Опаа


Суроо: Опаа деген эмне? 

ЖООП: Опаа – сүйүүдө туруктуулук дегенди билдирет. Опаа - муктаж болгон учурда ага жардам берүү. Досу өлгөндөн кийин анын бала-чакасын, жакындарын жакшы көрүү, алар менен байланышты үзбөө дагы опаачылдыктан. Мусулман адам опаалуу болот. Опаалуу болуунун, башкача айтканда, жалгыз Аллахтын ыраазылыгы үчүн гана сүйүүнүн сыйлык-сообу чоң. 

Хадиси шарифте мындай деп айтылат: 

"Кыямат күнү эч бир коргонуу жок болгон учурда Аллаху тааланын коргоосунда боло турган жети адамдын бири – бири бирин [Аллах үчүн гана] сүйгөндөр.” [Бухари] 

Опаа – достукта, берилгендикте туруктуулук, чыдамкайлык көрсөтүү дегендик. Досуна кылган жакшылыгын аз деп билүү, ал кылган жакшылыкты көп деп билүү.

 Опаа – жашоодо да, өлгөндөн кийин да сүйүү жана байланышты улантуу дегендик. Өлгөн адамга бираз опаа көрсөтүү көзү тирүү кезде жасалган көптөгөн жакшылыктарга караганда орундуураак. Анткени, адам жашоодогу досуна кандайдыр бир жакшылык кылса балким андан бир нерсе күтүшү мүмкүн. Өлгөндөн кийин кылына турган жакшылыкка рия аралашуусу кыйын болот. Өлгөндөр үчүн дуба жана истигфар кылынат. Кылынган жакшылыктардын сообу багышталат. Жашоодогу тууган-уруктарына, досторуна жакшылык кылынат. Пайгамбарыбыз алейхиссалам бир кемпирге сый көргөздү. Себебин сурагандарга: "Бул аял Хатижа тирүү кезинде бизге келип-кетип турчу. Убадага опаа динден”, - деп буюрду.

 Опаанын шарттарынын бири – адам өзү жакшы көргөн досунун досторун, туугандарын да жакшы көрүп, акыларын сактоосу керек! Анткени, адам өз жакындарына көрсөтүлгөн көңүл бурууга көбүрөөк кубанат. Сүйүү сүйүктүүнүн бардык нерсесин, ага жакындан же узактан байланыштуу болгон бардык нерсени сүйкүмдүү кылат. Ушул себептен улам "Сүйүктүүнүн эшигиндеги ит сүйгөндүн жүрөгүндө башка иттерге караганда жогору жана өзүнчө орун алат” деген сөз айтылган.

 Аалымдар: "Уулуна кызмат атасына кызмат дегендик”, - деп айтышкан. Уулуна кылынган кызмат атасын кубанткандай эле, уулуна кастык да атаны капа кылат. Башка жакындарынын жагдайы да ушундай. Досунун досу менен душман болбоо же душманы менен дос болбоо да опаадан. Досу кайтыш болгондон кийин да анын жакындарына көңүл буруу тирүүсүндө көңүл бурууга караганда баалуураак. Достун жанында "бул меники, бул сеники” дебеш керек! Ибрахим бин Шайбан хазреттери: "Бул менин калемим деген адам менен дос болчу эмес элек”, - дечү. "Мен муну сен үчүн жасадым!” деп айтуу да ага колко кылуу болуп, сууктукка алып келет. Аалымдар: "Чакырганыбызда кайда деп сурагандар менен дос болчу эмес элек”, - дешкен. Досунун кемчилигин көрбөө – мурувваттан, опаадан.

 Досунун досторунун жана туугандарынын ал-абалын суроо опаанын шарттарынын бири. Алардын укуктарын сактоо досуна сый көргөзүүдөн баалуураак.

 Опаасыздык шайтанга жагат. Мисалы, достор арасындагы сүйүүнүн азайышы, таарынычтын пайда болушу шайтанды абдан кубантат. Шайтанды кубантпоо, анын айла-амалын кылбоо үчүн опаалуу болуу керек, досунун кемчилигин пазилет, акаараттарын  илтифат (мактоо) катары кабыл алуу керек. Эки достун бири экинчисине катуу караса, шайтан кубанып ойнойт. Аллаху таала: "Шайтан алардын арасын бузбашы үчүн пенделерим жакшы сөздөрдү сүйлөшсүн!” – деп буюрууда. (Исра, 53)

 Ошондуктан, көңүл калтыруучу, заардуу сүйлөөдөн жана катуу карагандан алыс болуу керек! Атүгүл, Аллахтын досторунун жүрүш-турушу да сүйүүнү көрсөтүп, эскертип турат. Мындай бир адам макам ээси болсо да эски досторун издейт. "Керем ээлери тардыкта өзүлөрү менен бирге болгондорду кеңдикте да издешет”, - делген.

 Оор, кыйын учурларында досуна жардамга чуркап, "кыйын күн досу” болуу керек. Шайтан, напси жана жаман дос араны бузууга аракет кылгандыктан, достукту улантуу кыйын болот. Ушул себептен улам, "Достук - бул ичке жана латиф (назик) каухар. Эгер коргогонду билбесең кыйроого дуушар болот!” - дешкен. Бул каухарды коргоо достон кемчилик издебөө жана эч бир кемчилигин көрбөө аркылуу болот. Анткени, кемчиликсиз адам болбойт. Кемчилигин көргөндө аны таштоо керек жана мындай деш керек:

 Бул жолу кечир балким да билбес.

Мүдүрүлгөн аттын башы дароо кесилбес.

 Кемчиликсиз адам менен баары тил табыша алат. Чыныгы эрдик – кемчиликтүү дос менен тил табышуу. Өзүнүн ордуна дайыма аны тандоо керек! Опаалуу болуунун шарттарынын бири да – досунун жакшы көрбөгөндөрүн, душмандарын жакшы көрбөө. Достун душманы менен бирге болуу – душмандыкта шерик болуу дегендик.

 Мурдагы заттардын биринин уулуна осуяты мындай:

"Балам, ар ким менен дос болууга болбойт. Муктаж болгон кезиңде сенден качкан, кеңдикте мал-мүлкүңө көз арткан жана көтөрүлгөн кезинде сенден өзүн жогору көргөн адам менен дос боло көрбө!”

 Андай болсо, муктаж болгон досуна жардам берүү керек, андан эч кандай пайда күтпөө керек жана андан өзүн эч качан жогору көрбөө керек! Бардык нерсеге каршы боло берген, "жок андай эмес” деген адам досторун душман кылып гана калбастан, бардык адамдардын жек көрүүсүн табат.

 Опаалуу окурмандарыбыздын бири басылмаларыбыздан пайдаланып, бизди тааныгандан кийин узун бир кат жазыптыр. Анын катын жарыялоонун ордуна бир куплетин гана жарыялоо бизге жетиштүү болот. Опаалуу досубуз айтат:

 Ар ким достой эле, силер чоочун элеңер бизге,

Азыр баары чоочун, силер доссуңар бизге.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш