21-Ачууга
себеп боло турган нерселердин бири "Гадр”, б.а.,
берген ахдында жана мисакында турбоо. Бир жактын сөз берүүсү "Убада” деп
аталат. Эки кишинин келишүүсү "Ахд” (келишим) деп аталат.
Ант менен бекемделген убада "Мисак” деп аталат.
Эки жактуу келишип, сөз беришип, алдын ала кабарлашпай сөзүн бузуу "гадр”
болот. Мамлекет башчысы мусулман эместер менен түзгөн келишимди бузуу кажет
экенине көзү жетсе, аларга кабар берүүсү важиб. Алдын ала кабар бербей
келишимди бузуусу жаиз эмес. Хадис-и шарифте: "Гадр кылган адам,
кыямат күнү оор түрдө жазасын көрөт”, - деп айтылды. Гадр кылуу –
арам. Мусулман эместер менен түзүлгөн келишимди да коргоо важиб.
Хадис-и
шарифте: "Ишеничтүү болбогон адамда ыйман жок. Убадасын бузган
адамда дин жок”, - деп айтылды. Бул хадис-и шариф аманатка кыянат
кылгандын ыйманы камил (толук) болбойт, буга маани бербей турган болсо ыйманы
калбайт дегенди билдирет.
Аллахумма
иннака Афуввун. Каримун тухыббул афва фа’фу анни!