Ислам дини » Адеп-ахлак » Күнөөнү өзүбүздөн издөө




Күнөөнү өзүбүздөн издөө


Суроо: Мен күнөөсүз эле ар кандай жалаа жана кемсинтүүлөргө кабылуудамын. Күнөөм жок болсо дагы бирөө келип тийишет. Кээ бирлери аласамды бербейт, кээ бирлери мени береселүү кылат. Дубаларым кабыл болбойт. Кыйынчылыктар, балээлер жакаман түшпөй калды. Булардын чыныгы себеби эмне болушу мүмкүн?

ЖООП: Биринчиден, кыйынчылык, балээ эмне үчүн келет? Балээ адамга эки себеп менен келет:

1- Күнөөсү жок адамдарга, улуу заттарга келет. Бул алардын даражаларынын көтөрүлүшүнө себеп болот. Анын башка хикметтери (сырлары, себептери) да болушу мүмкүн. Анткени, хадиси шарифте: "Эң оор балээ анбия жана олуя жана ушул сыяктууларга келет”, - деп айтылган. (Тирмизи)

2- Кыйынчылыктын жана балээлердин келүүсүнө себеп – күнөө кылуу же керектүү себептерге жабышууда жаңылыштык кетирүү. Курани каримде мындай мааниде айтылат:

"Силерге жеткен ар бир балээ-апаат өз колуңар менен жасаган күнөөлөрдүн айынан. Ушуга карабастан Аллах алардын көбүн кечирет, [балээ бербейт.] [Шура, 30]

Бала-чакада, жаныбарда, башчыда же кызматкерде кандайдыр бир жаман мүнөз байкалса, күнөө өзүбүздө деп түшүнүүгө тийишпиз. Салих заттардын бири мындай дейт:

"Аялымдын жаман мүнөзү кармаганда жаңылыш бир иш кылганымды түшүнчү элем. Ошол ишиме дароо тообо кылганымда аялымдын жаман мүнөзү дагы кетчү. Ошентип, тообомдун кабыл болгондугу билинчү.”

Демек, балээ-кыйынчылыктар өзүбүздүн каталарыбыздан улам келет. Биздин күнөөбүз өз катабызды көрбөгөнүбүздө.

Таттууну үстүбүзгө шыбап, таттууга келген чымындарды күнөөлөйбүз. Бал челекке чыбык тыгып, күнөөнү бизге кол салган аарылардан издейбиз. Салих адамдар ар бир кыйынчылыкта кемчиликти өзүнөн көрчү. Улуу бир зат жолдо бара жатканда бир аял байкабастан терезеден үстүнө күл төгүп салат. Аял кечирим сурай электе эле, "Бул башка күл эмес от татыктуу болчу, оңой кутулдук”, - дейт. Өз кемчиликтерин көрбөй, башкалардын кемчиликтерин издеген, кемчиликти дайыма башка бирөөдөн көргөн адам башына андан чоң балээ келбегенине шүгүр кылууга тийиш.

Аллаху таала эч кимге зулумдук кылбайт, себепсиз балээ жибербейт. Башыбызга келген ар бир кыйынчылык өзүбүздөн, күнөөлөрүбүздөн келип чыгат. Мүмкүн ошол иште күнөөсүз көрүнсөк да бул кыйынчылыктардын башка иштин айынан келип чыкканын түшүнүшүбүз керек. 

Аллаху таала өчүн кулдун колу менен алат,

Илмихалды билбегендер муну кул кылды деп ойлойт. 

Күнөөлөрдөн тообо кылып, өз напсин тыйып тарбиялоого аракет кылуу керек. Хадиси шарифте мындай делген:

"Өз напсин тыйган адам динин урматтаган болот. Ал эми, өз напсин урматтаган адам динин төмөнсүнткөн болот.” [Абу Нуайм] Анткени, напси Аллаху тааланын душманы болуп, ар дайыма зыяндуу иштерди кылгысы келет. Курани каримдин маанисинде: "Напси дайыма жамандыкты буюрат”, - делген. (Юсуф, 53)

Шайтандын алдоосу алсыз. Напсибиз коркунучтуураак. Хадиси шарифте: "Адамдын эң күчтүү душманы – напси”, - делген. Сырткы душман мына ушул ички душмандын жардамы менен бизге кол салып, бизди жарадар кылат. Напсинин ар бир каалоосу Аллаху таала тыюу салган нерселер. Ал ар дайым өзүнүн өлүмчүл душманы болгон шайтанга баш ийет. Напсиге баш ийген адам да дайыма Исламдын чегинен чыгат.

Диндин бардык буйруктары менен тыюулары напсини тыюу, ашыкча каалоолорунун алдын алуу үчүн. Дин менен амал кылынган сайын напсинин каалоолору азаят. Напси тазармайынча үстөм болууну сүйүүнү, өзүн жактырууну (менменсинүүнү) таштабайт. Хадиси шарифте мындай делген:

"Напсиге баш ийүү жана өзүн өзү жактыруу балээге алып барат.” [Табарани] 

Өзүн өзү жактыруу – коркунуч

Жогорудагы жазуубузда кемчиликти ар дайым өзүбүздөн издешибиз керектигин билдирген элек. Күнөөнү дайыма башкаларга жүктөй берсек, өзүбүздү өзүбүз жактырсак, башкаларды төмөнсүнтсөк – булар биздин жамандыгыбыз болот. Өзүбүз макталууга, жогору бааланууга татыктуу болсок да өзүбүздү өзүбүз мактаганыбыз абдан жаңылыш. Анткени, "Жагымсыз болгон чындык – адамдын өзүн өзү мактоосу”, - дешкен. Мактануу текебердиктен келип чыгат. Курани каримде мындай деген мааниде айтылат:

"Аллах өзүн өзү жактырып,  мактанганды сүйбөйт.” [Лукман, 18]

"Аллаху таала менменсингендерди сүйбөйт.” [Нахл, 23]

Хадиси шарифте да мындай делген:

"Досун төмөнсүнтүү жамандык катары жетет.” [Муслим]

Өзүн өзү жактырган адам насаатты кабыл албайт. Дайыма каршы чыгат, андай эмес деп, өзүн туура, башканы туура эмес кылганга аракет кылат. Аллахтан корк, муну кылба десе дароо каршы чыгат. Бир хадиси шарифтин мааниси:

"Аллахтан корк дегенге "биринчи өзүңдү кара” дегенди Аллаху таала жактырбайт.” [Байхаки]

Каршы чыгууну көнүмүшкө айлантып алуу, "Жок, андай эмес” деп айтуу  абдан жагымсыз. Себеби, ушинтип айтуу "сен билбейсиң, бул ишти сен түшүнбөйсүң, сен акылсызсың, мен акылдуу, билимдүүмүн” дегенди билдирет. Бул болсо кыйынсынып, башкаларга кол салуу. Кереги жок болуп туруп алдыбыздагы адамдын кемчиликтерин таап, ага көрсөтүү күнөө. Анткени, анын катасын айтуу менен капаланткан жана көңүлүн сындырган болобуз. Зарылдыксыз көңүл оорутуу арам. Мындай нерселерде башканын катасын айтуунун кереги жок. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылат:

"Дин боордошуңа каршы чыкпа.” [Тирмизи]

"Каршы чыкпаган, өзү туура болсо да талашып-тартышуудан баш тарткан адамга Бейиштен бир ак сарай берилет.” [Табарани]

Чындыкты душман айтса да кабыл алышы керек. Чындыкты кабыл ала албоо текебердиктен. Текебердик болсо – чоң күнөө. Чындыкты кабыл албоо кежирлик деп аталат. Кежирлик башка адамды төмөн көрүүдөн келип чыгат. 

Имам Раббани хазреттери мындай дейт:

Бакара сүрөсүнүн "Жүрөктөрүндө оору бар” маанисиндеги онунчу аяти каримасы аркылуу билдирилген оору эмделмейинче чыныгы ыйманга ээ болуу мүмкүн эмес. Жүрөгү оорулуу адамдын ыйманы - ыймандын элеси. Өз напсин тазарткан адам чыныгы ыйманга жетет. Юнус сүрөөсүнүн"Аллахтын олуялары үчүн коркунуч да, кайгы да жок” маанисиндеги 62-аяты каримасында айтылган сүйүнчү чыныгы ыйманга ээ болгондор үчүн. (1/46)

Демек, Аллаху таала менен дос болуу жана чыныгы ыйманга жетүү үчүн жүрөктөгү ооруларды, башкача айтканда, жаман мүнөздөрдү тазартып, өзүн жактырбоо, күнөөнү өзүнөн издөө, каршы чыкпоо жана чындыкты ким айтса дагы кабыл алуу зарыл.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш