Ислам дини » Адеп-ахлак » Сыр сактоо




Сыр сактоо


Суроо: Сыр сактоонун мааниси эмне?

ЖООП: Сыр – жашыруун калуусу жана баарына айтылбоосу керек болгон нерсе. Эгер башкалар укса же уялабыз же ал ишти жасай албай калабыз. Бул жагынан алганда сыр сактоо ийгиликтин маанилүү себептеринин бири. Сыр деп эсептеле турган нерселер жашыруун сакталууга тийиш.

Көптөгөн мамлекеттик ишмерлер ийгиликтеринин эң негизги себебинин сыр сактоо экенин айтышкан.

Падышалар ар дайым ушундай жолду жолдоп, ушундай жашоо өткөрүшкөн, алардын сырын эч ким, атүгүл, аялдары да билчү эмес. Фатих Султан Мухаммед Хандын "Эгер эмне кыларымды сакалымын бир талы билсе аны жулуп алам” деген сөзү белгилүү.

Сырын айтканына көп өкүнөт. Адам айтпаган сөзүнүн ээси, айткан сөзүнүн туткуну. Сырды оңой сактай албайт.

Сырын айткан адам көбүнесе өкүнүп калат. Адам айтпаган сөзүнүн ээси, айткан сөзүнүн туткуну. Сыр сактоо ар кимге оңой эмес. 

Даанышман заттар айтышат: 

Сыр адамдын туткуну. Аны айтып койгондо адам ага туткун болот.

Сырыңды эч кимге айтпа! Эгер акылдууга айтсаң кор кылат. Эгер акмакка айтсаң башкаларга айтып, сага кыянат кылат.

Эгер сырыңды айтсаң, демек ал сенин көңүлүңө батпаптыр. Кантип башка бирөөнүн көңүлүнө батат деп күтөсүң? Эгер сырыңа өзүңдүн көңүлүң тар болсо, ага башка бирөөнүн көңүлү кең болот деп күтпө. Отур, өзүңдү күнөөлө!  

Акылдуу адам сырына бекем болот.

Сырыңды айт деген адамга сырыңды айтпа, сырыңды ачат.

Акмактын жүрөгү оозунда, акылдуунун тили жүрөгүндө. [Башкача айтканда, акылсыз адам сыр сактай албайт, акылдуу адам сырын ачпайт.]

Бир адамга айтылган сыр сыр болуудан чыгат.

Айтпа сырыңды досуңа, [досуңдун да досу бар] ал да айтат досуна.

Эгер керем ээси болгон адам менен мамилең бузулса да, ал жакшылыгыңды айтат, жамандыгыңды жашырат. Жамандарга келсек, достук бүткөндө жакшылыгыңды жашырат, жамандыгыңды айтат.

Сырды сактай алган адам өтө аз болгондуктан сырыбызды башкаларга айтуубуз туура эмес. Башкалардын бизге айткан сыр болуп эсептелген нерселерин да кудум эле унутушубуз керек, эч кимге айтпашыбыз керек! Аллаху тааланын дагы бир ысымы – Саттар. Кемчиликтерди, жаман иштерди жаап-жашырат. Адамдардын кемчиликтерин жаап-жашырган кулун да жакшы көрөт. Хадиси шарифте мындай деп айтылат:

"Досунун айыбын жашырган адам бир өлүктү тирилткендей соопко ээ болот. Аллаху таала мындай адамдын дүнүйө жана акыретте айыптарын жабат.” [Хаким]

Эгер бир сөзүнүн угулуусу ал адамга зыян тийгизсе, ал адам "муну эч кимге айтпа” дебесе да, ал сөздү жашырууга тийиш! Хадиси шарифтерде мындай деп айтылган:

"Эгер бир адам айлана-тегерегин карап, бир нерсе айтса ал сөз аны уккан адамга аманат.” [Тирмизи]

"Эки адамдын биринин экинчисинин угулуусун жактырбаган, ортолорунда сүйлөшүлгөн бир нерсесин башка бирөөгө айтуусу адал болбойт.” [Хаким]

"Аллахтын алдында адамдардын эң жаманы – бири-биринин сырын башкага айткан аял менен күйөөсү.” [Муслим]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш