Ислам дини » Алышуу-беришүү » Соодада ант ичүү




Соодада ант ичүү


Суроо: Бир буюмду кардарга жактыруу үчүн ант ичүүгө болобу?

ЖООП

Чын болсо да соода кылып жатканда ант ичпөө керек! Хадиси шарифтерде мындай деп айтылган:

"Буюмду ант ичип жактырган адамга кыяматта ырайым кылынбайт.” [Муслим]

"Соода-сатыкта "Валлахи мындай, биллахи мындай эмес” деп ант ичкендерге жана санаткардан "Эртең кел, бирсүгүнү кел” деп сөзүндө турбагандарга кандай жаман”!”[Дайлами]

"Жалган ант менен мал-мүлк көп сатылса да мындай табыштын берекеси болбойт.” [Бухари]

"Алуучу менен сатуучу бири-бирине чын сүйлөп, насыят кылганда тапкандары берекелүү болот, мал-мүлктүн кемчилигин жашырып, жалган айтса бул береке кетет.” [Бухари]

"Соода-сатыкта көп ант ичүү мал-мүлктүн берекесин кетирет.” [Муслим]

"Бир заман келет, адамдар бир гана мал-мүлктүн, акчанын келүүсүн ойлоп, халалбы же харамбы ойлонушпайт.” [Р.Насыхин]

"Мал-мүлкүн кардарга көрсөтүп жатканда соодагердин Аллах деп айтуусу, Калимаи тавхид айтуусу күнөө. Буларды акча табууга курал кылган болуп саналат.” [Эль Ихтияр]

Эль Ихтияр китебиндеги бул сөздөрдөн кардар тартуу максаты менен дүкөнүнө диний рамкаларды асуунун да динди соодага курал кылуу боло тургандыгы түшүнүлөт. Айрыкча, динден, ыймандан кабары болбогон адамдардын мындай иштери динди колдонгондук болот.

Акылдуу адам акыреттин чексиз табылгасын дүнүйөнүн өткүнчү пайдасына алмаштырбайт. Бардык жакшылыктардын диндин буйруктарына баш ийүүдө жана орундоодо экендигин билет.

Суроо: Соодада ант ичкенде ишеним пайда болууда. Сатуу дагы да көп болууда. Чындык менен ант ичүүгө болобу?

ЖООП

Туура болсо да көп ант ичүү Аллаху тааланын ысымын жана антты кадырлабагандык болот. Буларды кадырлабастан ант ичүү өтө жаман. Мал-мүлк сатуу үчүн Аллаху тааланын ысымын курал кылбоо керек. Бир хадиси шарифтин мааниси мындай:

"Соодада көп ант ичүүдөн сактангыла! Көп тапсаңар да төмөндөйсүңөр.” [Муслим]

"Ант мал-мүлктү саттырганы менен мал-мүлктүн берекесин кетирет.” [Бухари, Муслим]

Демек, көп табуу эмес мал-мүлктүн берекесинин болуусу маанилүү. Береке – бул аз оокаттын пайдалуу болуусу, көп ишке жароосу. Айрыкча, жалган жерге ант ичсе жана куулук кылынса өтө коркунучтуу. Эки хадиси шарифтин маанилери мындай:

"Мал-мүлкүн жалган ант менен саткан адамга акыретте ачуу азап бар.” [Муслим]

"Соодага кыянат аралашкан кезде береке кетет.” [Ихйа]

Таразада дагы куулук кылуу өтө чоң күнөө. Бир аяти кариманын мааниси мындай:

"Берип жатканда кем, алып жатканда артыкча тарткандарга ачуу азаптарды көрсөтөм.” [Мутаффифин 1]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш