13 – Тавадунун
(карапайымдыктын) чегинен ашуусу "Тазаллул”, өзүн кор
көрсөтүү деп аталат. Тазаллул арам. Башка арамдарда болгондой эле бул дагы
зарыл болгон абалда жаиз болот. Динин, малы-жанын, намысын коргоо, заалымдан
кутулуу "Зарурат” болот. Машакаттуу абал болгондо
жеңилдик издөөгө болот.
Тазаллул жаман мүнөздөрдөн болуп саналат. Бир
аалымдын жанына өтүкчү келсе, аалым туруп ордуна аны отургузса жана кетип
жатканда эшикке чейин аны узатып барып өтүктөрүн алдына койуусу тазаллулга
мисал боло алат. Мунун ордуна жөн эле өйдө туруп кийин отурганда, бул жерге
отуруңуз деп жер көрсөткөндө жана ал-ахыбалын, эмне себеп менен келгендигин
сураганда, суроолоруна жылуу маанай менен жооп бергенде, чакырган болсо
чакырыгын кабыл кылганда, бир кыйынчылыгы болсо аны чече тургандай бир нерсе
кылганда таваду (жөнөкөйлүк) көрсөткөн болмок. Хадис-и шарифте: "Дин
бир тууганын кыйынчылыктан куткарган адамга [нафил] ажылык
жана умра сообу берилет”, - деп айтылды. Хазрети Хасан "радыйаллаху
таала анх” Сабит Бенаниден "рахима-хуллаху таала” кандайдыр бир
муктаждыгын орундоону суранат. Мечитте итикаф кылып жатам, башка убакта кылайын
дегенде дин бир тууганын муктаждыгын аткаруу үчүн баруунун [нафил] ажылык
сообунан да жакшыраак экендигин билбейсиңби деди. Байлык-бийлик ээлери муктаж
болгондорго жана устаздардын шакирттерине мүмкүнчүлүгү, мал-байлыгы менен
жардам кылууларынын чоң сооп болуусу бул хадис-и шарифке таянууда. Нафакасы,
б.а., бир күндүк тамак-ашы бар болгон адамдын кайырчылап тиленүүсү тазаллул
болот, арам болот. Мунун бир күндүк нафакасы жок башка бир адам үчүн же болбосо
карызы бар адам үчүн жардам чогултуусу тазаллул болбойт. Чоң белек алуу үчүн аз
бир нерсени белекке берүү да тазаллул болот. Аяти карима мындай белек берүүгө тыюу
салууда. Алынган белекке жооп катары андан көп берүү абзал. Бирок, бергенинен
көбүрөөк алуу үчүн белек берүүгө болбойт. Чакырылбастан конокко баруу да
тазаллул болот. Хадис-и шарифте: "Чакырылган жерге барбоо күнөө.
Чакырылбаган жерге баруу уурулук кылуу болот”, - деп айтылды. Нике
кыйдырып жаткан адам чакырса, эгер ал жерде арам нерсе болбосо чакырыгына баруу
важиб болот. Башка чакырыктарга баруу сүннөт. Рия жана мактануу үчүн чакырган
болсо андай чакырыктарга барууга болбойт. Бир пайда көрүү үчүн бийлик адамдары
менен, соттор менен, байлар менен достук куруу тезеллул болот. Зарыл
жагдайларда буларды кылууга уруксат бар экендиги жогоруда билдирилген. Мындай
адамдар менен жолуккан кезде жана аларга салам берип жатканда ийилүү, сажда
кылуу тезеллул болот. Өтө чоң күнөө. Ибадат үчүн ийиле турган болсо куфур
болот. Яхудилердин салам берүүлөрүнө окшогондук болот. [Факир деген сөз муктаж
(кедей) дегенди билдирет. Исламиятта курмандык нисабы өлчөмүндө малы болбогон
адам "Кедей” болуп саналат. Расулуллахтын "саллаллаху
алейхи ва саллам” Аллаху тааладан сураган жана мактанган факирлик ар качан, ар
иште Аллаху таалага муктаж экендигин билүү болуп саналат. Абдуллах Дехлеви
"рахиме-хуллаху таала” "Дурр-уль-меариф” аттуу китебинде:
"Тасаввуфта факир - бул мураты жок, б.а., Аллаху тааланын ыраазылыгынан
башка тилеги болбогон дегенди түшүндүрөт”, - деп буюрган. Мындай адам нафакасы
болбогондо сабыр жана канаат кылат. Аллаху тааланын жазганына, бергенине ыраазы
болот. Аллаху таала буйрук кылгандыгы үчүн ырыскысын табуу үчүн эмгектенен.
Иштеп жатканда ибадаттарын таштабайт жана арам иш кылбайт. Акча табууда да,
тапканын сарптоодо да Исламиятка баш ийет. Мындай адамга байлык да, кедейлик да
пайдалуу болот. Дүнүйө жана акырет бактысына жетүүгө себепчи болот. Бирок,
напсине жетеленип, сабыр жана канаат кылбаган адам Аллаху тааланын каза жана
тагдырына ыраазы болбойт. Кедей болсо аз бердиң деп каршы чыгат. Бай болсо ага
тойбой дагы каалайт. Тапканын арамдарга жумшайт. Байлыгы да, кедейлиги да
дүнүйөдө жана акыретте азап туртуусуна себеп болот.]
Ар кесипти жана сооданы аркалоо, айлыкка мубах
болгон иштерди кылуу, мисалы, чабан болуу, дыйканчылык кылуу, курулуштарда
иштөө жана арабакеч болуп эмгектенүү тазаллул эмес. Пайгамбарлар
"алейхимуссалавату ваттаслимат” жана Олуялар "рахима-хумуллаху таала”
да буларды кылышкан. Өзүнүн жана бала-чакасынын нафакасын даярдоо үчүн
эмгектенүү фарз. Башкаларга жардам үчүн ар түрдүү иште эмгектенип дагы көбүрөөк
акча табуу мубах болуп эсептелет. Идрис алейхиссалам тикмечилик кылчу. Давуд
алейхиссалам темирчилик менен алектенчү. Ибрахим алейхиссалам чарбачылык жана
кездеме соодасы менен эмгектенчү. Эң биринчи болуп кездеме токуган адам – Адам
алейхиссалам. [Дин душмандары алгачкы адамдардын өсүмдүк жалбырак менен
кийинишкендигин, үңкүрлөрдө жашашкандыгын жазышкан. Булардын эч бир далилдери
жок.] Иса алейхиссалам өтүкчүлүк кылган. Нух алейхиссалам жыгаччылык, Салих
алейхиссалам теричилик менен эмгектенген. Пайгамбарлардын көбү
"алейхимуссалавату ваттаслимат” чабандык кылышкан. Хадис-и шарифте: "Үйүнүн
муктаждыктарын алып келүү текеберсиздиктин белгиси”, - деп айтылды.
Расулуллах "саллаллаху алейхи ва саллам” мал-оокат саткан жана сатып
алган. Сатып алгандары көбүрөөк болгон. Эмгек акысына иштеген жана адам
иштеткен. Башкалар менен орток иш кылган. Башка бирине өкүл болгон жана өкүл
кылган. Хадия берген жана алган. Аманатка мал алган. Вакф кылган. Дүнүйөлүк иш
үчүн эч кимге ачууланган эмес, таарынта турчу сөз айткан эмес. Ант кылган жана
кылдырган. Ант берген нерселерин аткарган жана аткарбаганда каффарат бергени да
болгон. Латифе (тамаша) кылган жана айткан, тамашалары дайыма чындыкка шай жана
пайдалуу болгон. Жогоруда саналган нерселерди кылуудан тартынуу, уялуу текебер
болот. Көп адамдар ушул жерде жаңылышат. Таваду менен тазаллулду бири-бири
менен алмаштырып алышат. Напси бул жерде көп адамды алдайт.
Кел, эй, чет жерде туткун болуп калган
инсан.
Кел, эй, дүнүйөгө малынып гафил богон
инсан!
Көз ач, айлананы кара, канча бектер келди
кетти.
Кандай мажнун бул фаниге көңүл байлап
турган инсан!
Капаста булбулга шекер беришет, бирок, эч
токтобойт.
Кызык, неге турат бул зынданга кирген
инсан!
Эсиңди жый, мындай нерсе колдо барда.
Чексиз азап тартат "Койсоңчу сен”
деген инсан!