Ислам дини » Адеп-ахлак » Лакап ат тагуу




Лакап ат тагуу


Суроо: Бирөөгө лакап ат тагуу же лакап аты менен чакыруу күнөөбү?

ЖООП: Лакап ат же шылдыңдоо, маскаралоо, же мактоо же балоо үчүн колдонулат. Адамдарды жактырбаган, таарынта турган лакап ат менен чакыруу күнөө. Артынан мындай лакап ат менен сүйлөө да гыйбат, арам.

Курани каримде мындай деген мааниде айтылат:

"Эй, момундар, кээ бириңер башкаңарды мазактабасын! Балким мазакталгандар булардан жакшыраак болуусу мүмкүн. Бири-бириңерди жамандабагыла, жаман лакап аттар менен чакырбагыла! Ыймандан кийинки фасыктык кандай жаман! [Аллах тыюу салган нерселерден] тообо кылбагандар болсо – заалымдар.” [Хужурат, 11]

Хадиси шарифте да мындай делген:

"Адамдарды шылдыңдаганга Бейиштен бир эшик ачылып, "кана , кир” деп айтылат. Ал да шашкан бойдон келет, бирок, эшик дароо жабылат. Андан кийин дагы бир эшик ачылат. Ал кайра капалуу абалда эшикке барат. Эшик кайра жабылат. Бул абал кайра-кайра кайталанат, эми кел деп айтылса да бара албайт.” [Абу Давуд]

Демек, бир адамды таарына турган бир лакап ат менен бетине да, артынан да сүйлөө жаңылыш. Мисалы, Семиз Баланча, Арык Түкүнчө сыяктуу лакап аттар менен чакыруу же артынан сүйлөө күнөө. Хадиси шарифте: "Бирөөнү жактырбаган лакап ат менен чакырган адамга периштелер каргыш айтышат”, - делген. (Ибни Сүнни)

Эгер бир адам өзүнүн бир айыбы менен атагы чыккан болуп, аны ошол лакап ат менен чакырганда капа болбосо, ошол лакап ат менен чакыруу же ал жөнүндө сөз кылуу күнөө эмес. Мисалы, Узун БаланчаКара Түкүнчө деп айтуу сыяктуу. Адамдарды өзүнө жаккан лакап ат менен чакыруу күнөө эмес. Мисалы, Жигит Баланча, Сержант Түкүнчө сыяктуу лакап аттар менен адамдарды чакыруу күнөө болбойт.

Пайгамбарыбыз алейхиссаламга Эмин, Хазрети Абу Бакрга Сыддык, Хазрети Омарга Фарук, Хазрети Османга Зиннурейн, Хазрети Алиге Абу Тураб деп айтылуусу ушундай.

Араптар эң улуу баласынын аты менен чакырылчу, аталчу. Мисалы, Пайгамбарыбыз алейхиссаламга Абу Касым, Хазрети Алиге болсо Абу Хасан делчү. Имам Абу Юсуфтун аты Якуб эле. Бирок, баласынын аты менен Абу Юсуф деп таанылган эле.

Хадиси шарифте: "Перзенттериңерге түрдүү лакаптар тагыла электе алар менен чакырылгыла”, - деп айтылган. Демек, адамдарды жактырган лакап жана каймана ат менен чакыруунун зыяны жок. (Ширъа)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш