Ислам дини » Адеп-ахлак » Ислам Ахлагы » Кибир (Текебердик)




Кибир (Текебердик)


12 - Көңүл  ооруларынын он  экинчиси  "кибир”  (текебердик). Текебердик - өзүн башкалардан жогору көрүү дегенди билдирет. Мындай адамдардын көңүлү өзүн башкалардан жогору көрүү менен ыракаттанат. "Ужб” да өзүн жогору деп билүү деген сөз. Ужбда башкаларды ойлобойт, бир гана өзүн жана ибадаттарын жакшы көрөт. Текебердик – жаман мүнөз жана арам болуп саналат. Жаратуучусун, Раббисин унутуунун белгиси. Дин адамдарынын көпчүлүгү ушул жаман ооруга чалдыккан. Хадис-и шарифте: "Көңүлүндө кымындай кибир болгон адам Бейишке кирбейт”, - деп билдирилген. Кибирдин карама-каршысы "Таваду” (карапайымдык, кичи пейилдик) деп аталат. Таваду өзүн башкалар менен бирдей көрүү, өзүн башкалардан төмөн да же жогору да көрбөө. Таваду – адам үчүн эң жакшы мүнөздөрдүн бири. Хадис-и шарифте: "Таваду кылганга сүйүнчү болсун”, - деп билдирилди. Таваду ээси өзүн башкалардан төмөн көрбөйт. Төмөн, маскара жана кор болбойт. Адалдан таап, көп белек берет. Дин аалымдары жана илимпоздор менен таанышат. Кедейлерге жардам берет. Хадис-и шарифте: "Таваду кылган, адалдан тапкан, мүнөзү жакшы болгон, адамдар менен жумшак мамиледе болгон жана эч кимге жамандык кылбаган адам эң жакшы адам” жана "Аллаху таала үчүн таваду кылганды Аллаху таала көтөрөт”, - деп билдирилди. Текебердик кылганга, б.а., текебер болгон адамга каршы текебердик кылуу жаиз. Аллаху таала кулдарына каршы мутакаббир. Аллаху таала кибрия ээси. Текебер адамга каршы текебер болуу садага берүү сыяктуу сооп. Текебердүү адамга таваду кылган адам өзүнө зулумдук кылган болот. Бидат ээлерине жана байларга каршы да текебердик кылуу  жаиз.  Бул  текебердик өзүн  жогору  көрсөтүү үчүн  эмес, аларга сабак катары гафлеттен (караңгылыктан, ыклассыздыктан) ойготуу  үчүн.  Согушта душманга  каршы  текебердик кылуу  сооп. Бул текебердик «Хуйела») деп аталат. Садага берип жатканда кубаныч менен бирге бир аз текебер көрүнүү кажет. Садага берүүчүнүн текебердики кедейге каршы эмес. Берип жаткан малын төмөн көрүү үчүн. Б.а., малга көңүлүн байлабагандыгын көрсөтүү. Хадис-и шарифте: "Берген кол алган колдон жогору”, - деп кабар берилген.

Рия ээлерине, өзүн көрсөтүп, мактангандарга каршы текебердүү болуу жаиз. Өзүнөн төмөн болгондорго таваду кылуу өтө жакшы болсо да б.а., чектен тыш болбоо керек. Чектен тыш болгон таваду "Тамаллук” деп аталат. Тамаллук бир гана устазга жана аалымдарга карата болсо жаиз. Башкаларга карата болсо жаиз эмес. Хадис-и шарифте: "Тамаллук – мусулмандын ахлагынан эмес”, - деп кабар берилген.

Текебердиктин эң жана түрү Аллаху таалага каршы текебер болуу. Намруд ушундай эле. Ал өзүн кудай деп жарыялады. Аллаху таала насаат кылуу үчүн жиберген пайгамбарын (алейхиссалату вассалам) отко таштады. Фараон да ушундай акмактардын бири эле. Мысырда өзүн кудаймын деп жарыялады. Мен силердин күчтүү кудайыңармын деп айтты. Аллаху таала насаат кылуу үчүн Муса алейхассаламды жиберди. Ага ишенбеди. Аллаху таала аны Сувейш суусуна чөктүрүп, өлтүрдү. Алар сыяктуу бул дүйнөнүн жаратуучусуна ишенбегендер "дахри”, атеист деп аталат. [Ар кылымда мындай акмактар келген. Мао, Сталин сыяктуу залымдар миллиондогон адамдарды өлтүрүп, зордук-зомбулук көрсөтүп жана дин адамдарын, Ислам китептерин жок кылып, улуттарды коркутуп, баш ийдирген. Ойлоруна келгенин зордук менен жасаттырып, чектен чыгышкан. Кудайга таандык сыпаттарга ээбиз деп эсептешкен жана айтышкан. Ислам китептерин жайылуусуна,   окулуусуна   тыюу  салып,   дин   тууралуу,  Аллаху таала тууралуу сүйлөгөндөрдү өлтүргөн. Өздөрү Аллаху тааланын каарынан, ачуусунан кутула албай жок болушкан. Аттары тарыхта өткөн бардык залымдар сыяктуу наалат жана жек көрүү менен эскерилүүдө. Бүлүк жана куулук менен айрым арап мамлекеттеринин башына отуруп алган уулу пропагандалар менен мээлери ууланган залымдар менен диктаторлор да ошол атеисттердин жолун улантып, Исламга душмандык кылышууда. Тарых китептеринде жазылган залымдардын коркунучтуу акыбеттеринен үлгү алышпоодо. Дүйнөдө жана акыретте баштарына келе турган азаптарды, балээлерди эч ойлошпоодо.]

Расулуллахка "саллаллаху алейхи ва саллам” каршы да текебердик кылгандар көп угулду. "Аллахтын жиберген пайгамбары ушулбу?” - деп айтышты. "Бул Куран Мекке шаарынын алдынкы катардагы абройлуу адамдарына түшүрүлгөндө жакшы болмок”, - деп айтышты. Тарых боюнча Исламдын улуу кишилерине каршы ушул сыяктуу текебердик кылып, кемсинткендер аз болгон жок. Бул текебердик күчсүз, алсыз, колунан эч нерсе келбеген, жада калса, өзүнөн жана денесинин түзүлүшүнөн кабары болбогон кулдун өз кожоюнуна, ээсине, күчү- кубаты  чексиз  болгон  Раббисине каршы  согушу  эле. Качандыр Иблис дагы ушундай текебердик кылган болчу. Периштелерге Адам алейхиссаламга сажда кылууларын буйрук кылганда, "топуракка каршы эмне үчүн сажда кылат экенмин? Мен андан жогорумун. Мени оттон, аны балчыктан жараттың” деп Раббисине каршы чыкты. Оттун жалынын, жагымдуулугун жана жарык бергенин көрүп, аны суу менен топурактан жогору деп эсептеди. Ал эми, аброй менен мартаба өзүн жогору саноодо эмес, жөнөкөйлүктө. Бейиште топурак бар жана миск жыттанат. Бейиште от жок. От Тозокто азап каражаты. От бузууга, ал эми топурак имарат тургузууга жарайт. Жаратылгандар топурактын үстүндө жашоодо. Казналар топуракта болот. Кааба топурактан жасалган. Оттун жарыгы караңгылыкты кетирсе да топуракта гүлдөр, жемиштер өсүүдө. Ааламдын, жаратылыштардын эң жогорусу болгон Мухаммед алейхиссаламдын орду топурак.

Хадис-и шарифте: "Аллаху таала айтат: кибрия, үстөмдүк жана улуулук мага таандык. Бул экөөсүндө мага орток болгонду Тозокко таштаймын, эч аябаймын” жана өңүлүндө кымындай текеберлик болгон адам Бейишке кире албайт”, - деп айтылганда, "кооз кийим кийүүнү жана таза бут кийим колдонууну жакшы көргөн адам да ушундайбы?” деп суралды. Жообунда: "Аллаху тааланын өзү жамил. Жамал ээлерин жакшы көрөт”, - деп айтылды. [Көрксүз, жийиркеничтүү болбош үчүн, түрү жагымсыз деп аталбоо үчүн жасала турган тазалыкка, сулуулук жамал ээси болуу деп аталат. Өзүнө кажет болгон заттарын жагымдуу жана сүйкүмдүү көрүнө тургандай колдонуу жамал болот. Сонун кийинип, сонун көрүнүп, башкалардан жогору көрүнүү үчүн денесинде, кийиминде, буюмдарында болгон өзгөрүштөр зыйнат деп аталат. Денесин, ден-соолугун, аброюн, кадыр-баркын коргоо үчүн кажет болгондон ашыкча нерселер болуп саналат. Эркектердин ар жерде, аялдардын болсо чоочун эркектердин жанында зыйнат заттарды колдонуулары жаиз эмес.] Аллаху тааланын ар бир иши сонун. Ал мүнөзү көркөм болгондорду жакшы көрөт. Бул хадис-и шариф текеберлердин башка күнөө кылгандар сыяктуу азапсыз, дароо Бейишке кире алабай тургандыктарын билдирүүдө. Бейишке кире албай тургандардын бара турган жери Тозок. Себеби, акыретте бул экөөнөн башка бара турган жер жок. Зерредей ыйманы болгон   адам   Тозокто   түбөлүккө   калбайт,  Бейишке   кирет.  Чоң күнөө кылып, тообо кылбаган, шапаат кылынбаган, кечирилбеген мусулман Тозокто күнөөлөрүнө жараша азаптангандан кийин кайра чыгарылат. Бейишке кирген Бейиштен эч чыкпайт. Хадис-и шарифте: "Кибири, кыянаты жана кул акысынан карызы болбогон момун эсепсиз Бейишке кирет” жана "Кул акысы момундун айыбы, кемчилиги”, - деп билдирилген. Нафака үчүн карыз алуу жана малы болгондо дароо кайтаруу керек. Жогорудагы хадис-и шарифте кажет болбосо да алынган, малы болгондо төлөнбөгөн жана арам жолдор менен алынган карыз аялына болгон махр карызы жана дин илимин үйрөтпөө карызы тууралуу билдирилүүдө. Расулуллах "саллаллаху алейхи ва саллам” кайтыш болоор алдында: "Эй Али! Баланча яхудиге карызым бар. Аны төлө!” - деди. Яхудиден карызга арпа алган болчу. Кайтарылуусу үчүн осуят кылды. Яхуди аалымдарынын улууларынан бири болгон жана Расулуллах менен "саллаллаху алейхи ва саллам” бир жолу сүйлөшүү аркылуу хак пайгамбар экендигин түшүнүп, ыйман келтирген Абдуллах бин Салам "радыйаллаху таала анх” бир кучак келген отунду аркасына көтөрчү. Муну көргөндөр: "Ушунча көп малың, акчаң болуп туруп эмне үчүн өзүңдү минтип кыйнайсың”, - деп айтышканда: "Напсимди текебердиктен куткаруу үчүн”, - деп жооп берди. Байдын кызматчысына акча бербөө үчүн жүгүн өзү ташуусу, өзүн кордогону бул тазаллул, төмөндүк болуп саналат. Сүннөткө моюн сунуу үчүн жана напсини сындыруу үчүн ташуусу, жакшы жада калса, сооп болот. Хадис-и шарифте: "Кыямат күнү Аллаху таала үч адам менен сүйлөшпөйт. Баарын өтө катуу азаптайт: Зина кылган карыя, жалган сүйлөгөн өкмөт башчысы жана текебер болгон кедей”, - деп айтылды. Умар "радыйаллаху анх” Шам шаарына келгенде, Абу Убайда бин Жаррах "радыйаллаху таала анх” кол астындагылар менен бирге аны тосуп алды. Халифа төөсүнөн  түшүп,  ордуна кулун  отургузду.  Анткени,  кулу  менен кезектешип минип келе жаткан болчу жана төөгө минүү кезеги кулга келген эле. Өзү төөнүн тизгининен кармап жүрдү, суунун жээгине келгенде масысын чечип, сууну кечип өтө баштады. Шам аскеринин кол башчысы болгон Абу Убайда "радыйаллаху таала анх”: "Эй Халифа! Бул эмне кылганыңыз? Шамдыктардын бардыгы, өзгөчө румдар мусулмандардын халифасын көрүү максатында чогулушту. Сизди карап турушат. Бул жасаганыңызды жактырышпайт” дегенде, "Эй Абу Убайда! Сенин бул сөзүң ушул жерге жыйналгандар үчүн өтө зыяндуу. Уккандар адамдын кадыры (мартабасы) бир нерсеге минип келүү жана кооз кийимдер кийүүдө экен деп эсептешет. Чыныгы кадырдын мусулман болуу менен ибадат кылууда экенин түшүнбөйт. Биз төмөн, сабатсыз адамдар элек. [Ажам (Иран) шахтарынын колунда туткун элек] Аллаху таала биздерди мусулман болуу мартабасына ээ кылды. Аллаху таала берген бул изааттан, бул мартабадан башка аброй издесек Аллаху таала бизди дагы төмөн (кор) кылат. Бардык нерседен да төмөн кылат. Изаат Исламда. Исламдын буйруктарына моюн сунган кадырлуу болот. Бул буйруктарды жактырбай, изаатты, тынчтыкты, бакытты башка нерселерде издеген адам кор болот”, - деди. Ислам буюрган буйруктардын бири – таваду. Таваду кылган адам кадырлуу болот, көтөрүлөт. Ал эми текебердик кылган адам болсо кор болот.

Бир хадис-и шарифте: "Кыямат күнү дүйнөдө текебер болгондор кумурска сыяктуу төмөн жана кор абалда кабырларынан чыгарылат. Кумурскадай, бирок,адам сүрөтүндө болушат. Бардыгы аларды төмөн  көрүшөт.  Тозоктун эң  терең  жана азабы  эң  катуу болгон Болис чуңкуруна ташталат. Ал жерге түшкөндөр кутулуудан үмүттөрү  жок  болгондуктан  Болис  деп  аталган.  От  ичинде кайып болуп кетишет. Суу сурашканда аларга Тозоктогулардын ириңдери берилет”, - деп билдирилген. Мединанын акими болгон Абу Хурайра "радыйаллаху таала анх” бир кучак келген отунду ташып жүргөн  болчу.  Мухаммед бин  Зияд  (рахметуллахи таала) аны таанып, жанындагыларга: "Жол бергиле, амир келе жатат”, - дейт. Жаштар башчынын мындай карапайымдыгына таң калышты. Хадис-и шарифте: "Мурдагы үммөттөрдүн ичинде текебер бирөө этектерин жерге сүйрөп жүрчү. Анын бул иши гайрат-и илахиййеге тийип, аны жер жутту” жана "Эшекке минүү, жүндөн болгон кийим кийүү жана койдун сүтүн сааш кибирсиздиктин белгиси”, - деп билдирилди.

Текебердиктин негизги жети себеби бар: Илим (диний илимдер), ибадат, насаб (тек), жамал, күч-кубат, байлык, мансап. Бул сыпаттар, касиеттер сабатсыздарда болсо текебердикке себеп болот.

Илим текебердикке себеп болуу менен катар анын чарасы (дарысы) да илим. Текебердикке себеп болгон илимдин дарысы өтө оор. Себеби илим өтө баалуу нерсе. Ошондуктан, илим ээси өзүн жогору жана абройлуу деп эсептейт. Мындай адамдын илимин сабатсыздык деп атоо туура болот. Чыныгы илим адамга өзүнүн алсыздыгын, кемчилигин жана Раббинин улуулугун, үстөмдүгүн билдирет. Жаратуучусуна карата коркуусунун жана кулдарына карата тавадусун арттырат. Кул акыларына маани бере турган болот. Ушундай илимди үйрөтүү жана үйрөнүү – фарз. Бул "Илм-и нафи” (пайдалуу илим) деп аталат. Бул илим ыклас менен ибадат кылууга себеп болот. Текебердикке себеп болуучу илимдин дарысы эки нерсени билүү менен болот. Биринчиси

- илимдин баалуу, абройлуу болуусу салих ниетке байланыштуу. Сабатсыздыктан   жана   напсинин  жаман   каалоолорунан   кутулуу үчүн үйрөнүү зарыл. Имам болуу, муфтий болуу, дин адамы болуп таанылуу  үчүн  үйрөнбөш  керек.  Экинчиси, илими  менен  амал кылуу керек жана башкаларга да үйрөтүү керек. Бул эки нерсени ыклас менен кылуу керек. Амал жана ыклас менен болбогон илим зыяндуу болот. Хадис-и шарифте: "Аллах үчүн болбогон илимдин ээси  Тозокто  оттун үстүнө  отургузулат”, -  деп билдирилген.  Мал- мүлк, мартаба, атак-даңк үчүн илим үйрөнүү ушуга жатат. Дүйнөлүк нерселерге кол жеткизүү үчүн илим үйрөнүү, б.а., динди дүнүйөлүк табуу үчүн колдонуу алтын кашык менен нажасат жегенге окшойт. Динди дүнүйөлүк табуу үчүн курал кылып алгандар дин уурулары болуп саналат.  Хадис-и шарифте: "Дин илимдерин дүнүйөлүк табуу үчүн үйрөнгөндөр Бейиштин жытын да ала алышпайт”, - деп айтылган. Табият таануу илимдерин дүнүйөлүк пайда үчүн үйрөнүү жаиз. Жада калса, зарыл болуп саналат. Хадис-и шарифте: "Бул үммөттүн аалымдары эки түрдүү болот: Биринчилери, илимдери менен адамдарга пайдалуу болушат. Алар адамдардан эч нерсе күтүшпөйт. Мындай адамга деңиздеги балыктар менен жер бетиндеги жаныбарлар жана асмандагы куштар да дуба кылат. Илиминин башкаларга пайдасы болбогон, илимин дүнүйөлүк табуу үчүн колдонгондорго кыяматта Тозоктогу оттон жасалган жүгөн салынат”, - деп билдирилди. Жер менен асмандагы бардык макулуктардын тасбих чала тургандыктарын Курани карим кабар берген. "Алымдар пайгамбарлардын мурасчылары” деп айтылган хадис-и шарифтеги аалым – Расулуллахтын "саллаллаху алейхи ва саллам” жолунда болгон, Анын жолуна моюн сунган дин алымы дегенди билдирет. Исламга моюн сунган аалым айлана тегерегине нур чачып турган жарыктын булагы сыяктуу болот. "Кыямат күнү бир дин адамы алып келинип Тозокко ташталат. Тозокто аны тааныгандар тегерегине чогулушуп, сен дүйнөдө Аллахтын буйруктарын айтчу элең. Эмнеге бул азапка дуушар болдуң, деп айтышат. Ооба, "бул күнөөкылбагыла деп айтчу элем, бирокөзүм кылчу элем. Кылгыла деген нерселеримди өзүм кылчу эмесмин. Ошондуктанжазасын тартуудамын, деп жооп берет” жана "Мираж түнү көккө көтөрүлүп бара жатканымда адамдарды көрдүм. Алар оттон жасалган кайчылар менен эриндерин кесип жаткан болчу. Бул адамдар кимдер экенин Жабраилден сурадым. Үммөтүңдүн хатибдеринен, ваиздеринен, өздөрү кылбаган нерселерин башкаларга кылгыла деп айткандар деди” жана "Тозок забанилери (азап периштелери) күнөө кылган карийлерге, бутка сыйынгандардан мурда азап кылышат. Себеби, билип кылынган күнөө билбей кылынгандан да жаман” деген хадис-и шарифтер белгилүү. Сахабалар чоң аалым болгондуктан кичинекей күнөөлөрдөн чоң күнөөлөрдөн корккондой коркчу. Бул жерде айтылган карийлер, Тоорат карийлери болсо керек. Себеби, күнөө кылга мусулмандарга ыймансыздардан да өткөн оор азап кылынбайт. Же болбосо ушул үммөттөн болуп, күнөөлөрдөн, арамдардан тыйылууга маани бербей, ыйманын жоготкон карийлер болушу мүмкүн. Хадис-и шарифте: "Алымдар мамлекет адамдарына аралашмайынча жана дүнүйө топтоонун артында болмоюнча, пайгамбарлардын аманатын ташуучулар. Дүнүйө жыйнай баштаганда жана   өкмөт   адамдарынын арасына аралашканда, бул аманатка кыянат кылышкан болот”, - деп билдирилди. Аманатчынын өзүнө аманат кылынган нерселерди коргоосу зарыл болгондугу сыяктуу, дин аалымынын да Ислам билимдерин бузулуудан коргоосу зарыл. Расулуллах "саллаллаху алейхи ва саллам” Каабаны таваф кылып жатканда Андан кандай адам эң жаман деп сурашат."Жаманын сураба, жакшысын сура. Аалымдардын жаманы, адамдардын эң жаманы”, - деп жооп берди. Анткени, жаман аалымдар билип туруп күнөө кылышат. Иса алейхиссалам"Жаман аалымдар суунун жолун жаап калган аска таш сыяктуу. Суу аска таштан ашып өтө албайт. Суунун агуусуна да тоскоол болууда”, - деген. Жаман дин адамдары канализацияга окшойт. Сырты бекем, көркөм искусство чыгармасы. Ичи болсо ыпылас, кирге толо. Хадис-и шарифте: "Кыямат күнү азаптардын эң оору, илими өзүнө пайдасы болбогон дин адамына берилет”, - деп билдирилди. Ошондуктан, мунафыктар, б.а., мусулман болуп көрүнүүчү ыймансыздар Тозоктун түбүнө кетишет. Себеби, алар угуп, билип туруп, өжөрлүк кылып, ыймансыз болгондор. Илим ээси, б.а., дин илимдерин үйрөнгөн адам же түбөлүк бакытка жетет же болбосо чексиз азапка дуушар болот. Хадис-и шарифте: "Тозокто азаптанып жаткандардын айрымдары өтө жаман жыттанат. Бул жыт башкаларга оттон да жаман азап берет. Сен эмне күнөө кылдың да мынчалык сасып жатасың деп суралганда, мен дин адамы элем. Билгендеримди өзүм кылбайт элем”, - деп билдирилди. Абуддерда "радыйаллаху таала анх” мындай дейт: "Илими менен амал кылбай турган дин адамы дин аалымы деп аталбайт.” Иблис бардык диндерди билчү. Бирок, илими менен амал кылбады. Чөлдө калып кеткен адамдын жанында он түрдүү кылычы жана ар кандай курал-жабдыктары болсо, аларды колдонууну мыкты билсе жана эр жүрөк болсо, өзүнө чабуул жасаган арстанга каршы колдонбосо, бул курал-жабдыктардын ага пайдасы болобу? Албетте, пайдасы болбойт. Ушул сыяктуу дин илимдеринен миң маселени үйрөнсө, бирок, буларды колдонбосо пайдасын көрбөйт. Ооруп калган адам дагы дартынын даарысын тапкан болсо, бирок, аны колдонбосо, пайдасын көрбөйт.

"Акыр заманда ибадат кылгандардын көпчүлүгү диний сабатсыз болот. Дин адамдарынын көбү фасык болот” деген хадис-и шарифте билдирилген фасык дин адамдары дүнүйөлүк табуу үчүн өкмөт адамдарынын арасына аралашат. Суфян-и Саври (рахима-хуллаху таала) мындай дейт: "Тозокто оттон бир өрөөн бар. Бул өрөөндө өкмөт адамдарынын арасына аралашкан риячы карийлер азап тартат.” Суфян дагы мындай дейт: "Илимде ушунчалык жогорулаган элем, бир аятка отуз үч түрлүү маани берчүмүн. Султандын зыяпатына бардым. Жеген тамактарымдын таасири менен билгендеримдин баарын унуттум.” Мухаммед бин Салама (рахима хуллаху таала) мындай дейт: "Дүнүйөлүк пайда үчүн өкмөт адамдарынын эшигинде күткөн бир кааринин абалы, жийиркеничтүү нерсенин үстүнө конгон чымындын абалынан да жаман.

"Аллаху таала берген илимин башкаларга үйрөтпөгөн адамга кыямат күнү оттон аркан байланат” деген хадис-и шариф жогоруда айтылган болчу. Илимди илим издеген ылайыктуу кишилерден аяган дин адамдары ушундай болушат. Ниса сүрөсүнүн "Мал-мүлкүңөрдү сафихтерге (акмактарга)бербегиле!” деген маанидеги бешинчи аяты акмактарга, мунафыктарга илим үйрөтүүгө тыюу салууда.

"Ислам бардык жерге жайылат. Жада калса, Ислам соодагерлери соода үчүн чоң деңиздерде эркин сапарга чыгышат жана газийлердин (дин жолунда согуша тургандар) ысымдары башка мамлекеттерге жайылат. Каарилер чыга баштайт, "Менден дагы жакшыраак окуй турган барбы? Менден да көп нерсе билген барбы”? - дешет. Тозоктун отундары ушулар” деген хадис-и шарифтен белгилүү болгондой рия менен окуу жана текебердик кылуулары өздөрүн Тозокко сүйрөйт.

Хадис-и шарифте: "Аалыммын деп айткан адам – сабатсыз адам”, - деп айтылды. Ар суралган нерсеге жооп берген, ар көргөнүнөн маани чыгарган жана бардык жерде мен билемдик кылган адам сабатсыздыгын көрсөткөн болот. Билбеймин, окуп, издештирип келип, анан айтамын деген адамдын чыныгы аалым экендиги белгилүү болот. Расулуллахтан "саллаллаху алейхи ва саллам”: "Эң жакшы жер кайсы жер?” - деп суралганда: "Билбеймин, Раббим билдирсе айтамын”,

деп жооп берген. Муну Жабраил алейхиссаламдан сураган, анда да ушундай жооп алган. Жабраил алейхиссалам Аллаху тааладан сурап, "Мечиттер” деген жоопту алган. Араф сүрөсүнүн "Кечиримдүү бол жана ма’руфту буйрук кыл!” деген маанидеги жүз токсон сегизинчи аяты келгенде Жабраил алейхиссаламдан мунун түшүндүрмөсүн сураган, ал дагы Раббимден сурап билейин деп кетет. Кайтып келип:

"Аллаху таала "Сенден алыстаганга жакында! Сенден жардам сураганга жакшылык кыл! Сага зулумдук кылгандарды кечир!” деген буйругун берди”, - деп айтты. Шаби (рахима хуллаху таала) өзүнөн суралган суроолордун бирөөнө "билбеймин” дегенде, сен Ирак мамлекетинин муфтийисиң. "Билбеймин” деп айтуу сага жарашабы? - деп айтышты. Ошондо Шаби хазреттери: "Периштелердин улуулары дагы билбейбиз деп айтышкан. Эми менин сөзүмдүн эмне пайдасы болмок?” - деп жооп берди. Имам-ы Абу Юсуф (рахима хуллаху таала) бир суроонун жообун билбеймин дегенде, суроону сурагандар ага: "Байтул малдан (мамлекеттин казынасынан) айлык аласың, бирок суроого жооп бере албайсың”, - деп айтышты. Ошондо имам аларга: "Байт-ул малдан айлыкты билгендерим үчүн   гана алып жатамын, билбегендерим үчүн алганымда байт-ул малдын казнасы жетпейт болчу”, - деп жооп берди. Напсине баш ийбеген сабатсыз менен дос болуу, напсинин туткуну болгон дин адамы менен дос болуудан жакшыраак. Дин адамы экендиги үчүн текебердик кылуу, сабатсыздыктын белгиси. Анткени, илим тавадуга себеп болот, текебердиктен тыят.

Текебердик кылуу – арам. Текебердик Аллаху тааланын бир сыпаты. Кибир жана Кибрия сыпаты Ага гана таандык. Адам напсин канчалык төмөн тутса, Аллаху тааланын алдында кадыр-баркы ошончолук жогору болот. Өзүнө баа бергендин Аллаху тааланын алдында кадыры болбойт. Кибирдин зыяндарын билбеген адамды аалым деп айтуу жалган болот. Адамдын илими арткан сайын Аллаху тааладан коркуусу да артат. Күнөө кылууга батынбайт. Ошондуктан, Пайгамбарлар "алейхимуссалам” таваду ээлери болчу. Аллаху тааладан катуу коркчу. Аларда кибир, ужб сыяктуу жаман мүнөздөр такыр болгон эмес. Кичүүлөргө, фасыктарга жана күнөөкөрлөргө карата да текебер болбош керек. Тек гана текеберлерге каршы текебер болуу керек. Аалым сабатсызды көргөн кезде: "Бул адам билбегендиктен күнөө кылып жатат. Мен болсом, билип туруп кыламын”, - деш керек. Бир аалымды көргөндө: "Ал мага караганда көп билет жана илимин актап жатат. Ыклас менен амал кылат. Мен мындай эмесмин”, - деш керек. Өзүнөн жашы улуу бирөөнү көргөндө: "Ал менден көп ибадат кылган”, - деш керек. Жаштарды көргөндө: "Алардын күнөөсү аз, менин күнөөлөрүм көп”, - деп айтуу керек. Досторун көргөндө: "Мен өз күнөөлөрүмдү билемин, бирок, алардын амалдарын билбеймин. Билинип турган кылмышка жаза берилет, билинбегенине эмес. Андай болсо, ага караганда мен жазага ылайыктууракмын”, - деп, өзүн төмөн саноо зарыл. Бир бидатчыны же мусулман эмес адамды көргөндө: "Адамдын абалы соңку деминде белгилүү болот. Менин абалым эмне болоор экен”, - деп, аларга карата да текебердик кылбаш керек. Бирок, аларды жакшы көрбөө керек. Куфурду, бидатты жоюуга аракет кылып жүргөн "Диндеги реформачыларРасулуллахтын "саллаллаху алейхи ва саллам” сүннөтүнө душман. Алар сүннөттүн нурун өчүрүүгө жана бидатты, бузукулукту жаюуга жана Ахли сүннөт алымдарын (рахима хуллаху таала) жамандоого, аят менен хадис-и шарифтерге жаңылыш маани берип, Исламды ичинен жыгууга аракет кылышууда.

[Басмабыздан чыгып жаткан бардык китептер Ахли сүннөт аалымдарынын (рахима хуллаху таала) китептеринен которулган. Жеке ой-пикирлерибиз эмес. Китептерибиздин бардыгында Ахли сүннөт аалымдарынын "рахима-хумуллаху таала” улуулуктарын, үстөмдүктөрүн жаштарга жеткизүүгө аракет кылуудабыз. Дүйнөдө жана акыретте бакытка кол жеткизүү үчүн бирден-бир чара – Ахли сүннөт аалымдарынын "рахима-хумуллаху таала” китептеринде көрсөтүлгөн жол экендигин билдирүүдөбүз.

Бул бакытты, кутулуу жолун   адамзатка   таанытууга аракет   кылуудабыз.   Бул үчүн   эч кандай дүнүйөлүк пайда табууну көздөбөйбүз. Эч кимден эч нерсе күтпөйбүз. Бидатчылар, мазхабсыздар жана ар түрдүү Ислам душмандары китептерибиздин окулуусун, жайылуусун каалабашы мүмкүн.   Китептерибизге   шайтандай жалаа   жабуулары   мүмкүн. Илим ээси болбогондуктары үчүн илимий бир кемчилик таба албай жатышат. Китептерден акча таап жатышат, пайда көрүп жатышат деп да айта алышпайт. Бул китептер жаңылыш, бул китептерди окубагыла дегендер кездешүүдө. "Кай жери жаңылыш? Көрсөтүп берчи!” - деп суралганда, "Ушинтип уктук элек, ушундай имиш”, - деп айтышууда. Алхамдулиллах! Зээндүү жаштар мындай бөлүп-жаруучуларга алданбайт. Окурмандарынын саны барган сайын артууда.]

Бул бөлүп-жаруучуларды да жакшы көрбөө керек. Ал эми, адамдын өз күнөөлөрүн унутпоосу жана эзелде өзү тууралуу кандай тагдыр жазылгандыгын жана соңку деминин кандай боло тургандыгын ойлоосу зарыл. Акыретте кимдин кимден жогору боло тургандыгы, дүйнөдө анык түрдө билинбейт. Көптөгөн дин адамдары ыймансыз жан берген. Көптөгөн ыймансыздарга да ыйман менен жан берүү насип болгон. Азыр ыймансызды Тозоктук, өзүн болсо Бейиштик деген адам кайыпты билгендигин айткан болот. Бул куфур болуп саналат. Себеби, Бейиштик жана Тозоктук болуу соңку демде белгилүү болот. Соңку деминин кандай боло тургандыгын айтуу кайыпты билген болуп саналат. Ошондуктан, кимге болсо дагы текебердик кылуу жаиз эмес.

Суроо"Ыймансызга жана бидатчыга нахи-мункар кылып, насаат айтуу керек. Өзүн алардан төмөн көргөн адам, аларга кандайча насаат айта алат? Мындан сырткары, адам кандай жашаса, ошондой жан берет, "адат-и илахи” ушундай. Эгер мунун тескериси болгон болсо да, бул чанда кездешет. Ошондой эле, Аллаху таала мусулмандарды мактап, ыймансыздардан жогору экендиктерин билдирүүдө”, - деп суралса, буга "жооп” катары мындай деп айтабыз: Аларды жакшы көрбөөнүн кажет болуусу, Аллаху тааланын "Жакшы көрбөгүлө!” деп буюргандыгы үчүн. Алардан жогору болгондугубуз үчүн эмес. Султан кичинекей баласын кызматчысы менен бир жерге жибергенде, эгер бала тентектик кылса жемелеп урушуусун, жада калса, уруусун буйрук кылат. Ал дагы бала тентектик кылганда урушат, урат. Бирок, урган кезде да өзүн баладан кадырлуу, жогору эместигин билет. Ага текебердик кыла албайт. Мусулмандардын ыймансыздарды жакшы көрбөөсү ушуга окшойт. Аллаху таала мусулмандардын өздөрүн эмес, ыймандарын жогору экенин билдирди. Кимде ыйман бар болсо, ал жогору болот. Түбөлүк жогорулук соңку демде белгилүү болот.

Бир ибадаттын кадырлуу болуусу да шарттарга байланыштуу. Мусулман малаяни менен, б.а.,   убактысын пайдасыз   нерселер менен өткөрбөйт. Хазрети Абу Бакир айтат: "Биз бир арам нерсе кылып коёбуз деп коркуп, жетимиш адалды кылуудан баш тартчу элек.” Ошондуктан, эч ким ибадатына ишенбеши керек. Көп ибадат кылгандыгы үчүн текебердик кылбаш керек. Ибадаттын кабыл болуусу үчүн ниеттин калыс болуусу, б.а., жалгыз Аллаху тааланын ыраазычылыгы үчүн кылынуусу зарыл. Бул ыкласка ээ болуу оңой эмес.  Напсини тазалоо такыбаа аркылуу ишке ашат. Такыбаа – арамдардан баш тартып, сактануу дегендик. Напсиси тазаланбаган адамдын ибадаттарды ыклас менен орундоосу өтө кыйын.

Аталары менен, ата-бабалары менен мактануусу жана текебердик кылуусу – сабатсыздык жана акмактык. Кабил Адам алейхиссаламдын уулу болчу. Кенан - Нух алейхиссаламдын үч уулунун бири. Башка аты Ям деп да аталган. Бир тууганы Яфес дин аалымы болчу. Кенан болсо куфурдан кутула албады. Атасынын пайгамбар болуусу аны куфурдан куткарбады.  Адамдын мактанган ата-бабалары бир ууч топурак болду. Топурак менен мактануу акылга туура келеби? Алардын салих болгондуктары менен мактанбаш керек. Алар сыяктуу салих болууга, алардын жолунда болууга аракет кылуу керек.

Аялдардын көпчүлүгү сулуулуктары менен текебердик кылышат. Ал эми, сулуулук адамда түбөлүк калбайт, убактылуу жана тез кетет. Адамга мүлк болбойт. Убактылуу болгон нерселер менен текебердик кылуу – акмактык. Сырткы көрүнүштүн сулуулугу көңүлдүн сулуулугу менен, б.а., көркөм мүнөздөр менен бирге болгондо гана кадырлуу болот. Көңүл тазалыгы да Расулуллахтын сүннөтүнө моюн сунуу менен белгилүү болот. Адамдын көңүлүнө, рухуна, ахлакына баа берилбесе, көңүл бурулбаса ан


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш