Кул акысы


Суроо: Акы ээси болгон бир адам өлгөн болсо акысынан кантип кутулабыз?

ЖООП

Кул акысы беш түрдүү болот:

1- Малий (Мал-мүлккө байланыштуу)

2- Нафси (Жашоо-турмушка байланыштуу)

3- Ырзий (Моралдык абалына байланыштуу)

4- Махремий (Намыска байланыштуу)

5- Диний

1- Малий (Мал-мүлккө байланыштуу) кул акылары:

Уурулук, тартып алуу, жалган айтып мал сатуу, жасалма акча берүү, башка адамдардын мүлкүнө зыян келтирүү, жалган күбөлүк кылуу, паракорлук сыяктуулар.

Бул акылары үчүн ошол ал адам менен халалдашуу керек. Бул дүйнөдө халалдашпаган болсо акыретте анын сооптору жапа чеккен адамга берилип халалдаштырылат. Мал ээси өлгөн болсо анын мураскоруна тапшырылуу керек. Мураскору да жок болсо же малдын ээси билинбей калган болсо салих бир кедей адамга берилип, анын сообу ошол акы ээсине жиберилет. Эгер салих кедей табылбаса Исламиятка кызмат кылган кайрымдуулук уюмдарына, вакыфтарга берилет. Өзүнүн салих туугандарына, жакыр турган эне-атасына, балдарына хадия катары берүүгө да болот. Эгер буларды кылуу колунан келбей турган болсо акы ээсинин жана өзүнүн кечирилүүсү үчүн дуба кылуусу керек. Каафырдын акысын жегендиги үчүн да аны менен халадашуусу керек. Эгер анын акысын төлөп, көңүлүн албай турган болсо акыретте мунун иши өтө кыйын болот.

2- Нафси (Жашоо-турмушта күнөө болгон кул акылары):

Адам өлтүрүү, дене мүчөсүн кесүү, майып кылуу сыяктуу күнөөлөр.

Ким эгер бул ишке барган болсо алгач тооба кылуусу керек. Адам өлтүрүп алган болсо анын өкүлү менен халалдашуусу керек. Анын өкүлү кааласа кечирет, кааласа белгилүү бир мал-мүлк сурайт. Кааласа сотко берип, соттун жаза берүүсүн сурайт. Исламиятта кан доосу деген нерсе жок.

3- Ырзий (моралдык абалына байланыштуу) кул акылары:

Ушактоо, жалаа жабуу, азилдөө, сөгүү сыяктуу моралдык абалына зыян берген нерселер.

Тообо кылып халадашуусу керек. Бул сыяктуу кул акыларында мураскорлору менен халалдашуу жок.

4- Махремий (намыска байланыштуу) кул акылары:

Бирөөнүн бала-бакырасына кыянаттык кылуу сыяктуу нерселер.

Тообо жана истигфар кылуусу керек. Эгер фитне чыкпай турган жагдай болсо кул акысы менен халалдашуусу керек. Эгер фитне чыгып кете турган болсо халалдашуунун ордуна кул акысы үчүн дуба кылып, садака берүүсү керек. Кылган ыбадаттарынын соопторун ага багыштоосу керек. Фитне чыгып кете турган болсо халалдаша турчу күнөөсүн белгилеп айтпастан эле "мендеги бардык акыларыңды кечир” десе да болот.

5- Диний кул акылары:

Туугандарына жана карамагында болгон адамдарга туура диний маалымат берүүнү таштап коюу, адамдардын дин маалыматтарын үйрөнүүлөрүнө жана ыбадаттарына тоскоол болуу, аларга каафыр же фасык деп айтуу. Бидат чыгарып же мурда пайда болгон бидаттарды карманып мусулмандардын жаңылыш ишеничтерине жана жаңылыш ыбадат кылууларына себеп болуу. Орозо маалында көз көрүнө тамак ичип-жеп же көз көрүнө харам болгон бир ишти кылып адамдарга жаман өрнөк болуу. Бул күнөөлөр үчүн да тообо кылып, кул акылары менен халадашуулары керек.

Суроо: Мойнунда кул акысы калган адам эмне кылуусу керек?

ЖООП

Мойнунда кул акысы калган адам буга тообо үчүн кул акысын дароо төлөөсү керек, аны менен халадашып, ага жакшылык жана дуба кылуусу керек. Эгер мал ээси (акы ээси) өлгөн болсо ага дуба жана истигфар кылып, мураскорлоруна берип кутулуусу, аларга жакшылык кылуусу керек. Эгерде анын балдары, мураскорлору билинбеген болсо ошол өлчөмдөгү акчаны кедейлерге садака берип, сообун акы ээсине багыштоо керек. (Сафар-и Ахират)

Бир адамдан акысыз түрдө алынган 1 тыйынды ээсине кайтарып берүү жүздөгөн сом садака берүүдөн көптөгөн эсе-эсе көп сооптуу болмокчу. Ким эгер Пайгамбарлар кылган амалдарды кылса, бирок, үстүндө турган бирөөнүн 1 тыйын акысы төлөнмөйүнчө Жаннатка кире албайт. (Мектубат-ы Раббани 2-бап, 66,87 мектуп)

Кыямат күнү акы ээси акысынан баш тартпай турган болсо, 1 данк, (жарым грамм күмүш) акы үчүн жамаат менен окулган, кабыл болгон жетижүз намазы алынып акы ээсине берилет. (Дурр-ул Мухтар)

Кул акысын Аллаху Тааланын акысынан мурда төлөө керек. Кул акысы үчүн кечирим табуу өтө кыйын жана азабы да катуу болмокчу. Башка бирөөлөрдүн акысын жеп алган адам ошол акы ээлери менен халалдашмайынча ага кечирим болбойт. Мойнунда кул жана айбан акысы болгондорду Аллаху Таала кечирбейт жана алар Тозокко кирип жазаларын тартышат. (Хадика)

Хадис-и шерифтерде:

"Мойнунда кул акысы болгон адам өлүмдөн мурда аны төлөп халалдашсын! Себеби, акыретте алтындын, мал-мүлктүн баасы болбойт. Ал күндө акы төлөнгөнгө чейин өзүнүн сооптору алынат, эгер сооптору да жок болсо акы ээсинин күнөөлөрү ага жүктөлөт.” (Бухари)

"Кибири, кыянаты жана кул акысы болбогон момун Жаннатка кирет.” (Несаи)

"Кул акысы – бул момундун айыбы, кемчилиги болуп эсептелет.” (Абу Нуайм)

Мойнунда кул акысы болгон адамдардын рухтары Бейишке кирбейт. Салихтердин рухтары кабырларына келип, алардын денелерин зыярат кылышат. Кайтыш болгон момундардын рухтары келип, дүнүйөдө тааныган адамдарын сурашат.) (Фараид-ул фаваид).


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш