Ислам дини » Адеп-ахлак » Ислам Ахлагы » Тама (Дүнүйө лаззаттарын арам жолдордон издөө)




Тама (Дүнүйө лаззаттарын арам жолдордон издөө)


Жүрөк ооруларынын он биринчиси – тама. Дүнүйө лаззаттарын арам жолдор менен издөө "тама”деп аталат. Таманын эң жаманы, адамдардан күтүү. Текебердикке, ужбка себеп боло турган "нафил” ибадаттарды кылуу жана акыретти унуттура турган "мубах”тарды кылуу да тама болот. Таманын карама-каршысы "тафвиз” деп аталат. Тафвиз – адал жана пайдалуу нерселерди табууга аракет кылып, аларга жетүүнү Аллаху тааладан күтүү.

Шайтан рияны ыклас сыяктуу көрсөтүп, таманы болсо тафвиз сыяктуу көрсөтүп, адамдарды алдоого аракет кылат. Аллаху таала ар бир адамдын көңүлүнө бир периштени милдеттендирген. Ал периште адамга жакшы ойлорду "илхам” салат. Шайтан да адамдын көңүлүнө жаман ойлорду "васваса” салат. Адал жеген адам илхам менен васвасаны бири-биринен айырмалай алат. Арам жей тургандар айырмалай албайт. Адамдын напсиси да көңүлгө жаман ойлорду салат. Бул жаман ойлор жана каалоолор "хава” деп аталат. Илхам жана васваса туруктуу болбойт. Напсинин хавасы болсо туруктуу жана барган сайын арта берет. Васваса дуба кылуу жана зикир чалуу аркылуу азайып, жок болот. Хава болсо бир гана күчтүү "мужахада” (күрөшүү) аркылуу азайып, жок болот. Шайтан итке окшойт. Ит кууп жиберилсе качат. Бирок, башка жактан кайра келе берет. Ал эми напси болсо жолборско окшойт. Чабуулу бир гана ал өлтүрүлгөндө токтойт. Адамдарга васваса берүүчү шайтан ошондуктан "ханнас” деп аталган. Адам шайтандын бир васвасасына алданбаса, шайтан андан баш тартат. Башка васвасага баштайт. Нафс-и аммара (тарбияланбаган напси) дайыма зыяндуу нерселерди каалайт. Шайтан болсо сообу көп болгон иштерге тоскоол болуу үчүн сообу аз иштерди жасатууга да васваса кылат. Чоң күнөөгө тартуу үчүн аз жакшылык кылууга да васваса кылат. Шайтандын васвасасы болгон кайырлуу иш адамга жагымдуу келет жана ашыгып, тез жасоону каалайт. Ошондуктан, хадис-и шарифте: "Ашыгуу – шайтандан. Беш нерсе болсо ага жатпайт: Кызын турмушка чыгаруу, карызын төлөө, жаназа кызматтарын тез орундоо, конокту тойдуруу, күнөө кылганда дароо эле тообо кылуу”, - деп билдирилген. "Эшиат-ул-лемеат” китебинде намазды кечиктирбөө керек деген бөлүмүндөгү хадис-и шарифте: "Эй, Али! Үч нерсени кечиктирбе! Намазды алгачкы убагында оку! Даяр болгон жаназа намазын дароо оку! Жесирди же кызды теңи сураганда дароо бер!” Б.а., намазын окуй турган жана күнөө кылбай турган, нафакасын адалдан тапкан бири чыкканда, дароо ага бер деп билдирилди. Илхам менен болгон жакшы иш Аллаху тааладан коркуп, шашпай жасалат жана натыйжасы ойлонулат. Бир хадисте: "Периштеден келген илхам Исламга ылайык болот. Шайтандан келген васваса болсо Исламдан айрылууга себеп болот”, - деп кабар берилген. Адамдын илхам кылынган нерселерди жасоосу зарыл. Васвасага алданбоо үчүн аракет кылып, күрөшүүсү зарыл. Напсисине моюн сунган адам васвасага берилип кетет. Напсинин каалоолоруна моюн сунбаган адамдын илхамга моюн сунуусу оңой болот. Бир хадис-и шарифте: "Шайтан жүрөккө васваса салат. Аллахтын аты зикир кылынып, айтылганда качат. Айтылбаса васвасаларын улантат”, - деп билдирилген. (Зикир чалууну зарыл экендиги ушул хадис-и шарифтен да белгилүү болууда.) Көңүлгө келген ойдун түрүн аныктоо үчүн Исламга ылайык же ылайык эместигине каралат. Эгер бул жол менен аныкталбай турган болсо анда салих бир аалымдан суралат. Салих эмес, динди дүнүйөлүк пайда табуу үчүн колдонгон жаман дин адамынан суралбайт. Же болбосо, Расулуллахка "саллаллаху алейхи ва саллам” чейин устаздарынын баары белгилүү болгон чыныгы бир жол көрсөтүүчү аалымдан суралат. "Кутб-и мэдар” деп аталган олуялар аз да болсо кыяматка чейин болот. "Кутб-и иршад” деп аталган Ахли сүннөт аалымы ар доордо жана ар жерде табыла бербейт. Көп убакыт аралыгында бир жана сейрек кездешет. Бүт жерде көптөп табылуучу сабатсыз тарикатчыларды жана жасалма шейхтерди чыныгы жол көрсөтүүчү деп санабоо керек. Мындайлардын тузагына түшүп, дүйнө жана акырет бактылуулугунан куру калбаш үчүн өтө сак болуу керек. Көңүлгө келген ой напсисине оор келсе бул анын кайырлуу экенин билдирет. Напсисине жагымдуу келип, дароо жасагысы келсе жаман экендиги түшүнүлөт.

