Ислам дини » Адеп-ахлак » Ислам Ахлагы » Хава-и нафс (Напсинин зыяндуу каалоолору)




Хава-и нафс (Напсинин зыяндуу каалоолору)


7 - Көңүл ооруларынын, б.а., жаман мүнөздөрдүн жетинчиси (напсинин каалоолору)на, шахваттарына, талаптарына, лаззаттарына багынуу. Мунун жаман экени аят-и карималарда ачык билдирилген. Напсинин каалоолорунун адамды Аллахтын жолунан адаштыра тургандыгы Курани каримде кабар берилген. Себеби, напси ар дайым Аллаху тааланы моюндабай танат, өжөрлөнүп, Ага каршы чыгууну каалайт. Ар бир иште напсинин талаптарын орундоо - напсиге табынуу болуп саналат. Напсиге баш ийген адам куфурга же бидатчы болууга же болбосо фыскка бет бурат, б.а., арам иштей баштайт. Абу Бакир Тамистани (рахима хуллаху таала) мындай дейт: "Напсиге баш ийүүдөн кутулуу - дүнүйө жакшылыктарынын эң жогоркусу. Себеби, напси Аллаху таала менен кулдун арасындагы пардалардын эң чоңу.” Сахл бин Абдуллах Тустери (х.283-ж. Басра) мындай дейт: "Ибадаттардын эң мыктысы - напсиге баш ийбөө.” Ислам бин Юсуф Балхи Хатем-ул-Асамга (х.237-ж) бир нерсени белек кылды. Хатем ал белекти кабыл кылганда андан муну кабыл кылуу напсинин каалоолорун орундоо болбойбу деп суралды. Хатем: "Кабыл кылуу менен өзүмдү төмөн, аны болсо жогору санадым. Белекти албай кайтарып бергенимде өзүмдү жогору, аны төмөн санаган болоор элем. Напсиме ошол жакмак”, деп жооп берди. Расулуллах "саллаллаху алейхи ва саллам” узун бир хадис-и шарифтин аягында мындай дейт: "Адамды балекеттерге учуратуучу нерселер үчөө: Сараңдык, напсиге баш ийүү, өзүн жакшы көрүү.” Имам Газали (рахима хуллаху таала) мындай дейт: "Аллаху тааланын адамга көмөктөшүүсүнө тоскоол болуучу пардалардын эң жаманы - "Ужб” болуп саналат. Ужб - өзүнүн кемчиликтерин көрбөй, жасаган ибадаттарын жактыруусу деген сөз. Иса "алейхиссалам” айтты: "Эй, хаварилер! Жел көптөгөн жарыктарды өчүргөн. Ужб дагы көптөгөн ибадаттарды өчүрүп, соопторун жок кылган.”

Хадис-и шарифте: "Үммөтүмдүн эки жаман мүнөзгө учуроолорунан катуу корком. Алар - напсиге баш ийүү жана өлүмдү унутуп, дүнүйөнүн артынан кубалоо”, - деп айтылган. Напсиге баш ийүү Исламга моюн сунууга тоскоол болот. Өлүмдү унутуу напсиге баш ийүүгө себеп болот.

Хадис-и шарифте: "Акылдуулуктун белгиси - напсини жеңип, ага ээ болуу жана өлгөндөн кийин зарыл боло турган нерселерди даярдап коюу. Акмактыктын белгиси - напсиге баш ийип, Аллаху тааладан кечирим, мээримдүүлүк күтүү”, - деп айтылган. Напсиге баш ийип, тообо жана истагфар кылбай, кечирим жана Бейишти күтүү акмактык болот. Себебин, шарттарын орундабай бир нерсени күтүү (таманни) деп аталат. Себептерин орундагандан кийин натыйжасын күтүү "рэжа” деп аталат. Таманни адамды жалкоолукка алып барат. Рэжа болсо эмгектенүүгө себеп болот. Напсинин жакшы көрүп, каалаган нерселери "хава” деп аталат. Напси жаратылышы боюнча жамандыктар менен зыяндуу нерселерди жакшы көрүүчү жана каалоочу.

"Ар дайым напсиден сактан,

Ишенбе ага эч качан,

Жетимиш шайтандан ашкан,

Өтө кооптуу душман” - деген саптар орундуу айтылган. Напсинин адамды арамдар менен макрухтарга сүйрөөсүнүн зыяндары айдан ачык. Анын каалоолору - хайвани (айбандарга таандык болгон каалоолор). Хайвани каалоолору болсо - бир гана дүнүйөлүк керектөөлөр. Адам бул каалоолордун артынан кубалаган сайын, акыреттик керектөөлөрүн даярдоо маселесинде артта калат. Өтө маанилүү болгон дагы бир нерсе: напси мубахтарга эч качан тойбойт. Мубахтарды жасаган сайын каалоолору да арта берет. Ошондо дагы тойбойт. Адамды арамдарга сүйрөй баштайт. Мындан башка, мубахтарды чектен тыш колдонуу кыйынчылыктарга, кайгыларга, ооруларга себеп болот. Мындай адам ар дайым курсагын, жыргалын гана ойлойт. Сараң жана маскара болот.

(Имам Раббани "рахима хуллаху таала” айтат: "Бардык болмуштардын (жаратылгандардын) негизи адем, б.а., жоктук. Бардык нерсе жок кезде Аллаху таала аларды жоктукта билчү. Илиминдеги бул адемдерге (жоктукка) Өзүнүн сыпаттарынан чагылдырды. Ошентип, жаратылыштардын негиздери пайда болду. Илимдеги ушул негиздерди сыртка чыгарды. Болмуштар пайда болду. Алманын данегинин алма дарагына негиз болуусу сыяктуу. Адамдын жаратылышын түшүнүү үчүн бир нерсенин күзгүдөгү чагылышкан сүрөтүн ойлойлу. Күзгүдөгү ушул көрүнүш ошол нерседен келген нурлардын күзгүдөгү чагылышкан сүрөттөрү. Күзгү адем (жоктук) сыяктуу. Адамдын көңүлү жана руху ушул нурларга окшойт. Күзгү адамдын денесине, айнектин жылтырагы болсо напсиге окшойт. Б.а., напсинин негизи - адем (жоктук). Көңүл жана рух менен эч кандай байланышы жок.” Напсиге баш ийген адам ар дайым Исламдын сыртына чыгат. Айбандарда акыл менен напси болбогондуктан алар керектөөлөрүн тапканда гана колдонушат. Бир гана денесине зыян бере турган нерселерден качышат. Ислам дини ыракатта жана тынчтыкта өмүр сүрүү үчүн зарыл болгон нерселерден жана дүнүйө лаззаттарынан пайдалуу болгондоруна тыюу салбайт. Буларга кол жеткизүүдө жана колдонуусунда акыл менен динге моюн сунууну буйрук кылат. Ислам дини адамдардын дүйнөдө дагы, акыретте дагы ырахат жана тынчтыкта жашоолорун каалайт. Ошондуктан акылга моюн сунууну буюрууда. Напсиге баш ийүүгө тыюу салууда. Акыл жаратылбаганда адам ар дайым напсиге баш ийип, балакеттерге кириптер болоор эле. Ал эми, напси болбогондо адам жашоосу жана көбөйүүсү үчүн, маданияттуу түрдө өмүр сүрүү үчүн керектүү болгон нерселерге кол жеткизүүдө арта калып, напси менен жихад кылуу (күрөшүү) сообунан куру калаар эле. Периштелерден жогору болуу жолу жабык калаар эле. Хадис-и шарифте мындай деп билдирилди: "Акыретте боло тургандар тууралуу силердин билгендериңерди айбандар да билгенде жегенге эт таба албайт элеңер!” Б.а., айбандар акыреттеги азаптардан корккондуктан жеп ичүүдөн тыйылар эле. Бир гана сөөгү менен териси калмак. Адамдарда напси болбогондо айбандар сыяктуу коркунучтан улам жеп-ичүүдөн тыйылып, жашай алышпайт эле. Адамдардын жашай алуулары напсилеринин гафлети жана дүнүйө лаззаттарын жакшы көрүүлөрү менен гана ишке ашат. Напси эки жагы курч бычак сыяктуу. Ушуну менен катар уулуу дары сыяктуу. Табыптын айтканына ылайык колдонгон адам анын пайдасын көрөт. Чектен тыш колдонгон адам болсо куруйт. Ислам напсинин өлтүрүлүүсүн, жок кылынуусун эмес, тарбиялануусун, андан пайдаланууну буйрук кылат.)

Напсинин Исламдын сыртына чыгуусун алдын алуу үчүн эки түрдүү жихад бар. Биринчиси: ага моюн сунбоо, анын каалоолорун орундабоо. Бул "Риязат тартуу” деп аталат. Риязат вара жана такыбаа аркылуу жүзөгө ашат. Такыбаа - арамдардан тыйылуу. Вара - харамдардан жана мубахтардын керегинен артыгынан тыйылуу. Жихаддын экинчиси: напсинин каалабаган нерселерин орундоо. Бул- мужахада деп аталат. Бардык ибадаттар мужахада болуп саналат. Ушул эки жихад напсини тарбиялайт. Адамды жетилдирет. Рухту кубаттандырат. Сыддыктардын, шейиттердин жана салихтердин жолуна жетүүгө себеп болот. Аллаху таала кулдарынын моюн сунууларына, ибадаттарына муктаж эмес. Кулдарынын күнөө кылуусу Ага эч кандай зыянын тийгизбейт. Кулдарынын напсилерин тарбиялоолору жана напсилери менен жихад кылуулары үчүн ушуларды буйрук кылган.

Эгер адамдарда напси болбогондо, адамдык касиеттер калбай, периштелик касиеттер пайда болоор эле. Ал эми, дене көптөгөн нерселерге муктаж. Жеп-ичүү, уктоо, эс алуу ж.б.у.с. Чабандеске ат керектүү болгондой адамга да дене керек. Атка жем-суу берип карап туруу керек болгондой денеге да көңүл бөлүп, кызмат кылуу керек. Себеби, ибидаттар дененин жардамы менен орундалууда. Бир адамдын түнү бою уктабай намаз окуп чыккандыгы айтылганда: "Ибадаттардын эң жакшысы аз болсо да үзгүлтүксүз орундалганы”, - деп билдирилди. Ибадаттардын үзгүлтүксүз орундалуусунун натыйжасында ошол ибадат кул үчүн көнүмүшкө айланат.

Ниет кылып, Исламга моюн сунуу "ибадат кылуу” деп аталат. Аллаху тааланын буйруктары жана тыюулары "ахкам-ы Исламия” жана "ахкам-ы илахийя” деп аталат. Буйрук кылынгандар "фарз”, тыюу салынгандар "харам” деп аталат. Хадис-и шарифте: "Ибадаттарды алыңар жеткенче орундагыла. Көтөрүңкү маанай менен орундалган ибадаттардын баасы өтө жогору болот”, - деп билдирилген. Дене жакшы эс алганда ибадаттар көтөрүңкү маанай менен орундалат. Дене менен мээ чарчап турганда жасалган иштен улам зеригүү пайда болот. Чарчоону кетирүү үчүн анда-санда мубах болгон нерселер менен денени сергитип туруу керек. Имам Газали "рахима-хуллаху таала” мындай дейт: "Көп ибадат кылганда дене чарчайт. Аракет кылгысы келбей калат. Ошол кезде уктоо менен же салих адамдардын өмүр баяндарын окуу менен же болбосо мубах болгон көңүл көтөрө турган нерселер менен денени эс алдыруу керек. Ушундай кылуу эригип ибадат кылуудан жакшыраак болот.”

Ибадат кылууда максат - мужахада кылып, напсини тарбиялоо жана көңүлгө ыракат берүү, көңүлдү Аллахка байлоо. "Намаз адамды жаман жана адепсиз нерселерди кылуудан коргойт”, - деп билдирилди. Сүйүү менен, көтөрүңкү маанай менен окулган намаз ушундай болот. Мындай көтөрүңкү маанайдын пайда болуусу үчүн напсинин мубах болгон нерселердеги каалоолорун керектүү өлчөмдө орундоо керек болот. Ушундай кылуу Исламга моюн сунуу болот. Ибадаттарга себеп болгон мубахтар да ибадат болуп саналат. "Аалымдын уйкусу сабатсыздын ибадатынан жакшыраак” деген хадис-и шариф ушул сөзүбүздүн далили. Көздөрүндө уйку менен таравих намазын окуу макрух болот. Уйкусу кеткенден кийин сергек болуп окуу керек. Уйку аралаш окулган намазда борпоңдук менен гафлет пайда болот.

(Жогоруда жазылгандарды жаңылыш түшүнүп албоо керек. Чарчоо жана эргүү пайда болгондо ибадат кечиктирилет бирок, ташталбайт. Фарздарды эч бир себепсиз таштап коюуу чоң күнөө. Алардын казасын орундоо фарз болот. Важиптердин да казасын орундоо важип болот. Сүннөттөрдү таштап койгон сүннөттүн сообунан куру калат. Себепсиз таштап коюуну адат кылып алса бул сүннөттөргө таандык болгон шафаатдан куру калат. Чарчоо, алсыздык, көңүлсүз болуу фарздарды убагынан кечиктирүү үчүн үзүр боло албайт. Убагынан кечиктирүүнүн күнөөсүнөн жана азабынан адам кутула албайт. Ахкам-и Исламиййага, б.а., фарздарга жана арамдарга маани бербөөнүн куфур экендиги акаид китептеринде билдирилген болчу. Ислам душмандары ушул жерде да жаштарды алдоого, Исламды ичинен жыгууга аракет кылышууда. Аларга алданып калбоо үчүн Ахли сүннөт аалымдары тарабынан жазылган фыкх жана илмихал китептерди окуп, фарздар менен арамдарды жакшы кылып үйрөнүүдөн башка чара жок.)


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш