Ислам дини » Адеп-ахлак » Ислам Ахлагы » Шематет (Башкалардын жамандыгына кубануу)




Шематет (Башкалардын жамандыгына кубануу)


17 – Шематет – бул башкалардын башына келген балээлерге кубануу дегенди түшүндүрөт. Хадис-и шарифте: "Дин бир тууганыңарга шематет кылбагыла! Шематет кыла турган болсоңор Аллаху таала балээни андан алып силерге берет”, - деп айтылды. Заалымдын зулумдугунан, зыянынан кутулуу үчүн анын өлүмүнө кубануу шематет болбойт. Душмандын башына келген өлүмдөн башка балээлерге кубануу шематет болот. Балээлердин келүүсүнө өзү себеп болгондугун ойлоп кубануу, мисалы, дубасынын кабыл болгондугуна кубануу мындан да жаман. Ужб деген жаман мүнөзгө чалдыгуусуна себеп болот. Ага келген балээ мен үчүн сыйкыр болушу мүмкүн деп ойлоосу керек. Ал адамдын балээден кутулуусу үчүн дуба кылуусу керек. Хадис-и шарифте: "Момундун дин бир тууганы үчүн аркасынан кылган кайыр дубасы кабыл болот. Бир периште "Аллах бул жакшылыкты сага да берсин. Амин деп айтат”. Периштенин дубасы болсо кайтарылбайт”, - деп айтылды. Эгер бир адам душман, заалым болсо ага келген балээ башкаларга зулумдук кылуусуна тоскоолдук болсо балээнин келүүсүнө кубануу шематет болбойт, күнөө болбойт. Дин гайраты болуп саналат. Дин гайраты болсо ыймандын кубаттуу экендигин көрсөтөт. Аллах үчүн гайрат кылуу жакшы нерсе. Айбандык арзуулары үчүн гайрат кылуу жакшы эмес. Заалымга дагы балээ келгенде кубануу дагы жакшы эмес. Бирок, башкаларга зулумдук кылуусуна тоскоол болгондугу үчүн жана башка заалымдардын да мындан өрнөк алуулары үчүн жаиз болууда.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш