Ислам дини » Адеп-ахлак » Ислам Ахлагы » Жаман мүнөз жана анын дарылары




Жаман мүнөз жана анын дарылары


Мусулман баарынан мурда өз көңүлүн тазартуусу зарыл. Себеби, көңүл - бүткүл дененин башчысы. Бүткүл дене көңүлдүн (жүрөктүн) кол астында.

Пайгамбарыбыз "саллаллаху алейхи ва саллам”: "Адамдын денесинде бир эт бөлүгү бар. Ал жакшы болсо, бүткүл мүчөлөр жакшы болот. Ал жаман болсо, бүткүл мүчөлөр жаман болот. Ал – калб (көңүл)”, - деп айткан. Б.а. бул - жүрөк деп аталуучу эт бөлүгүндөгү көңүл. Көңүлдүн таза болуусу - жаман мүнөздөн тазарып, жакшы мүнөз менен кооздонуу дегенди билдирет. Адамдын сырткы көрүнүшү, кебетеси "дене”, "халк” деп аталат. Адамдын жүрөгүндөгү абал "кулк мүнөз” деп аталат. Көңүлдүн оорулары "Ахлаки замима” деп аталат. Булардын айыгуусу өтө оор. Ал үчүн дарыларын жакшы билүү жана жакшы колдонуу керек. Кулк-мүнөз - жүрөктөгү адат, каалоо, ал-ахвал деген сөз. Адамдын итикады, сөздөрү, аракеттери, бардыгы дагы ошол кубаттан улам пайда болууда. Эрктүү аракеттери мүнөзүнүн таасиринен пайда болот.

Мүнөздү өзгөртүүгө болот. Жаман мүнөздөрдөн арылып, жакшы мүнөздөрдү алуу аркылуу өзүн-өзү тарбиялоо мүмкүн. Хадис-и шарифте: "Мүнөзүңөрдү жакшырткыла!” - деп буюрулган. Ислам мүмкүн болбогон нерселерди буйрук кылбайт. Тажрыйбалар да ушундай экенин көрсөтүүдө. (Тажрыйба - анык далилге кол жеткизүүгө себеп боло турган үч ыкманын бири. Бул ыкмалардын экинчиси, Мухбири Садыктын (ишеничтүү кабарчы-пайгамбардын) кабар берүүсү. Үчүнчүсү, эсептеп билүү.) Адамдардын өз мүнөздөрүн өзгөртө алуу таланты бирдей эмес.

Мүнөздүн булагы, себеби - адамдын рухундагы үч кубат. Биринчиси, рухтун "идрак” (ойлоо) кубаты. Ал "нутк” жана "акыл” деп аталат. Нутктун көрөгөчтүк кубатынын орточо деңгээли "хикмат” (даанышмандык) деп аталат. Хикмат - жакшыны жамандан, туураны жаңылыштан ажыратуучу кубат. Бул кубаттын керектүү өлчөмдөн көп болуусу "жарбаза”, б.а., акылдуусунуу деп аталат. Жарбаза болгон адам мүмкүн эмес нерселерди дагы түшүнүүгө аракет кылат. Муташабих (мааниси ачык болбогон) аяттарга маани берүүгө белсенет. Тагдыр маселесинде да ойлонбостон сөз козгойт. Жалган, куулук, сыйкыр сыяктуу зыяндуу нерселер менен алектенет. Бул кубаттын керектүү өлчөмүнөн аз болуусу "акмактык” деп аталат. Мындай адам жакшы менен жаманды айырмалай албайт. "Нутктун” амали кубатынын орточо деңгээли "адилеттүүлүк” деп аталат. Адилеттүүлүктүн азы көбү болбойт.

Мүнөздүн экинчи булагы "гадаб” (ачуу, каар) деп аталат. Бул айбан мүнөздүү рухтун кубаты. Жактырбаган, каалабаган нерсесине ачууланат. Бул кубаттын адамдын руху тарабынан тарбияланган орточо деңгээли "шажаат” (кайрат, кайраттуулук, эрдик, жүрөктүүлүк) деп аталат. Керектүү, пайдалуу иштерге умтулууга себеп болот. Мусулмандардын өздөрүнөн эки эсе көп болгон капырлар менен согушуулары, мазлумду залымдан куткаруулары мына ушуга жатат. Бул кубаттын чегинен артып кетүүсү "тахаввур” (агрессия) деп аталат. Андай адамдар кызуу кандуу болуп, тез ачууланышат. Бул кубаттын чегинен аз болуусу "жубн” (коркоктук) деп аталат. Андайлар керектүү иштерди дагы аткаруудан тартынат.

Рухтагы кубаттын үчүнчүсү "шахват” деп аталат. Айбан мүнөздүү рухтун өзүнө жага турган нерселерди каалоосу. Анын инсани рух тарабынан тарбияланган орточо деңгээли "иффет” (ар-намыс) деп аталат. Адам өз табиятынын муктаж болгон нерселерин Ислам динине жана адамгерчиликке ылайык жасайт. Бул кубаттын чегинен көп болуусу "шарах”(кумар, күнөөкөрдүк, уятсыздык) деп аталат. Андайлар адалдан болсун, арамдан болсун каалаган нерселерине кол жеткизе берүүгө аракет кылат. Башкаларга зыяндуу болсо дагы, каалаган нерсесине жетпей койбойт. Шахваттын чегинен аз болуусу "хумуд” (мүнөзү боштук, бошоңдук, кайраты жоктук) деп аталат. Бул жагдайда болгондор оорулуу болгондуктан же уялчаактыктан же коркоктуктан же болбосо текебердиктен улам муктаж болгон нерселерине кол жеткизүүдө кош көңүлдүү мамиле кылышат.

Жогоруда билдирилген орточо төрт даража: хикмат (даанышмандык), адалет (адилеттүүлүк), иффет (уялчаактык, ар-намыс) жана шажаат (кайраттуулук, эр жүрөктүүлүк) - жакшы мүнөздөрдүн негизи болуп саналат. Адам рухтун үч кубатынан хикматка багына турган болсо, калган экөөнө, гадаб менен шахватка да үстөмдүк кылып, башкара алат. Ушул экөөсүн, орточо даражалуу болгон иффет жана шахватка ээ кылып, бакыттуулукка кол жеткизет. Эгер акылдын көрөөгөчтүк (ойлоо) жөндөмдүүлүгү орточо даражадагы хикматты таба албай, андан көп же аз болсо, жаман мүнөздөр пайда боло баштайт. Чектен ашык болгон алты мүнөз ар дайым жаман болуп саналат. Орточо даражадагы төрт мүнөз да жаман ниет менен жасалса жаман болот. Байлыкка, мансапка жетүү үчүн динчил болуу, рия (мактануу) менен, адамдарга көрсөтүү үчүн намаз окуу же жихад кылуу хикматты жамандыкка пайдалангандык болот. Лаззатка же болбосо мансапка кол жеткизүү үчүн кээ бир каалоолордон баш тартуу иффетти жамандыкка колдонуу болуп саналат.

Жаман мүнөздөрдүн дарылары: Жаман мүнөздүн бардыгы үчүн орток дары - кандай оору экенин, анын зыяны менен себебин жана анын терсин, ага көрүлө турган чаранын пайдасын билүү болуп саналат. Кийин бул ооруну өзүндө издөө, табуу жана өзүнө диагноз коюу керек. Бул диагнозду ар ким өзү жасайт. Же болбосо бир аалымдын, жол көрсөтүүчү муршиддин билдирүүсү менен болот. Мусулман - мусулмандын күзгүсү. Адамдын өзүнүн кемчилигин көрүүсү өтө кыйын болот. Ошондуктан, ишеничтүү досунан сурап, өзүнүн кемчиликтерин билип алса болот.

Ишеничтүү дос - кооптордон, коркунучтардан коргой турган дос. Албетте, адал дос табуу өтө кыйын. Ошондуктан да хазрети Имам Шафии: "Адал дос менен таза алтын табуу өтө кыйын, чанда гана болот”, - деп айткан. Хазрети Умар "радыйаллаху анх” да мындай деген: "Досум мага кемчилигимди эскертти, достук сүннөтүнүн негизи да ушул.”

Адамга душмандарынын айткан сөздөрү дагы өз айыбын, кемчилигин билип алууга көмөктөшөт. Анткени, душман адамдын кемчилигин издеп, бетине айтат. Ал эми жакшы достор кемчилигин көрбөйт. Бирөө хазрети Ибрахим Адхамга келип айыбын, кемчилигин айтып берүүсү үчүн суранат. "Сен менин досумсун. Бардык абалың, аракеттериң мага сонун болуп көрүнөт. Кемчилигиңди менден эмес, башкалардан сура”, - деп айтат. Бирөөнүн кемчилигин көргөндө, ал кемчиликти өзүнөн издеп, бар болсо, андан кутулууга аракет кылуусу да жаман мүнөздөн кутулуунун жолдорунан бири. "Мусулман - мусулмандын күзгүсү” деген хадистин мааниси да ушул. Б.а., башканын айыбынан, кемчилигинен өзүнүн кемчилигин көрүү. Иса алейхиссаламдан: "Мындай көркөм мүнөздү кимден үйрөндүңүз?” - деп сурашканда, "Адамдарды карадым, жакпаган мүнөздөрдү албадым, жаккандарын мен дагы ишке ашырдым”, - деп жооп берет. Лукман Хакимден: "Адепти кимден үйрөндүңүз?” - деп сурашканда, "Адепсиздерден”, - деп айтат. Салаф-ус-салихиндин (алгачкы үч муундагы мусулмандар), сахабалардын, олуялардын (рахметуллахи таала алейхим ажмаин) өмүр-баяндарын, баштарынан өткөн окуяларды окуу дагы жакшы мүнөздүү болууга жардам берет.

Өзүндө жаман мүнөз болгон адам ага чалдыгуунун себебин издөө, себебин жоюуга, анын терсин жасоого аракет кылуусу керек. Анткени, көнүмүшкө айланган нерседен кутулуу өтө кыйын. Жаман нерселер напсиге жагымдуу болот.

Жаман нерсе жасап койгондо артынан риязат чегүүсү, б.а. напсиге оор келе турган нерсени жасоону көнүмүш кылып алуу дагы жаман мүнөздөн кутулуунун чарасы. Мисалы, бир жамандык кылсам садага беремин же болбосо орозо кармаймын, түндө туруп намаз окуймун деп сөз берүү керек. Напис мындай кыйын нерселерди кылбоо үчүн буларга себеп боло турган жаман адаттарын кылбай турган болот. Жаман мүнөздүн зыяндары тууралуу окуу, тыңдоо да пайдалуу. Булар тууралуу айтылган хадис-и шарифтер да көп. Булардан бир канчасы төмөндөгүлөр:

1- "Аллахтын алдында жаман мүнөздөн да өткөн чоң күнөө жок.” Себеби, адам анын күнөө экенин билбейт. Билбегендиги үчүн тообо да кылбайт. Жасаган сайын күнөөсү кат-кат көбөйө берет.

2- "Адамдардын эч тартынбай, кысылбай жасай турган күнөөлөөрү - жаман мүнөздүү болуусу.”

3- "Ар бир күнөөнүн тообосу болот. Жаман мүнөздүн тобосу болбойт. Адам жаман мүнөзүнө тообо кылбай, андан да жаманын жасайт.”

4- "Ысык суу музду кандай эрите турган болсо, жакшы мүнөз дагы каталарды ушундай эритет. Уксус балды буза тургандыгы сыяктуу, жаман мүнөз да жакшылыктарды жок кылат.”

Жаман ниет аралашпаган хикмат, адилеттик, иффет жана шажаат - жакшы мүнөздүн кайнар булагы. Жакшы мүнөздүү болуу үчүн салих жана жакшы мүнөздүү адамдар менен дос болуу керек. Адамдын мүнөзү досунун мүнөзү сыяктуу болот. Мүнөз - жугуштуу оору сыяктуу. Ошондуктан жаман мүнөздүү адам менен дос болбоо керек. Хадис-и шарифте: "Адамдын дини, досунун дини сыяктуу болот”, - деп айтылган. Пайдасыз нерселерден, оюндардан, зыяндуу тамашалашуудан жана талашып-тартышуудан алыс болуу керек. Илим үйрөнүп, пайдалуу нерселер менен алектенүү керек. Кулк-мүнөздү буза турган жана шахватты козутуучу уятсыз, жаман китептерди окубоо керек, мындай радио жана телеберүүлөрдөн сактануу керек. Жакшы мүнөздүн пайдаларын, арамдын зыяндарын жана Тозок азаптарын ар дайым эсте тутуу керек. Байлык, мансаптын артынан кубалагандардын эч бириси мураттарына, максаттарына жете алган эмес. Байлыкты, мансапты жакшылык үчүн издегендер, пайдалуу иштерде колдонгондор бакытка, берекеге кол жеткизген. Байлык менен мансап агып кетүүчү дарыяга окшойт. Байлык, мансап максат эмес, кайрымдуу, пайдалуу иштерди ишке ашыруу үчүн каражат болушу керек. Байлык, мансап деңизге окшойт. Өтө көп адамдар бул деңизде чөгүп кеткен. Аллаху тааладан коркуу бул деңиздин кемеси. Хадис-и шарифте:"Дүйнөдө калуучу эмес, жолоочу сыяктуу жашоо керек! Өлө тургандыгын эч качан унутпаш керек!” - деп айтылган. Адамдын өмүрү түбөлүк эмес. Дүнүйөнүн оюн-зоокторуна берилген сайын дарт-балээлер, кайгы менен кыйынчылыктар арта берет. Төмөндөгү хадис-и шарифтерди эч качан унутпоо керек:

1- "Ибадаты аз болгон кул, кыяматта жакшы мүнөзүнөн улам жогору даражаларга ээ болот.”

2- "Ибадаттардын эң оңой жана өтө пайдалуусу, аз сүйлөө жана жакшы мүнөздүү болуу.”

3- "Кулдун ибадаттары көп болсо да, жаман мүнөздөрү аны Тозоктун түбүнө алып барат, кээде куфурга алып барат.”

4- Бирөөнүн күндүзү орозо кармап, түнү бою намаз окуй тургандыгы, бирок, мүнөзү начар болгондугунан улам тили менен кошуналарына, досторуна күн көрсөтпөгөндүгү айтылганда Расулуллах алейхиссалам: "Андай болуу жакшы эмес. Анын бара турган жери, Тозоктун оту”, - деп айтат.

5- "Жакшы мүнөздү толуктоо, орнотуу үчүн жиберилдим.” Самави (Аллахтан келген) диндердин бардыгында жакшы мүнөздөр бар болчу. Ислам булардын баарын толуктоо үчүн жиберилди. Бул дин турганда жакшы мүнөздөрдү үйрөтө турган башка даректердин, башка адамдардын кереги жок. Ошондуктан, Мухаммед алейхиссаламдан кийин пайгамбар келбейт.

6- "Мүнөзү жакшы адам дүйнө жана акыреттин бакытына кол жеткизет.” Себеби, мүнөзү жакшы адам Аллаху таалага жана кулдарына карата болгон акыларын жана милдеттерин орундатат.

7- "Тышкы көрүнүшү жана мүнөзү жакшы болгон адамды Тозок оту күйгүзбөйт.”

8- "Өзүнөн алыстагандарга жакындоо, зулум кылгандарды кечирүү, өзүн махрум кылгандарга жакшылык кылуу жакшы мүнөздүү болуу дегенди билдирет.” Жакшы мүнөздүү адам өзүнө таарынгандарга жакшылык кылат. Байлыгына, абийирине, денесине зыян тийгизгендерди кечирет.

9- "Ачууланганда өзүн кармап жумшак мамиле кылган адамдын жүрөгүн Аллаху таала амандык менен ыйманга толтурат.” Андайлар убайымдан алыс болушат. Жамандык кылгандарга жакшылык кылуу - жакшы мүнөздөрдүн эң жогоркусу. Камил адам экендигинин белгиси. Мындай адамдардын душмандары доско айланат. Имам Газали "рахима-хуллахи таала” мындай дейт - "Инжил”де көрдүм, Иса алейхиссалам: "Жамандык кылганга жамандык менен жооп бербегиле! Оң бетиңерди урган адамга сол бетиңерди тозуп бергиле! Чапаныңды алган адамга шымыңды да бер!” - деп айткан.

Христиандардын азыркы колдорундагы ойдон чыгарылган "Инжил” деп аталган китептеринде да ушундай жазылганы "Зийа-ул кулуб” китебинде билдирилген. Христиандардын Испанияда, Кудуста, Индияда, Босния менен Герцоговинада мусулмандарга жана яхудилерге жасаган коркунучтуу зулумдуктары менен инквизация сотторунда бири-бирилерине жасаган кордуктары китептерде бар. Ошол жапайы аракеттери алардын чыныгы Инжилге багынбагандыктарын көрсөтөт.

Ар бир мусулмандын көңүлүнөн бардык жаман мүнөздөрдү чыгарып, ордуна жакшы, көркөм мүнөздөрдү орнотуусу керек. Бир канчасын гана чыгарып, бир азын эле орнотуу менен адам көркөм мүнөздүү боло албайт. Тасаввуф - адамдарды ушул кемелдикке (жогору даражага) жеткизе турган жол болуп эсептелет. Мындай болбогон жол тасаввуф деп аталбайт. Ар бир илимдин, ар бир өнөрдүн жасалмасы, бузулгандары боло тургандыгы сыяктуу, динден, Исламдан жана мусулманчылыктын көркөм ахлагынан кабары болбогон жалган, жасалма алдамчылар өздөрүн тарикатчы, шейх деп атап жүргөндөрү кездешүүдө. Аларга алданып калбоо керек, наадандардын, ахлаксыздардын китептерин окубоо, радиолорун тыңдабоо, тузактарына түшүп калбоо керек.

Жаман мүнөздөрдүн алтымыш түрү белгилүү. Алардын кырк түрү которулуп, бөлүмдөргө бөлүнүп, төмөндө жазылган. Алардан сактанган жана алардын терсин кылган адам көркөм мүнөздүү болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш