Ислам дини » Адеп-ахлак » Мудара жана мудахана




Мудара жана мудахана


Суроо: Мудара менен мудахана деген эмне?

ЖООП: Мудахана – күчү жетип турган болсо да арам иш кылган адамга тоскоолдук кылбоо, кошоматчылык кылып, бирөөнүн көңүлүн алып жатканда Исламдын сыртына чыгуу, күнөө кылуу.

Эгер өзүнө жана башкаларга зыян келүүдөн коркуп, жакшылыкка буюруу жана арамдан кайтаруу мүмкүн болбосо, андай учурларда фитнанын алдын алуу үчүн унчукпай туруу мудара деп аталат.

Мудара – динди зыяндан куткаруу үчүн дүнүйөлүк нерседен берүү, адамдар менен жакшы мамиледе болуу. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылат:

"Аллаху таала парздарды буюргандай эле мудара кылуумду да буюрду.” [Хаким]

"Мудара кылуу садака.” [Дайлами]

"Мудара кылгандар шейит болуп кайтыш болот.” [Дайлами]

"Абийириңерди мал-мүлктөрүңөр менен [акча менен], диниңерди болсо тилиңер менен [мудара кылып] сактагыла!” [И. Асакир]

"Тил табышып жакшы жашоо - акылдын башы.” [Байхаки]

Мудара кылып жатканда таттуу тилдүү жана жылуу жүздүү болуу керек. Окуучуга сабак берип жатканда мудара керек. Жубайына мудара кылбагандын тынчы, хузуру калбайт. Имам Газали хазреттери мындай дейт: "Адамдар үч түрдүү болушат:

1- Тамак сыяктуу болгондор, дайыма керектүү.

2- Дары сыяктуу болгондор, кээде керек болот.

3-Оору сыяктуу болгондор. Андайлар керек болбосо да келип башка балээ болот. Алардан кутулуу үчүн мудара кылуу керек.

Согушта куулук кылуу, калп айтуу жаиз. Мисалы:

Душмандын бири отурган Хазрети Алинин алдына капысынан колунда кылычы менен чыгып келип: "Эми сени менин колуман ким куткара алат?” – деди. Хазрети Али сөөмөйү менен адамдын артын көрсөтүп: "Макул чабышалы. Бирок, эки киши мененби?” – деди. Душман артында ким турат деп караганда, Хазрети Али кылычын сууруп, душманын зыянсыз кылды. Душманы: "Сен мага куулук кылдың го”, - деди. Хазрети Али болсо "Согуш – куулук” деген хадиси шарифти айтып, "Бирок, сен да мени капылеттен басып калмаксың”, - деди. Башкача айтканда, сеники да куулук эмес беле дегиси келген эле.

Хиндиййа китебинде: "Күнөө кылган адамга таттуу тил менен насаат айтылат. Эгер укпаса, фитна чыга турган болсо унчукпайт. Жаман сөз айтылбайт”, - деп билдирилүүдө. Курани каримде мындай деген мааниде айтылат:

"Раббиңдин жолуна даанышмандык, жакшы насаат менен чакыр! Алар менен эң жакшы таризде талаш жүргүз!” [Нахл, 125]

Кады заада Ахмед мырза айтат:

Кол менен, күч колдонуп нахй-и мункар кылуу, тагыраагы, күнөө кылганга кедерги болуу бийликтин милдети. Сөз жана жазуу менен жихад кылуу аалымдардын милдети. Жүрөктөн дуба кылуу болсо ар бир момундун милдети. Эгер таасири боло турган болсо, бул милдеттерди аткаруу важиб болот. Фитна чыгуу коркунучу бар болсо аны таштоо важиб болот. Фитна чыккан жерлерге эч кандай зарылдыксыз баруу жаиз эмес. Эгер динин коргоо үчүн хижрат кылса жакшы болот. Бейишке кирүүгө татыктуу болот.  

Абдулгани Наблуси хазреттери дагы мындай дейт:

"Амри маруф жана нахйи мункарды кол менен кылуу бийликке, тил менен кылуу дин адамдарына жана көңүл менен кылуу болсо ар бир мусулманга парз. Өзүнүн же мусулмандардын динине же дүнүйөсүнө залакасы тийе турган иштерди таштоо важиб болот. Өлтүрүлөөрүн билген адамдын жихад кылуусу жаиз болбойт. Султандын өз акылы, каалоосу менен берген буйруктарына баш ийүү керек эмес. Бирок, эгер султан заалым болсо, зордук-зомбулук, жабыр көрсөтүп жаткан болсо анын буйруктарына баш ийүү керек. Айрыкча, баш ийбегендерди өлтүрүп жатса өзүн коркунучка салуу эч кимге жаиз болбойт. Эгер амри маруф фитнага жол ачса, анда кылынбайт.” [Хадика] 

Кош стандарт жана мудара 

Суроо: Кош стандарт менен мудара бир эле маанини билдиреби?

ЖООП: Кош стандарт, рия, нифак, такыйя жана мудара сыяктуу сөздөрдүн маанилери бири-бирине окшош болгону менен, өзгөчө мамиле жасаган ар кимге бир эле сөз колдонулбайт.

Хазрети Айша энебиз айтат:

Бир күнү ичке кирүү үчүн бирөө келди. Расули акрам: "Уруксат бергиле, ичке кирсин! Ал өз уруусунун эң жаманы”, - деди. Ал киши бөлмөгө киргенде аны жылуу жүз менен тосуп алып, жылуу сөздөрдү айтты. Ал киши кеткенден кийин мен кызыгып сурадым:

- Йа, Расулаллах! Өзүңүз жаман деп атаган адамга жылуу сөз айтууңуздун себеби эмне?

Мындай деп жооп берди:

Адамдардын жаманы – зыянынан сактануу үчүн ага икрам кылынган (сый көрсөтүлгөн) адам.” [Бухари]

Расулуллах алейхиссаламдын мындай өзгөчө мамилесине кош стандарт эмес, мудара деп айтылат. Мудара сүннөт.

Мудараны жакшы билүү керек. Мудара кылгандардын баарын мунафык деп айтуу туура эмес.

Мудара деген эмне? Мудара – динди зыяндан сактоо үчүн дүнүйөлүк нерседен берүү, жылуу жүз көрсөтүү. Исламдын чегинен ашпастан көңүл алуу. Мудахана – көңүл алып жатканда Исламдын чегинен ашуу, күнөө кылуу.

Эгер динге, өзүнө жана башкаларга зыян келүүсүнөн коркуп, жакшылыкка буюруп, арамдан кайтарууга мүмкүн болбосо, андай учурларда фитнанын алдын алуу үчүн унчукпай туруу мудара кылуу деп аталат.

Ар дайым баары менен жылуу сөздүү жана жылуу жүздүү болуу керек! Бирок, жамандарга, бузукуларга мудахана кылбоо керек, анын бузуку жолуна ыраазы экен деген ойго да себеп болбоо керек! [Хиндийя]

Жихадда кош стандартты колдонуу, куулук кылуу жана калп айтуу жаиз жана керектүү.

Бул маселелерди жакшылап үйрөнүп, мусулмандарга суи зан кылуудан (жаман ойдо болуудан), аларга "ыймансыз, мунафык” сыяктуу жаман сөздөрдү айтуудан сактануу керек! Анткени, хадиси шарифте мындай деп айтылат:

"Момунга капыр деп айткан адамдын өзү капыр болот.” [Бухари]

Мусулманмын деген, калима-и шахадатты айткан адамга капыр деп айтууга болбойт. Бир согушта калима-и шахадатты айткан бирөөнү өлтүрүп койгон адамга Расулуллах алейхиссалам: "Калима-и шахадатты айткан адамды эмне үчүн өлтүрдүң?” – деп айтты. Ал киши болсо: "Ал муну тили менен айтып жатты, бирок, жүрөгү менен четке кагып жатты”, - деди. "Жүрөгүн жарып, карап көрдүңбү?” – деп, аны жемеледи. Ошон үчүн момунга капыр деп айтуудан, ага каргыш айтуудан сактануу керек!

Каргыш ээсине кайтып келет. Хадиси шарифте: "Каргыш айтылганда, эгер каргыш айтылган адам ага татыктуу болбосо ал өзүнө кайтып келет”, - деп атылган. [Байхаки] 

Мудара кылуу 

Суроо: Адамдарды башкаруу үчүн күнөө кылуу жаизби?

ЖООП: Бул мудахана деп аталып, жаиз болбойт. Динин жана дүнүйөсүн коргоо үчүн дүнүйөлүк нерселерден берүү мудара деп аталат. Баарына карата таттуу тилдүү, жылуу жүздүү болуу керек. Бирок, мудахана кылбоо керек. Башкача айтканда, көңүл алам деп күнөө кылбоо керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш