Ислам дини » Адеп-ахлак » Рыфк (жумшактык)




Рыфк (жумшактык)


Суроо: Дайыма жумушак мамиле кылуу керек деп айтасыңар. Чындыкты эр жүрөктүүлүк менен, катуу айтуудан эмнеге тартынасыңар?

ЖООП: Аллаху таала жумшак болууну буйрук кылууда.

"Раббиңдин жолуна хикмет менен, көркөм насаат менен чакыр, алар менен эң сонун шекилде талаш жүргүз!” [Нахл, 125]

"[Эй, Расулум] айланаңдагыларга жумшак мамиле жаса, Аллаху тааланын сага кереми жана ырайымы. Эгер жаман мүнөздүү болуп, орой мамиле жасаганыңда алардын бардыгы тарап кетишмек.” [Ал-и Имран, 159]

Бир ваиз (насаатчы): "Заалым султандын каршысында чындыкты айтуу жихад болот”, - деп Халифа Мамунга катуу сөздөр менен насаат айта баштады. Халифа: "Эй, ваиз! Аллаху таала сенден да жакшыраагын менден жаманыраагына жибергенине карабастан, ал жумшак сүйлөдү”, - деди. Ваиз: "Ошол менден жакшыраак, сенден жаманыраак ким?” – деп сурады. Халифа: "Менден жаманыраак болгон адам – Фираун, сенден жакшыраак адам болсо – Хазрети Муса”, - деди. Аллаху таала Хазрети Мусага Фираунга жумшак, сылык-сыпаа насаат кылуусун буюрган эле. (Таха, 44)

Эртең акыретте Фираун: "Мага орой мамиле жасалгандыктан чындыкты кабыл ала албадым”, - деп айта албайт. Демек, биздин чегибиз дайыма жумшак мамиле жасоо болууга тийиш. Рыфк – жумшактык дегенди билдирет. Оройлуктун, катуулуктун антоними. Рыфк – жумшактык, сылыктык, жооштук, таттуулук, сулуулук, боорукердик, жакшылык кылуу, кыскасы Ислам динине баш ийүү. Хилм ошондой эле жумшактык дегенди билдирет. Жумшак эмес, катуу жана орой сүйлөгөн адам фитнага себепкер болот. Дайыма жумшак мамиле жасоога аракет кылуу керек, катуулуктан, оройлуктан алыс болуу керек! Хадиси шарифтерде мындай деп айтылат:

"Рыфк – хикметтин (акылмандыктын) башы.” [Хараити]

"Рыфк менен береке пайда болот.” [Табарани]

"Рыфкы жоктун жакшылыгы жок.” [Муслим]

"Аллаху таала рафик, ар бир иште рыфкты сүйөт.” [Бухари]

"Амри маруфту жалгыз рыфкка ээ факихтер гана кылышат.” [И.Газали]

"Рыфк адамдарга кооздук берет, кемчиликтерин кетирет.” [Ибни Хиббан]

"Рыфктан ажыраган адам бардык жакшылыктардан куру калат.” [Муслим]

"Орундуу суроо берүү – илимдин жарымы, рыфк – жашоонун жарымы.” [Аскери]

"Рыфкка ээ болгон адам дүнүйө жана акыреттин жакшылыктарына жетет.” [Тирмизи]

"Адамдарга жеңилдик жана рыфк көрсөткөн момун Тозокко кирбейт.” [Тирмизи]

"Момун ушунчалык жумшак болгондуктан жумшактыгынан улам аны акмак деп ойлошот.” [Байхаки]

"Хилм [рыфк] ээси күндүзү орозо кармап, түнү намаз окуган адамдын даражасына жетет.” [Мект. Масумия]

"Аллаху таала хилмди жакшы көрөт.” [Табарани]

"Хилмге ээ болуу – пайгамбарлардын сүннөтү.” [Байхаки]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш