Суроо: Жерден таап алган нерселер биздики болобу?
ЖООП
Табылган нерселер менен селде, дарыяда агып келген
жана көчөгө ыргытылган нерселердин өкүмү бири-биринен айырмаланат.
Табылган нерселер көбүнчө баалуу нерселер болот.
Ээси аны таштаган эмес, жоготуп алган болот. Табылып, бирок, ээси билинбеген
нерселер "луката” деп аталат. Ээсин таап, кайтарып
берүүгө көзү жеткен адамдын ал нерсени алып сактап коюусу сүннөт. Ал жерде калып
кетип, кандайдыр бир зыян тийүү же жок болуу ыктымалы бар болсо алуу фарз
болот. Эгер бар болсо эки күбөнүн жанында: "Издеген адам болсо мага
жөнөткүлө”, - деп айтат. Көпчүлүктүн жанында тапкан нерсени айтып, ээсин
издейт.
Табылган нерсени ээси чыкканга чейин же туруп
бузулганга чейин сактап турганда жок боло турган болсо ал нерсени төлөбөйт.
Ээси табылбай турганына көзү жетсе же бузула турганын билсе ээсин издебейт.
Таап алган адам бай болсо бир кедейге садага кылып берет. Же болбосо кедей
болгон эне-атасына, баласына же жубайына садага кылып берет. Эгер алар алган
нерселерди берген адамга хадийе (белек) кылып берсе өзү дагы колдоно алат. Ээси
кийинчерээк чыга турган болсо буларды өзү төлөйт же алган кедейге төлөтөт.
Селде агып келген мөмө, бак жана талдардын өкүмү
башка. Дарыяда, селде агып келген тактай, бактарды, талдарды, мөмөлөрдү, бай
болсо дагы бардык адамдардын алуусу, топтоосу жаиз болот.
Суроо: Табылган акчаны алуу бай адамга харам экен, а
эмнеге кедей адамга халал болот? Харам байга да, кедейге да бирдей харам
эмеспи?
ЖООП
Динибиздин өкүмү ушундай. Эмнеге мындай өкүм
коюлган деп айтылбайт. Зекет кедейдин акысы болуп саналат. Бай адам зекетин
башка бир бай адамга берсе кабыл болбойт. Байдын же бир күндүк жегенге тамагы
бар кедейдин кайыр тиленүүсү харам. Зекет кедейдин акысы болгон сыяктуу
табылган акча дагы ээси чыкпаса кедейдин акысы болот. Харам аралашкан халал
акчаны каалаган бир адамга белек кылып берүү жаиз. Бардыгы харам болгон акчаны
алуу эч кимге жаиз эмес. Бир адам харам акчаны бир кедейге берсе, кедей ал
акчаны харам экенин билбесе кедейге күнөө болбойт.