Суроо: Кандай жагдайларда карыз суроо жаиз болот?
ЖООП
Төмөндөгү үч жагдайда карыз суроо жаиз болот:
1 – Нафака алуу үчүн. Зарыл тамак-аш сыяктуу зарыл
кийимдер дагы нафакага жатат.
2 – Үй алуу, батирде туруу, сууктан коргонуу
максатында кийим алуу же дарылануу каражаттары сыяктуу керектөөлөр үчүн.
3 – Кызмат ордуна жана милдетине байланыштуу
замандын адатына ылайык кийинүү үчүн.
Жалгыз ушуларга гана карыз берүүгө болот.
Заалымдарга, фасыктарга, муктаждыгы жокторго, мал-мүлкүн керексиз жерлерге,
харамдарга сарптагандарга карыз берилбейт. Башкага карыз берип, өзүн кыйын
жагдайга түшүрүү туура эмес. (С. Абадиййа)
Жогорудагы үч пунктта билдирилген жагдайлардын
сыртында карыз суроо жаиз эмес. Мисалы, акчасы жок адамдын торт жеш, сок ичүү
жана кымбат кийим алуу, кошунада бар деп муктаж болбогон бир нерсени алуу үчүн
карыз суроосу туура эмес. Кыскасы, эгер кызмат орду же милдети талап кылбаса,
люкс деп эсептелген тамак-аш, кийим-кече үчүн карыз суроого болбойт.
Муктаждыгы болгон адамга гана карыз берилет.
Муктаждыгы болбогон, мал-мүлкүн керексиз жерлерге, харамга сарптаган адамга
берилбейт. Башкасына карыз берип, өзүн кыйын жагдайга түшүрүү туура эмес.
Нисабга ээ болбогон адамдын курмандык чалуу үчун карыз суроосу жаиз эмес.
Төлөө ниети менен карыз алган адамга Аллаху таала
жардам берет. Карыз берген адамга дагы көп сооп берилет.
Хадиси шарифтерде айтылат:
"Садага үчүн он сооп, карыз үчүн
болсо он сегиз сооп бар.” [Табарани]
"Аллах ыраазычылыгы үчүн карыз берген
адамга ар күн садага сообу берилет. Кедейден аласасын тез сурабаган адамга ар
күнү мал-мүлкүнүн баарын садагага бергедей сооп берилет.” [Хаким]