Ислам дини » Адеп-ахлак » Ислам Ахлагы » Байлык мансапка берилүү




Байлык мансапка берилүү


3- Көңүл ооруларынын, б.а., жаман мүнөздөрдүн үчүнчүсү байлыкка жана мансапка (атакка) болгон кумар. Төмөндөгү хадис-и шарифтер "Хуббурриясат” деп аталган бул оорунун диагнозун коюу жана дарылоо жолдорун билдирүүдө:

1) "Эки ачка карышкырдын бир короо койдун ичине кирип, тийгизген зыянына караганда байлык менен атакка болгон кумардын зыяны андан да көбүрөөк.”

2) "Адамга зыян катары дин жана дүйнө иштеринде бармак менен көрсөтүлүүсү жетиштүү.” Б.а., адамдын дин же дүнүйөлүк иштерде атактуу болуусу динине дагы, дүнүйөсүнө дагы өтө зыяндуу.

3) "Мактанууну жакшы көрүү адамды сокур жана дүлөй кылат. Күнөөлөрүн жана кемчиликтерин көрбөй турган болот. Дурус сөздөрдү, өзүнө айтылган насааттарды тыңдабай калат.”

Мансаптуу жана атактуу болууну каалоо адамдарда үч нерседен улам пайда болот: Биринчи себеп: Напсинин каалоолоруна жетүү. Напис тилектерине арам жолдордон кол жеткизүүнү каалайт. Экинчиси: өзүнүн жана башкалардын укуктарын залымдардан куткаруу жана мустахаб болгон, мисалы, садака берүү үчүн, жакшылык, кайрымдуулук кылуу үчүн, мустахаб болгон иштерди орундоо үчүн, мисалы, жакшы жеп-ичүү, кийинүү, жакшы үйлөрдө жашоо жана бала-бакыралуу болуп, ырахат жана бактылуу жашоо үчүн, ибадаттарына тоскоол боло турган нерселерден кутулуу үчүн жана Ислам динине, мусулмандарга кызмат кылуу үчүн мансап ээси болууну каалоо. Мындай ниет менен мансапка кол жеткизип жатканда рия сыяктуу жана туура нерселерди туура эмес нерселер менен аралаштырып жиберүү сыяктуу мусулманчылыкта тыюу салынган нерселерди кылбай турган болсо жана важибдерди, сүннөттөрдү таштабай турган болсо, мындай адамдын мансап ээси болуусу жаиз, жада калса, мустахаб. Себеби, жаиз жана зарыл болгон нерселерге жеткизе турган себептерди, каражаттарды жасоо дагы жаиз жана зарыл болот. Аллаху таала Курани керимде жакшы адамдарды кандай боло тургандыктарын билдирип жатып, алардын "Мусулмандарга имам (башчы) болууну каалагандыктарын” да билдирүүдө. Сулайман алейхиссалам: "Эй Раббим! Менден кийин эч кимге насип кылбай турган мүлктү (бийликти) мага ихсан кыл!” деп падыша жана башчы болууну тилеген. Мурдагы диндерден билдирилген жана тыюу салынбаган кабарлар динибизде дагы өтөт (өтүмдүү). Хадис-и шарифте: "Хак жана адилеттүүлүк менен бир күн башчы болууну, бир жыл үзгүлтүксүз (Аллахтын жолунда) согушуудан жакшы көрөм”, - деп айтылган. Бир хадис-и шарифте: "Бир саат адилеттүүлүк менен башкаруу, алтымыш жыл нафил ибадат кылуудан жакшыраак”, - деп билдирилди. Рия менен жана халал-харам аралаштырып бийлик-мансап ээси болуу жаиз эмес. Жакшы ниет менен болсо дагы жаиз эмес. Себеби, арамдар менен макрухтарды жакшы ниет менен болсо дагы кылуу жаиз эмес. Жада калса, кээ бир арамдардын жакшы ниет менен кылынуусу андан бетер күнөө. Ниеттин жакшы болуусу тааттарда, ибадаттарда пайдалуу болот. Мубах, жада калса, фарз болгон бир амал, ниетке байланыштуу күнөө болуп калышы мүмкүн. Күнөө кылган адамдын: "Сен жүрөгүмдү кара! Жүрөгүм (көңүлүм) таза. Аллах жүрөктү карайт” деген сөздүн жаңылыш, жада калса, зыяндуу экендиги ушул жерден да билинүүдө.

Мансап ээси болууну каалоонун себептеринин үчүнчүсү - напсини кубантуу. Напис байлыктан лаззаттанганы сыяктуу мансаптан да лаззаттанууда. Эгер мусулманчылыкка туура келбеген нерселер болбосо, напсин анын лаззаттанган нерсесине жеткизүү арам болбосо да, адамдын такыбаасынын аз экенин көрсөтөт. Мансап ээси болгондон кийин адамдардын көңүлүн табуу үчүн рия, кошоматчылык жана көшөкөрдүк кылуу коркунучу бар. Жада калса, мунафыктык (эки жүздүүлүк), хак менен батылды аралаштыруу жана куулук менен жалган сыяктуу коркунучтуу жагдайлар болушу мүмкүн. Адал менен арам нерсе аралашкан нерсени кылбаш керек. Мансап ээси болуунун ушул үчүнчү себеби арам эмес болсо дагы, жакшы болбогондугу үчүн дарысын билүү жана колдонуу керек. Баарынан мурда мансаптын убактылуу экенин, зыянын жана кообун ойлоо керек. Атактан жана урматка ээ болуп текебердик кылуудан кутулуу үчүн мусулманчылыкта мубах болуп, жаиз болуп, эл жактырбаган нерселерди кылуу керек. Илгери бир падыша захид (диндар) бир адамдын үйүнө конокко барыптыр. Захид киши падышанын жана жанындагылардын өзүнө жакын болгусу келип жатканын байкап калып, аларга зыяпат бериптир. Ошентип, даярдаган тамагын өзү ач көздүк менен, бат-бат жеп баштаптыр. Падыша бул жагдайды көрүп, захидди жактырбай кетип калыптыр. Захид анын артынан: "Алхамдулиллах! Раббим мени куткарды”- дептир. Мансап ээси болуу каалоосун кетире турган эң күчтүү дары - адамдардан узак болуу. Дин жана дүйнө үчүн керектүү милдеттердин сыртында адамдардын арасына аралашпоо керек. Хадис-и шарифте ушул дарыны колдонуу сунуш кылынууда.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш