Ислам дини » Адеп-ахлак » Ислам Ахлагы » Бидат итикад (Бидат ишеним)




Бидат итикад (Бидат ишеним)


6 - "Бидат итикад” деп - ыйман келтирүү зарыл болгон нерселерди бурмалап, жаңылыш, бузук ишенүүнү атайт. Ыймандын бузук жана бурмаланган болуусу. Мусулмандардын көпчүлүгү ушул жаман ооруга чалдыккан. Сезүү органдары менен түшүнүлбөй турган, эсеп менен жетүүгө болбой турган нерселерде акылды колдонуу жана акылдын жаңылган нерселерине ишенүү адамды ушул ооруга алып барат. Ар мусулмандын "итикадда мазхаб”дын эки имамынын бирине, б.а., "Матуриди” же болбосо "Ашари” мазхабынын бирине моюн сунуусу зарыл. Бул эки имамдын бирине багынуу адамды аталган оорудан куткарат. Себеби, "Ахли сүннөт” аалымдары "рахима-хумуллаху таала” акылдын күчү жетпей турган илимдерде бир гана Курани каримге жана хадис-и шарифтерге моюн сунушкан, акылдарын болсо ушул экөөнүн маанилерин издеп табуу жана түшүнүүдө гана колдонушкан. Ахли сүннөт аалымдары бул маанилерди сахабалардан тыңдап үйрөнүшкөн жана ушул үйрөнгөндөрүн китептерине жазышкан. Ал эми сахабалар болсо Расулуллахтан үйрөнүшкөн.

(Курани каримде жана хадис-и шарифтерде ачык билдирилген бир нерсеге ишенбеген же шектенген адам ыймансыз (Аллахтын душманы) болот. Ачык билдирилбеген, күмөндүү болгон буйруктарга жаңылыш маани берүү "бидат” болот. Курандан, хадистен жаңылыш маани чыгарган адам "ахли бидат” (бидатчы) деп аталат. Өзүнүн жеке түшүнгөндөрүн, пикирлерин Куран, хадис деген адам "зындык” деп аталат. Ушул жаңылыш түшүнгөн маанилерине ишенген адам бидатчы болот. Мындай нерсе болбойт, акылым кабыл кылбайт десе ыймансыз болот. Бир арамды мубах деген адам бир аятка же хадис-и шарифке таянып айтып жаткан болсо, ыймансыз болбойт, бидатчы болот. Абу Бакир менен Умардын халифа болуп шайланышы адилетсиз болду деп айтуу бидат. Халифалыкка укуктары жок болчу деп айтуу куфур болот. Мухаммед Шихристани (рахима хуллаху таала) "Милал жана Нихал” аттуу китебинде мындай дейт: "Ханафи мазхабынын аалымдары итикадда (ишенимде) Абу Мансур Матуриди (рахима хуллаху таала) хазреттерине моюн сунушкан. Анткени, Абу Мансур хазреттери усул менен фуруъда Имам Азам Абу Ханифанын мазхабында эле. "Усул”- акыйда, ишеним деген сөз. "Фуруъ” - Ислам өкүмдөрү деген сөз. Малики, Шафии жана Ханбали мазхабдарынын аалымдары итикадда Абул Хасан Ашари (рахима хуллаху таала) хазреттерине моюн сунушкан. Абул Хасан Ашари хазреттери Шафии мазхабында болчу. Шафии аалымдарынан Абул Хасан Али Субкинин уулу Абдулваххаб Тажуддини Субки (рахима хуллаху таала) айтат: "Ханафи аалымдарынын китептерин иликтеп чыктым. Он үч маселеде Шафии акыйдасынан бөлүнгөнүн көрдүм. Бирок, бул бөлүнүүлөрү аларды туура жолдон чыгарбайт. Негизде эч кандай айырмачылык жок. Экөө да тең хак, туура жолдо. Мухаммед Хадими (рахима хуллаху таала) "Барика” аттуу китебинде 317-бетинде Матуриди мененАшари мазхабдары арасындагы эң кичинекей айырмачылыктарды дагы кошуп эсептегенде, баарынын жетмиш үч экени билдирилген. Бидатчылардын сөзсүз Тозокко бара тургандыгы тууралуу "Хадика” жана "Барика” китептеринде узун жазылган.)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш