Ислам дини » Адеп-ахлак » Ислам Ахлагы » Тахаввур (Ашыкча катуулук) (1)




Тахаввур (Ашыкча катуулук) (1)


20 – Гадабдын (ачуунун), катуулуктун ашыкча жана зыяндуу болуусу "Тахаввур” деп аталат. Тахаввур ээси болгон адам ачуулуу, орой болот. Мунун карама-каршысы жумшактык болот. Жушмак адам ачууланууга себеп болгон нерселер менен каршылышканда ачууланып, эмоцияга берилбейт. Коркок адам өзүнө зыян алып келет. Ачуулуу адам өзүнө да башкаларга да зыян берет. Тахаввур адамды акылынан адаштырат, куфурга чейин киргизет. Хадис-и шарифте: "Ачуу ыйманды бузат”, - деп айтылды. Расулуллахтын "саллаллаху алейхи ва саллам” дүнүйөлүк нерсе үчүн ачуулангандыгы көрүлгөн эмес. Аллах үчүн гадабга келчү. Гадаб ээси болгон адам каршысында турган адамдын да өзүнө жооп кайтара тургандыгын ойлонуусу керек. Ачууланган адамдын нерви бузулат, жүрөк оорусуна чалдыгат. Бул дарт сыртына да таасир берип жаман жана коркунучтуу кебетеге айланат.

Ачууну жеңүү "Казм” деп аталат. Казм кылуу өтө сооптуу. Казм ээсине, б.а., ачуусун жеңген адамга Жаннат сүйүнчүлөнгөн. Аллах ыраазылыгы үчүн казым болгон адам каршысындагы адамды кечирип ага каршылык көрсөтпөй турган болсо Аллаху таала аны өтө сүйүп, Жаннаттын булар үчүн дайындалганын билдирген. Хадис-и шарифте: "Бир адам Аллаху тааланын ыраазылыгы үчүн ачуусун таштай турган болсо Аллах ал адамдан азабын алып таштайт”, - деп айтылды. Хадис-и шарифте: "Бир мусулманда үч нерсе болсо Аллаху таала аны коргойт, аны сүйөт, ырайым кылат. Жакшылыкка шүгүр кылуу, заалымды кечирүү, ачууланганда ачуусун жеңүү”, - деп айтылды. Жакшылыкка шүгүр кылуу – бул аны Исламиятка ылайык колдонуу болуп саналат. Хадис-и шарифте: "Ачууланган адам каалаган нерсесин кылууга күчү жетип турса да жумшак мамиле кыла турган болсо Аллаху таала анын көңүлүн ишеним жана ыйман менен толтурат.”

"Бир адам ачуусун жашыра турган болсо Аллаху таала анын айыптарын, кемчиликтерин жашырат”, - деп айтылды. Имам Газали "рахима-хуллаху таала”: "Жумшактык ээси болуу ачуусун жеңүүдөн да баалуу”, - деп айткан. Хадис-и шарифте: "Йа, Рабби, мага илим бер, жумшактык менен кооздо, такыбаа берАфийат менен мени сулуулаштыр”, - деп айтылды. Абдуллах ибни Аббасты "радыйаллаху таала анхума” бир адам сөгөт. Буга жооп катары: "Бир муктаждыгың болгон болсо сага жардам берейин”, - деди. Адам башын салып уялганынан кечирим сурады. Хазрети Хусейндин уулу Зейнел Абидин Алини "радыйаллаху таала анхума” бир адам сөгөт. Көйнөгүн чечип ага хадия кылат. Иса алейхиссалам яхудилердин жанынан өтүп бара жатканда ага өтө жаман сөздөрдү айтышат. Аларга жакшы жана жылуу сөздөр менен жооп берет. Алар сага жамандык кылып жатышат, сен болсо аларга жакшы сүйлөп жатасың дешкенде: "Ар ким жанында эмне болсо ошону берет”, - деп айтты. Жумшак болгон адам дайыма жакшы маанайда ырахат жүрөт. Аны бардык адамдар макташат.

Хадис-и шарифте: "Ачуу шайтандын васвасасынан пайда болот. Шайтан оттон жаратылган. От суу менен өчүрүлөт. Ачууланган кезде даарат алгыла!” – деп айтылды. Ошондуктан, ачууланганда аузу бисмиллах жана эки кул аузуну окуу керек. Адам ачууланган кезде акылын жоготот. Исламияттын чегинен чыгат. Хадис-и шарифте: "Ачууланган адам өйдө турган болсо отурсун. Ачуусу улана турган болсо жатсын!” – деп айтылды. Тике турган адамдын өч алуусу жеңил болот. Отурган кезде азаят. Жатса дагы да азаят. Ачуу текеберден туулат. Жатуу текебердин азайуусуна себеп болот. Ачууланган кезде "Аллахуммагфир ли-зенби ва эзхиб гайза калби ва эжирни минешшейтан” деп окуу хадис-и шарифте буйрук кылынды. Мааниси "Йа, Рабби! Күнөөмдү кечир. Мени көңүлүмдөгү ачуудан жана шайтандын васвасасынан куткар” дегенди түшүндүрөт. Ачууланууга себеп болгон адамга жумшак мамиле кыла албаган адам анын жанынан кетип, аны менен көрүшпөөсү керек.

Дүнүйө үчүн да, акырет үчүн да эч бир адамга ачууланбаш керек. "Ла тагдаб” деген хадис-и шариф ачууланууга тыюу салууда. Бир адам ачуулана турган болсо бардык нервдери бузулат. Кээ бир органдары ооруга чалдыгат. Докторлор буга дары таба алышпайт. Бул үчүн бир гана дары "Ла тагдаб” хадис-и шарифи. Ачууланган адам сөздөрү менен, кыймыл аракеттери менен жанындагылардын да тынчын алат. Алар дагы нерв оорусуна чалдыгышат. Үйдөн ырахаттык, тынчтык кетет. Уянын чачыроосуна, жандын кыйылуусуна дагы себеп болот. Бир үйдө ачууланган бир адам болбосо ал үйдө ырахаттык жана тынчтык болот. Ачууланган адам бар болсо тынчтык калбайт. Эркек менен аялынын ортосунда, бала менен эненин ортосунда келишпестик, жада калса, душмандык өксүбөйт. Ислам өкүмүнө ылайык жашоо ырахаттык, бактылуулук жана тынчтык алып келе тургандыгын ушул жерден да түшүнүүгө болот. Ислам өкүмүнө ылайык жашаган капырлар дагы дүнүйөдө бактылуу болушат.

Сабатсыз жана акмак адамдар ачууланууну жана тахаввур кылууну шажаат жана эркектик, иззат-и нафс, гайрат жана хамиййат деп аташууда. Бул жакшы ысымдарды ачуулануу деген жаман мүнөзгө тагышууда. Ачуулануунун жакшы экендигин айтышууда. Муну макташ үчүн улуулардын ачуулук көрсөткөн окуяларын да айтышууда. Мындай кылуу сабатсыздык болуп саналат. Акылдын кем экендигин көрсөтөт. Ошондуктан, оорукчан адам дени сак адамдан, аял эркектен, кары адам жаш адамдан тезирээк ачууланат. Отуз жаштан жаш болгон адам жаш, отуз менен элүү арасындагы адам жетилген адам, элүү жаштан жогору адам шейх, б.а., карыя [жетимиштен ашкан адам пир-и фани] деп аталат.

Исламияттан, китептен албастан өз оюнан чыгарып катуулук менен вааз берген адамды тыңдабоо дагы мунун ачуусуна себеп болот. Мунун дарысы туураны жумшактык менен сүйлөө болуп саналат. Хазрет-и Хасан жана Хусейн "радыйаллаху таала анхума” чөлдө бара жатышкан эле. Бир кары адамдын даарат алып жаткандыгын көрүшөт. Дааратты туура эмес, эрежесиз алып жаткан эле. Карыган болгондугу үчүн дааратты минтип алууга болбойт деп айтуудан тартынышат. Жанына барып: "Мубарек ак сакал! Бирибиз бирибизден жакшы даарат ала турганыбызды айтуудабыз. Бир даарат алалы. Кимибиздин туура айтып жатканыбызды бизге билдир”, - дешет. Алгач Хасан, кийин Хусейн жакшылап даарат алышат. Кары адам көңүл коюп карайт. "Балдарым! Даарат алууну мына азыр силерден үйрөндүм”, - дейт. Ибрахим алейхиссалам эки жүз мажусиге тамак берет. "Бизге кандай буйрук бересиң, аткаралы”, - дешет. "Силерден бир нерсени суранам”, - дейт. "Ал эмне?” – дешкенде: "Менин Раббиме бир жолу сажда кылууңарды каалайм”, - деди. Өз ара сүйлөшүшөт. "Бул кары адамдын жакшылыктары, тамак ашы белгилүү. Мунун көңүлүн оорутпай бир жолу сажда кылып кийин кайрадан өзүбүздүн теңирлерибизге сыйына беребиз. Бир зыяны тийбейт”, - дешет. Булар саждада турганда Ибрахим алейхиссалам: "Йа, Рабби, күчүмдүн жеткени ушунча. Мындан көбүн кылдыруу колуман келбеди. Буларды хидаятка, саадатка жеткирүү бир гана сенин кудуретиң менен. Буларга мусулмандыкты насип кыл!” – деди. Дубасы кабыл болуп бардыгы мусулман болот. Арам кыла турган адамга жашыруун насыят кылуу керек. Арам кылып жаткан адамга таттуу сөз менен ошол жерде айтылат. Ар кимге алгач жашыруун, башкалар уга турган жерден алыс насыят берүү таасирлүүрөөк болот.

Бир адамдын сөзүн ката түшүнүү да ачуулануусуна себеп болот. Мындай убактарда аз жана ачык сүйлөө, шектүү сөздөрдүү колдонбоо керек. Бир нерсени жабык түшүндүрүү угуп турган адамга кыйын болот. Анын тынчын алат. Эмр-и маруф кылуунун үч шарты бар: Биринчиси - Аллаху тааланын буйругун жана тыюусун билдирүүгө ниет кылуу. Экинчиси – айткан нерсесинин далилин, булагын билүү. Үчүнчүсү – пайда боло турчу кыйынчылыктарга сабыр кылуу. Жумшак сүйлөө керек, орой сөз сүйлөбөө керек. Орой сүйлөгөн жана талашкан адам фитнанын чыгуусуна себепчи болот. Хазрети Умар халифа кезинде бир кечте Абдуллах ибни Масуд менен "радыйаллаху анхум” Мединаны кыдырып жүрүшкөн эле. Бир эшиктен обон салып ыр ырдаган аялдын үнү угулат. Эшиктин тешигинен ичин карашат. Алдында шараптын бөтөлкөсү менен каршысында ырчы кыз турган бир кары адамды көрүшөт. Дароо терезеден ичкери кирет. "Йа, эмирелмуминин!” Аллаху тааланын ыраазысы үчүн мени уга аласыңбы”, - дейт. "Айт, кана”, - дейт. "Мен Аллаху таалага бир каршылык кылдым. Бирок, сен Анын үч буйругуна каршы болдуң.” "Алар эмнелер?” – дегенде: "Аллаху таала башка адамдардын үйүнө көз тикпегиле деп буюрууда. Сен эшиктен үйдүн ичин карадың. Аллаху таала башка биринин үйүнө уруксат албастан кирбегиле деп буюрууда. Сен уруксатсыз кирдиң. Аллаху таала үйлөргө эшиктеринен киргиле, салам бергиле деп буюрду, сен болсо терезеден кирдиң, салам бербедиң”, - дейт. Хазрети Умар бул адамга адилеттик ынсап менен жооп берип, туура айтасың деди жана андан кечирим сурады. Ыйлап сыртты көздөй чыкты.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш