Ислам дини » Адеп-ахлак » Ислам Ахлагы » Тул-и амал (Кумарын жыргатуу үчүн көп жашоону каалоо)




Тул-и амал (Кумарын жыргатуу үчүн көп жашоону каалоо)


Көңүл ооруларынын онунчусу "Тул-и амал”. Тул-и амал - завк жана сафа (жыргал, ыракат, оюн-зоок) кылуу үчүн узак өмүр сүрүүнү каалоо. Ибадат кылуу үчүн узак өмүр сүрүүнү каалоо тул-и амал болбойт. Тул-и амал ээлери ибадаттарын убагында кылышпайт. Тообо кылууну таштап коюшат. Көңүлдөрү катуу болот. Өлүмдү оюна да келтиришпейт. Вааз жана насааттан ибрет (үлгү, сабак) алышпайт. Хадис-и шарифте: "Лаззаттарды токтото турган нерсени көп ойлогула” жана "Өлүмдөн кийин боло тургандарды силер билгендей жаныбарлар билгенде, жеш үчүн семиз жаныбар таба албайт элеңер” жана "Күнү-түнү өлүмдү эстеп жүргөн адам кыямат күнү шейиттер менен бирге болот”, - деп билдирилди. Тул-и амал ээси дайыма өмүрүн бир гана дүнүйөлүк байлык менен мансапка кол жеткизүү жолунда өткөрөт. Акыретти унутат. Жалгыз гана завк жана сафасын ойлойт. Бала-бакырасын бир жылдык азык-түлүгүн камдап коюу тул-и амалга жатпайт. Бир жылдык нафака "хаваиж-и аслиййа” деп аталат. Бул зарыл каражаттар болуп эсептелип, нисаб өлчөмүнө (байлык эсебине) кошулбайт. Буга ээ болгон адам бай болуп саналбайт. Буга ээ болбогон бойдок адамдын кырк күндүк азыгын сактоосу жаиз. Андан көп өлчөмдө сактоосу тобокелди бузат. Хадис-и шарифте: "Адамдардын эң жакшысы - өмүрү узак жана амалы жакшы болгон адам” жана "Адамдардын эң жаманы - өмүрү узак, бирок, амалы начар болгон адам” жана да "Өлүмдү тилебегиле. Кабыр азабы өтө оор. Өмүрү узак болуп, Исламга моюн сунуу - чоң бакыт” жана "Мусулманчылыкта агарган чачтар кыяматта нур болот”, - деп билдирилген.

Тул-и амалдын себептери - дүнүйөнүн оюн-зоокторуна аябай кумар болуу, өлүмдү унутуу жана ден соолугу менен жаштыгына алдануу. Тул-и амал оорусунан кутулуу үчүн ага себеп боло турган нерселерди жок кылуу керек. Ажалдын каалаган бир убакытта келип калышы мүмкүн экенин ойлоо керек. Ден соолуктун жана жаштыктан ажалга тоскоол боло албашын унутпоо зарыл. Балдардын жана жаштардын өлүмүнүн саны карылардан өлүмүнүн санына караганда көп болуп жаткандыгын статистикалар көрсөтүп турат. Көпчүлүк оорулуу кишилердин айыгып, бутка туруп кеткени, ал эми көпчүлүк ден соолугу чын адамдардын кокустан өлүп жаткандыгы да ар дайым көрүлүүдө. Тул-и амал ээси болуунун зыяндарын жана өлүмдү эске алуунун пайдаларын ойлоо керек. Хадис-и шарифте: "Өлүмдү көп эске алгыла. Аны ойлоо адамды күнөө иштерден коргойт жана акыретке зыяндуу болгон нерселерден сактанууга себеп болот”, - деп айтылды. Сахабалардан Бера бин Азиб "радыйаллаху таала анх” айтат: "Бир жаназаны алып бардык. Расулуллах "саллаллаху алейхи ва саллам” кабырдын башына отурду. Ыйлай баштады. Ыйык көз жаштары топуракка тамды. Кийин: "Эй, досторум! Баарыңар мына ушуга даярдангыла!” - деп айтты. Омар бин Абдулазиз (рахима хуллаху таала) бир аалымды көргөндө насаат айтуусун суранды. Ал: "Сен азыр халифасың, өзүң каалагандай буйрук кыласың. Эртең өлөсүң”, - деди. Дагы бир аз айт дегенде: "Адам алейхиссаламга чейин бардык ата-бабаларың өлдү. Эми кезек сага жетти” деди. Халифа узак ыйлады. Хадис-и шарифте: "Адамдарга вааз(насаат)катары өлүм жетет. Байлык сураганга казама жана тагдырыма ыйман келтирүү жетиштүү”, - деп айтылды жана "Адамдардын эң акылдуусу өлүмдү көп эстегени. Өлүмдү көп эстеген адамга дүйнөдө аброй, акыретте бийик даражалар насип болот” жана "Аллаху тааладан уялгыла. Башкаларга кала турган нерселерди жыйноо менен убактыңарды текке кетирбегиле. Жете албай турган нерселерге ээ болууга аракет кылбагыла. Керегинен артык имараттарды салуу менен өмүрүңөрдү өткөрбөгүлө” жана "Үйлөрүңөрдү арам заттар менен салбагыла. Диндериң менен дүйнөңөрдүн бузулуусуна себеп болот” жана өтө жакшы көргөн Усама бин Зайддын "радыйаллаху таала анх” бир айдан кийин төлөө шарты менен жүз алтынга бир кул сатып алганын укканда: "Силер ага таң калбадыңарбы? Усама тул-и амал ээси болуптур”, - деп айтты. Өтө зарыл заттарды карызга алуу жаиз. Бир хадисте: "Бейишке кирүүнү каалаган адам тул-и амал ээси болбосун. Дүнүйө иштери менен алектенүү өлүмдү унуттурбасын. Арамды жасоодо Аллаху тааладан уялсын”, - деп билдирилди. Арам болгон лаззаттардын ичинде өмүр сүрүү үчүн тул-и амал ээси болуу арам. Мубахтар менен зооктонуу үчүн тул-и амал ээси болуу арам болбосо да жакшы эмес. Узак өмүр сүрүүнү эмес, ден соолугу чың болуп, аманчылыкта жакшылыктарды кылып өмүр сүрүүнү каалоо керек.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш