Ислам дини » Адеп-ахлак » Ислам Ахлагы » Ужб (Кылган жакшылыктарын жактыруу)




Ужб (Кылган жакшылыктарын жактыруу)


14 – Жаман мүнөздөрдүн он төртүнчүсү – ужб. Ужб – бул кылган ибадаттарын, жакшылыктарын жактырып, ага мактануу болуп эсептелет. Кылган ибадат жана жакшылыктарынын кадырын билип, буларды колдон чыгарып алууну ойлоп коркуу ужб болбойт. Же болбосо, булардын Аллаху тааладан келген жакшылык экендигин ойлоп кубануу да ужб болбойт. Булардын Аллаху тааладан келген жакшылык экендигин ойлонбостон өзүм кылдым, өзүм таптым деп кубануу өзүн жакшы көргөндүк, ужб болот. Ужбдун антоними "Миннет” деп аталат. Миннет – жакшылыкка өз колу менен, өз эмгеги менен жетпегендигин, Аллаху тааланын жакшылыгы экендигин ойлонуу болуп саналат. Ушундайча ойлонуу ужб болуп калуу коркунучу болгон кезде фарз болот. Башка мезгилде мустахаб болуп саналат. Адамды ужбга тарткан себептердин башында сабатсыздык жана гафлет болууда. Бул ужбдан кутулуу үчүн бардык нерсенин Аллаху тааланын каалоосу менен болгондугун жана акыл, илим, ибадат кылуу, мал-оокат, байлык-бийлик сыяктуу баалуу жакшылыктардын Аллаху тааланын лутуфу жана жакшылыгы экендигин ойлоо керек. "Нимат” (жакшылык) – адамга пайдалуу болгон, таттуу сезилген нерсе дегенди билдирет. Бардык жакшылыктарды жиберген – Аллаху таала. Андан башка жаратуучу жана жиберүүчү жок. Асхаб-ы кирамдын кээ бирлери "радыйаллаху таала анхум эжмаин” Хунейн газаватында аскерлердин көптүгүн көрүп эми биз эч жеңилбейбиз дешти. Бул сөздөр Расулуллахтын "саллаллаху алейхи ва саллам” кулагына келгенде капаланды. Ушул үчүн Аллаху тааланын жардамы келбей жеңилүү башталат. Кийин, Женаб-ы Хак мээримдүүлүк кылып жеңиш насип кылды. Давуд алейхиссалам дуба кылып жатып: "Йа, Рабби! Балдарыман бир канчасынын намаз кылбаган бир дагы түн жок жана орозо кармабаган эч бир күн болгон эмес”, - деген эле. Буга жооп катары Аллаху таала: "Мен каалабаганымда, кубат жана мүмкүнчүлүк бербегенимде булардын эч бири кылынмак эмес”, - деп буюрду. Давуд алейхиссаламдын бул сөзү гайрат-и илахиге тийип, тарых китептеринде жазылган кыйынчылыктардын башына келүүсүнө себеп болду. Текеберге себеп болгон нерселерди жогоруда билдирген элек. Булар ужбга да себеп болот. Аллаху тааланын жакшылыктарына шүгүр кылуу да чоң жакшылык болуп саналат.

Ужбдун зыяндары, апааттары көп: Текеберге себеп болот. Күнөөлөрдү унутууга себеп болот. Күнөө көңүлдү карайтат. Күнөөлөрүн эстеген адам ибадаттарын жогору көрбөйт. Ибадат кылуу дагы Аллаху тааланын лутуфу, жакшылыгы экендигин ойлонот. Ужбга чалдыккан адам Аллаху тааланын мээримин жана азабын да унутат. Башкалардан пайдалануудан да куру калат. Эч ким менен кеңешпейт.

Хадис-и шарифте: "Үч нерсе адамды азапка сүйрөйт: Бухл, хева жана ужб.” Бухл ээси, б.а., сараң адам Аллахка жана пенделерине карата акыларын жана вазыйпаларын өтөөдөн куру калат. Хевасына, б.а., напсинин кумарына жетеленген жана ужб ээси болгон, напсисин жактырган адам сөзсүз балээге дуушар болот. Имам Мухаммед Газали "рахима-хуллаху таала”: "Бардык жамандыктардын булагы үчөө: Көралбастык, рия, ужб. Көңүлүңдү булардан тазалоого аракет кыл!” – деп буюрган. Ужб ээси дайыма мен дейт. Жыйналыштарда алдыда болууну каалайт. Ар сөзүнүн кабыл кылынуусун каалайт.

Хадис-и шарифте: "Күнөө кылбасаңар андан да чоң күнөөгө түшө турганыңардан корком. Ал болсо – ужб” – деп айтылды.буюрулду. Күнөө кылган адам башын бүгүп жүрөт. Тообо кылышы мүмкүн. Ужбга чалдыгып өзүн өзү жактырган адам илими жана амалы менен мактанат. Эгоист болот. Тообо кылуусу кыйын болот. Күнөө кылгандардын сыздоолору Аллаху таалага таспих кылгандардын мактануусунан жакшыраак. Ужбдун эң жаманы каталарын, напсинин хевасын жактыруу болуп саналат. Дайыма напсине баш ийет. Насыят кабыл кылбайт. Башкаларды сабатсыз деп ойлойт. Чындыгында, ал адамдын өзү сабатсыз. Бидат ээлери, мазхабсыздар мына ушундай болушат. Бузук, адашкан ишенимдерин жана амалдарын туура жана жакшы деп эсептеп, буларга бекем карманып алышкан. Мындай ужбдун дарысын табуу өтө кыйын. Маида сүрөсүнүн "Өзүңөрдү карагыла. Өзүңөр туура жолдо болсоңор башкалардын адаштыруусу силерге зыян бербейт!”деген жүз сегизинчи аяти каримасынын маанисин Расулуллахтан сурашат. Жообунда: "Исламияттын буйруктарын билдиргиле жана тыюу салган нерселерин айткыла! Бир адам ужб кылып, силерди тыңдабаса өз абалыңарга карагыла”, - деп буюрду. Ужб оорусу менен ооругандардын дарыларын даярдаган аалымдар – Ахли сүннөт аалымдары болуп эсептелет. Бирок, бул оорулуулар ооруларын билбегендиги, өздөрүн сообуз деп эсептегендиги үчүн бул табыптардын насыяттарын, илимдерин кабыл кылышпайт, кыйынчылыкта калышат. Чындыгында, бул аалымдар Расулуллахтан "саллаллаху алейхи ва саллам” алган дарыларды эч өзгөртпөстөн, бузбастан сунууда. Сабатсыздар, акмактар бул дарыларды алар жасашты деп ойлошот. Туура жолдо экендиктерин ойлоп, өздөрүн жакшы көрүшөт.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш