Ислам дини » Адеп-ахлак » Жаман мүнөздөр




Жаман мүнөздөр


1. Куфур.

2. Жахилдик (Сабатсыздык).

3. Айыпталуудан коркуу. (Адамдардын жамандоолоруна, сындоолоруна, айыптоолоруна таарынып, чындыкты кабыл кылбоо.)

4. Мактанууну жакшы көрүү. (Өзүн жактырып, бирөөлөрдүн өзүн мактоосун жактыруу.)

5. Бидат акыйда. (Бузук ыйман.)

6. Хава-и нафс (Напсинин каалоолоруна, жыргалына жана кумарына баш ийүү.)

7. Таклид менен ыйман. (Тааныбаган адамдарды тууроо).

8. Рия.  (Бирөөлөргө көрүнүү, акырет амалдарын кылуу менен дүнүйө арзуларына жетүү.)

9. Тул-и амал (Көңүл ачып, жыргоо үчүн көп жашоону каалоо)

10. Тама (Дүнүйө лаззаттарын харам жолдордон издөө.)

11. Кибир. (Өзүн ар кимден жогору көрүү.)

12. Тазаллул. (Өтө ашыкча карапайымдык)

13. Ужб. (Кылган жакшылыктарды, ибадаттарды жактыруу, жетиштүү дегендей ыраазы болуу.)

14. Хасад. (Кызгануу, көтөрө албоо, ниматтын бир адамдан кетүүсүн каалоо. Абуллайс-и Самарканди мындай дейт: «Үч адамдын дубасы кабыл болбойт: харам жеп-ичкендин, гыйбат кылгандын жана хасад кылгандын».)

15. Хыкд. (Башка бирөөнү төмөн көрүү.)

16. Шаматат. (Бирөөнүн башына түшкөн кыйынчылыкка, зыянга сүйүнүү.)

17. Хижр. (Достукту таштап, таарынып жүрүү.)

18. Жубн. (Коркоктук.)

19. Тахаввур. (Ачуунун, катуулуктун ашыкча жана зыяндуу болуусу.)

20. Гадр. (Айткан сөздө турбоо.)

21. Хыянат. (Мунафыктыктын белгиси: ишенимди кетире турган сөз жана иш.)

22. Убаданы бузуу. (Берген сөзүн кармабоо. Хадиси шарифте мындай деп айтылат: «Мунафыктыктын үч белгиси бар: калп айтуу, убаданы бузуу, аманатка кыянаттык кылуу».)

23. Суизан. (Суизан харам. Күнөөлөрүнүн кечирилбей турганын ойлоо Аллаху таалага суизан кылгандык болот. Момундарды харам иш кылган, б.а., фасык деп ойлоо суизан болот. Бир адам же бир нерсе тууралуу жаман ойдо болуу - суизан.)

24. Мал-мүлккө болгон махабат. (Мал-мүлккө берилип алуу.)

25. Тасвиф. (Жакшылык иштерди кийинкиге таштоо.) Бир хадиси шарифте: «Беш нерсе келүүдөн мурда беш нерсенин баркын билгиле: өлүмгө чейин жашоонун баркын, оорудан мурда ден-соолуктун баркын, дүйнөдө акыретти табуунун баркын, карылыкка чейин жаштыктын баркын, жардылыктан мурда байлыктын баркын», - деп айтылат.

26. Фасыктарды жактыруу. (Фасыктын эң жаманы зулумдук

 кылуу. Харам иш кылган адамдар фасык деп аталат.)

27. Аалымдарга душмандык. (Ислам илимдерин жана

аалымдарын шылдыңдоо куфур.)

28. Фитна. (Адамдарды кыйынчылыкка, балээге түшүрүү. Хадиси шарифте: «Фитна уйкуда, ойготконго лаанат болсун!» - деп айтылды.)

29. Мудахана жана мудара. (Алы жетип турса да харам иш кылган адамды көрүп андан кайтарбоо жана дүнүйө үчүн динин берүү - мудахана. Дини үчүн дүнүйөсүн берүү мудара деп аталат.)

30. Инад жана мукабара. (Туураны, чындыкты укканда кабыл кылбоо.)

31. Нифак. (Мунафыктык, адамдын ички дүйнөсүнүн тыш дүйнөсүнө дал келбөөсү.)

32. Ойлонбоо. (Күнөөлөрдү, макулуктарды жана өзүн ойлобоо).

33. Мусулманга баддуба кылуу. (Каргоо)

34. Мусулмандарга жаман лакап тагуу.

35. Кечирим сураганда кечирбөө. Кечиримдүү болбоо.

36.  Курани каримди туура эмес тафсир кылуу.

37. Харам иш кылууну улантуу.

38. Гыйбат кылуу.

39. Тообо кылбоо.

40. Мал-мүлккө жана атак-даңкка берилүү.

(Жаман мүнөздөн сактанып, жакшы мүнөздүү болууга аракет кылуу керек. Хадиси шарифтерде мындай деп айтылат: «Ибадаттары аз болгон бир кул жакшы мүнөзү менен кыяматта жогорку даражаларга жетет».

«Ибадаттардын эң жеңили жана пайдалуусу - аз сүйлөө жана жакшы мүнөздүү болуу».

«Өзүнөн алыстагандарга жакындоо, зулумдук кылгандарды кечирүү, жамандык кылгандарга жакшылык кылуу – бул жакшы мүнөздүү болуу».)

 


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш