Убаданы бузуу


23-Убадасында турбоо дагы ачууга себеп болот. Бир жактын сөз берүүсү "Убада”, эки жактын убадалашуусу "Ахд” (келишим) деп атала тургандыгын жогоруда билдирген болчубуз. Бирөөгө зыян, азап тарттыра тургандыгына сөз берүү "Ва’ид” деп аталат. Ва’идди орундабоо "Керем, мээримдүүлүк болот. Жалган убада берүү арам. Мындай убаданы орундабоо да бөлөкчө күнөө болот. Орундоо болсо жалганчылык күнөөсүн жок кылат. Фасид бей (бузук, дурус эмес соода) да ушундай. Мындай сооданы бузуу, баш тартуу важиб болот. Бузуп, тообо кылса күнөөлөрү калбайт. Мындай сооданы токтотпосо күнөө эки эсе болот. Убадасын инжаз кылуу б.а., убадасына опаа кылып, орундоо зарыл.

Хадис-и шарифте: "Мунафыктын (эки жүздүүлүктүн) белгиси үчөө: Жалган сүйлөө, убадасына турбоо, аманатка кыянат кылуу”, - деп айтылды. Убадасында турууга күчү жетпесе мунафыктын белгиси болбойт. Өзүнө мал-оокат же сөз же болбосо сыр аманат кылынган адамдын буларга кыянат кылуусу мунафыктык болот.

Бухариде жазылган, Амр ибни Астын "радыйаллаху таала анх” уулу тарабынан билдирилген хадис-и шарифте: "Төрт нерсе мунафыктын белгиси: Аманат кылынганга кыянат кылуу, жалган сүйлөө, убадасын бузуу жана ахдына гадр кылуу (келишимди бузуу) жана сотто чындыкты айтпоо”, - деп айтылган. Ибни Хажар мындай дейт: Нифак б.а., мунафыктык адамдын сырты менен ичинин бири-бирине туура келбөөсү дегенди билдирет. Сөзү өзүнө окшобойт. Акыйдада ишенүү керек болгон нерселерде мунафыктык кылуу куфур болот. Ишинде жана сөзүндө мунафыктык кылуу арам болот. Акыйдада, ыйманда мунафыктык башка куфурлардан да жаман. Ишке ашыруу, орундоо ниети менен убада берүү жаиз, жада калса, сооп. Мындай убаданы ишке ашыруу важиб эмес, мустахаб. Ишке ашырбоо танзихан макрух болот. Хадис-и шарифте: "Бир адам орундоо ниети менен берген сөзүндө тура албаса күнөө болбойт”, - деп айтылды. Ханафи жана Шафии мазхабдарында ахдды (келишимди) бузуу, үзүрлүү эмес болсо макрук, үзүрлүү себеп болсо жаиз. Бирок, буза тургандыгын алдын ала кабар берүүсү важиб. Ханбали мазхабында убадада туруу важиб. Орундабоо арам болот. Кылынуусу төрт мазхабда да сахих болгон бир нерсени кылуу такыбаа болот. 

Ар бир мусулман төрт мазхабда болгондордун бардыгын жакшы көрүүсү, баарына жакшы дуба кылуусу, мазхабда таассуб кылбоосу (фанатизмге барбоосу) важиб. Төрт мазхабды "талфик” кылуу (бириктирүү) аалымдардын ооз бирдиги менен жаиз эмес. Талфик - бир ишти, бир ибадатты орундаганда төрт мазхабдын уруксаттарын, жеңилдиктерин алып жыйноо дегенди билдирет. Жасалган бул иш төрт мазхабдын эч биринде сахих эмес. Бир мазхабдын уруксаттарын жыйнап амал кылуу жаиз.

[Бир ибадатты, бир ишти орундоо үчүн төрт мазхабдын бирин таклид кылууга ниет кылуу, ошол мазхабга ылайык орундоо керек. Төрт мазхабдын ар биринде бир иштин орундалуусун бир оңой жолу, бир оор жолу бар. Биринчи жол "Уруксат”, экинчи жол "Азимат” жолу деп аталат. Кубаттуу, жагдайы ыңгайлуу адамдын азимат менен амал кылуусу жакшыраак болот. Кыйын болгон нерсени орундоо напсиге оор келет, напсини катуу эзет, алсыратат. Ибадаттар напсини алсыратуу үчүн, сындыруу үчүн буйрук кылынган. Себеби, напси адамдын да, Аллаху тааланын да душманы. Аны алсыратып, азгырылуусун алдын алуу зарыл. Бирок толугу менен өлтүрүү мүмкүн эмес. Себеби, ал дененин кызматчысы. Акмак жана сабатсыз кызматчысы. Алсыз, оорулуу, кыйын жагдайдагы адамдын ибадаттарында, иштеринде азимат жолун таштоосу, уруксат жолу менен орундоосу керек. Эгер өз мазхабынын уруксат жолу менен орундоо да кыйын болсо, башка үч мазхабдын бирин таклид кылып орундоосу жаиз болот.]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш