Ислам дини » Алышуу-беришүү » Берекелүү болсун




Берекелүү болсун


Суроо: Эл арасында "Табышы аз, бирок, берекелүү” жана "Берекелүү болсун, берекесин көр” деген сыяктуу сөздөр айтылып жүрөт. Берекенин динибизде орду кандай?

ЖООП

Береке аз мал-мүлүктүн көп пайдалуу болуусу, көп нерсеге жароосу дегенди билдирет. Аз мал-мүлк беркелүү болгондо көп адамдын жыргоосуна жана көп жакшы иштердин орундалуусуна себеп болот. Берекесиз ушундай көп мал-мүлктөр бар; ээсинин дүйнөдө жана акыретте бактысыздыгына себеп болот.

Андай болсо мал-мүлктүн көп болушун эмес, берекелүү болушун тилөө керек! (К. Саадат)

Берекенин динибизде зор маанилүүлүгү бар. Хадиси шарифтерде айтылды:

"Соода-сатыкта көп ант берүү мал-мүлктүн берекесин кетирет.” [Муслим]

"Соодада берекет бар, соодага жалган, кыянат аралашканда береке кетет.” [Бухари]

"Үйүнөн эрте чыккан адамдын жумушу берекелүү болот.” [Баззар]

"Намаз окуган адамдын ырыскысы берекелүү болот, окубаган адамдыкы болсо берекесиз болот.” [М. Жанна]

"Мөөнөттүү соода-сатыкта, карыз берүүдө жана арпа аралаштырылып жасалган нанда береке бар.” [Ибни Мажа]

"Ырчы жана сүткордун табышында береке болбойт.” [Дайлами]

"Ырыскысына ыраазы болгон адамдын берекети артат, ыраазы болбогон адамдыкы болсо берекесиз болот.” [Ахмед]


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш