Ислам дини » Адеп-ахлак » Ислам Ахлагы » Айыпталуудан коркуу




Айыпталуудан коркуу


4 - Көңүл ооруларынын төртүнчүсү - адамдардын жамандоолоруна, ушактоолоруна, айыптоолоруна таарынуу. Куфри жухудиге себеп боло турган нерселердин үчүнчүсү - адамдардан уялуу жана башкалардын жамандоолорунан, айыптоолорунан коркуу. Абу Талибдин капыр болуусунун себеби ушул эле. Абу Талиб хазрети Алинин "радыйаллаху анх” атасы жана Расулуллахтын "саллаллаху алейхи ва саллам” атасынын бир тууганы. Ал Расулуллахтын пайгамбар экенин билчү. Адамдардын жамандоолорунан коркуп жана айыпташат деп ойлоп, ыйман келтирбеди. Абу Талиб өлүм төшөгүндө жатканда Расулуллах "саллаллаху алейхи ва саллам” анын жанына келип: "Эй агам! Сага шафаат кыла алуум үчүн ла илаха иллаллах деп айт!” - деди. Жооп катары: "Эй инимдин уулу туура айтып жатканыңды билем. Бирок, адамдардын артыман "Өлүмдөн коркуп, ыйманга келиптир” деп айтууларын каалабайм.”- деди. Байдави тафсиринде Касас сүрөөсүнүн: "Сүйгөндөрүңдү хидаятка (туура жолго, ыйманга)келтирүү сенин колуңда эмес” дегенмаанидеги элүү алтынчы аяти каримасынын ошол кезде түшкөндүгү билдирилген. Башка бир риваят боюнча Курайш капырларынын чоңдору Абу Талибдин жанына келип: "Сен биздин жетекчибизсиң, айткандарың биз үчүн мыйзам. Бирок, сенден кийин Мухаммед менен (алейхиссалату вассалам) арабызда думанчылыктын улануусунан коркуудабыз. Ага айт! Динибизди жамандабасын.”- дешти. Абу Талиб Расулуллахты "саллаллаху алейхи ва саллам” жанына чакырып, уккандарын айтып берди. Расулуллахтын алар менен бир келишимге келбей тургандыгын түшүнгөндөн кийин мусулман экенин билдирүүчү кээ бир нерселерди айтты. Аны угуп, Расулуллах агасынын ыйман келтирүүсүн сурады. Ага Абу Талиб: "Адамдардын мени жамандоолорунан коркпогонумда ыйман келтирип, сени кубантмакмын”- дейт. Өлөр алдында бир нерселерди айтты. Эмне деп айтып жатканын уга алуу үчүн Абдуллах ибни Аббас "радыйаллаху таала анхума” ага жакын келип, "Ыйман келтиргенин билдирип жатат”, - деди. Абу Талибдин ыйман келтиргендиги шектүү. Ахли сүннөт аалымдарынын билдирүүсү боюнча ыйман келтирбеди. Имам Азам Абу Ханифа "рахима-хуллахи таала” Абу Талибдин капыр бойдон өлгөнүн айткан. Хазрети Али "радыйаллаху анх” Расулуллахка "саллаллаху алейхи ва саллам” келип: "Ыймансыздыкты тандаган агаңыз өлдү”- дегенде: "Жууп, кепиндеп, көм! Тыюу салынмайынча анын кечирилүүсү үчүн дуба кылабыз”- деп айтты. Бир нече күн үйүнөн чыкпай, ал үчүн көп дуба кылды. Сахабалардан кээ бирөөлөрү муну угуп, алар дагы капыр бойдон өлгөн туугандары үчүн дуба кыла башташты. Мындан улам "Тообо” сүрөсүнүн: "Пайгамбарлар жана ыйман келтиргендер өз туугандары болсо дагы мушриктер үчүн истигфар кылбоосу керек” маанисиндеги жүз он төртүнчү аяти каримасы түштү. Бир хадис-и шарифте: "Кыямат күнү капырлардан азабы эң жеңил боло турганы Абу Талиб. Буттарында оттон бут кийим болот жана анын ысыгынан мээси кайнайт”, - деп айтылган.

Адамдардын жамандоолорунан жана айыптоолорунан коркпоонун чарасы катары мына ушуларды ойлоо керек: Эгер адамдардын жамандоолору туура болсо кемчиликтеримди мага билдиришип жатат. Эми андай кылбоого чечим чыгардым деп, алардын мындай жамандоолоруна кубануу керек. Аларга ыракмат айтуу керек. Хасан Басриге (рахима хуллаху таала) бирөөнүн аны ушактап жатканы айтылды. Хазрети Хасан Басри өзүн ушактаган адамга бир табак халва жиберип: "Соопторуңду мага белек кылганыңды уктум. Жооп катары мына ушул таттууларды жиберип жатам”, - деди. Имам Азам Абу Ханифа (рахима хуллаху таала) хазиреттерине да бирөөнүн аны ушактаганын кабар беришти. Ага бир кесе алтын жиберип: "Бизге берген соопторун көбөйтө турган болсо, биз дагы акчасын көбөйтөбүз”, - деди. Ал эми, жамандоолор жалган болсо, жалаа болсо, зыяны аны айткан адамга болот. Анын сооптору мага берилет. Менин күнөөлөрүм ага жүктөлөт деп ойлоо керек. Жалаа жабуу, намима кылуу ушактоодон да жаман болуп саналат. Намима - мусулмандардын арасында сөз ташуу. "Мактубаты Масумия” китебинин 2-том, 123-катын окуңуз!)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш