Малайани


Суроо: Малайани деген эмне?

ЖООП: Малайани – өмүрдү пайдасыз оюндар, пайдасыз жумуштар менен өткөрүү дегенди билдирет. Кээ бир оюндар пайдалуу. Мисалы, хадиси шарифте: "Жаа атууну үйрөнүү, атын тарбиялоо жана үй-бүлөң менен ойногондон башка пайдалуу оюн болушу мүмкүн эмес”, - деп айтылды. Башка оюндар малайани болуп саналат. Малайани менен алек болуу жакшы эмес.

Хадиси шарифтерде мындай делген:

"Малайанини таштоо адамдын мусулмандыгынын кооздугунан.” [Тирмизи]

"Малайани менен алек болгон адамдын катасы, күнөөсү көп болот.” [Ал-Аскери]

"Кыямат күнү күнөөсү эң көп болгон адам малайани сүйлөгөн адам.” [Абу Наср]

Ухудда шейит болгон бир жаш жигиттин энеси: "Балам, сага Жаннат сүйүнчү болсун!” – деди. Ошондо Расулуллах алейхиссалам мындай деди: "Сен кайдан билесиң, балким малайани сүйлөчү?” – деп буюрду. [Тирмизи]

Хазрети Кааб ооруп калганда Расулуллах алейхиссалам зыярат кылып барды. Хазрети Каабдын энеси: "Балам, Жаннат сага даяр”, - деди. Хазрети Пайгамбарыбыз алейхиссалам болсо мындай деди:

"Эй, Каабдын энеси! Сен кайдан билесиң, Кааб балким малайани сүйлөчү.” [Ибни Абиддуня]

Пайгамбарыбыз алейхиссалам Абу Зар хазреттерине да мындай деди:

"Сага денеге жеңил, бирок, таразада оор [акыретте сообу көп] болгон бир амалды үйрөтөйүн! Шүгүр кыл, көркөм ахлакка ээ бол жана малайанини ташта!” [Ибни Абиддуня]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш