Ислам дини » Алышуу-беришүү » Соода-сатыкта төрт негиз




Соода-сатыкта төрт негиз


Алыш-бериш маалыматтарын билбеген адам харамга түшөт. Харамга түшкөндүгүнөн кабары дагы болбойт. Кылган ишинин динге ылайык орундалгандыгын билбегендиги үчүн сурап билип алайын деп дагы ойлонбойт. Ошондуктан, соода-сатык тууралуу маалыматты жакшылап үйрөнүп алуу зарыл. Соода-сатыкта мына ушул төрт нерсеге абдан дыкат көңүл бөлүү зарыл:

1- Сатылып жаткан товарды өз абалынан артык мактабоо керек. Себеби, жалган сүйлөгөн жана зулумдук кылган болот. Соода-сатыкта чын болсо дагы ант ичпөө керек. Соода-сатыкта Аллаху тааланын ысымын айтуу урматсыздык болот.

2- Сатылып жаткан товардын кемчилигин кардардан жашырбоо керек, кандай болсо ошондой абалда көрсөтүү керек. Кемчилигин жашыруу кыянаттык болуп саналат. Товардын бир гана жакшы тарабын көрсөтүү зулумдук, куулук болот. Ар кесипте куулук кылбоо – парз. Бузуку иш кылуу жана муну жашыруу – харам.

3- Таразага тартууда куулук кылбоо керек, туура тартуу керек. Аллаху таала Мутаффифин сүрөсүндө: "Берип жатканда кем, алып жатканда артыкча тарткандарга ачуу азаптарды кыламын”, - деген мааниде буюрууда.

4- Сатуу баасында куулук кылбоо керек. Базар баасын билбегендерге жогору баада товар сатуу – харам. Ишине чоочун мамиле кылып, товар сатууну билбегендиги үчүн товарын байкабай арзан сатып жаткан кишиден товар сатып албоо керек. Соода-сатыкта өзүнө карата кылынуусун каалабаган мамилени башкаларга кылбоосу керек. Ар ким товар сатып алууда алданып калбоого аракет кылуусу керек. Сатып жаткан киши дагы алуучу кардарды алдап койбоо үчүн аракет кылса зулумдук кылуудан кутулган болот.


Артка
 
    
Диний маалымат изде:
Имсак  
Күн  
Бешим  
Асыр  
Шам  
Куптан  


Имсак убактысы: Бул төрт мазхабда тең (шарий түндүн) акыры болуп эсептелет. Б.а. (Фажр-и садык) деп аталган асмандагы агаруунун чыгыштагы уфк-и захирий (көрүнгөн горизонт) сызыгынын бир чекитте көрүлүүсү. Орозо ушул убакытта башталат. Фажри садык убактысынын бийиктиги төрт мазхабда да 19 градус.
free counters
Сайтыбыздагы маалыматтар бардык адамдардын пайдалануулары үчүн даярдалган.
Түп нускасын өзгөртпөө шарты менен уруксат албастан эле маалыматтардан пайдаланууга болот.
Баштапкы бет катары   |    Сактап кой   |    Биз менен байланыш   |    RSS   |   Paylaş Бөлүш