Шайтандын куулуктары өтө көп. Булардын ону өтө маанилүү: Биринчиси: "Аллаху таала сенин ибадаттарына муктаж эмес”, - деп айтат. Ага каршы: "Салих амалдын пайдасы аны жасаганга” деген маанидеги Бакара сүрөсүнүн алтымыш экинчи аятын эске түшүрүү керек.

Шайтандын экинчи куулугу: "Аллаху таала ырайымдуу жана карим (кечиримдүү), сени да кечирет, Бейишке киргизет”, - дейт. Буга каршы Лукман сүрөсүнүн отузунчу аятындагы: "Аллахтын карим болуусу силерди алдабасын” жана Марям сүрөсүнүн алтымыш үчүнчү аятынын, "Бейишке кулдарыбыздан муттаки (такыбаа) болгондорду мураскор кылабыз” деген маанисин эске түшүрүү керек.

Үчүнчү куулугу, "Сенин ибадаттарыңда ар дайым кемчилик бар. Рия аралашкан. Мындай ибадаттар менен такыбаа боло албайсың. Аллаху таала Маида сүрөсүндө: "Аллах тек гана такыбаалуу аамдардын ибадаттарын кабыл кылат”, - деп айтууда. Сенин ибадаттарың кабыл болбойт. Мунун баары куру убаракерчилик. Куру бекер, себепсиз эле таяк жеген айбан сыяктуу өзүңдү кыйнап жүрөсүң”, - дейт. Буга каршы, "Мен Аллаху тааланын азабынан кутулуу жана буйруктарына моюн сунуу үчүн ибадат кылып жатамын. Менин милдетим буйрукту орундоо. Кабыл кылып же кылбай тургандыгын Анын өзү билет. Шарттары туура жана фарздары толук орундалган ибадаттардын сахих болуусу шексиз”, - деп айтуу керек. Фарздарды таштап коюу чоң күнөө. Бул күнөөлөрдөн кутулуу үчүн ибадаттарды орундоо зарыл. Ибадат кылбастан Бейишке кирүү үчүн дуба кылуу күнөө. Хадис-и шарифте: "Акылы бар адам напсисине моюн сунбайт жана ибадат кылат. Ал эми акмак болсо напсисине моюн сунуп, анан Аллахтын ырайымын күтөт”, - деп билдирилген. Акыретке керектүү нерселерди бул фаний[1] дүйнөдө камдап алуу керек.

Шайтандын куулуктарынын төртүнчүсү: "Азырынча иштеп, дүнүйөлүк байлык таап, жагдайыңды жакшыртып ал. Ошол кезде эркин, ыракат ибадат кыласың”, - деп ибадат кылууга тоскоол болот. Буга жооп катары: "Ажал менин колумда эмес. Ар кимдин өмүрүн Аллаху таала эзелде тагдырына жазылган. Балким жакында өлөөрмүн. Ибадат милдеттеримди убагында орундап калуум зарыл”, - деп айтуу керек. Хадис-и шарифте:"Халекел-мусаввифун” деп билдирилди, б.а., бүгүнкү милдеттерин эртеңки күнгө калтыргандар зыянга учурады дегени.

Шайтандын куулугунун бешинчиси, эгер ибадаттардан баш тарттыра албаса, "Тез окуп сал, убагыңды текке кетирбе” деп намаздын шарттарын, фарздарын толук орундаттырбоого аракет кылат. Ага каршы, "Фарздар өтө аз. Буларды акырын жана шарттарына ылайык орундоо керек. Фарз болбогондорду да шарттарына ылайык аз орундоо, шарттарында кемчилик менен көп орундалгандан жакшыраак” деп айтуу керек.

Шайтандын куулуктарынын алтынчысы рияны сунуш кылат. "Баары сени көрсүн, жактырсын”, - дейт. Буга жооп катары, "Өзүнө пайда же зыян келтирүү эч кимдин колунда эмес. Башкаларына болсо эч пайда же зыян бере албайт. Мындай болгон адамдардан бир нерсени күтүү пайдасыз жана негизсиз. Пайда жана зыян берүүчү жалгыз гана Аллаху таала. Бир гана Анын көрүп тургандыгы мага жетиштүү деп айтуу керек.

Жетинчи куулугу катары, ибадаттарга тоскоол боло албай тургандыгына көзү жеткенде адамга ужб, б.а. ибадаттарын жакшы көрүү васвасасын берет. "Сен сыяктуу акылдуу, сергек адам барбы? Азыркы заманда адамдардын баары адашып, караңгылык уйкусунда жатканда сен ибадат кылып жатасың”, - дейт. Буга каршы "бул акыл менен сергектик менден эмес. Раббимдин мага берген жакшылыгы. Анын жакшылыгы болбосо, ибадат кыла албаймын”, - деп айтуу керек.

Сегизинчи куулугу катары "ибадаттарыңды жашыруун кыл. Ошондо Аллаху таала сенин махабатың менен абийириңди адамдардын көңүлүнө салат”, - деп жашыруун рияга түшүргүсү келет. Буга каршы "Мен Аллаху тааланын кулумун. Ал менен кожоюнум. Ибадаттарымды кааласа жактырат, каалабаса кабыл кылбай четке кагат. Адамдарга билдирип же билдирбөөсүнө мен аралаша албаймын”, - деп айтуу керек.

Тогузунчу куулугу катары да "ибадат кылуунун эмне кереги бар? Адамдардын "саид” "Бейиштик” же "шаки” "Тозоктук” экендиктери эзелде тагдырына жазып коюлган. Маңдайында саид деп жазылган адам ибадаттарын таштап койсо да кечирилип, Бейишке кирет. Эзелде шаки деп жазылганы канча ибадат кылса да пайдасы болбойт, сөзсүз Тозокко барат. Андай болсо өзүңдү бекерге кыйнаба! Жыргап жүрө берсең!” - деп айтат. Буга жооп катары "Мен кулмун, кулдун милдети кожоюнунун буйруктарын орундоо” деш керек. Эгер буга каршы "Буйрукту орундабаганда азап коркунучу пайда болсо, буйрукту орундоо зарыл болот. Эзелде саид деп жазылган адамда мындай коркунуч болбойт” десе, жооп катары "Раббим бардык нерсени билет жана каалаганын кылат. Каалаганына хайыр (жакшылык), каалаганына жамандык берет. Андан эсеп суроого эч кимдин акы жок” деп айтуу керек. Иблис Иса алейхиссаламга көрүнүп: "Эзелде Аллаху тааланын тагдырга жазгандары болот” дейсиң, туурабы? - деп сурады. Иса алейхиссалам: "Ооба, туура”, - деп жооп берди. "Андай болсо, өзүңдү ушул тоодон таштап көрчү. Эгер маңдайыңа тирүү калуу жазылган болсо сага эчтеке болбойт”, - деди. Иса алейхиссалам: "Эй малун! Аллаху таала кулдарын сынайт. Кулдун болсо кожоюнун сыноого акысы жок”, - деп жооп берди. Шайтандын мындай куулугуна каршы "Ибадат кылуу пайдалуу. Анткени, маңдайыма саид деп жазылган болсо сооптордун көбөйүүсү, даражалардын жогорулоосу үчүн ибадаттарды орундоо керек. Шаки болсом ибадат кылбоо азабынан кутулуу үчүн ибадат кыламын”, - деп айтуу керек. Ибадат кылуунун мага эч кандай зыяны да жок. Себеби, Аллаху таала - хаким. Ибадат кылгандарды азапка тартуу Анын хикматына жарашпайт. Ибадаттан баш тартуунун маңдайына саид деп жазылганга зыяны болбосо да пайдасы жок. Андай болсо ибадаттан эмнеге баш тартуум керек? Акылдуу адам пайдалуу нерсени кылат. Пайдасыз нерседен баш тартат. Маңдайыма шаки деп жазылган болсо Тозокко Раббимдин душманы болуп киргенден көрө моюн сунуп киргенди тандайм. Ошондой эле Аллаху таала ибадат кылгандарды Бейишке киргизип, ибадат кылбагандарды Тозокто азаптай тургандыгын убада кылган. Аллаху таала убадасында бекем. Убадасынан кайтпай тургандыгы бир ооздон айтылган.

Аллаху таала бардык нерсени себеп менен жаратууда. Адет-и илахиййасы (адаты) ушундай. Тек мужиза жана кереметте гана адатын бузат. Ибадаттарды Бейишке кирүүгө бир себеп кылгандыгын билдирүүдө. Б.а., Бейиштин жакшылыктарын ибадаттар үчүн сыйлык катары жараткан. Хадис-и шарифте: "Эч ким Бейишке ибадаты себеби менен кире албайт”, - деп билдирилген. Сыйлык башка, себеп болуу башка.

Шайтандын куулуктарынын онунчусу: "Ибадат кылуу эзелде маңдайына жазылган болсо аны орундоого мүмкүнчүлүгүң болот. Аллаху тааланын тагдырга жазганы өзгөрбөйт. Ибадат кылууда жана андан баш тартууда адамдар мажбур болууда”, - дейт. Шайтандын бул сөздөрү мурдакы айткан сөздөрү менен бирдей. Маңдайына эзелде саид деп жазылгандарга ибадат кылуу насип болот. Шаки деп жазылгандардын да баш тартуулары керек болот. Шайтандын бул куулугуна каршы, бардык нерсени жана адамдын жакшы, жаман ар ишин Аллаху таала жаратса да, адамдар менен жаныбарларга "ирада-и жузия” (тандоо эркиндигин) берген. Ирада-и жузия адамдын каалоосу менен ишке ашат. Бирок, муну адам жаратты деп айтылбайт. Анткени, ирада (каалоо) сыртта пайда боло турган, көзгө көрүнө турган нерсе эмес. Ал адамдын көңүлүндө пайда болот. Сыртта бар болгон нерсенин пайда болуусу "халк этүү” б.а., жаратуу деп аталат. Аллаху тааланын "Ирада-и куллия”сы болсо сыртта бар болгон бир кубат. Аллаху таала адамдын ыктыярдуу иш-аракеттерин жаратуу үчүн адамдын ирадасын (каалоосун) себеп кылган. Бул шарт болбосо да жаратат. Бирок, бул шарт менен, бул себеп менен жаратуусу Анын адаты болуп саналат. Пайгамбарларында "алейхимуссалавату ваттаслимат” жана олуяларында (каддасаллаху таала асрарахумул азиз) бул адатын (тартибин) бузуп, себепсиз да жараткандыгы көп көрүлгөн. Бул "керемет”деп аталат.

Адамдардын иштери тек ирада-и жузия менен (өз каалоосу менен) гана ишке ашпайт. Адамдын ар каалаганы боло бербейт. Ошондой эле, жалгыз Аллаху тааланын каалоосу менен жаратуу да адаты эмес. Ошондуктан, адамдар иш-аракеттеринде мажбур эмес. Адам каалайт. Аракет кылууну каалайт, күчүн колдонот. Аллаху таала дагы кааласа ал иш-аракет пайда болот. Шайтан: "Аллаху таала кааласа гана адам ибадат кылат, каалабаса кылбайт. Андай болсо, адам бир нерсени кылууга же кылбоого мажбур болууда. Адам иштесе да иштебесе да эзелде тагдырына жазылганын көрөт”, - деп алдайт. Адамдын иш-аракеттери тагдырына жазылганы боюнча орундалса да, орундалуусу үчүн адегенде адам ирада-и жузиясын колдонууда. Иштин орундалуусун де орундалбоосун адамдын өзү каалоодо. Адамдын иш-аракеттерин Аллаху тааланын эзелде жазуусу – адамдын эмнени каалай тургандыгын билүүсү жана каалоосу дегени. Буларды лавх-ул махфузда жазып койгон. Ошондуктан, кулдун мажбур болуусу кажет болбойт. Ислам аалымдарынан Саййид Абдулхаким хазреттери: "Эзелде каза менен тагдыр – Аллаху тааланын кулдарынын эмне кылууну каалай тургандыктарын билүүсү. Эмне кылууларын эзелде буйрук кылуусу эмес”, - деп билдирди. Б.а., каза менен тагдыр эмр-и эзели (эзелде буюрулган эмир) эмес, илм-и эзели (эзелде билүүсү) болуп саналат. Атап айтканда жабр-и мутахакким (жабыр берүүчү эмес) эмес, илм-и мутакаддим (мурдатан билүүчү) болуп саналат.

Бир адам башка адамдын бир күндүк кыла турган иштерин билсе жана ал иштерин кылуусун каалап, баарын бир кагазга жазса, ал иштерди кыла турган адамды мажбур кылган болбойт. Кыла турган иштеримди билчү элең жана кылуумду кааладың, кагазга да жазып койдуң. Андай болсо, бул иштерди сен жасадың деп да айта албайт. Себеби, ал мунун баарын өз каалоосу менен өзү жасаган. Ал адамдын билгендиги, каалагандыгы жана жазгандыгы үчүн кылган эмес. Аллаху тааланын эзелде билүүсү, каалоосу жана лавх-ул махфузга жазуусу да адамдарды мажбур кылуу болуп саналбайт. Аллаху таала эзелде каалагандыгы үчүн лавх-ул махфузга жазган. Кулдун эмне кыла тургандыгын билгендиги үчүн орундалуусун каалаган. Аллаху тааланын эзелдеги билүүсү, кулдун өз каалоосу менен жасай турган ишине байланыштуу. Кулдун иши да Аллаху тааланын ошол илими менен, каалоосу менен жана жаратуусу менен пайда болууда. Кул каалоосун колдонбосо (каалабаса) Аллаху таала кулдун каалоосун колдонбой тургандыгын (каалабай тургандыгын) эзелде билгендиги үчүн каалабайт жана жаратпайт. Демек, илим маалымга байланыштуу. Адамдардын каалоосу болбогондо адамдардын иштери бир гана Аллаху тааланын каалоосу менен жаратылганда адамдар мажбур деп айтылган болоор эле. Ахли сүннөт мазхабы боюнча адамдардын иш-аракеттери адамдын күчү менен Аллаху тааланын кудуретинин биригүүсүнүн таасиринен пайда болот.

[Адамдын көңүлү зат эмес. Электр жана магнит толкундарына окшойт. Орун ээлебейт. Бирок, денебиздин сол жагында жайгашкан жүрөк деп аталган эт бөлүгүндө кубаты жана таасирлери пайда болууда. Акыл, напси жана рух дагы көңүл сыяктуу нерселер. Бул үчөөнүн да көңүл менен байланышы бар. Адамдын көзү, кулагы, мурду, оозу жана териси менен сезген түс, үн, жыт, даам жана жылуулук, катуулук сыяктуу нерселер сезүү жолдору аркылуу мээге келет. Мээ өз кезегинде буларды дароо көңүлгө билдирет. Акылдын, напсинин, рухтун жана шайтандын каалоолору көңүлгө келет. Көңүл эмне кылуу керектигине чечим чыгарат, тандайт жана каалайт. Бул нерселерди же четке кагат, жок дейт, же болбосо мээге билдирет. Мээ дагы буларды аракет нервдери аркылуу дене мүчөлөрүнө билдирет. Дене мүчөлөрү Аллаху таала кааласа жана кубат берсе кыймылдап, көңүл каалаган жана ыктыяр кылган нерсе ишке ашат.]

[1] Өткүнчү, жалган.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш