Мурувват


Суроо: Мурувваттын динибиздеги орду эмне?

ЖООП: Мурувват – адамгерчилик, эрдик, жакшылык, жоомарттык, пайдалуу болуу, жакшылык кылууга умтулуу деген маанилерди билдирип, абалдардын эң сонунун сактоо дегендик. Хадиси шарифте: "Эч кимге зулумдук кылбаган, жалган сүйлөбөгөн жана сөзүнө турган адам мурувват ээси”, - деп айтылды. (Адеб-уд-дуня)

Даанышман заттар айтышат:

Мурувват – дайыма дасторкону ачык болуу жана адамдардын иштерин бүтүрүүгө даяр туруу.

Мурувват – аруу болуу, тардыкта да, кеңдикте да мол-мол ихсан кылуу (берүү). (Хазрети Хасан)

Мурувват – пенденин динин сактап, напсин коркутушу, коногун жакшы тосуп алышы, талаш-тартыштарда өзүн жакшы алып жүрүшү дегендик. Улуулук болсо – кошунаны кыйнабоо жана кыйынчылыктарга чыдоо. Керем – суратпастан берүү, жеринде тамактандыруу, кедейлерге жумшак мамиле жасоо жана мол берүү. (Хазрети Хасан)

Мурувват – тилдин чынчыл болуусу, досунун кемчиликтерине чыдоо, баарына жакшылык кылуу, кошунадан келчү кыйынчылыкка чыдоо. (Хазрети Хасан Басри)

Мурувват алтоо, үчөө хазарда, үчөө сапарда. Хазардагысы – Курани карим  окуу, мечиттерди оңдоп-түзөө жана Аллах үчүн боордош табуу. Сапардагысы болсо – азыкты көбөйтүү, сапардагы жолдошу менен пикир келишпестикке аз кабылуу, күнөө болбогон иштерде көңүл алуу үчүн тамашалашуу. (Хазрети Рабия-и Раи)

Мурувват – ачык эшик, мол тамак, адамдардын жумушун бүтүрүү үчүн даяр туруу.

Мурувват – сөзүнө бекем болуп, убадасын аткаруу, пайдалуу жерге көп сарптоо.

Мурувват – тили чынчыл болуу, досторунун кемчиликтерине чыдоо, баарына көп жакшылык кылуу. Адамдардын колундагы нерсеге карата аруулук менен мамиле жасап, алардан келчү кемчиликтерге маани бербеген адам – чыныгы мурувват ээси адам. 

Мурувваттын шарттары: 

Күнөөлөрдөн тазалануу, ынсаптуулук менен өкүм кылуу, зулумдук кылуудан сактануу, акысы жок нерсеге көз артпоо, эч кимди бекер иштетпөө, алсызга каршы күчтүүгө жардам бербөө, жакшынын ордуна жаманды тандабоо.

Мурувваттын баары төмөнкү аяти каримада билдирилген:

"Аллах адилеттүүлүктү, жакшылыкты, тууган-уруктарга жардам берүүнү буюрат. Ошондой эле, жаман иштерге, жамандыкка жана азгындыкка тыюу салат. Жакшылап ойлонуп карманасыңар деп силерге насаат кылат.” [Нахл, 90]

Хазрети Хасан бирөөнүн "акча, акча” дегенин укканда: "Аллах акчаны лаанат кылсын. Акчаны сүйлөп, акчага сыйынган адамдын мурувваты жок. Мурувваты жок адамдын дини да болбойт”, - деди.

Диндар адам менен отургула. Эгер диндар адамды таба албасаңар, дүнүйө элинен мурувват ээси болгондор менен отургула. Анткени, алар жаман айтышпайт. (Хазрети Абдулвахид б. Зейд)

Ибни Зияд бир уруу башчысынан мурувват деген эмне экенин сурады. Уруу башчы мындай деди:

Биздин оюбузча мурувват төрт нерседен турат:

1- Күнөө кылуудан сактануу. Күнөө кылган адам кор болот. Кор болгон адамдын мурувваты жок.

2-Мал-мүлктү жакшы колдонуу, пайдасыз жерге сарптабоо. Мал-мүлкүн туура пайдалана албай, муктаж болгон адамдын мурувваты болбойт.

3- Үй-бүлөсүнүн муктаждыгы үчүн иштөө. Үй-бүлөсүн элге муктаж кылган адамда мурувват жок.

4-Өзүнө жарашкан нерсени жеп-ичүү. Бул мурувват үчүн кемал деп эсептелет.

Кайсер Кайс бин Сабиттен сурады:

- Эң жакшы акыл эмне?

- Адамдын өзүн-өзү билүүсү.

- Эң жакшы илим эмне?

- Адамдын өз жахилдигин билүүсү.

- Эң жакшы мурувват эмне?

- Адамдын кадыр-баркына шек келтире тургандай жалбарбоосу.

Жалганчынын мурувваты, сараңдын досу, көралбас менен карасанатайдын тынычы жок. (Ахнаф б. Кайс)

Эне-атасына жакшылык кылган, тууган-уруктарын зыярат кылган, досторуна икрам кылган, бала-чакасы жана кызматчылары менен жакшы мамиледе болгон, динин сактаган, мал-мүлкүн таза кармап, артканын тараткан, тилин тыйган, көзүн арамдан сактаган, пайдасыз нерселерден алыс болгон адам мурувват ээси. (Фудайл б. Ияд)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш