Ислам дини » Адеп-ахлак » Ислам Ахлагы » Тахаввур (Ашыкча катуулук) (2)




Тахаввур (Ашыкча катуулук) (2)


Насаат берген адамга жана бардык мусулмандарга хусни зан кылуу, жакшы кабылдоо керек. Сөздөрүн мүмкүн болушунча жакшыга жоруу керек. Мусулмандын кайырлуу жана салих экендигине ишенүү ибадат болот. Бир мусулманга суизан кылып, ага ишенбөө жаман куйлуу болууну көрсөтөт. Уккан сөздү түшүнүүгө аракет кылуу, түшүнө албаганын болсо суроосу керек. Сөз ээсине дароо суи зан кылбоо керек. Шайтандын көңүлгө салган васвасаларынан эң көп ийгиликке жеткени суи зан васвасасы болуп эсептелет. Суи зан кылуу – арам. Бир сөздөн жакшы маани чыгарууга мүмкүнчүлүк болбосо мунун жаңылыштык менен айтылышы мүмкүн экендигин эстен чыгарбоо керек.

Бир кедей адам бир бай адамдан бир нерсе сураса, бай адам бербесе экөө тең ачууланышы мүмкүн.

Бир иш менен алектенип отурган, бир нерсени ойлонуп отурган, көңүлү түшүп капаланып отурган, кыйын абалда турган адамга бир нерсе айтуу анын ачуулануусуна себеп болушу мүмкүн. Баланын ыйлоосу, бакыруусу, жаныбарлардын бакыруулары да ушундай. Мындай ачуулануу өтө жаман. Жансыздардын кыймылынан ачуулангандар болгон. Бул андан да жаман. Койгон жеринен томолонсо, жыгачты чапканда сынбаса ачууланып сөгүнгөн, урган, талкалап салган, өрттөп жиберген адамдар да болгон. Өз кылганына жинденип бул үчүн өзүн өзү сөгүп, өзүн өзү ургандар да жок эмес. Ибадатта кемчилик кылгандыгы үчүн өзүнө ачуулануу жакшы болот. Динине гайрат болот, сооп алган болот. Буйруктарына же тыюуларына жинденип өкмөткө, өкмөт адамдарына, Расулуллахка "саллаллаху алейхи ва саллам”, жада калса, Аллаху таалага каршы ачуулануу баарынан да жаманы болуп саналат. Куфурга себеп болот. "Ачуулануу ыйманды бузат” деген хадис-и шариф Аллаху таалага, Расулуллахка карата ачуулануунун куфур экендигин көрсөтүүдө.

Арам иш кылып жаткан адамды көргөндө ачуулануу жакшы болот. Дин гайратынан улам болот. Бирок, ачууланган кезде акылдын, Исламияттын чегинен чыкпоосу керек. Ага капыр, мунафык, даййус же башка уят, жаман нерселерди айтуу арам болот. Айткан адамдын тазир кылынуусу, жазалануусу керек болот. Арам кылып жаткан адамды көргөн адам муну сабатсыз же акмак деп айтууга уруксаты болсо да жумшак, таттуу сөз менен насыят берүүсү жакшы болот. Хадис-и шарифте: "Аллаху таала дайыма жумшак сүйлөөнү жакшы көрөт”, - деп айтылды. Арам иш кылганды, мыйзамдарга каршы чыкканды, өкмөт кызматкерлеринин, полициянын күч колдонуп мындан кайтаруусу керек. Бирок, чегинен ашыкча токмоктоосу, кыйноосу зулумдук болот, күнөө болот. Мамлекет кызматчысы жок болсо күчү жеткен адам мындан кайтаруусу керек. Өлүм, үйүн өрттөө сыяктуу жазаларды бир гана мамлекет сот тарабынан кылынат. Керегинен ашыкча жаза берүү зулумдук болот. Амри маруф жана нахйи мункар кылган өкмөт жана кызматчыларынын кыйноо көрсөтүүлөрү арам.

Гадабдын карама-каршысы жумшактык болуп саналат. Жумшактык ачууну жеңүүдөн да жакшыраак. Жумшактык ачууланбоо дегенди билдирет. Акылдын көптүгүнүн белгиси. Хадис-и шарифте: "Ачууга себеп болгон нерсенин алдында жумшактык кылган адамды Аллаху таала сүйөт.” жана "Аллаху таала хая жана жумшактыгы, иффаттуулугу бар адамдарды сүйөт. Уят сөздөрдү айткан, көшөрүп кайырчылык кылгандарды сүйбөйт”, - деп айтылган. Иффат – бул башка биринин мал-мүлкүнө көз тикпөө дегенди билдирет. Расулуллах "саллаллаху алейхи ва саллам” "Йа, Рабби! Мага илим, хилм (жумшактык)такыбаа жана афийат бер!” деген дубаны көп айтар эле. Илм-и нафи – келам жана ахлак илимдери болуп саналат. Афийат – диндин жана ишенимдин бидаттардан, амалдын жана ибадаттын апааттардан, напсинин шахваттардан, көңүлдүн хева жана васвасадан, дененин оорулардан саламаттык табуусу, кутулуусу дегенди билдирет. Расулуллахтан "саллаллаху алейхи ва саллам” дубалардын жакшысы кайсынысы деп суралганда : "Аллаху тааладан афийат тилегиле. Ыймандан кийин афийаттан да чоң жакшылык жок”, - деп буюрган. [Афийатка жетүү үчүн көп истигфар кылуу керек.] Хадис-и шарифте: "Илим жана токтоолук ээси болгула! Үйрөнүүдө жана үйрөтүүдө жумшак сүйлөгүлө! Илим менен текеберлик кылбагыла!” – деп айтылган. Хадис-и шарифте: "Исламиятка баш ийген жана жумшак болгон адамды Жаханнам оту жакпайт.” жана "Жумшак болуу берекет алып келет. Ишинде чектен чыгуу жана мажүрөөлүк кылуу гафлетке себеп болот”, - деп айтылды. Хадис-и шарифте: "Рыфк (жумшактык) ээси болбогон адамдан жакшылык келбейт!”

"Рыфк адамга кооздук берет, кемчиликтерин кетирет”, - деп айтылды.

Душманга ачууланбоо керек, акырын үн менен "Аллах жазасын берсин”, - деш керек. Аллаху таала адилетсиздик кылган адамга өтө оор жаза берет.

Хадис-и шарифте: "Илим үйрөнүү менен, жумшактык болсо аракет менен пайда болот. Аллаху таала кайырлуу нерсе үчүн эмгек кылган адамды максатына жеткирет. Жамандыктан сактанган адамды андан коргойт”, – деп айтылды.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш