөө бейиштик адамга мындай дейт:

- Мени тааныдыңбы?

- Сен кимсиң?

- Мага бир жумуш айттың эле, мен болсо ал жумушту аткардым эле.

Ошондо ага шапаат кылат жана шапааты кабыл болот.” [Ибни Мажа]

"Кедейге берилген бир тиштем тамак ээсине беш нерсени сүйүнчүлөйт:

1- Жалгыз элем, мени көбөйттүң.

2- Кичине элем, чоңойттуң.

3-Душман болгондо мени дос кылдың.

4- Фани, жок боло турганымда, мени түбөлүктүү кылдың.

5- Ушул күнгө чейин сен мени коргоп келдиң, эми мен сени коргойм.” ["Эй Балам" Илмихалы] 

Мусулманга жардам берүүнүн пазилети 

Суроо: Мусулманга жардам берүүнүн, аны кубантуунун пазилети эмне?

ЖООП: Жакшы адам – өзү да жакшы болгон жана башкалардын дагы жакшы болуусуна эмгектенген адам. Бул маселедеги хадиси шарифтердин айрымдары мындайча:

"Бир момунду кубанткан адам мени кубанткан болот.” [Абушшейх]

"Мусулманга сөз менен жардам берген же ал үчүн бир кадам таштаган адам кыямат күнү пайгамбарлар менен бирге тирилет жана 70 шейиттин сообун алат.” [Хатиб]

"Ким бир момундун көңүлүн көтөрсө Аллаху таала да кыямат күнү анын көңүлүн көтөрөт.” [И.Мубарак]

"Аллахтын пенделерин капа кылбагыла. Аларды айыптабагыла, жашыруун кемчилигин издебегиле. Кимде-ким мусулман боордошунун айыбын издесе Аллаху таала да анын айыбын издейт. Атүгүл, ушунчалык болот, үйүнөн чыкпаса дагы маскара кылат.” [И.Ахмед]

"Эң жакшы адам өзү менен байланышты үзүп койгондорго көңүл бурат, өзүн куру калтырганга берет жана өзүнө зулумдук кылганды кечирет.” [Бегави]

"Мусулман - мусулмандын боордошу, аны таарынтпайт, аны кыйын абалда таштап кетпейт. Боордошуна жардам бергенге Аллаху таала жардам берет. Боордошунун кайгысын жеңилдеткен адамдын Аллаху таала кыяматта кайгысын жеңилдетет. Бир мусулманды кубанткан адамды Аллаху таала кыяматта кубантат.” [Насаи]

"Эки нерсе бар болуп, андан да жакшыраагы жок: Аллаху таалага ыйман жана Анын пенделерине жакшылык кылуу, боорукер болуу. Эки нерсе бар болуп, андан да жаман башка эки нерсе жок: Ширк жана адамдарга жамандык кылуу.” [Аскалани]

"Жакшылык кылганда кубанган, жамандык кылганда капаланган адам момун.” [Абу Яъла]

"Эгер кылган хасанаң сени кубантып, саййиаң болсо капалантып жаткан болсо, анда сен момунсун.” [Дийа] [Хасана – жакшылык, адамгерчилик, сооп. Саййиа – күнөө, жаман иш] 

Ылайыктуу адамга да, ылайыксыз адамга да жакшылык кыл! 

Суроо: "Жакшылык кылган адамыңдын жамандыгынан сактан” делүүдө. Динибиз болсо баарына жакшылык кылууну буйрууда. Бул хадиси шарифтин түшүндүрмөсү кандай?

ЖООП: Негизи жаман адамдар кадыр-баркты билишпейт, нанкөр болушат. Чындыгында, Курани Каримде "Аллах жана Расулу өз лутуфу менен аларды [жамандарды] байыткандыгы үчүн өч алууга аракет кылышты” деген мааниде айтылат. (Тообо, 74) Демек, жаман адамдар аларга жакшылык кылгандарга зыян келтириши мүмкүн. Ошол себептен ата-бабаларыбыз жакшылыктан мараз (жамандык, оору) пайда болот деген мааниде сөздөрдү айтышкан.

Бул сөздөр жакшылыктын сөзсүз түрдө зыяндуу экенин көрсөтпөйт. Кээ бир жаман адамдарга жакшылык кылынганда, алардан кээ бир орунсуз иш-аракеттер жана зыяндардын келип чыгышы мүмкүн экенин көрсөтөт. Бул эң жеңил жана эң даамдуу куш этинин да кээ бир ооруларга зыяны тийгендей. Бул мааниде хадиси шарифтер, ал тургай аяти карималар да бар. Хазрети Али: "Жаман адам өзүнө жакшылык кылынганда катуулашат жана жакшылык кылганга кандайдыр бир зыян келтириши мүмкүн”, - деген. Дагы бир улуу зат: "Жаман адамга жакшылык кылынганда, акмакка боор оорулганда алардан келе турган жамандыктан сактан!” – деген.

Демек, бирөөгө жакшылык кылдык, эгер андан жамандык келсе анын жаман адам экендиги түшүнүлөт. Мисалы, майрамга келген кант диабети менен ооруган адамга анын оорусун билбестен таттуу берсек анын оорусу күчөйт. Күнөө таттууда жана таттууну берген адамда эмес. Эгер жаман адам да жакшылыкка жооп кылып жамандык кылса күнөө жакшылыкта эмес. Жаман адамдар шүгүрсүз, кадыр-баркты билбеген, нанкөр болушат.

Аллаху тааланын: "Өзүнө жакшылык кылган адамга жамандык кылган адам менин нематыма нанкөрдүк кылган болот, ал эми өзүнө жамандык кылган адамга жакшылык кылган болсо мага шүгүр кылган болот”, - деп айтканы кабарланган. Кандайдыр бир пайда табуу үчүн сени менен достошкон адамдын жамандыгынан сактан! Анткени, күткөн нерсеси үзүлгөндө жүйөөлүү себепти кабыл албайт. (Шуъаб-ул-иман)

Дагы көбүнчө бир адам эч кандай пайда күтпөстөн Аллахтын ыраазылыгы үчүн жаман адамга да жакшылык кылса ага зыяны тийбейт. Эгер кандайдыр бир пайда үчүн жакшылык кылып жаткан болсо жакшылык кылган адамдан зыян келиши мүмкүн. Эч кандай пайда күтпөстөн бир гана Аллахтын ыраазылыгы үчүн жакшылык кылуудан коркпош керек. Жаман адам ага зыян келтирүүгө аракет кылса да анчалык ийгиликтүү боло албайт. Жакшылык кылган адам өзүнө жакшылык кылган болот. Ошондуктан, ата-бабаларыбыз: "Жакшылыктан жамандык келбейт”"Жакшылык кылган жакшылык табат”"Жакшылык кыл, деңизге ыргыт. Эгер балык билбесе Хаалык (Жаратуучу) билет”, - дешкен. Демек, жакшылык балык үчүн эмес, Хаалык үчүн, тагыраагы, Аллахтын ыраазылыгы үчүн кылынса ошондо зыяны болбойт.

Мухаммед Масум хазреттери айтат:

Ихсан кылган, жакшылык кылган адам сүйүлөт. Хадиси шарифте: "Ихсан ээси адамды жакшы көрүү адамдардын табиятында бар”, - делген. (Дайлами)

Адам ихсандын, жакшылыктын кулу. Көңүл өзүнө жакшылык кылган адамды жакшы көрөт, жамандык кылгандарды жек көрөт. Адамда эркинен тышкары жакшылык кылганга карата сүйүү пайда болот. Ошол себептен Пайгамбарыбыз алейхиссалам мындай деп дуба кылчу:

"Йа, Раббим! Жаман адамдын мага жакшылык кылышына жол бербе!” [Дайлами]

Аллаху тааланын пенделерине кызмат кылуу менен дүнүйөдө жана акыретте көптөгөн нематтарга жетилет. Адамдарга жакшылык кылуу, алардын жумуштарын күлөр жүз, таттуу тил жана жеңилдик менен аткаруу адамдарды Аллахтын сүйүүсүнө жеткирет. Акырет азаптарынан кутулууга жана Бейиш нематтарынын артуусуна себеп болот. Хадиси шарифтерде мындай делген:

"Аллаху тааланын эң жакшы көргөн пендеси – Анын нематтарынын пенделерине жетүүсүнө ортомчу болгон адам.” [Дайлами]

"Ар бир жакшылык садака.” [Тирмизи]

"Адамдардын жакшысы – адамдарга жакшылык кылган адам.” [И. Ахмед]

"Достун жакшысы досуна, кошунанын жакшысы болсо кошунасына жакшылык кылган адам.” [Тирмизи]

"Силердин эң жакшыңар – өзүнөн дайыма жакшылык күтүлгөн жана жамандыгы жок адам. Эң жаманыңар – өзүнөн жакшылык күтүлбөгөн жана жамандык келчү адам.” [Тирмизи]     

"Адам өзүнө жакшылык кылганды жакшы көрө тургандай, жамандык кылганды болсо жек көрө тургандай жаратылган.” [Абу Нуайм]

"Жакшылыктар жамандыктарды кетирет.” [Абу Нуайм]

"Жакшылык текке кетпейт, жамандык унутулбайт, баары кылганын өз мойну менен тартат.” [Байхаки]

Андай болсо, кандайдыр бир материалдык пайда күтпөстөн баарына жакшылык кылууга аракет кылуу керек.

Жакшылыкта жарыш

Суроо: Кызмат кылган адамдарга суктанып, алар менен жарышканга болобу?

ЖООП: Жарыш, жардамдашуу жакшылыкта болот. Жамандыкта, душманчылыкта жардамдашуу, жарыш болбойт. Куурани каримде мындай деген мааниде айтылат:

"Жакшылык кылууда, жамандыктын алдын алууда бири-бириңерге жардам бергиле! Күнөө кылууда, зулумдукта, чектен ашууда жардам бербегиле!” [Маида, 2]

"Жакшы иштер үчүн жарышкандар бул [жардамга шашылуу, жамандыкка жолтоо болуу, ибадатты улантуу] үчүн жарышышсын.” [Мутаффифин, 26]

Хадиси шарифтерде мындай делген:

"Мына бул эки кишиге суктанса болот: Булардын бири – илими менен амал кылган жана башкаларга да үйрөткөн, экинчиси болсо жакшы жолдордон тапканын жакшы жолго жумшаган киши.” [Муслим]

"Капыстан өлүм момунга ырайым, фажирге өкүнүч.” [И.Ахмед]

Суфян Саври хазреттери: "Мен капыстан өлүмдү кааламак эмесмин. Бирок, фитналардан корккондуктан капыстан өлүмдү каалайм”, - деди. Ал жерде болгон Юсуф бин Асбат хазреттери: "Жок, мен капыстан өлүмдү каалабайм. Атүгүл, мен көбүрөөк жашагым келет. Мүмкүн, күнөөлөрүмө тообо кылып, жакшы иштерди кылам”, - деди. Ал жерде болгон Хазрети Вухайб: "Мен экөөнү тең каалабайм. Себеби, мен үчүн кайсынысы жакшы экенин билбейм. Аллаху таала мага эмнени жазган, тагдыр кылган болсо ошону жакшы көрөм, ошону кабыл алам”, - деди. Суфян Саври бул сөздү укканда: "Каабанын Раббине ант болсун, бул Аллах адамдарынан. Туурасын бул айтты”, - деп маңдайынан өптү. Баязид Бистами хазреттери: "Йа, Раббим! Өзүң жакшы деп билген нерсени сенден сурайм”, -  деп дуба кылчу.

Адамзатка кызмат кандай болот

Суроо: Кимдир бирөө кумаркана ачууда. Аны кызмат катары көрсөтүүдө. Атүгүл, динди жыгуучу иштерин "адамзатка кызмат” деп аташууда. Адамзатка кызмат кандай болот?

ЖООП: Ар бир адам адамзатка кызмат кылуу эң кадырлуу милдет экенин жана ал үчүн иштеп жатканын айтат. Өзүнүн жыргалы, зооку үчүн жана акча табуу үчүн болгон кызматтарын, аракеттерин бул кызматтык маска менен жаап-жашыргандар өтө көп. Адамдарга кызмат кылуу аларды дүнүйөдө жана акыретте хузурга жеткирүү дегендик. Мунун болсо жалгыз жолу, жалгыз ишке ашыручусу – адамдарды жараткан, жетилдирген, ырайымы жана ихсаны мол болгон Аллаху таала көрсөткөн саадат жолу, тагыраагы, Ислам дини. Андай болсо адамзатка кызмат Исламга кызмат менен болот. Исламга кызмат – адамзатка кызмат дегендик. Адамзатка душман болгондор Исламды жок кылууга аракет кылышты. Чабуулдарынын эң таасирдүүсү мусулмандарды алдоо, ичинен жыгуу болгон. Аларды бөлүп-жарып, бири-бирине душман кылып, динсиздердин чеңгелине түшүүлөрүнө себеп болушкан. 

Кызматтардагы кыйынчылык

Суроо: Бул доордо Исламга кызмат кандай болот? Мусулман катары эмне кылууга тийишпиз?

ЖООП: Имам Раббани хазреттери айтат:

Ахли сүннөт аалымдарынын китептерин, сөздөрүн жайылтуу үчүн керемет ээси болуу, аалым болуу шарт эмес. Ар бир мусулман ушуну кылыш үчүн аракет кылууга тийиш. Мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбоо керек. Кыямат күнү ар бир мусулмандан: "Исламга эмне үчүн кызмат кылбадың?” – деп сурашат. Динге кызмат кылууга аракет кылбагандар, диний маалыматтарды жайылткан мекемелерге, адамдарга жардам бербегендер катуу жазага тартылат. Кечирим, шылтоо кабыл алынбайт.

Пайгамбарлар адамдардын эң үстөмдөрү, эң кадырлуулары болуп туруп эч качан жайбаракат отурушкан эмес. Аллаху тааланын динин, түбөлүктүү бакыт жолун жайылтуу үчүн күнү-түнү аракет кылышкан. Мужиза сурагандарга болсо: "Мужизаны Аллаху таала жаратат. Менин милдетим Аллаху тааланын динин билдирүү”, - деп буюрду. Бул жолдо эмгектенип жатышканда Аллаху таала да буларга жардам берчү, мужиза жаратчу.

Биз дагы Ахли сүннөт аалымдарынын китептерин, сөздөрүн жайылтуубуз жана капырлардын, душмандардын, мусулмандарга жалаа жапкандардын, кыйнагандардын жаман, төмөн, калпычы экендиктерин жаштарга, досторго билдирүүгө тийишпиз. Бул жолдо мал-мүлкү, күчү, кесиби менен аракет кылбагандар азаптан кутула алышпайт. Бул жолдо эмгектенип жатканда кыйынчылык тартууну чоң бакыт, чоң табыш деп билүү керек.

Пайгамбарлар Аллаху тааланын буйруктарын жеткирип жаткан учурда жахилдердин, бузукулардын чабуулдарына дуушар болушчу. Көп азап тартышчу. Ошол улуулардын эң үстөмү, тандалганы, Аллаху тааланын сүйүктүүсү Мухаммед алейхиссалам: "Мен тарткан азап сыяктуу эч бир пайгамбар азап тарткан эмес”, - деп буюрган. [1-том, 193-кат]

Ар бир мусулман Ахли сүннөт итикадын үйрөнүүгө жана сөзү өткөндөргө үйрөтүүгө тийиш. Ахли сүннөт аалымдарынын сөздөрүн билдирген китептерди жана гезиттерди таап, алуу керек, буларды жаштарга, тааныгандарына жиберүү керек, окуулары үчүн аракет кылуу керек! Адамдарга Аллаху тааланын буйрук жана тыюуларын билдирүү – баалуу кызмат. Аллаху тааланын сүйгөн пенделери гана бул кызмат сыймыгына ээ болушат.

Суроо: Автобуста эч кимге орун бербесек кул акысын жеген болобузбу? Же кимдерге орун беришибиз керек?

ЖООП: Орун бербөө менен кул акысы желген болбойт. Кимге болбосун жакшылык кылуу сооптуу. Жакшы адамга жакшылык кылуу көбүрөөк сооп. 

Баарына жумшак мамиле кылуу керек

Суроо: Мусулмандарга жакшылык кылууга аракет кылганда эмнеге көңүл буруу керек?

ЖООП: Дайыма жумшак мамиле кылууга аракет кылуу керек, катаалдыктан сактануу керек! Хадиси шарифтерде мындай делген:

"Аллаху таала рафик (жумшак). Жумшактыкты жакшы көрөт. Катуулук кылгандарга бербеген нерселерди жумшак мамиле кылгандарга ихсан кылат. Башкаларга бербейт.” [Муслим]

"Жумшак мамиле кыл! Катуулуктан жана жаман нерседен сактан! Жумшактык адамды кооздойт, жамандыкты кетирет.” [Муслим]

"Жумшак мамиле кылбаган адам жакшылык кылбаган болот.” [Муслим]

"Жумшактык берилген адамга дүнүйө жана акыреттин жакшылыктары берилген.” [Тирмизи]

"Тозокко кирүүсү арам болгон жана Тозоктун да аны күйгүзүүсү арам болгон адамды билдирип жатам. Көңүл бургула! Бул адам – адамдарга жеңилдик, жумшактык көрсөткөн момун.” [Тирмизи] 

Ихсан ээсин жакшы көрүү

Мухаммед Масум хазреттери айтат:

Ихсан кылган, жакшылык кылган адам сүйүлөт. Хадиси шарифте: "Ихсан ээсин сүйүү адамдардын табиятында бар”, - делген. Бардык жакшылыктарды жараткан, адамга жан, мал-мүлк, ден соолук берген, зыяндардан, коркунучтардан коргогон Аллаху тааланы сүйүү адамдык талап.

Сүйүүнүн үч белгиси бар:

1 – Аны сүйгөндөрдү сүйүү,

2 – Ага баш ийүү,

3 – Аны тил менен, дене менен мактоо.

Булардын экинчиси шүгүр, үчүнчүсү хамд кылуу деп аталат. Аны сүйгөндөрдү Ал да сүйөт. Ихсандарын арттырат. Аллаху тааланын сүйүүсүн табууга аракет кылган адам салих пенде деп аталат. Бул сүйүүнү тапкан адам вели (олуя) деп аталат.

Башкалардын да табуусу үчүн аракет кылган олуя васила деп аталат. Аллаху таала Курани каримдин Маида сүрөсүндө: "Васила издегиле!” – деп айтууда. Василанын бул жакшылыгы, бул ихсаны дүнүйө жана акырет нематтарынын эң баалуусу. Андай болсо, аны сүйүү бул ихсандын ээси болгондуктан да, Аллаху тааланын сүйүктүү кулу болгондуктан да өтө керектүү жана адамдын биринчи милдети. Чыныгы василага жетүү – эң чоң бакыт. (1-том, 27-кат)

 Суроо: Мусулман эместерге да мээримдүүлүк кылуу, урматтоо керекпи?

ЖООП: Аллахтын алдында баары адам катары тең. Хадиси шарифтерде мындай  делген:

"Адамдар [адам катары] бир тарактын тиштериндей тең.” [Ибни Лал]

"Раббиңер бир, атаңар, диниңер жана Пайгамбарыңар да бир. Араптын ажамдан, ажамдын араптан үстөмдүгү болбогондой эле, кызылдын карадан, каранын кызылдан үстөмдүгү жок. Эч бир улуттун башкасынан үстөмдүгү жок. Жалгыз такыбаа жагынан гана бирөө башкадан үстөм болушу мүмкүн.” [Ибни Нажжар] [Ажам – арап эмес улуттар дегендик.]

Ошондуктан, момун болобу, капыр болобу, бир адамдан өзүн жогору көрүү бул кибир (текебердик). Кибир болсо өтө чоң күнөө. Хадиси шарифте мындай делген:

"Жүрөгүндө кымындай кибир болгон адам Жаннатка кире албайт.” [Табарани]

Башкалардын урмат-сый көрсөтүүсүн жакшы көрүү да туура эмес. Хадиси шарифте мындай делген:

"Өзү үчүн өйдө турулууну жактырган адам Жаханнамга кетет.” [Тирмизи]

Мусулман эмес болсо да

Икрам үчүн, жакшы жашоо үчүн, мудара үчүн мусулман эмес болсо да өйдө туруу жаиз. Бул жерде өлчөм – мусулман эместерди жакшы көрүп калбоо. Мээримдүүлүк жана сүйүүнү бири-бири менен чаташтырбоо керек. Хазрети Аиша энебиз айтат:

Бир күнү ичке кирүү үчүн бирөө келди. Расули акрам: "Уруксат бергиле, ичке кирсин! Ал уруусунун эң жаманы”, - деди. Ал адам ичке киргенде жылуу жүз менен тосуп алып, жакшы мамиле кылды. Ал адам кеткенде кызыгып сурадым. "Йа, Расулаллах! Жаман адам деп атаганыңыз менен ага жакшы мамиле кылууңуздун себеби эмне?” Мындай деди: "Адамдардын жаманы – зыянынан сактануу үчүн ага икрам кылынган адам.” [Бухари]

Капыр-момун баарына, атүгүл, бардык жаныбарларга мээримдүүлүк кылуу керек! Пайгамбарыбыз алейхиссалам: "Мээримдүү болбогон ыймандуу боло албайт”, - дегенде, кутман сахабалар мындай дешти:

- Йа, Расулаллах, баарыбыз мээримдүүбүз.

Бир доско мээримдүүлүк жетиштүү эмес. Бардык макулуктарга мээримдүү болуу керек. [Табарани]

Динибизде мээримдүүлүктүн, сый-урматтын орду зор. Бул маселедеги хадиси шарифтердин айрымдары мындайча:

"Улуусун сыйлабаган, кичүүсүнө боор оорубаган бизден эмес.” [Тирмизи]

"Жердегилерге мээримдүү болбогон адамга асмандагылар мээримдүүлүк кылышпайт.” [Табарани]

"Адамдарга мээримдүүлүк кылбаганга Аллах да мээримдүүлүк кылбайт.” [Табарани]

Көрүнүп тургандай, мусулмандарга делип жаткан жок. "Адамдарга” делүүдө. Андай болсо, бардык адамдарды жана жаныбарларга боор ооруу керек. "Капырга, заалымга кантип боор ооруйт?” делиши ыктымал. Жамандык кылууларына жолтоо болуп, жакшы адам, тагыраагы, жакшы мусулман болуулары үчүн аракет кылуу аркылуу аларга мээримдүүлүк кылынган болот. Ким болсо да улууну сыйлоо керек! Хадиси шарифте мындай делген:

"Карыларга сый-урмат көрсөтүү - Аллаху таалага таазимден.” [Абу Давуд]

Эгер кары адам мусулман эмес болсо ага көрсөтүлгөн сый-урмат анын дини үчүн эмес, адам болгондугу үчүн.

Үлгүлүү адамдар

 "Лисан-и хал лисан-и калден жакшыраак”. Мунун мааниси - адамдын кыймыл-аракеттери сөзүнө караганда таасирдүүрөөк. Чыныгы мусулмандын кыймыл-аракеттерин карап мусулман болгондор көп.

Булардын бири мындай:

Мусулман эместерге таандык соода кербени түн ичинде Мединанын чет жагына келип конду. Чарчаганынан дароо уктап калышты. Халифа Хазрети Омар шаарды кыдырып жүрүп буларды көрүп калды. Абдуррахман бин Авфтын үйүнө келип: "Бүгүн түнү бир кербен келиптир. Алардын баары капыр. Бирок, алар бизге баш калкалашты. Буюм-тайымдары көп жана баалуу. Мен аларды чоочундар, жолоочулар тоноп кетпесин деп корком. Кел, аларды коргойлу”, - деди. Таңга чейин күзөтүшүп, багымдат намазында мечитке жөнөштү.

Кербендеги бир жигит уктаган эмес эле. Ал алардын артынан жөнөдү. Териштирип, аларды кайтарган эки адамдын бири Халифа Омар экенин билди. Ал келип досторуна айтып берди. Рим жана Ирандын аскерлерин кыйраткан, адилеттүүлүгү менен атагы чыккан, улуу халифанын бул мээримдүүлүгүн жана боорукердигин көрүп, Исламдын чыныгы дин экенин түшүнүп, ошол замат чын жүрөктөн мусулман болушту. (Манакиб-и Чихар-и Яр-и Гузин) 

Муктаждыкты билдирүү

Суроо: Муктаждыгын дайыма адамдарга билдирүүнүн зыяны барбы? Улам-улам муктаждыгын билдирген бирөөгө жардам берүүнүн зыяны барбы?

ЖООП: Зарылчылык жана чоң муктаждык болмоюнча муктаждыктарын адамдарга билдирүү туура эмес. Мүмкүн болушунча муктаждыгын билдирген адамдарга байлыгы жана тили менен жардам берүү абдан сооптуу. "Мукашафатул-кулуб”да мындай делет:

Муктаждыгыңды кетирүүсү үчүн мусулман боордошуңа улам-улам барба бербе! Анткени, музоо энесин эмип жатып чектен чыкса энеси аны сүзүп жибериши мүмкүн. Аллаху таала айтат:

 "Жакшылык кылуу жана жамандыктан кайтаруу маселесинде бири-бириңерге жардам бергиле!” [Маида, 2]

Хазрети Али мындай деди:

"Кимде-ким бир жүрөккө кубаныч тартууласа, Аллаху таала ал кубанычтан бир лутуф (жакшылык) жаратат. Ал адамдын башына бир кыйынчылык түшкөндө бул лутуф ал адамдын жүрөгүнө суудай агат. Суу кирди тазалагандай, лутуф да жүрөктөгү кайгыларды өчүрөт.” 

Ар бир жакшылык сооп

Суроо: Автобуста бирөөгө орун берип, жолдон көзү көрбөгөн адамды өткөрсөк сооп болобу?

ЖООП: Аллахтын ыраазылыгы үчүн жасалган ар бир жакшылыкка сооп берилет. Хадиси шарифте: "Ар бир жакшылык – садака”, - деп айтылган. Ар бир жакшылыкты Аллахтын ыраазылыгы үчүн кылынганда сооп алынат. Хадиси шарифте мындай делген:

"Момун [Аллахтын ыраазылыгы үчүн] кылган ар бир ишинен сооп алат. Жолдон бир нерсени алып салса, бирөөгө жол көрсөтсө, сөзүн түшүндүрө албаганга жардам берсе же бирөөгө эчкисин саап жардам берсе сооп алат.” [Абу Яъла]

Албетте, өзгөчө көрө албагандарга [көзү азиздерге] жардам берүү сооптуураак. Хадиси шарифте: "Көзү азиз адамды кырк кадам жеткирип койгон адам Бейишке татыктуу болот”, - деп айтылган. (Байхаки)

Тамак берүү же башка жакшылыкты кылуу менен адамдарды кубантуу да чоң сооп. Хадиси шарифтерде мындай делген:

"Кыйынчылыкка кабылган адамга жеңилдик берген адамга Аллаху таала дагы дүнүйө жана акыретте жеңилдик берет. Кимде-ким бир мусулмандын айыбын жапса, Аллаху таала дагы анын айыбын дүнүйөдө жана акыретте жабат. Пенде боордошуна жардам берген сайын Аллаху таала да ага жардам берет.” [Муслим]

"Дубасынын кабыл болуусун жана кайгысынын кетүүсүн каалаган адам кыйынчылык ичинде калган адамды кубантсын!” [И. Абиддунйа]

"Аллахтын алдында эң сүйүктүү амал – бир мусулманды кубантуу же кыйналган адамдын көйгөйүн чечүү же сабырын ташырган бир кайгысын кетирүү же карызын төлөө.” [Абушшейх]

"Бир мусулманга кийим берген адам, ал кийимден бир бөлүк калса да Аллахтын коргоосунда болот.” [Хаким] 

Таарынтып кубантуу

Суроо: Бир досумдун ручкасын катып койдум эле. Досум аны жоготуп алдым деп көп издептир, абдан капа болуптур. Бирок, ручкасын бергенимде кубанып кетти. Досторду ушинтип кубантуу сооп болобу?

ЖООП: Бирөөнүн мүлкүн, акчасын тамаша катары алып, катып коюу жаиз эмес. Мындай кылуу менен ал адам капа болот. Бирөөнү капа кылуу болсо арам. (Хадика)

Айталы, сиз алган ручканы досуңузга берүү менен он сооп жазылган болсо, аны капа кылганыңыз үчүн жүз күнөө жазылган.

Натыйжада, сиз пайдада эмес, зыяндасыз. Сиздин досуңузга кылган жакшылыгыңыз мындай нерсеге окшош:

Жамаат менен нафил намаз окуу макрух экенин билген кээ бир адамдар жамаат менен нафил окууну аташууда. Анан болсо жамаат менен нафил окушууда. Бул абдан жаңылыш. Күнөө болгон бир нерсе аталса да кылынбайт.

Хадиси шарифте мындай делет:

"Кичине бир арамдан сактануу 80 миң нафил ажылыктын сообунан жакшыраак.” [Дайлами]

Бир хадиси шарифте: "Өтө аз бир күнөөдөн сактануу бардык жин жана адамдардын [нафил] ибадаттарынын жыйындысынан жакшыраак”, - деп айтылууда. Ар бир күнөө Аллаху таалага каршы чыгуу болгондуктан чоң. Бирок, кээ бири кээ бирине салыштырмалуу кичине көрүнөт. Бул кичине күнөөнү кылбоо бүткүл ааламдын нафил ибадаттарынан да сооптуу. Анткени, нафил ибадат кылуу парз эмес. Күнөөлөрдөн сактануу парз. (Рияд-ун-насихин) 

Суроо: Өлөйүн деп турган бир христианга суу берүү жаизби?

ЖООП: Ооба. Суусаган бир итке дагы суу берүү өтө сооп. 

Адамдарды кубантуу

Суроо: Бир мусулманга жакшылык кылуу сооптуураакпы же зикир жана ушуга окшош ибадаттар менен алек болуубу?

ЖООП: Экөөнү тең орундоого аракет кылуу керек. "Бир момунду кубантуу бир жылдык нафил ибадаттан жакшыраак”, - делген. Убайдуллах Ахрар хазреттери да: "Зикир жана муракаба бир мусулманга кызмат кылына албаган учурда болот. Бирөөнүн көңүлүн алуу, аны кубанта турган бир кызмат – зикир жана муракабадан мурда келет”, - дечү. Муракаба – нафил ибадат кылуу, Аллаху тааланын дайыма бардык нерсени көрүп, билип турганын ойлоо.

Демек, адамдарга жардам берип жана кызмат кылып, аларды кубантуу сооптуураак. Кандай болгон күндө да динге ылайык адамдарды бактылуу кылуу абдан сооптуу. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылат:

"Эң баалуу амал – момундун кайгысын кетирүү, карызын төлөө же курсагын тойгузуу аркылуу кубантуу.” [Табарани]

"Кыйынчылыкка кабылган, чарасыз адамга жардам бергенди Аллаху таала жакшы көрөт.” [Ибни Нажжар]

"Дин боордошунун бир ишин кылып берүү үчүн барган адамдын ар кадамында 70 күнөөсү кечирилет жана 70 сооп берилет. Ошол иш бүткөнгө чейин ушинтип уланат. Иши бүткөндө бардык күнөөлөрү кечирилет. Эгер ошол ишти кылып жатканда каза болсо, сураксыз, эсепсиз Бейишке кирет.” [Ибни Абиддунйа]

"Дубам кабыл болсун, кайгым кетсин деген адам кыйынчылык ичинде калган адамды кубантсын.” [Ибни Абиддунйа] 

Жакшы кабар алып келүү

 Суроо: Өзүбүз жакшы көргөн адамга жакшы көрүүбүздү, жакшы көрбөгөн адамга болсо жакшы көрбөөбүздү айтуу керекпи?

ЖООП: Жакшы нерселер билдирилет, жаман нерселер билдирилбейт. Эки хадиси шарифтин мааниси:

"Жакшы көргөнүңөргө жакшы көрүшүңөрдү айткыла, жек көргөнүңөрдөн болсо узак туруу керек.” [Навафи-ул-атыра]

"Жакшы адам жакшы кабар алып келет. Жаман адам болсо жаман кабар.” [И. Асакир]

Сүйүү менен байланыштуу бир хадиси шарифтин мааниси да мындай:

"Дин боордошун жакшы көргөн адам ага жакшы көрөөрүн билдирсин.” [Бухари] 

Заалымга жардам берүү

Суроо: "Эгер бирөөгө жакшылык кылган болсоңор андан жамандык күткүлө” делүүдө. Мындай бир нерсе болушу мүмкүнбү?

ЖООП: Жакшыларга жакшылык кылуу жакшы. Алардан зыян келбейт. Бирок, жамандарга жакшылык кылынганда алардан зыян келиши мүмкүн. Жамандык кылган адам заалым. Заалымга жардам бергенде андан зыян келе тургандыгы хадиси шарифте билдирилген. Бир хадиси шарифтин мааниси да төмөңкүдөй:

"Кимде-ким бир заалымга жардам берсе, Аллаху таала ошол заалымды анын башына балээ кылат.” [И. Асакир] 

Жакшылык кылуу керек

Суроо: Рахмат айтпаганга, нанкөргө да жакшылык кылуу жаизби?

ЖООП: Албетте, баарына жакшылык кылуу жакшы. Эки хадиси шарифтин мааниси:

"Татыктуу адамга да, татыктуу эмес адамга да жакшылык кыл! Силер жакшылык кылган адам буга татыктуу болсо кандай жакшы. Эгер татыктуу болбосо, анда сен жакшылык кылуучулардан болосуң.” [Ибни Нажжар]

"Жакшылык текке кетпейт, жамандык унутулбайт, баары кылганын өз мойну менен тартат.” [Байхаки]   

Ошондуктан ата-бабаларыбыз: "Жакшылыктан жамандык келбейт”"Жакшылык кылган жакшылык табат”"Жакшылык кыл, деңизге ыргыт. Эгер балык билбесе Хаалык (Жаратуучу) билет”, - дешкен. Демек, жакшылык балык үчүн эмес Хаалык үчүн, тагыраагы, Аллахтын ыраазылыгы үчүн кылынса ошондо зыяны болбойт.

Аллах үчүн өмүрүндө бир жолу болсо дагы жакшылык кылган адам куру калбайт. Эгер бир мусулман бир Ислам аалымынын же олуянын рухуна бир жолу бир Фатиха окуп багыштаса, ал зат ошол жакшылыкты жоопсуз калтырбайт. Сөзсүз ошол адамга шапаат кылат. Эки хадиси шарифтин мааниси:

"Аллаху таала кымындай жакшылык кылган адамды шерменде кылбайт.” [И. Адий]

"Өмүрүндө бир да жакшылык кылбаган бир мусулмандын [башка мусулмандарга зыяны тийбесин деп] бир тикенекти жолдон алып салуусу Аллахтын алдында кабыл болуп, Бейишке кирүүсүнө себеп болот.” [Абу Давуд]

Бир хадиси шариф болсо мына бул мааниде:

"Эй, Муса! Өмүрүндө бир жолу исар кылган, исар ахлагы менен мага келген адамдан эсеп суроодон уялам.” [Ширъа – шарх-и Хутаб]

Исар – өзү муктаж болгон нерсени колдонбой, муктаж бирөөгө берүү жана момун боордошторунун иштерин бүтүрүү. Өзү муктаж болгон мал-мүлктүн бардыгын муктаждарга берип, анын жоктугуна сабыр кылуу. Көркөм мүнөздөрүн эң баалуусу. Аяти карималар менен макталган.

Суроо: Аллахтын алдында бир момун үчүн жасала турган эң баалуу нерсе эмне?

ЖООП: Кандайдыр бир жакшылык кылып, аны кубантуу. Хадиси шарифте мындай делген:

"Парздардан кийин эң баалуу амал – бир момунду кубантуу.” [Табарани]

"Эң пазилеттүү амал – бир момундун айыбын жабуу, курсагын тойгузуу же бир муктаждыгын кетирүү аркылуу аны кубантуу.” [Исфахан]

"Бир момунду кубанткан мени кубанткан болот. Мени кубанткан да Аллахтын алдында бир убада алган болот. Аллахтан убада алганга от эч качан тийбейт.” [Абу-ш-шайх]

"Дин боордошун кубантуу сыяктуу Аллахтын алдында баалуу башка нерсе жок.” [И. Нажжар]

"Бир мусулманды кубанткан адам кабырымда мени кубанткан болот. Мени кубанткан адамды болсо Аллаху таала кыяматта кубантат.” [И. Нажжар]  

"Аллаху таала бир мусулмандын кыйынчылыгын кетирип, аны кубанткан адамды кыяматта эң кыйын учурларда кыйынчылыктардан куткарат.” [Бухари]

"Мусулман мусулмандын боордошу, аны таарынтпайт, аны оор абалга калтырбайт. Боордошунун кыйынчылыгын кетирген адамдын Аллаху таала кыяматтын кыйынчылыгын кетирет.” [Насаи]

"Бардык нерсенин бир ачкычы бар. Бейиштин ачкычы болсо - бей-бейчараларды жакшы көрүү.” [Ибни Лал]

"Бейиштеги кубаныч сарайына жаш балдарды кубанткандар гана кирет.” [И. Адий, И. Нажжар]

"Бир адам момун боордошун кубантканда бир периште бул адамга дайыма дуба кылат. Каза болуп, кабырга коюлганда алдына келип: "Мени тааныдыңбы?” – деп сурайт. Мейит: "Жок”, - деп жооп бергенде, "Мен бир мусулманга тартуулаган кубанычыңмын. Бүгүн сени кубантуу үчүн келдим. Кабырыңда сени менен биргемин. Кыяматта да сага шапаат кылып, Бейиштеги ордуңду көрсөтөм”, - дейт.” [И. Аби-д-дунйа] 

Алсыздардын күчү

 Суроо: Жарадар, майып, муктаж жана алсыздарга жардам берген адам ырыскыга жетеби?

ЖООП: Ооба, жетет. Бир канча хадиси шарифтин мааниси төмөңкүдөй:

"Силер алсыздардын жардамы менен ырыскы жана жеңишке жетүүдөсүңөр.” [Муслим]

"Араңардагы алсыздардын себеби менен жардамга жана ырыскыга жетүүдөсүңөр.” [Бухари]

"Аллах бул үммөткө алсыздардын дубалары, намаздары жана ыкыластары себеби менен жардам берүүдө.” [Насаи, Тирмизи]

"Канчалаган [кадыры жок жана жек көрүндү] эшиктерден куулган, эски кийимчен адамдар бар болуп, [алар Аллахтын алдында абдан барктуу, баланча нерсе түкүнчө болот] деп ант кылышса, Аллах [аларга икрам үчүн айткандарын жаратат] анттарын туура чыгарат.” [Муслим] (Кээ бир аалымдар бул хадиси шарифти "Эгер алсыз адамдар дуба кылса, Аллах алардын дубаларын кабыл кылат” деп түшүндүрүшкөн.) 

Ким эмне кылса өзүнө кайтат

 Суроо: "Эмне кылсаң өзүңө кайтат”, - делүүдө. Бул жакшы иштерге дагы тийиштүүбү? Же  бир гана жамандык кылгандарга тийиштүүбү?

ЖООП: Жакшылык кылгандарга да тийиштүү. Мисалы, бир жаш жигит бир карыяга жашынан улам урмат-сый көрсөтсө, Аллаху таала ал жигитке узак өмүр берет, ага кызмат кыла турган жаштарды жаратат. Бир канча хадиси шарифтин мааниси төмөңкүдөй:

"Эгер жаш бирөө бир карыяны жашынан улам сыйласа, ошол жаш картайганда Аллаху таала ага кызмат кыла турган жаштарды жаратат.” [Тирмизи]   

"Эне-атасына кызмат кылгандын өмүрү берекелүү жана узун болот.” [Ислам Ахлагы]

"Ман хадима худима.” (Мааниси: кызмат кылган кызмат көрөт.)

Улууларыбыз дагы: "Момундарга кызмат кылган адам муктаж болуп калганда, ага да кызмат кылгандар көп болот”, - дешкен. Демек, жамандык кылган адам жамандык көргөндөй эле, жакшылык кылган адам да жакшылык табат. 

Кызмат нематы

Суроо: Чоң атам: "Кызматта лаззат болбой калбайт”, - деп өтө эски бир ырды окучу. Кызмат бул эмне?

ЖООП: Кызмат – адамдарга материалдык жана руханий жактан жардамчы болуу, аларга жакшылык кылуу. Кызмат кылган адамдын Аллахтын алдында баркы башкалардан жогору. Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Адамдардын мырзасы – аларга кызмат кылганы.” [Абу Нуайм]

Бир коомдо эң көп кызмат кылган адам эң көп соопту алат. Сапарда жана согуштагы кызмат башка убактардагы кызматка караганда баалуу. Эки хадиси шарифтин мааниси:

"Сапардагылардын мырзасы – аларга кызмат кылган адам. Кызматта алдыда болгон адамды ошол коом шейит болуудан башка эч бир амал менен аша албайт.” [Хаким]

"Аллахтын жолунда согушкандардын эң үстөмү – согушкандарга кызмат кылган адам. Андан кийин болсо аларга кабар алып келген адам.” [Табарани]

Балага кызмат – атага кызмат. Атага кызмат – балага кызмат. Бир заттын сүйгөндөрүнө кызмат ошол затка кызмат кылуу болот. Расулуллах сахабаларын [досторун] өтө жакшы көрчү. Сахабаларынан бирине кызмат кылган адамды көргөндө ага дуба кылчу. [Рамуз]

Эгер бир улуу заттын шакирттерине кызмат кылынса ал улуу зат дагы сөзсүз абдан кубанат.

Муктаждарга кызмат кылуу, жакшылык кылуу сооптуу. Бир хадиси шариф төмөнкүчө:

"Жесир жана кедейлерге кызмат кылган адам фи-сабилиллах казат кылгандай болот.” [Бухари]

Кызматта эне-ата маанилүү. Бир хадиси шариф төмөнкүчө:

"Эне-атасына кызмат кылгандын өмүрү берекелүү жана узун болот.” [Ислам Ахлагы]

Аллах үчүн кызмат кылгандарга сөзсүз кызмат кылгандар табылат. "Эгер бир жаш бир карыяны жашынан улам сыйласа, ал жаш картайганда Аллаху таала ага кызмат кыла турган жаштарды жаратат” хадиси шарифи, "Ман хадима худима=Кызмат кылган кызмат көрөт” хадиси шарифине мисал.

Кандай болгон күндө да, жардам жана кызмат абдан сооптуу. Эки хадиси шариф:

"Бир момунду кубанткан, материалдык же руханий бир муктаждыгын кетирген адамга Аллаху таала кыямат күнү ага дайыма кызмат кылуучу бирөөнү жаратат.” [Табарани]

"Парздардан кийин Аллаху таала эң жакшы көргөн иш – бир момунду кубантуу.” [Табарани]

"Ушул үч нерсени аткарган адам чыныгы момун: Үй-бүлөсүнө кызмат кылган, кедейлер менен чогуу отурган жана кызматчысы менен тамактанган адам.” [Дайлами]

"Эгер бир адам дин боордошуна бир иште жардам берсе, Аллаху таала дагы анын ишин жеңилдетет. Эгер бир адам бир мусулмандын кайгысын жеңилдетип, аны кубантса, кыяматта эң кыйын убактарында Аллаху таала аны кыйынчылыктан куткарат. Бир мусулмандын айыбын, кемчилигин жаап-жашырган адамдын айыптарын, күнөөлөрүн да кыяматта Аллаху таала жаап-жашырат.” [Бухари, Муслим]

"Бир адам дин боордошуна жардам берген сайын Аллаху таала да ага жардам берет.” [Муслим]

"Аллаху тааланын башкаларга да берсин деп немат берген пенделери бар. Эгер алар бул кызматты колко кылышса Аллах ал нематты алардан алып, башкага берет.” [Рамуз]

"Аллаху таала башкаларга да берсин деп кээ бир пенделерине көп немат берген. Алар бул жакшылыктарды Аллаху тааланын пенделерине таратышса, алардын нематтары азайбайт. Эгер бул нематтарды аларга жеткиришпесе Аллах нематтарын алардан алып, башкаларга берет.” [Табарани]

Материалдык жактан жакшылык кылуу абдан сооптуу болгону менен руханий жактан жакшылык кылуу андан да чоң сооптуу. Бирөөнүн хидаятына себепчи болуу, ага Ахли сүннөттү үйрөтүү, туура бир китеп берүү өтө чоң сооп. Бир хадиси шариф төмөнкүчө:

"Ким хидаятка [Ахли сүннөткө] чакырса, ал жолду кармангандардын бардык сооптору ага да жазылат.” [Тирмизи] 

Момунга кызмат

 Суроо: Жакшы же жаман адамга же жакшы менен андан да жакшыга кызмат кылуу сооп жагынан айырмаланабы?

ЖООП: Албетте, айырмаланат. Түшүмдүү топуракка эгилген үрөн менен кайрак же куураган топуракка себилген үрөндөн бирдей түшүм алынбайт. Эгер динге кызмат кылган адамга кызмат кылынса көбүрөөк сооп алынат. "Ман хадама худима” делген. Кызмат кылганга Аллаху таала башкаларды да кызмат кылдыртат. Дүнүйө жана акыретте сооп-сыйлыгы берилет. Момундарга кызмат кылган адам өзү муктаж болуп калганда ага да кызмат кылгандар көп болот.

Динибизге кызмат кылганга бир стакан суу берген адамдын кабыр азабын, өлүм азабын жана махшар азабын тартпай тургандыгы, Арштын көлөкөсүндө боло тургандыгы диний китептерде жазылган. Динге кызмат кылгандарга бир калем, бир китеп берген адам жихаддын сообун алат.

Өзгөчө сеййиддерге, тагыраагы, Расулуллах алейхиссаламдын урпактарына кызмат кылуу көбүрөөк сооп. Бир сеййидге жол көрсөткөн бир яхудинин манжасынын азап көрбөгөнү китептерде жазылган. Сеййиддер өтө кадырлуу. Күнөөкөр болушса дагы аларга кызмат кылууну чоң сыймык деп билүү керек. Сеййиддерге кызмат кылган адам акыркы демде ыйман менен өлөт.   

Жакшылыктан жамандык туулабы?

 Суроо: "Жакшылыктан жамандык пайда болот” дешүүдө. Мен жакшылык кылган адамдардан жамандык көрүүдөмүн. Эч кимге жакшылык кылбоо керекпи?

ЖООП: Жакшыларга жакшылык кылуу жакшы. Алардан зыян келбейт. Ал эми жамандарга жакшылык кылганда алардан зыян келиши мүмкүн. Жамандык кылуу болсо зулумдук. Заалымга жардам бергенде андан зыян келиши мүмкүн. Бир хадиси шарифтин мааниси төмөнкүчө:

"Кимде-ким бир заалымга жардам берсе Аллаху таала ал заалымды анын башына балээ кылат.” [И. Асакир]

Жакшылыкка татыктуу болбогондорго жакшылык кылуу өкүнүчкө себеп болот. Имам Шафии хазреттери: "Төмөн адамдарга жакшылык кылуу душмандыкка себеп болот”, - деген. (Мизан)

Кээ бир жаман адамдарга жакшылык кылынса душман болушу мүмкүн, абайлаш керек. Бир адам Хазрети Алиге жамандык кылды. Ал болсо: "Мен ага эч качан жакшылык кылган эмес элем. Ал эмне үчүн мага жамандык кылды?” – деди. Мындан жамандарга жакшылык кылынса сак болуу керек экени жана алардан зыян келиши ыктымал экени түшүнүлөт.

"Жакшылык кылганга жакшылык кыл, жамандык кылганды кечир!” хадиси шарифи эрежебиз болууга тийиш. Башка бир хадиси шарифте болсо: "Силердин эң жакшыңар – өзүнөн дайыма жакшылык күтүлгөн жана жамандык кылбай тургандыгына ишенилген адам”, - делген. (Тирмизи)

Башкалар жамандык кылса да биз жакшылык кылууга тийишпиз. Материалдык зыяндарыбыз болсо да биз жакшылык ээси болгон болобуз. 

Жан аябас болуу

 Суроо: "Бизге жакшылык кылбагандарга жакшылык кылууну улантуу акылсыздык болот”, - деп айтылууда. Алардан сөзсүз жакшылык күтүү керекпи?

ЖООП: Кабыл болгон жакшылык – эч нерсе күтпөстөн Аллахтын ыраазылыгы үчүн кылынган жакшылык. Эгер жооп күтүлсө анда бул алыш-бериш болуп калат. "Жакшылык кыл, деңизге ыргыт. Эгер балык билбесе Хаалык билет”, - дешкен. Башкача айтканда, "Балык үчүн эмес, Аллахтын ыраазылыгы үчүн кыл!” дегендик. Көркөм ахлак ээси болгон адам жакшылык кылат. Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Көркөм ахлак - келбегенге баруу, бербегенге берүү, зулумдук кылганды кечирүү.” [Хаким]

"Акылсыздык болот” сөзү туура эмес. Жакшылык кылуудан куру калбоо керек. Чыныгы акылсыздык – бул жакшылыктан качуу жана ошентип акыретте чоң нематтардан куру калуу. Динибиздин буйруктарына баш ийип, жан аябас болуп, келбеген мусулманга барып, жамандык кылганга жакшылык кылып, бербегенге берүү керек. Бир хадиси шариф:

"Берген кол алган колдон үстөм.” [Бухари]

Ар дайым берген кол болууга аракет кылуу керек. Жакшы адам – бул бирөөгө ыңгайсыздык туудурбаган адам гана эмес, башкалардан келчү кыйынчылыктарды да көтөргөн адам. Жакшы кошуна да ушундай. Чыныгы мусулман өз рахатын, жыргалын досунун рахаты, жыргалы үчүн таштайт, башкалардын аны "акылсыз” деп айтканына маани бербейт, дайыма жан аябас болот. Мындай деп айтылат: Таш жолдо жайган келсин, / Туура жолго башын сайган келсин! / Өз жыргалын ойлобогон, / Таттуу жанын кыйган келсин! 

Кызыкчылык үчүн жакшылык кылуу

 Суроо: Башкалардын сүйүүсүнө жетүү жана алардын аны мактоолоруна себеп болуу үчүн аларга жакшылык кылуу мактануу, өзүн көрсөтүү болуп калабы?

ЖООП: Башкалардын сүйүүсүнө жана мактоосу жетүү үчүн дүнүйөлүк иштер менен аларга жакшылык кылуу – рия, тагыраагы, өзүн көрсөтүү болот. Ибадат менен рия андан да жаман. Аллаху тааланын ыраазылыгын эч ойлобостон жасалган рия болсо баарынан да жаманыраак. Ибадат кылуу менен Аллаху тааладан дүнүйөлүк пайдаларды суроо рия эмес. Мисалы, жамгыр дубасына чыгуу, истихара кылуу ушундай. Айлык акыга имам, хатип, мугалим болуу, кыйынчылыктан, оорудан, жакырчылыктан кутулуу үчүн аяти карималарды окуу да ушундай делди. Буларда ибадат да, пайда да ниеттери бар. Соода максатында ажыга баруу да ушундай. Ибадат ниети эч жок болсо анда рия болот. Ибадат ниети көп болсо сооп пайда болот. Ибадаттарын башкаларга көрсөтүү эгер аларга үйрөтүү жана дем берүү ниети менен болсо анда да рия болбойт жана көп сооп болот. Рамазан орозосун кармоодо рия болбойт. 

Адамдардын оокатына жардамчы болуу

 Суроо: Адамдардын тарбиясы менен алектенүү, нафакаларын камсыз кылууда жардамчы болуу да сооппу?  

ЖООП: Бул маселеде Имам Раббани хазреттери Мактубат китебинде бир шакиртине карата мындай дейт:

"Аллаху тааланын бир пендесине пайдалуу, жакшы иштерди жасоосун, көптөгөн адамдардын муктаждыктарын кетирүүсүн насип кылуусу, көп адамдардын ага баш калкалоосу ал пенде үчүн өтө чоң бир немат! Аллаху таала пенделерине "иялым” деген болуп, өтө мээримдүү болгондуктан ар кимдин ырыскысын, нафакасын өзүнө алган. Эгер Аллаху таала бул иялынан,  пенделеринен бир канчасынын ырыскылары, нафакалары үчүн жана алардын жетилүүлөрү жана ырахатта жашоолору үчүн бир пендесин милдеттендирсе ал пендесине чоң ихсан кылган болот. Бул улуу нематка жетип, бул үчүн шүгүр кылууну билген адам абдан бактылуу, абдан бактыяр. Мунун баркын билип, шүгүр кылуу өз ээсинин, Раббинин иялине, пенделерине кызмат кылууну бакыт жана сыймык деп билүү жана Раббинин пенделерин жетилдирүү менен сыймыктануу – акылдын зарылчылыгы.”

 Суроо: "Өзүнүн ордуна башкаларды тандоо” көркөм мүнөздөрдүн бири делүүдө. Бул тандоо ибадаттарды кошо бардык маселеге тийиштүүбү?

ЖООП: Бул маселеде Эшбахда мындай делген:

"Өзүн эмес, башкаларды тандоо бул – исар жана көркөм мүнөздөрдөн. Исар – өзү муктаж болгон бир нерсени албастан, муктаж болгон дин боордошуна калтыруу, берүү. Адамга зарыл болгон нерселерде исар кылынат. Ибадаттарда исар кылынбайт. Мисалы, дааратка гана жетиштүү суусу жана аврат жерин жабууга гана кийими бар адам буларды өзү колдонот. Буларды муктажга бербейт. Жамаат менен намаз окуп жатканда биринчи саптагы ордун башкага бербейт. Намаздын убагы келгенде дааратсыз адамдын даарат суусун башка бирөөгө исар кылуусу берүүсү жаиз эмес.” 

Адамдардын жакшысы – пайдасы көп болгону

 Суроо: Адамдардын жакшылары адамдарга жана бардык маклуктарга карата жакшылыгы көп болгондорбу?

ЖООП: Маселеге байланыштуу Имам Раббани хазреттери бир шакиртине кайрылып жазган катта мындай дейт:

"Аллаху тааланын бир пендесине пайдалуу, жакшы иштерди жасоосун, көптөгөн адамдардын муктаждыктарын кетирүүсүн насип кылуусу, көп адамдардын ага баш калкалоосу ал пенде үчүн өтө чоң бир немат! Аллаху таала пенделерине "иялым” деген болуп, өтө мээримдүү болгондуктан ар кимдин ырыскысын, нафакасын өзүнө алган. Эгер Аллаху таала бул иялынан,  пенделеринен бир канчасынын ырыскылары, нафакалары үчүн жана алардын жетилүүлөрү жана ырахат жашоолору үчүн бир пендесин милдеттендирсе ал пендесине чоң ихсан кылган болот. Бул улуу нематка жетип, бул үчүн шүгүр кылууну билген адам абдан бактылуу, абдан бактыяр. Мунун баркын билип, шүгүр кылуу өз ээсинин, Раббинин иялине, пенделерине кызмат кылууну бакыт жана сыймык деп билүү жана Раббинин пенделерин жетилдирүү менен сыймыктануу – акылдын зарылчылыгы.”

Мал-мүлк - Аллаху тааланын берген нематы. Дүнүйө мал-мүлк менен ырааттуулук таап, жайлуу болот. Ажылыктын, жихаддын сообу мал-мүлк аркылуу табылат. Башкаларга муктаж болуудан сактаган бул – мал-мүлк. Садака берүү, кембагалдарга жардам берүү, мечиттерди, мектептерди, ооруканаларды салуу, суу чыгаруу, көпүрөлөрдү куруу, элге кызмат кылуу мал-мүлк менен болот. Динибизде:

"Адамдардын эң жакшысы – аларга эң көп пайдалуу болгону”, - делген.

Адамдарга жардам берүү үчүн эмгектенип акча табуу – нафил ибадат кылуудан көбүрөөк сооптуу. Абдуллах ибни Масуд хазреттери кабарлаган хадиси шарифте:

"Эки нерсенин бирине жеткен адамга суктануу, эңсөө орундуу болот. Аллаху таала бир адамга исламий илимдерди ихсан кылат. Ал болсо ар бир кыймыл-аракетин илимине ылайык кылат. Экинчиси, Аллаху таала бирөөгө көп мал-мүлк берет. Ал адам болсо мал-мүлкүн Аллаху таала ыраазы болгон, жактырган жерлерге сарптайт”, - деп айтылган.

Муктаждыктарын кетирүү, кедейлерге жардам берүү, фасыктарга муктаж болбоо, мусулмандарга кызмат кылуу, исламий илимдерди жайылтуу жана буларды кылгандарга жардам берүү үчүн зарыл болгон акчаны, мал-мүлктү табуу өтө сооптуу. Бири-бирилерине жардам берген адамдардын арасында талаш-тартыштардын болбой тургандыгы китептерде жазылган. Пайгамбарыбыз алейхиссалам айткандай:

"Бир адам дин боордошуна жардамчы болгон сайын Аллаху таала да ага жардамчы болот.”   


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш