Ислам дини » Адеп-ахлак » Ислам Ахлагы » Жубн (Коркоктук)




Жубн (Коркоктук)


19 – Жубн – коркоктук дегенди билдирет. Ачуулануунун, катуу мамиле кылуунун керектүү өлчөмү "Шажаат” (б.а., жигиттик, эрдик) деп аталат. Чегинен аз болуусу "Жубн”деп аталат. Жубн – жаман мүнөз. Имам Мухаммед бин Идрис Шафи "рахима-хуллаху таала” мындай деген: "Шажаат көрсөтүлүү керек болгон жерде коркоктун кылган адам эшекке окшойт. Кечирим берилген адам ыраазы болбосо шайтанга окшойт”. Коркок адам аялына жана бир тууганына карата гайратсыздык, коргонучсуздук көрсөтөт. Аларды коргой албайт. Зулумдукка баш ийет. Арам кылган адамды көргөндө унчукпайт. Башкалардын оокатына көз артат. Ишинде бекем болбойт. Берилген милдеттин маанисин түшүнө албайт. Аллаху таала тообо сүрөсүндө шажаатты, эр жүрөктүүлүкту мактоодо. Нур сүрөсүндө зина кылгандарга хад жазасын берүүдө мээрим кылынбоосу буйрук кылууда.

Хадис-и шарифте: "Сүйүктүү кызым Фатима уурулук кыла турган болсо колун кесем!” – деп буюрулду. Аллаху таала Фетх сүрөсүндө Асхаб-ы кирамга "радыйаллаху таала анхум эжмаин” "Капырларга гадап кылышат”, согушта катуулук көрсөтүшөт деп мактоодо. Тообо сүрөсү, жетимиш төртүнчү аят-и каримасынын маанисинде: "Капырларга карата катуу бол!”. Б.а., кол салган кезде коркпо делүүдө. Бир хадис-и шарифте: "Үммөтүмдүн жакшысы – темир сыяктуу бекем болгону”, - деп буюрулган. Исламга жана мусулмандарга душмандык кылгандарга, кол салгандарга карата катуу болуу керек. Буларга карата коркоктук кылууга болбойт. Коркуп качуу Аллаху тааланын тагдырын өзгөртпөйт. Ажал келгенде Азраил алейхиссалам адамды каерде болсо болсун табат. Өзүн коркунучка түртүү дагы жаиз эмес. Коркунучтуу жерде жалгыз калуу, жалгыз басуу дагы – күнөө.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш