Суроо: Көп күлүүнүн
зыяны барбы?
ЖООП: Күлүмсүрөө, жылуу
жүздүү болуу өтө жакшы. Каткырып, катуу күлүү макрух. Бир канча
хадиси шарифтин мааниси:
"Эгер Бейиш менен Тозокту көргөнүңөрдө аз күлүп, көбүрөөк
ыйламаксыңар.” [Муслим]
"Эгер мен билген нерселерди билгениңерде аз күлүп, көбүрөөк
ыйламаксыңар.” [Бухари]
"Көп күлүү жүрөктү өлтүрөт жана момундун баркын түшүрөт.” [Тирмизи]
"Аллаху таала ага ыраазыбы же жокпу билбей туруп каткырып
күлгөн адамга таң калынат.” [А. Нуайм]
"Мечитте күлүү – кабырда караңгылык.” [Дайлами]
Бир аяти кариманын мааниси:
"Аз күлүшсүн, көп ыйлашсын!” [Тауба, 82]
Расулуллах Хазрети Жабраилден Хазрети Микаилдин эмне үчүн
күлбөшүн сурады. Ал: "Тозок жаралгандан бери бир да жолу күлгөн эмес”,
- деп жооп берди. (И. Ахмед)
Көп күлгөндүн айбаттуулугу азаят, көп тамаша кылган адамга
олуттуу мамиле кылынбайт. (Хазрети Омар)
Өмүрүмдө бир жолу күлдүм, ага да өкүнөм. (Имам Азам)
Төрт нерсе момунду күлкүдөн кайтарууга тийиш: Акырет иштери,
тиричилик түйшүгү, күнөөлөрдүн азабы, балээ-кыйынчылыктардан келчү кайгы. (Яхйа
бин Муаз)
Хасан Басри хазреттери да каткырып күлүп
жаткан бир жигитке: "Балам, сен Сыраттан өттүңбү же Бейишке кире турганыңа
кепилдик барбы, минтип күлүүдөсүң деген эле. Жанагы жигиттин экинчи жөндөн жөн
эле күлгөнү көрүлгөн жок.
Үч нерсе жүрөктү катуулатат:
1- Таң каларлык бир нерсе жок болсо да күлүү,
2-Курсак ача электе тамактануу
3-Керексиз сүйлөө.
Төмөнкү беш нерсени ойлогон адам каткырып күлө албайт:
1-Кылган күнөөлөрү жөнүндө ойлонгон сайын тынчсызданат, күлө
албайт.
2-Кылган жакшы амалдарынын кабыл болгонун билбей күлүүсү
туура эмес.
3-Келечекте эмне кыларын, акырынын кандай болорун ойлогон
адам тынчсызданат.
4- Бейиштин же Тозоктун кайсынысына барарын билбеген адам
кайгырууга тийиш.
5- Аллаху таала андан ыраазыбы же нааразыбы?
Ушуларды ойлогон адам кантип каткырып күлө алат? (Танбих-ул-гафилин)
Көп күлүү айып, махшар үчүн жоготуу.
Сарсанаа болуу
Суроо: Динде
сарсанаа болуунун орду кандай?
ЖООП: Сарсанаа -
кайгы, муң, санаа, капалануу дегенди билдирет. Бир мусулмандын башына келген ар
бир кыйынчылык, ар бир кайгы анын күнөөлөрүнө каффарат болот. Бир нече хадиси
шарифтердин маанилери төмөнкүчө:
"Дүнүйөдө кайгысы көп болгон адамдын акыретте рахаты,
жыргалчылыгы көп болот.” [Муслим]
"Күнөөлөрү көп болуп, бирок, аларга каффарат боло турган
амалдары жок адамдын тарткан кайгылары күнөөлөрүнө каффарат болот.” [И.
Ахмед]
"Дүнүйөдөгү кыйынчылыктар, оорулар жана кайгылар [күнөөлөргө] бедел, жооп болот.” [И.
Жарир]
"Жаназа намазын оку, балким бул сага муң берет. Кайгылуулар
кыяматта Аллахтын көлөкөсүндө болуп, жакшылыкка ээ болушат.” [Хаким]
"Бир момунга келген чарчоо, оору, кайгы, санаа, кам, азап же
бутуна сайылган бир тикен да күнөөлөрүнө каффарат болот.” [И.
Хиббан]
"Капалуу, көңүлү сынган адам Аллахтын коргоосуна кирип, ар
кандай жакшылыктарга жетет.” [Ибни
Асакир]
"Көңүлдө же көздө болгон кайгы рахманий, колго жана тилге
келсе шайтаний болот.” [Абу Нуайм]
"Кайгылуу адам Кыямат күнү Арштын көлөкөсүндө болот жана бардык
жакшылыктарга ээ болот.” [Хаким]
"Кырааты жакшы адам – Куранды муңдуу окуган адам.” [Табарани]
Расулуллах: "Муңайым болуу – жүрөктүн ачкычы”, - дегенде, "Муңга
кантип ээ болунат?” – деп суралды. "Ачка жана суусуз калуу
менен”, - деп жооп берди. (Табарани)
Демек, орозолуу болуу да муңга себеп болууда. Муңга себеп
боло турган нерселерди издөө керек.