Рия


9 - Көңүл ооруларынын, б.а., жаман мүнөздөрдүн маанилүүлөрүнүн алтымыш экенин билдирген элек. Алардын тогузунчусу - рия болуп саналат. Рия - бир нерсени болушунан тескерисин көрсөтүү. Көз бойоо, өзүн көрсөтүү, мактануу дегендик. Акыреттик амалдарды жасап, акыреттин жолунда экенин көрсөтүү аркылуу дүнүйөлүк максаттарга кол жеткизүү дегендик. Кыскасы, дүнүйөлүк пайда табуу үчүн динди колдонуу. Ибадаттарын көрсөтүп, адамдарга жакшы көрүнүү. (Сөздөрү же ибадаттары рия (Аллах үчүн эмес, адамдар үчүн болгон) максатында болгон адамдын диний сабаты болсо ал "мунафык” деп аталат. Диний сабаты жок болсо "дин азгыны” деп аталат. Табият таануу илимдеринен кабарсыз болуп, өзүн илимпозмун деп таанытып, жеке ойлорун табият таануу илимдери катары айтып, мусулмандарды алдоо, алардын диндерин, ыймандарын бузууга аракет кылуучу Ислам душмандары "зындык” же болбосо "илим азгыны” деп аталат. Дин азгындары менен илим азгындарына алданбоо керек.) Рия тек мажбурлап, икрах кылынганда (коркутулганда) гана жаиз болот. Икрах - бир адамды каалабаган нерсесин кылууга мажбурлоо дегенди билдирет. Өлүм же болбосо дене мүчөсүнүн бирин кесүү менен коркутулуу "мулжи икрах” деп аталат. (Залымдардын, каракчылардын кыйноого алуулары, жабырлоолору да мулжи икрахка жатат.) Мындай учурда мажбурланган ишти орундоо зарурат (кажет) болот. Камоо менен уруу-согуу аркылуу мажбурлоо жеңил икрах деп аталат. Жеңил икрахка учураган адамдын рия кылуусу жаиз эмес. Риянын карама-каршысы, тескериси - ыклас."Ыклас - дүнүйөлүк пайдаларды ойлобой ибадаттарын бир гана Аллаху тааланын ыраазычылыгы үчүн орундоо.” Ыкластуу адам ибадат кылганда башкаларга көрсөтүүнү оюна да келтирбейт. Ыкластуу адамдын ибадаттарын башкалардын көрүүсү анын ыкласына зыянын тийгизбейт. Хадис-и шарифте: "Аллаху тааланы көрүп тургандай ибадат кыл! Сен көрбөсөң да Ал сени көрүп турат”, - деп айтылган.

Башкалардын сүйүүсүнө жана мактоолоруна жетүү үчүн дүнүйөлүк иштер менен аларга жакшылык кылуу рия болот. Ибадат менен болгон рия андан да жаман. Аллаху тааланын ыраазычылыгын такыр ойлобой кылынган рия баарынан да жаман. Ибадат кылып, Аллаху тааладан дүнүйөлүк пайдаларды суроо рия болбойт. Жамгыр дубасына чыгуу, истихара кылуу дагы ушуга жатат. Жалданып имам, муфтий, мугалим болуп иштөө жана кыйынчылыктан, оорудан жана кедейликтен кутулуу максатында аят-и карималарды окуу да ушуга жатат деп айтылды. Буларда ибадат ниети да дүнүйөлүк пайда ниети да бар. Соода максаты менен ажыга баруу да ушундай. Ибадат ниети такыр эле жок болсо гана рия болот. Ибадат ниети көбүрөөк болсо сооп пайда болот. Ибадаттарын башкаларга көрсөтүү аларга үйрөтүү жана кызыктыруу ниети менен болсо рия болбойт жана көп сооп болот. Рамазан айында орозо кармоо рия болбойт. Аллаху тааланын ыраазычылыгы үчүн намазды баштап, кийин пайда болгон риянын зыяны жок. Рия менен орундалган фарздар сахих болот. Ибадат карызы орундалса да сооп болбойт. Этке болгон керектөөсүн камсыз кылуу үчүн курмандык чалуу жаиз эмес. Аллаху таала үчүн жана бир адам үчүн кошо ниет кылып курмандык чалуу жаиз эмес. Аллаху тааланын ыраазычылыгын көздөбөй бир гана ажыдан, газадан келген адам үчүн жана келген башчыны, бийлөөчүнү тосуп алуу үчүн союлган малдын эти леш (тарп) болот. Ал этти жеш арам болот. Риядан коркуп ибадатты таштап коюу жаиз эмес. Аллаху тааланын ыраазычылыгы үчүн намазга туруп, намазды окуп бүткөнгө чейин бир гана дүнүйөлүк иштерди ойлосо намазы сахих болот. Атак-даңкка себеп боло тургандай даражада кийинүү да рия болот. Дин адамдарынын таза, баалуу кийимдерди кийүүсү зарыл. Ошондуктан, имамдардын Жума жана Айт намаздарында баалуу кийимдерди кийүүсү сүннөт.

Атак-даңк үчүн вааз, насаат айтуу, китеп жазуу да рия болот. Вааз - амри маруф (диндин буйруктарын, жакшылыктарын үгүттөө) жана нахий мункар (күнөөлөрдөн, жамандыктардан тыйылууну насаат кылуу) дегенди билдирет. Талашып-тартышуу, башкалардан жогору көрүнүү жана мактануу үчүн илим үйрөнүү рия болот. Дүнүйөлүк нерселерге жетүү үчүн, б.а., байлыкка, мансапка кол жеткизүү үчүн илим үйрөнүү да рия болот. Рия - арам. Аллаху таала үчүн болгон илим Аллаху тааладан коркууну арттырат. Өз кемчиликтерин көрүүгө себеп болот. Шайтандын алдоосуна тоскоол болот. Илимин дүнүйөлүк пайдаларга, байлыкка, мансапка жетүү үчүн каражат кылып алган дин адамдары "улама-и су”, б.а., жаман дин адамдарыдеп аталат. Алардын бара турган жери - Тозок. Адамдардын жанында сүннөткө ылайык кылып, жалгыз калганда адептерине да уйбай кылынган ибадат рия болот.

Жасалган ибадаттын сообун кайтыш болгондорго же тирүүлөргө багыштоо жаиз. Ажылыктын, намаздын, орозонун, садаганын, окулган Курани карим, мавлид окуунун, зикир жана дубанын соопторун бирөөгө багыштоо Ханафи мазхабында жаиз. Аталган ибадаттарды акчага, соодалашып жасоо жаиз эмес. Аллаху таала үчүн Курани карим окуганга берилген белек алынат. Малики жана Шафии мазхабдарында садага, зекет жана ажылык сыяктуу акча менен орундалуучу ибадаттардын сообун багыштоо жаиз болуп, намаз, орозо, Курани карим окуу сыяктуу дене менен орундалуучу ибадаттардын сообу багыштоо жаиз эмес. Хадис-и шарифте: "Көрүстөндүн жанынан өтүп бара жаткан адам он бир жолу Ихлас сүрөсүн окуп, сообун маркумдарга хадия кылса (багыштаса), ага маркумдардын санындай сооп берилет”, - деп билдирилген. Ханафи мазхабындагы адам сообун багыштайт, Малики менен Шафии мазхабындагылар маркумдун кечирилүүсү үчүн дуба кылат.

Ибадаттардын сахих болуусун каалаган адам Аллаху тааланын ыраазычылыгы үчүн орундоого ниет кылуусу зарыл. Ниет көңүл менен кылынат. Бир гана ооз менен айтылса ниет кылынган болбойт. Көңүл менен ниет кылуу шарты менен ооз менен айтып ниет кылуу жаиз болот деп айтылды. Көңүл менен кылынган ниет менен ооздон кылынган ниет бирдей болбосо көңүлдөгү ниетке каралат. Бир гана касам ичүү андай эмес. Касам ичкенде айтылган сөз маанилүү. Ибадаттарда ниетти ооз менен айтуу тууралуу эч кандай хадис-и шариф да, кабар да жок. Төрт мазхабдын имамдары да билдирген эмес. Ниет - ибадат кылууну көңүлгө келтирүү, эске түшүрүү эмес. Аллаху таала үчүн орундоону каалоо, кайрат кылуу, умтулуу дегендик. Ниет ибадатты баштаарда кылынат. Алдын ала, мисалы, бир күн мурда кылынса ниет болбойт. Бул максат, каалоо, убада деп аталат. Мисалы, Ханафи мазхабында орозого ниет кылуунун убактысы бир күн мурда, күндүн баткандан баштап, эртеси күн "Дахва-и кубра” убактысына чейин.

Башкалардын күнөө кылуусуна себепчи болуп калбоо үчүн бир адамдын мубахтардан кечүүсү жакшы болот. Бирок, сүннөттөрдөн жада калса, мустахабдардан кечүүсү жаиз эмес. Мисалы, башкалардын ушактабоосу үчүн мисвак колдонууну, селде кийүүнү, башы ачык жүрүүнү жана эшекке минүүнү таштап коюу жакшы болбойт. Мисвак - мисвак жыгачынын же зайтун же тут жыгачынын талынан кесилген бутакча. Калыңдыгы бир бармактай, узундугу бир карыш болот. Аялдардын мисвактын ордуна сагыз чайноолору да жаиз. Мисвак таба албаган адам тиштерин баш бармагы жана шахадат бармагы менен (сөөмөй) ушалайт. Хазрети Башир Хафи көчөдө башы ачык жүрчү.

Күнөө кыла турган адамдын бул күнөөдөн тыйылуусу Аллаху тааладан корккондугу үчүн же адамдардан намыстангандыгы үчүн же болбосо башкалардын да ал күнөөнү кылуусуна себепчи болуп калбоо үчүн болот. Аллаху тааладан коркуп тыйылуунун белгиси - ал күнөөнү жашыруун болсо да кылбоо. Адамдардан намыстануу - бул алардын жамандоолорунан коркуу. Башкалардын күнөө кылуусуна себепчи болуу жашыруун күнөө кылгандан да жаман күнөө. Башкалардын бул күнөөнү кылгандыгынын күнөөсү да кыяматка чейин ошол күнөөгө себеп болгон адамга жазыла берет. Бир хадис-и шарифте: "Адам күнөөсүн дүйнөдө жашырса Аллаху таала да кыямат күнү бул күнөөнү кулдарынан жашырат.” Адамдарга өзүн вара, такыбаа экенин көрсөтүү үчүн күнөөлөрүн жашыруу жана жашыруун улантуу рия болот.

Ибадаттарын башкаларга көрсөтүүдөнхая кылуу, тартынуу жаиз эмес. Хая - күнөөлөрүн, айыптарын көрсөтпөө дегенди түшүндүрөт. Ошондуктан, вааз берүүдөн, амри маруф жана нахий мункар кылуудан (диний китептерди, илмихал китептерди жазуудан жана сатуудан) жана имам, азанчы болуудан, Курани каримди окуудан жана мавлид окуудан уялуу жаиз эмес. "Хая ыймандан” деген хадис-и шарифиндеги хая - жаман, күнөө нерселерди көрсөтүүдөн уялуу дегендик. Момун алгач Аллаху тааладан уялуусу зарыл. Ал үчүн ибадаттарын чын жүрөктөн, ыклас менен кылуу керек. Бухара аалымдарынан бири султандын уулдарынын көчөдө пайдасыз оюн ойноп жүргөнүн көрүп калат. Колундагы аса таяк менен аларды урат. Алар качып кетишет. Атасына барып даттанышат. Султан ал аалымды чакырып: "Султанга каршы чыккан адам камала тургандыгын билбейсиңби?” - дейт.

Аалым: "Аллахка каршы чыккан адамдын Тозокко бара тургандыгын билбейсиңби?” - деп жооп берет. 

Султан: "Амри маруф кылуу милдетин сага ким берди?” - деп сурайт.

Аалым: "Сени ким султан кылды?” - деп сураганда, султан: "Мени халифа султан кылды”, - деп жооп берет.

Аалым: "Мага амри маруф кылуу милдетин сенин халифаңдын Раббиси берди”, - дейт.

Султан: "Сага Самарканд шаарында амри маруф кылуу милдетин бердим”, - дегенде, аалым: "Мен өзүмдү бул милдеттен бошоттум”, - деп жооп берет.

Султан таң калып: "Бул жообуң мени таң калтырды. Уруксат берилбей туруп милдетериңди айттың, уруксат берилгенден кийин милдеттен бошогонуңду айтуудасың”, - дейт.

Аалым: "Сен азыр уруксат берген болсоң кийин дагы милдетимен бошотосуң. Ал эми Раббимдин берген милдетинен мени эч ким бошото албайт”, - дейт.

Бул сөздү уккан султан: "Менден эмне кааласаң ошону сура, берейин”, - дейт.

Аалым: "Мени жаш кезиме кайтар”, - дейт.

Султан: "Бул колуман келбейт”.

Аалым: "Бир буйрук жазып бер, Тозоктогу периштелердин башчысы Малик мени отто күйгүзбөсүн”.

Султан: "Бул да колуман келбейт”.

Аалым: "Менин ушундай бир улуу султаным бар, каалаганымдын баарын Андан сурайм. Тилегенимдин бардыгын берди, эч качан колуман келбейт деп айтпады”, -дейт.

Султан аалымга: "Мени дубаларыңда унутпа”, - деп эркин коё берет.

Хадис-и шарифте: "Башкаларга көрсөтүү үчүн намазын мыкты окуп, жалгыз калганда андай окубаган адам, Аллаху таалага акарат кылган болот” жана "Силерде болуусунан эң көп корко турган нерсем - ширк-и асгариге учуроолоруң. Ширк-и асгар - рия дегендик”жана "Дүйнөдө рия менен ибадат кылганга, кыяматта, эй жаман адам! Бүгүн сага сооп жок. Дүйнөдө кимдер үчүн ибадат кылган болсоң соопторуңду алардан сура деп айтылат” жана "Аллаху таала айтат: Менин шеригим жок. Башкасын мага шерик кылган соопторду андан сурасын. Ибадатыңарды ыклас менен кылгыла! Аллаху таала ыклас менен кылынган иштерди кабыл кылат”, - деп билдирилди. Ибадат Аллаху тааланын ыраазычылыгына жетүү үчүн кылынат. Башкалардын сүйүүсүнө, жакшылыгына кол жеткизүү үчүн кылынган ибадат ага табынуу, сыйынуу болуп саналат. Аллаху таалага ыклас менен ибадат кылуубуз буйрук кылынды. Хадис-и шарифте: "Аллаху тааланын бир экенине ыйман келтирген жана намаз менен зекетин ыклас менен орундагандан Аллаху таала ыраазы болот”, - деп айтылды. Расулуллах "саллаллаху алейхи ва саллам” Муаз бин Жабалды "радыйаллаху таала анх” Йеменге башчы кылып жиберип жатканда: "Ибадаттарыңды ыклас менен кыл. Ыклас менен кылынган аз амал кыяматта сага жетиштүү болот” жана "Ибадаттарын ыклас менен кылгандарга сүйүнүчтөр болсун. Алар - хидаят(туура жол) жылдыздары. Фитналардын караңгылыгын жок кылышат” жана "Дүйнөдө арам кылынган нерселер - наалатталган. Бир гана Аллаху таала үчүн кылынган нерселер барктуу”, - деп билдирилди. Дүйнө жакшылыктары өткүнчү. Өмүрү өтө кыска. Буларга кол жеткизүү үчүн динин берүү- акмактык. Адамдардын баары алсыз. Аллаху таала кааламайынча эч ким эч кимге пайдасын да зыянын да тийгизе албайт. Адамга Аллаху таала жетиштүү.

Аллаху тааладан коркуу зарыл, бирок, Анын ырайымынан да үмүт үзбөш керек. Үмүт коркууда көп болуусу керек. Мындай болгондун ибадаттары жагымдуу болот. Жаштарда коркуунун болуусу, карыларда үмүттүн көп болуусу зарыл деп айтылды. Оору кишилерде үмүттүн көп болуусу керек. Коркуусуз үмүт жана үмүтсүз коркуу жаиз эмес. Биринчиси кутула тургандыгына өтө ишенген болуу, ал эми экинчиси кутула тургандыгына такыр үмүтсүз болуу дегендик. Хадис-и кудсиде: "Кулумду мени кандай ойлогон болсо ошондой тосуп алам”, - деп билдирилди. Зумар сүрөөсүнүн 53-аяти каримасынын маанисинде: "Аллах бардык күнөөлөрдү кечирет. Ал - гафур, рахим”, - деп айтылды. Мындан үмүттүн көбүрөөк болуусу керек экендиги түшүнүлөт. "Аллахтан коркуп ыйлаган адам Тозокко кирбейт” жана "Мени билген нерселерди силер билгениңерде аз күлүп, көп ыйлаар элеңер” деген хадис-и шариф да хавфтын, б.а., коркуунун көп болуусу керектигин көрсөтүп турат.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш