Ислам дини » Адеп-ахлак » Ислам Ахлагы » Илимдин жана аалымдардын кадыры




Илимдин жана аалымдардын кадыры


Фарси тилинде жазылган "Рияд-ун насыхин[1]" китебинин 356-бетинен баштап мындай деп айтылат:

"Мирсад-ул-ибад минал-мабда-и илал-ме’ад”[2] китебинде жазылган хадис-и шарифте: "Аалымдардын арасында кадырлуу болуу үчүн жана сабатсыздар менен талашып тартышуу үчүн жана бардык жерде атактуу болуу үчүн дин илимин үйрөнгөн илим адамы Бейиштин жытын да жыттай албайт”. Бул хадис-и шарифтен маалым болуп жаткан нерсе байлык жыйноо жана бир мансапка кол жеткизүү үчүн жана хайвани каалоолорун кандыруу үчүн илим үйрөнгөн, илими менен амал кылбаган адам Ислам аалымы эмес. Башка бир хадисте: "Дүйнөлүк жыйноо үчүн илим үйрөнгөн адам дүйнөдө байлыкка жана мансапка кол жеткизет. Акыретте болсо тапканы жалгыз Тозоктун оту гана болот”, - деп айтылды. Мындай илимдин пайдасы жок. Мындай илимден качуу керек. Анткени, хадис-и шарифте: "Йа, Раббим! Мени пайдасыз илимден корго!” - деп айтылды. Бир мусулмандын үйрөнүүсү зарыл болгон илимдер "Ислам илимдери” деп аталат. Ислам илимдери да эки бөлүмдөн турат. "Дин илимдери” жана "Табият таануу илимдери”. Динде реформаторлор дин илимдерин "Схоластик илимдер”, табият таануу илимдерин болсо "Рационал илимдер” деп аташууда. Пайдасыз илим эки түрдүү болот: Биринчиси - жогоруда билдирилген Тозоктук болгондордун үйрөнгөн диний илимдери. Экинчиси – дин илимдери менен бирге болбогон табият таануу илимдери. [Байыркы Римдиктердин яхудилерди арстандардын арасына таштап, кылган зулумдуктары жана орто кылымдарда христиандардын кресттик жортуулдары аркылуу Палестинада мусулмандарга каршы жасаган коркунучтуу чабуулдары жана Гитлердин Европадагы жана Орус, Кытай коммунисттеринин Азияда миллиондогон адамдардын өмүрүн кыйган ядролук куралдары, англистердин элдерди алдап, тууганды тууганга каршы уруштурган чабуулдары, булардын бардыгы ошол табият таануу илимдеринин жардамы менен жасалды.] Аллаху таала табият таануу илимдеринде илгерилеген мындай канкор адамзат душмандарын эшектерге окшотууда, "Алар - Тоорат [жана Инжил] жүктөлгөн эшек сыяктуу”, - деп айтууда. Ислам ахлагынан кабары болбогон бул заалым илимпоздор Хак жолунда эмес. Хак таала булардан ыраазы эмес. ["Кунуз-уд-дакаик” китебиндеги хадис-и шарифте: "Эң жакшыңар - Куранды үйрөнгөн жана үйрөткөнүңөр”, - деп айтылды.] "Мишкат” китебинде мындай деп айтылган: "Ар бир мусулман эркек менен аялдын Ислам илимдерин үйрөнүүсү фарз”. Бул хадис-и шариф Аллаху тааланын ыраазычылыгына ылайык болгон илимдерди үйрөнүүнү буйрук кылууда. Ылайыктуу болбогон адамдарга илим үйрөтүү чочконун моюнуна алтын жана бермет боо тагуу сыяктуу.

[Түркия гезитинин 12 июнь 1995-жылындагы календарында жазылган хадис-и шарифте: "Кыямат жакындаганда чыныгы дин илимдери азаят. Жахил дин адамдары өздөрүнүн жеке көз караштары менен фатва берип, адамдарды туура жолдон адаштырат”, - деп билдирилген.] Бир хадис-и шарифте мындай деп айтылды: "Бир заман келет, адамдар дин адамынан көчөдө кезиктирген эшектин өлүгүнөн качкандай качышат.” Бул абал адамдардын абалдарынын бузук, жийиркеничтүү боло тургандыгын кабар берүүдө. Анткени, илимге Аллаху таала кадыр берүүдө. Бирок, дүнүйөгө табынган акмактар, бала кезинде эне-атасынан тарбия албаган, мектепке барбаган, чоңойгондо да чыныгы дин аалымынын сухбатына катышуу же алардын китептерин окуу аброюна ээ боло алышкан эмес. Андайлар карманган диндеринин ката болуп калуусунан коркпойт жана чыныгы дин аалымдарынын китептеринен окуп үйрөнүшпөйт. Алардын бир гана ою – акча, мал-мүлк жыйноо жана мансапка кол жеткизүү. Алар мүлктүн адалдан же арамдан келгенине маани беришпейт. Дурусту жаңылыштан ажыратышпайт. Илимдин жана чыныгы дин аалымдарынын кадыр-баркын билишпейт. Чыныгы дин адамдарынын вааздары, китептери алардын көзүндө мал базарында жыпар жыттуу атырлар сата турган жана сокурларга күзгү сата турган адам сыяктуу. Абу Лахаб сыяктуу адамга "Таха” сүрөсүн окуу жана көчөдөгү селсаяк кишинин чөнтөгүн баалуу таштар менен толтуруу, сокурга сүрмө белек кылуу акылдуу адамдын кыла турган нерсеси эмес. Аллаху таала мындай акылсыз адамдарга "Алар айбан сыяктуу, жада калса, андан да төмөн” деп билдирген. Анас бин Малик кабар берген хадис-и шарифте: "Аалымга орунсуз тил тийгизген адамды Аллаху таала бардык адамдардын арасында кордоп, маскара кылат. Аалымды урматтаган адамды Аллаху таала пайгамбарлар сыяктуу азиз кылат (кадырлайт),абройлуу кылат”, - деп айтылган. Бир хадис-и шарифте: "Бир адам аалымдын добушунан жогору добуш менен сүйлөсө, Аллаху таала аны дүйнөдө жана акыретте кор кылат. Эгер өкүнүп тообо кылса кечирилет.” Мындан белгилүү болгондой чыныгы аалымдарды урматтоо зарыл.

Саптар:

Бир тамчы суудан жаратылдың, унутпа!

Абайла, өзүңдү аалымдар менен бир тутпа!

Тыңда, бул тууралуу эмне буюрду Мустафа:

"Аалымга урмат, урмат болот мага!”

Адамды адашуудан, жаман жолдон илим жана аалымдар куткара тургандыгын жакшылап билип ал. Жол көрсөтүүчү болбосо туура жолго жетүү мүмкүн эмес. Ал үчүн, Ахли сүннөт аалымдарын, алардын жазган туура диний китептерин издеп табуу зарыл. Улуу пайгамбар Муса алейхиссалам илимдин эң жогору даражасында болушуна карабастан жана Аллаху таала менен сүйлөшүү аброюна ээ болуп, Аллаху тааланын махабат шербетинен ичкен болушуна карабастан илим үйрөнүү үчүн Хызыр алейхиссаламдын шакирти Юша алейхиссаламга келгендиги "Кахф”сүрөсүндө билдирилүүдө. Муса алейхиссалам мантык (логика) илиминин устазы болсо да Хызыр алейхиссаламдан илим үйрөнүүгө келди. Бухари тафсиринде бул тууралуу кеңири жазылган. Андай болсо эй досум! Баалуу өмүрүңдү илимден жана аалымдан да баалуу нерсе таап, ошого сарптап жатасыңбы? Динибиз илимди баалоону, аалымдарга урмат кылууну жана Аллах жолунда болгондор менен бирге болууну буйрук кылып жаткандыгын билбейсиңби? Ошондуктан, баалуу өмүрүңдү пайдасыз нерселер менен өткөрбө! Хадис-и шарифте: "Туура илимдүү адам жана илими менен амал кылган бир аалым менен Пайгамбарлар арасында бир даража айырма бар. Бул даража пайгамбарлык даражасы болуп саналат”, - деп айтылды. Бул бакытка жетүү үчүн илим үйрөнүүгө аракет кылуу керек.

Окуя: Имам Абу Юсуф Кадинин он беш жаштагы уулу болгон. Уулун өтө жакшы көрчү. Күтүлбөгөн жерден көз жумат. Шакиртине: "Жерге берүү ишин сизге калтырдым. Мен устазымдын сабагына бара жатам. Бүгүнкү сабакты өткөрүп албайын”, - дейт. Имамды кайтыш болгондон кийин түштө көрүшөт. Жаннатта чоң сарайдын каршысында турган эле. Ал сарайдын бийиктиги Аршка жеткен.

Бул сарай кимдики? - деп сурашканда,

Меники - деп жооп берет.

Буга кантип жеттиң? – дешкенде,

Илимге жана илим үйрөнүүгө, үйрөтүүгө махабатым менен – деп буюрду. Эй, бир тууганым! Дүнүйөдө жана акыретте азиз болуу үчүн илим үйрөн!

Окуя: Бул пенденин устазынын балдарынын эң улуусу такыбаалуу жана аалым эле.[3] Кайтыш болуп жатканда атасы жаздыгынын жанында болот. Көз жумганда үстүн жабат. Медресеге келип бир жүз хадис сабагын берет. Кийин медреседен чыгып жаназа ишине киришет. Тоолордон, туш-тараптан келген бир үн: "Уулумдун ажалы келди. Кайтыш болду. Бул иш Аллаху тааланын ыраазылыгы менен болгондугу үчүн мен дагы ыраазы болдум. Башка чара билбейм. Аллаху таала берген каза жана буйругу ушундай болду”, - деп жаткан эле. Хассан бин Атыййенин "радыйаллаху анх” риваят кылган хадис-и шарифте: "Аалымдын өлүмүнө кайгырбаган адам – мунафык. Адамдар үчүн бир аалымдын өлүмүнөн дагы чоң кайгы жок. Бир аалым өлгөндө асман жана асманда болгондор жетимиш күн ыйлашат”,- деп буюрулган. Чыныгы аалым кайтыш болгондо динде бир жара ачылып, кыяматка чейин жабылбайт. Башка дагы бир хадис-и шарифте: "Бир адам же аалым болот, же болбосо илим үйрөнүп жаткан шакирт болот. Же болбосо буларды жакшы көрөт. Бул үчөөнөн башкалары малканада учуп жүргөн чымындар сыяктуу”, - деп буюрулган. Бул төртүнчү даражадагы адам болуп калбоого аракет кылгыла!

Саптар:

Адамды Жаханнамдан куткарган – илим.

Эч ким сенден ала албай турган нерсе – илим.

Илимден башканы сураба,

Дүнүйөдө жана акыретте максатка жеткирген – илим!

Белдежи фатваларында айтылгандай Имам Садр-уш-шахид[4] мындай дейт: "Чыныгы аалымды мазактаган адамдын аялы бошойт”. Бир аалымды акмак, сабатсыз, доңуз, эшек деген адам жазаланат. Акарат кылып айта турган болсо ыймансыз болот, аялы бош болот. Имам Мухаммед буюргандай куфурга себеп болгон ар бир сөздү сүйлөө да мына ушундай. Илимге жана аалымдарга акарат кылган ыймансыз болот. Аллаху таала бардыгыбызга пайдалуу илим насип кылсын. Пайдасы болбогондон сактасын. Пайдасы болгон илим Расулуллахтан келген илим болуп саналат. Бул илимдер Ахли сүннөт аалымдарынын китептеринде жазылган.

***

[1] Фарсча "Рияд-ун Насыхин” китебин Мухаммед Небхами 835-хижри жылы жазган. 1313-ж. Бомбейде басылып, 1994-ж. Хакикат Китеп Үйү тарабынан экинчи басмасы басылган.

[2] "Мирсад-ул-ибад” автору Нажмуддин Абу Бакр Рази, 654-ж. кайтыш болгон.

[3] Бул - Рияд-ун-насыхин китебинин автору Мевлана Мухаммед Ребхами. Мунун устазы Алламе Мухаммед Желал Кайини Сумме Хирави болгон.

[4] Садр-уш шахид Хусамиддин Умар 536-ж. Самаркандда шейит болгон.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш