Ислам дини » Адеп-ахлак » Ислам Ахлагы » Жаман мүнөз жана андан кутулуунун жолдору




Жаман мүнөз жана андан кутулуунун жолдору


Адамга дүйнөдө жана акыретте зыян тийгизе турган нерселердин бардыгы жаман мүнөздөн пайда болот. Б.а., зыяндардын, жамандыктардын башы - жаман мүнөздүү болуу. Арамдардан (жаман нерселерден) сактанууга "Такваа" деп айтылат. Такыбаа - ибадаттардын эң жакшысы. Анткени, бир нерсени кооздоо, жасалгалоо үчүн алгач андагы кир нерселерди, жамандыктарды жоюу керек. Ошондуктан, күнөөлөрдөн арылмайынча Исламга моюн сунуунун, ибадаттын эч кандай пайдасы болбойт. Жасагандарына сооп берилбейт. Жамандыктардын эң жаманы - куфур болуп саналат. Капырдын (Аллахка душман болгон адамдын) эч бир жакшылыгы акыретте пайда бербейт. Зулумдук менен өлтүрүлгөн капыр шейит болбойт. Бейишке дагы кирбейт. Ыймансыз болгон адамдын эч кандай жакшылыгына сооп берилбейт. Бардык жакшылыктардын негизи - такыбаалык. Бардык нерседен мурда такыбаа болууга аракет кылуу керек. Бардык адамдарга такыбаалуу болууну буюруу жана насаат кылуу керек. Дүйнөдө ыракатка, тынчтыкка жетүү, таттуу өмүр сүрүү, акыретте дагы чексиз азаптан кутулуп, түбөлүк жакшылыктарга, бакыттарга жетүү такыбаалык менен гана болот. Жаман мүнөздөр көңүлдү оорулуу кылат. Бул оорунун күчөөсү көңүлдүн өлүүсүнө (б.а. куфурга) себеп болот. Жаман мүнөздөрдүн эң жаманы болгон ширк, б.а. куфур жүрөктүн эң жаман уусу. Ыйманы жок адамдын "Менин жүрөгүм таза. Сен жүрөгүмдү кара!” деген сөздөрү бош нерсе. Өлгөн жүрөк таза болбойт.

Куфурдун түрлөрү бар. Булардын ичиндеги эң жаманы, эң чоңу ширк болуп эсептелет. Бир жамандыктын түрлөрүн билдирүү үчүн көбүнчө булардын эң жаманы айтылат. Ошондуктан, аяттарда жана хадис-и шарифтерде кездешүүчү "ширк” сөзүнөн куфурдун бардык түрү деген маани түшүнүлөт. "Ниса" сүрөсүнүн 48 жана 116-аяттарында мушриктердин кечирилбей тургандыгы билдирилген. Ушул аяттар капырлардын Тозок отунда түбөлүк кала тургандыктарын билдирет.

Ширк - Аллаху таалага шерик (орток) кошуу, окшотуу деген сөз. Окшоткон адам "мушрик”, окшотулган нерсе "ширк” (шерик) деп аталат. Бирөөдө, бир нерседе улухият (кудайлык) сыпаттарынын бирөөсүнүн бар экендигине ишенүү аны кудайга шерик кошуу болуп саналат. Аллаху таалага таандык болгон сыпаттар б.а. (зати жана субути сыпаттар) "улухият сыпаттары” деп аталат. Чексиз бар болуу, жаратуу, бардык нерсени билүү, ооруларды айыктыруу кудайлык сыпаттардан болуп саналат. Кандайдыр бир адамда, күндө, уйда, кандайдыр бир макулукта кудайлык сыпатынын бар экендигине ишенип, ага таазым, урмат көрсөтүп жалбаруу - ибадат кылуу, сыйынуу деп аталат. Мындай сыйынылган нерселер "санам” (бут) деп аталат. Капырлардын айкелдерге, сүрөттөргө жана мазарларынын алдында таазым кылуучу сөздөрдү айтуу, таазым кылуу, ибадат кылууда ширк болот. Бир адамда илахи сыпаттардын болгонуна ишенбей, Аллаху тааланын сүйүктүү кулу экенине же болбосо, мекенге, элге кызмат кылганына ишенип, анын сүрөтүнө, айкелине таазым кылуу, урмат көрсөтүү ширк дагы, куфур дагы эмес. Бирок туш келген адамдын сүрөтүнө урмат көрсөтүү арам болгондуктан, таазым, урмат көрсөткөн мусулман фасык (күнөөкөр) болот. Бир нерсенин арам экендигине маани бербесе "муртад” болуп, динден чыгат. Мушрик болбогон яхуди жана христиандар да Мухаммед алейхиссаламга ишенбегендиктери үчүн капыр болуп саналат. Булар "китептүү капыр” деп аталат. Азыркы тапта көптөгөн христиандар Иса алейхиссаламда кудайлык сыпат бар дегендиктери үчүн мушрик болушту. Барнабас "Варнава” менен Ариус мазхабында болгондор китептүү капыр болушса да, азыркы күндө алар калган эмес.

Көңүл ооруларынын ширктен кийинки эң жаманы - бидаттарга ишенүү жана бидат кылуу. Бидатардан кийин күнөөлөрдөн сактанбоо. Кичүү болсун, чоң болсун, ширктен б.а., куфурдан башка күнөө кылып, тообо кылбай өлгөн момун шапаатка жетип же болбосо эч бир себепсиз эле, жалгыз Аллаху тааланын ырайымы менен кечирилүүсү мүмкүн. Кичине күнөөлөр кечирилбесе, Тозокто азап чегет. Кул акысы бар адамдын күнөөлөрүнүн кечирилүүсү кыйын жана азаптары өтө оор болот. Жубайынын махрын бербөө жана адамдардын хак динди үйрөнүүлөрүнө тоскоол болуу - кул акыларынын эң чоңу болуп саналат. Хадис-и шарифте мындай деп айтылган: "Ушундай бир заман келет, адамдар иштеп тапканын адалдан же арамдан экенин ойлобойт” жана "Ушундай бир заман келет, Ислам динин кармануу колунда от кармап тургандай кыйын болот”. Ошондуктан арам нерселердин баарынан жана тахриман (арамга жакын) макрухтардан сактануу такыбаа болот. Фарздарды жана важиптерди таштоо арам. Суннат-и муаккаданы себепсиз таштоо тахриман макрух болот деп айтылган. Акыйдада (ишенимде), ахлакта (кулк-мүнөздө), амалда (ибадатта) буйрук кылынгандардан баш тарткан адамга кыяматта азап берилет. Азаптанууга себеп боло турган нерселерден баш тартуу зарыл. Мисалы, намаз окубоо жана аялдардын, кыздардын көчөгө ачык чыгуулары чоң күнөө. Күнөөдөн тыйылуу, мисалы, күн сайын беш маал намазды окуу өтө зарыл. Ал эми биз бул китебибизде баш тартылбоосу зарыл болгондорду эмес, тескерисинче баш тартылуусу зарыл болгон нерселер тууралуу баяндайбыз.

Орундалбоосу зарыл болгон нерселер белгилүү бир дене мүчөсү аркылуу жасалат же болбосо бүткүл дене аркылуу жасалат. Күнөө кылуучу дене мүчөлөрүнүн сегизи белгилүү. Булар: көңүл (жүрөк), кулак, көз, тил, кол, ашказан, жыныстык органы, бут. Көңүл - адамдын көкүрөгүнүн сол жагындагы жүрөк деп аталган эт бөлүгүнө үйлөнгөн руханий абал, сезим. Рух сыяктуу, зат эмес мужаррид (жалгыз) болмуш. Күнөө кылган бул мүчөлөрдүн өздөрү эмес, буларда боло турган сезимдин кубаттары. Дүйнөдө жана акыретте бакытка жетүүнү, ыракат өмүр сүрүүнү каалаган адам ошол дене мүчөлөрүнүн күнөө кылуусуна тоскоол болушу керек. Күнөө кылбоо деген нерсе жүрөгүндө табият, адат болуп калышы керек. Намаз окуй турган, арам кылбай турган сүннү адам "муттаки” (такыбаа жана "салих” (жакшы адам) деп аталат. Аллаху тааланын ыраазычылыгына, сүйүүсүнө жетүү аркылуу Аллахтын "олуясы" болот. Көңүлдө табигый түрдө болбой, өзүн кыйнап күнөөлөрдөн сактануу аркылуу такыбаа болсо да, олуя болуу үчүн күнөө кылбоо табигый мүнөзгө айлануусу зарыл. Ал үчүн көңүлдүн жаман мүнөздөн арылуусу керек. "Көңүлдүн тазалануусу, Ислам динине моюн сунуу менен гана болот.” Ислам дини үчкө бөлүнөт: илим, амал, ыклас. Биринчиси - буйруктар менен тыюуларды үйрөнүү. Экинчиси - үйрөнгөндөрү менен амал кылуу. Үчүнчүсү - буларды бир гана Аллаху тааланын ыраазычылыгы үчүн кылуу. Курани каримде ушул үчөө буйрук кылынып, макталган. Бул китепте жүрөктү тазалоо үчүн бир гана баш тартылуусу зарыл болгон күнөөлөр айтылат. Булар "жаман кулк-мүнөз” деп аталат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш