22-Көңүл
оорууларынын жыйырма экинчиси бул – кыянат. Кыянат кылуу да ачууланууга себеп
болот. Кыянат да арам. Мунафыктыктын (эки жүздүүлүктүн) белгиси. Кыянаттын
карама-каршысы аманат, ишеничтүү болуу. Кыянат – бирөөгө өзүн ишеничтүү кылып
көрсөткөндөн кийин, ошол ишеничти буза турган иш кылуу дегенди билдирет. Момун
– ишеничтүү адам, эч кимдин малына, жанына кыянат кылбай турган адам. Аманат
менен кыянат мал-мүлктө болгондой, сөздө да болот. Хадис-и шарифте: "Машварат
кылына турган (кеңеш сурала турган) адам ишеничтүү”, - деп
билдирилди. Б.а., анын дурус кеңеш бере тургандыгына жана суралган маселенин
башкалардан жашыра тургандыгына аманат кылынат, ишенет. Анын туура сүйлөөсү
важиб. Адам мал-мүлкүн, ишеничтүү адамга тапшыра тургандыгы сыяктуу эле туура
сүйлөй тургандыгына ишенген адам менен машварат кылат, кеңешет. Али Имран
сүрөсүнүн 159-аятында: "Кыла турган ишти алгач машварат кыл (кеңеш)!”
- деп айтылды.
Машварат,
б.а., кеңешүү адамды өкүнүп калуудан коргой турган ишеничтүү коргон сыяктуу.
Машварат кылына турган, б.а., кеңеш сурала турган киши адамдардын жагдайын,
доордун жана мамлекеттин шарттарын билүүсү зарыл. Бул саясат илими деп аталат.
Мындан сырткары, акылдуу, ой жүгүртүүсү кубаттуу, узакты көрө билген, жада
калса, ден соолугу чын болушу зарыл. Машварат, б.а., кеңеш сурала турган
адамдын билбегендерин же билгендеринин терсин айтуусу күнөө болот. Жогорудагы
шарттарга жооп бере албаган адам менен машварат кылынса (акылдашса) экөөнө да
күнөө болот. Дин менен дүйнө иштеринде билбей туруп фатва бергенге периштелер
наалат айтышат. Бир адам зыяндуу экенин билип туруп бир буйрук берсе кыянат
кылган болот.
["Хадика”да
мындай айтылган: Абдуллах бин Масуд "радыйаллаху таала анх” мындай деди:
"Диниңерде эң алгач айрыла турган, колуңардан чыгарып ала турган нерсеңер
- аманат болот. Эң соңунда колуңардан кете турган нерсе – намаз. Дини-ыйманы
болбой туруп эле намаз окуган адамдар чыгат.” Хадис-и шарифте: "Достошкон
адамын өлтүргөн менин үммөтүмөн эмес. Өлтүрүлгөн капыр болсо дагы ушундай”,
- деп айтылды.]