Суроо: Бир досум Европада коногубуз
болду. Тамактанып жатып алгач тамакты жыттап көрдү. "Чочко майы бар болду бекен
деп жыттадым, жок экен”, - деди. Буга абдан капаландым, жүрөгүм сыздады.
Экөөбүз чогуу намаз да окуган элек. Анын мага хусни зан кылуусун (жакшы ойдо
болуусу) керек эмес беле? Же ушинтип изилдөө диндин буйругубу?
ЖООП: Мындай изилдөө
диндин буйругуна каршы келет. Ал муну дегеле динге берилгендигинен улам жасап
жаткансыйт. Мындай кылуу арам. Ошондуктан, ар бир мусулман эң оболу
динин туура жазылган илмихал китептеринен үйрөнүүгө тийиш, фикх илимин
үйрөнүүгө тийиш. Бир нече хадиси шарифтин мааниси төмөнкүчө:
"Фикхты билбестен ибадат кылган адам түнкүсүн караңгыда
имарат куруп, күндүзү жыкканга окшош.” [Дайлами]
Имам Газали хазреттери айтат:
"Тамак-аш жана суусундуктарга шектенип жебөө такыбаалык эмес,
васваса (күдүк, кушку). Динибиз "арам экени билинбеген нерселерди жегиле” дейт.
Расулуллах алейхиссалам мүшриктин, Хазрети Омар христиандын кумурасы менен
даарат алган эле. Кутман сахабалар мусулман эместер берген суудан ичишчү. Ал
эми ыплас жана нажис нерселерди жеген арам. Капырлар көбүнчө таза эмес болушат.
Алардын колдору менен идиштери шарап болот. Малды бисмиллахсыз союшат. Ушунун
баарына карабастан, кутман сахабалар нажис экенин так билишпегендиктен, васваса
кылбастан эт, быштак сыяктуу азыктарды алып жешчү.” [Ихйа]
Расулуллах алейхиссалам бир яхудинин майлуу тамагын тазабы
деп сурап отурбастан жеди. Бул чочко майыбы, кой майыбы, нандын камыры суу
менен жуурулдубу же шарап мененби деп сураган жок. Мүшрик аялдын идиши менен
даарат алды. Булар изилдөө зарыл эмес экенине далил болууда. (Барика)
Тажассус кылбоо керек. Суи зан кылып, ага жаман көз менен
карабоо керек! Анткени, суи зан арам. Кемчиликтерди да жаап-жашыруу
керек, шардана кылбоо керек. Мусулманды таарынтпоо керек. Имам Раббани
хазреттери мындай дейт:
Эч бир адамдын жүрөгүн оорутпоо керек! Жүрөк оорутуудан катуу
сактангыла! Аллаху тааланы эң көп таарынткан күфүрдөн кийин жүрөк оорутуу
сыяктуу чоң күнөө жок. Бир хадиси шарифтин мааниси:
"Бир мусулмандын көңүлүн оорутуу Каабаны жетимиш жолу
жыгуудан да чоң күнөө.” [Р.Насыхин]
Төмөңкү маселелерде да тажассус кылбоо, тагыраагы, изилдебөө
керек:
1-Жасалма тиш же пломба барбы же жокпу, бар болсо Малики же
Шафиийди таклид кылабы же кылбайбы деп сураштыруу жаиз эмес.
2- Бул мал-мүлктү кайдан алдың деп суроо жаиз болгону менен,
эгер сураганда ал адам капаланса, суроо арам болот. Андыктан
таттуу мамиле, жол менен сураш керек. Эгер сунган нерсеси күмөндүү болсо,
кандайдыр бир шылтоо менен жебеш керек. Айласы жок болсо, таарынтпоо үчүн жеш
керек, башка бирөөдөн да сурабоо керек. Анткени, аны угуп калса көбүрөөк
таарынат. Тажассус гыйбат жана суи зан болуп, баары арам. Расулуллах
алейхиссалам конок болгондо эмне берилсе ошону кабыл алчу. Кайдан алдыңар деп
сурачу эмес. Белекти да кабыл алчу, сурачу эмес.
3- Өзү муктаж болгон мал-мүлктү тапкандан кийин артыкча
эмгектенбей ибадат кылуу жаиз. Ушул үчүн эмгектенбей ибадат кылган адамга суи
зан жана тажассус кылбоо керек. Экөө тең арам.
4- Сөз ташыган адам берген кабарды тажассус кылбоо керек,
башкача айтканда, териштирбөө, изилдебөө керек. Анткени, тажассус арам.
Жакшы ниет менен кемчиликти иликтөө
Суроо: Бир
хадисте: "Башкалардын кемчиликтери менен алек болгондордун ибадаттары
кабыл болбойт”, - деп айтылган. Ибадат менен кемчилик издөөнүн
маанисин түшүнгөн жокмун. Мен кээ бир адамдардын электрондук почталарына кирип,
эгер туура эмес иштер кылып жатса, эскертүү үчүн кимдер менен байланышып жатат
деп изилдейм. Амри маруф ниети менен жасалган бул изилдөөнүн ибадатка кандай
таасири бар?
ЖООП: Имам Раббани
хазреттери: "Тажассус арам”, - деп буюрду. Тажассус – бирөөңүн иштерин тергөө,
изилдөө, териштирүү дегендик. Бул абалга аяти карима жана хадиси шарифтер менен
тыюу салынган. Бир хадиси шариф:
"Адамдардын жашыруун нерселерин изилдебегиле, кемчиликтерин
көрбөгүлө!” [Муслим]
Ал адамдын кемчилиги болсо да карабоо жана көрбөө керек. Курани
каримде да: "Бири-бириңердин кемчилигин изилдебегиле!” – деп
буюрулган. (Хужурат, 12)
Тажассус кылган, башкача айтканда, башкалардын жасаган иштерин
үйрөнүп-билүүгө аракет кылган, алардын кемчилигин изилдеген адам өзүнүн
кемчилигин көрө албайт. Өзүн алардан жогору санайт. Ужбга жана текебердикке
кабылат. Кандай гана арам болбосун, арам иш кылгандардын ибадаттары сахих болсо
да кабыл болбойт. Башкача айтканда, ал ибадаттарга сооп берилбейт. Ошондуктан,
амри маруф ниети менен болсо дагы эч кимдин эмне кылганы менен алектенбеш
керек.